Нигериядагы окуяларым

14:41, 25 Апреля

Бактыма, индустриалдык жана курулуш химиясын өндүргөн эл аралык компанияга орношконго жетише алдым. Экспорт жана импорт бөлүмүндө менеджер болуп иштейм. Ошондуктан жакынкы жылда Африкага көп барууга туура келет. Биринчи иш сапарым Нигерияга болду. Менин аңгемем ушул тууралуу.

Виза алыш үчүн керектүү документтерди чогултуп даярдаганга бир ай кетти. Көптөн күткөн макулдукту алаарым менен жолго камдана баштадым.

Биринчи токтой турган жерим – Абуджа, Нигериянын жаңы борбор калаасы. Аэропорттон эле мени өлкөгө жеңил киргизип койбосун түшүндүм. Анын кире беришинде санитардык кызматтын өкүлдөрү “эмдөөлөрдүн сары картасын” талап кылып жатышты. Бул жерде адам сары безгекке жана малярияга каршы сөзсүз эмделиши керек. Андан кийин бөлүштүрүү башталды. Нигериялыктарды бир катарга, ECOWASтын мүчөлөрүн башка катарга, чет элдиктерди – үчүнчү катарга, ал эми өлкөгө биринчи жолу учуп келгендерди дипломаттар коридоруна бөлүп жатышты. Анан эч жерде айтылып, эскертилбеген, аларды алуу ойго да келбеген документтерди бизден сурай башташты. Мени менен кошо БУУнун, дипломаттык паспорттордун ээлери да турушар эле, алар дагы эмне кылаарын билбей, мага окшоп таң калып туруп калышты. Аэропортто мени күтүп турган бизнес-өнөгүмө чалганга аргасыз болдум. Ал бир-эки жерге чалып, мени акыры чыгарып кетти. Кийин билсем, мени акча берип бошотуп алыптыр. 15 доллар.

Бул жерде эскертип айтып коё турган нерсе, чет элдик банктык карталар Нигерияда колдонулбайт. Алардын банктык тутуму катаал жана жабык болуп, чет элдик валютага катуу көзөмөл орнотулган. Акчаны накталай алып алган туура. Акчаны алмаштырам десең атайы ушуну менен шугулданган жеке адамдарга кайрылган оң, аларды негизги трассалардын боюнан таба аласың, алар кардарларды күтүп турушкан же отурушкан болот. Алардын көбүндө тийиштүү лицензиялары бар, ал эми алмаштыруу курсу аларда банкка караганда жакшыраак.

500-1000 найраны (1 доллар – 380 найра) чөнтөккө өзүнчө салып койгон оң, аларды маал-маалы менен полицейлерге, кароолчуларга жана аларга окшошторго колдоруна карматып турасың. Документ текшерип токтоткон жