Кыргызстандыктар өздөрү үчүн Өзбекстанды ачууда

11:52, 12 Февраля

Советтер Союзунда туулуп өскөн кыргызстандыктар үчүн Өзбекстан ар дайым боордош өлкө болуп калат. Жада калса биз мектепте окуп жүргөндө жаттаган ырларда «Он беш республика, он беш эже-сиңди...» деген саптар бар эле.

Советтер учурунда мен Өзбекстанга бара алган жокмун. Ал алыскы жылдары бул өлкө тууралуу укканда дароо эле пахта, палоо, эски мечиттер жана минареттер ойго келчү. Кийин болсо, журналист катары иштеп жүргөнүмдүө башка басылмаларда иштеген кесиптештеримдин Каримовдун режими тууралуу жазган макалаларын окуп алып, ал жердеги элдер кантип жашагандыгын ойлоп, таң калчымын. Өзгөчө 2005-жылкы Андижандашы окуялар үрөйүмдү учуратты. Андан кийин менин көптөгөн тааныштарым бийлик тарабынан куугунтуктоого алынып, Өзбекстандан башка өлкөлөргө кетип жаткандыгына күбө болдум. Алардын кээбирлери Германия, Швециядан саясый коргоо алса, кээ бирлери Орусияга кетип жатышты, анткени өз мекенинде иштөөгө мүмкүнчүлүгү жок эле.

Өзбекстан тууралуу ММК булактарында жазылган коркунучтуу окуяларга карабастан, ал жерде жашагандар мекени тууралуу жылуулук менен эскеришчү. Ошондуктан, «Каримовдун режиминин» саясий коркунучтарына карабастан, бул өлкө мени тарыхы, маданияты жана ашканасы менен арбап келген.

Бирок мен үчүн Өзбекстан жабык өлкө эле. Анткени журналисттерге ал өлкөгө кирүү дээрлик мүмкүн эмес эле. Бирок сыйкыр болду. Өзбекстанда саясий бийлик алмашып, президент Шавкат Мирзиеев бүткүл дүйнөдөн келген туристтер үчүн эшик ачты.

Бир жылдан ашуун убакыт мурун «Азия экспедишн» туристттик фирмасы «Өзбекстандын көк төбөлөрү» аттуу турдун башталышы тууралуу жарыялады. Анын ичинде үч шаарды кыдыруу кирет: Ташкентти, Самаркандды жана Букараны. Эң жакшысы, ал жакка визанын кереги жок. Ал жерлер тууралуу тартылган жарнамалык тасмалар акылыңды адаштырат,  байыркы мечит жана минареттердин көк акак таштардан салынган төбөлөрү чындыктай эмес көрүнөт. Ал керемет жерлерде биринчи эс алып келген адамдардын бөлүшкөн таасирлери аякка барууга болгон каалоону ан сайын күчөтөт. Бирок башкы аргумент, беш күнгө үч шаарда эс алууга бир адамдын сарптаган каражаты 19 000 сом, же 274 долларды түзгөндүгү абдан жагымдуу баа эле. Бул баанын ичине жол киреден тышкары тамактануу, үч жылдыздуу мейманканада жашоо жана кооз жерлерди кыдыруу каралган эле, ал эми балдар үчүн арзандатуулар абдан көп болчу.

Мектеп каникулдарын күткөн соң, мен эки балам менен саякаттоого жөнөдүм.

Жол

60 туристке эсептелген автобус толугу менен толгон. Кыргыз туристтери абдан ар кандай болчу: бул жерден балдары менен жана алар жок келген үй-бүлөлөр,  достор компаниялары, эеи чет элдик туристтерди көрүүгө болот. Курам дагы көп улуттуу. Мисалы, орус тектүү Анна Оштон болорун айтып, мурун чек ара ачык кезинде Ташкентке ата-энесиникине көп жолу баргандыгын билдирди. Андыктан, ал үчүн бул жолдомо ностальгия эле. Пенсионер Күлипа эже совет мезгилинде Ташкентте окуган экен. Эгемендүүлүк жылдары биздин коңшу мамлекетибиз канчалык өзгөргөндүгүн көрүү ал үчүн абдан кызыгат экен. Ошондой эле ал өзбек өндүрүшүндөгү кебез кагаз кездемелерин көргүсү келет.

Махмуд менен Аминанын үй-бүлөсү- этникалык өзбектер. Алар тарыхый мекенинде эч качан болушкан эмес. Бул кемчиликти толтургусу келиптир. Ал эми мен сыяктуу балдары менен келгендер, чүрпөлөрүнө коңшу мамлекеттер кантип жашагандыгын көрсөтүп, алардын дүйнө таанымын кеңейтүүнү чечишиптир. Бир сөз менен айтканда, абдан меймандос компания чогулуптурбуз.

Турга жөнөп жатып,  биз басып өтө турчу 3000 чакырым мынчалык алыс экендигин билбептирмин. Жакшы жагы, биз бул чакырымдарды Казакстан менен Өзбекстандын сапаттуу жолдору менен жүрдүк. Дагы бир жакшы жагы- Бишкектен биз кечинде чыгып, дароо эле кыргыз-казак чек арасын кесип өттүк да, кийинки 11 саат бою түз жолдо автобустун ичинде уктап жаттык. Казак-өзбек чек арсына биз таңкы 8де гана жеттик. Акыркы 8 жылда  Черняев постунан кыргыз жарандары өзбек туугандары тарабынан жөнөтүлгөн чакыруу же каты жок өткөрүлчү эмес. Азыр деле ал жердеги багаждын текшерилиши өтө дыкат жүргүзүлөт деген ушактар арбын тараган. Жада калса өзбек чек арачылары тыюу салынган видеолордун жоктугун текшерүү үчүн мобилдик телефондун архивине кирүүгө талап кылат деген сөздөр бар. Ошондуктан чек араны өтүүдөгү кыйынчылыктарга биз моралдык жактан даяр элек.

Нейтралдык аймактагы дароо көзгө учураган нерселер- бул алмаштыруучу жайлардын көптүгү. Алар долларды, рубльды, сомду өзбек акчасы – сумга алмаштырып берүүнү сунушташат. Пенсия жашына чыгып калган айымдар,  жаш балдар, уулгайган аксакалдар- алардын баардыгы колдорунда пачкалаган акчаларды кармап алышып, пайдалуу курстарды сунуштап жатышты. Өзбек валютасын пайдалуу курс менен сатып алуу азгырыгы болсо да, биз гиддерибиздин көйгөй жаратпай, расмий акча алмаштыруу пунктуна жеткиче кое тургула деген кеңешине кулак салууну чечтик.

Бактыга жараша, чек арадан өтүп жатканда эч кандай таң калыштуу кырдаал болгон жок. Чек арачылар көңүл кош эле багажыбызды «рентгенден» карашты, андан кийин  чек арачы айымдар тажрыйбалуу колдору менен эки тараптагы чөнтөктөрдү, буттарды жана капюшондорду текшеришти. Алардын эч тартынбастан төш жана табарсык жактарды кармап текшергендиги бираз уялтты. Бирок жалгыз ушул учур КМШ өлкөлөрүнүн жарандары тарабынан түшүнүү менен кабыл алынса, эки чет элдик туристтерди, АКШ мнен Жаподук аялдарга катуу тийди. Эркек кишилерди эркек чек арачылары тосмонун ары жагында өзүнчө текшерип  жатышты. Чек арадан өтүү процесси эң көбү 20 мүнөткө созулду. Ал эми алдыда болсо бизди меймандос Өзбекстан күтүп жаткан эле.

Ташкент

Таңкы Ташкент кайсы мезгил болбосун, дайыма керемет. Ал эми биз барган күздө ал алтын жалбыракта чөмүлүп жаткан эле. Ташкенттин ичинде  жүргөнүбүздүн алгачкы 15 мүнөтүндөгү балдарымдын таасири «Апа, бул жер абдан таза экен!» - деген сөздөр болду. Чындыгында, Ташкент Бишкекке салыштырмалуу таза шаар. Короочунун кесиби бул жерде сыйга ээ. Көчөөлөрдү чоң шыпыргыларды көтөргөн жаш балдар эртеден кечке чейин тазалап турушат.

Бишкектен экинчи айрымачылыгы- валюта алмаштыруунун оордугу. Долларларды өзбек сумуна алмаштыруу үчүн, бизди «Өзбекстан» мейманканасына алып келишти, ал жерде бир сааттык кезек күтүүдөн кийин биз бир нече жүз миң сум ала алдык.

Биздин борборубуздан үчүнчү айрымасы – өзбек айдоочуларынын жол эрежелерин тыкыр сактаганы. Кем эле дегенде, шаардын борборунда. Бул Өзбекстанда «Коопсуз шаар» долбоору жаңы эле иштеп баштаганына карабастан. Бирок шаардын 120 чоң жол кесилиштеринде орнотулган камералар өз жемишин берүүдө.

Төртүнчү айрыма- таң калычтуу таза аба. Ташкент Бишкектен бир нече эсеге чоң болуп, бул жерде унаа дагы көп болгонуна карабастан, аба анчалык оор жана газдалган эмес. Жана жол боюнда бактар алдында сейилдеп кетип бпрп жатканыңда, дем ала албай кыйналбайсың, тескеринче сейилдөө менен ырахаттанасың.

Жалпысынан,  Ташкенттин архитектуралык-тарыхый жагын эске албаганда, ал Бишкекке, Астана жана Дүйшөмбүнү чогуу алгандай  үчөөнө тең окшош. Көптөгөн чоң советтик имараттар жакшы абалда сакталып калган. Көлөкөлүү бульварлар, сквер жана парктар көп. Эл аралык ишканалар жана банктар жайгашкан, айнек менен бетондон курулган жаңы имараттар да көп. Бирок, бишкектиктерге караганда, ташкенттик калаа башчылар борбордун мурунку боорукер жүзүн сактап калтырышкан. Жаңы имараттар жалпы ансамблга жумшак кошулуп, элиттүү үйлөрдүн кескин айрымаланып, кандайдыр бир жапайлыкты пайда кылгандыгы көрүнбөйт. Ташкенттиктер өз шаарына бир түбөлүктүү, көп кылымга жашай турган нерсе катары мамиле кылгандыгы сезилип турат.

Ашканалардын сан жеткис түрлөрү бар, кафе менен ресторандар дизайнердик ой менен жасалгаланган. Тейлөөчүлөр абдан кичи пейил, ал эми баалар болсо бишкектиктерге салыштырмалуу арзандыгы менен жагымдуу таң калтырат. Эки бала менен шаардын ортосунда жайгашкан кафеден салат, шишкөбөк, самса, жада калса бал муздакты болгону  14 долларга алдык. Анын үстүнө бир тамакты күтүп калганыбыз үчүн кечирим сурап, бир литр шире белек кылып алып келип беришти.

Кечки Ташкентти такси менен кыдыруу бишкектиктер үчүн арзан ыракат болот. 30 мүнөттүк жол жүрүүгө айдоочуга 2,5 доллар төлөдүк (бизде эки эсе кымбат болмок) жана баардык нерсе тууралуу сүйлөшө алдык, саясаттан тарта экономикага чейин. Өзбекстанда эт Кыргызстанга салыштырмалуу 1-1,5 долларга арзан экендигин аныктадык. Бензин дагы. Бирок жалпысынан алганда жөнөкөй жарандар кедейирээк жашайп, аларда азырынча акча табууга мүмкүнчүлүк жок экен. Айдоочу учурдагы президент Шавкат Мирзиеевди абдан мактап, ал баштаган иштер токтобооруна ишенгендтгтн айтты.

Самарканд менен Букара

Мен Ташкент, Самарканд жана Букаранын ар бир тарыхый эстеликтерине токтолбойм, алардын керемети менен кооздугун ар бир адам өз көзү менен көрүшү керек. Биздин коңшу мамлекетибиздеги туризмдин өнүгүшүнүн бир нече кызыктуу учурдарын гана белгилеп кетем.

Өзбекстандын Стратегия борбору жарыялаган статистикага ылайык, 2018-жылы бул жерге 5 миллион турист келген. Бул былтыркы жылга салыштырмалуу эки эсеге көп. Жана бул көрсөткүч жыл сайын көбөйөт.

Өзбекстанда изилдеп, көрүп, таң калчу нерселер бар. Совет доорунда сакталып калган ондогон эстеликтер ЮНЕСКОнун тизмесине киргизилип, 90-жылдары рестоврацияланган.  Чет элдик эксперттерде кээ бир эстеликтер толугу менен жасалганганына карата нааразычылыктары бар, бирок биз, архитектуранын тарыхы менен көп ойлонбогон туристтердин урандыларга караганда бүтүн, реконструкцияланган ансамбльдар менен басканыбыз оң. Самарканд менен Букарада байыркы караван-сарайлар сыяктуу реконструкцияланган бүтүндөй кварталдар бар, алар, албетте абдан соонун көрүнөт, анткени алар чыгыштын маданиятына чөмүлдүрөт. Самаркандда гиддер дагы, тарыхый эстеликтердин кароолчулары дагы жаңы президенттин келиши менен туризмди өнүктүрүү стратегиясы ишке кирип, туристтердин агымы абдан өскөндүгүн айтышат.

53 жаштагы Бахтияр-ака, «Регистан» уникалдуу комплексинин кароолчусу, айтат: «Мурунку жылдары бизге алыскы чет жактык туристтер көп келишчү, италиялыктар, немистер, америкалыктар, ал эми акыркы бир жарым жылда Кыргызстандан келген туристтер абдан көбөйдү. Кыргыздар, албетте, анчалык деле төлөмгө жөндөмдүү эмес, бирок алар сувенилерди активдүү сатып алышып, кафелерге абдан көп барышат. Мурунку жылдары кеч күздөн тарта бүтүндөй кышында жана эрте жазда бизде «жымжырт» мезгил болчу эле. Ал эми акыркы убакта Кыргызстан менен Казакстандыктар жыл бою келишет.

26 жаштагы гид Дмитрий Абрамовдун айтымында, КМШ өлкөлөрүнөн келген туристтердин саны өскөнүнө байланыштуу, анын айлык акысы эки эсеге көбөйгөн. «Өз экскурсияларымда тарыхый инсандар арасында салыштыруу көрп жүргүзөм. Менин оюмча, мурунку президент Темирланга тете болгон. Ал Тимуриддердин империиясын негиздеп, аны бекемдеген. Учурдагы президентибиз болсо Темирландын небереси Улукбек сыяктуу, ал окумуштуу-астроном жана күчтүү дипломат болгон. Өз реформалары аркылуу ал империянын гүлдөшүн жана өркүндөшүн камсыздаган. Менин көз карашымда, учурдагы президент Мирзиеевдун ишмердүүлүгү дагы Өзбекстандын өркүндөшүнө алып барат. Кандай болсо да, туризм өнүгүп жатат».

Айта кетсек, Өзбекстанга келген кыргыздар Бишкектен гана келишпейт. «Хасти Имам» архитектуралык ансамблинин өнөрпоздор базарчасында сейилдеп жүрүп, Оштон келген жаш балдардын тобуна жолуктук. Алар Өзбекстанга өз унаасы мнен келип, чек араны «Достук» көзөмөл өткөрүү пункту аркылуу кесип өтүшүптүр. Биз билгендей,  Оштон Ташкентке 4 саатта жетсе болот экен. Алардын жыргаган жүздөрүнөн бул жер жакканын көрүүгө болот.

Өзгөчө, тур убагында үч шаарларда бизге жашоого берилген мейманканаларды белгилеп өткүм келет. Алардын баардыгы 1-2 жыл мурун салынган, жаңы эле. Алардын ар биринде эсте каларлык дизайн эле, эмеректер, сантехника, баардыгы абдан кооз жана бай көрүнөт. Букарадагы мейманкананын  кызматкерлеринин бири, Бахромдун айтымында, мейманкананын кожоюну насыя алып, аны курууну чечкен, ал баштаган иши жакынкы убакытта өзүн актайт деп ишенет.

«Эң башкысы, өлкөдө тынчтык менен тартип болушу керек, ал эми учурдагы президент болсо өнүгүүгө карай тандалган багыттан тайбашы керек. Анда туристтер да түгөнбөйт, улуттун бакубаттуулугу да жогорулайт»,- дейт Бахром.

Ошондой эле биз атайын туристтик полиция күзөттө турганын көрдүк. Даамдуу кечки аштан кийин баардыгыбыз бактылуу жана канааттанган бойдон кечки Букарада сейилдедик. Ээн көчөдө жакшы жарык коюлган эле жана биз өзүбүзгө окшогон туристтерди көрүп жаттык. Бирок ошол учурда бир коркуу сезими жүгүрүп кетти: азыр тоноого эң ыңгайлуу маал- туристтер бираз ичип алган, капчыктары менен, көчөө ээн. Ошол учурда жаныбыздан туристтик полиция деген жазуусу бар «Шевроле» өттүп баратты. Кызматкерлер бизге жылуу салам айтып, өз жолун улантты. Дароо жаныбыз жай алып, коопсуздукту сезип калдык.

Букарадан Ташкентке биз ылдам поезд менен бардык, ал, биз кыргызстандыктар үчүн жапайы көрүнүш эле. Ыңгайлуу отургучтарга отуруп, вагонго жоопту жаш татынакай жигип бизге сэндвич менен суусундук алып келип бергендигин көрүп, жагымдуу таң калдык. Мен биздин поезддердин абалын эстеп, маанайым сууй түштү. Менимче, туризм, өндүрүш жана транспорттун өнүгүшүндө Өзбекстан 10 жылга алдыга кеткен. Аларда баардык жерлерде тартип жана тазалык. Жалпы таасир- бул өлкө экономикалык жана саясий планда өзүнө ишенген, туруктуу мамлекет. Жана бул нерсе урматтоо мнен ак ич күйүнү чакырбай койбойт.

Кыйынчылыктар

Жалпысынан, «Өзбекстандын көк төбөлөрү» туру абдан жакты. Биздин сапарлаштарыбыз дагы мыкты маанай жана жакшы таасир алдында калышты. Бирок саякаттын акыркы пункту калган эле- үйгө кайтуу, демек, эки чек араны кесип өтмөй. Көрсө, Черняевский пункту аркылуу кайтуу киргенге караганда абдан татаал экен.

Өзбек чек арачылары бизди меймандос, тынч жана тез өткөрүп жиберишти. Ал эми казак тарапта чоң кезек пайда болгон эле. Картаң адамдар, балалуу аялдар, жинденген эркектер болуп үч кезекте эки жүздөй адам турду. Казакстандык чек арачылар жумушун абдан жай жүргүзүп жатышты. Кезексиз өтүп кетип жаткан жарандар абдан көп болуп жатты, бул болсо калган адамдардын кыжырына тийип жатты. Кезектердин же мунусунда, же аркынысында чыр-чатак пайда болуп, уруштар угулуп жатты. Бир сөз менен айтканда, биз кезекте 40 мүнөт турдук. Бирок биз, КМШ өлкөлөрүнүн жарандары чек арадан өткөндөн кийин чарчасак дагы, чыдап турсак, эки чет элдик туристтер ыйлап жибере жаздашты. Алардын айтымында, чек арачылар аларга орой мамиле кылып, чек арачы айымдар аларды орой карап,  англис тилинде сүйлөшпөй, котормочу дагы тартуулап беришкен эмес. Алар өздөрүн уятталгандай, мазакталгандай сезип жатышты. Кыскасы, биз баардык автобус менен аларды сооротуп, начар таасирди бираз болсо да жайгарганга аркет кылып жаттык. Көрсө, бул көйгөй акыркы пункта кездешүүчү жалгыз маселе эмес экен.

«Азия экспедишн» ишканасынын жетекчиси Арлан Муратовичтин айтымында, бул көйгөйлөрдү чечүү өтүнүчү менен алар бир нече жолу кыргыз ТИМи менен Казакстандагы элчиликке кайрылышкан.

«Биздин туристтерге чек арадан өтүү- такай көйгөй. Биздин элчилик Астанада отурат, туристтик компаниялар бул тууралуу аларга кат жөнөтүп эле келишет. Бирок алар кыска сөздөр, шылтоолор менен жооп кайтарып, укук бузуулардын далилдерин талап кылышат. Жана кырдаал жакшырган жери жок»,- дейт ал.

Дагы бир чоң көйгөй- биздин ТИМ аны чече албай келет- кыргыз автобустары жүк ташуучу чек арадан гана өткөрүлөт. Казак-өзбек чек арасындагы Черняев пунктунан өтүү үчүн биздин автобустар башка жүк ташуучу унаалар өткөнчө 8 саат күтүүгө аргасыз. Биздин автобустар транспорттук унаа катары кезектен тышкары өткөрүлбөйт. Ошондуктан, биздин туристтер чек арадан өтөөрү менен, Ташкентти карай аларды өзбек автобустары алып кетишет. Алардын баасы болсо бир топ жогору, ошондуктан турдун баасы да кымбат. Бул көйгөй азырынча чечиле элек. Бул жерден экинчи көйгөй чыгат- биз өзбек туристтерин бизге Ысык-Көлгө ташый албайбыз. Былтыр биз алгачкы жолу Ташкентте көчмө жарманке өткөргөнбүз. Кыргызстандан 150дөй туроператорлор чогулду, алар мейманканалардын жана пансионаттардын кожоюндары. Бүтүндөй туристтик бомонд. Бирок ушул көйгөйдүн айынан Кыргызстандык баардык автобусдук ташуучулар акчаларын жоготушту. Биздин Ысык-Көлгө келген өзбек туристтерин ташууну казак ташуучулары жүргүзүштү»,-дейт Арлан.

Арландын айтымында, кыргыз ТИМи кыргыз жарандарынын көйгөйлөрүн начар түшүнөт. Бирок бул маселеде өзбек элчидиги абдан лоялдуу, алар өлкөгө болушунча көп жаран киргизүүгө аракет кылат. Жыйынтыгында, Өзбекстан туристтер үчүн Борбор Азиядагы эң жагымдуу өлкө, муну менен, ал акыркы эки жылда Кыргызстанды четке чыгарды.

Лейла Саралаева

Фото Даяна Оселедко 

 
© Новые лица, 2014–2019
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине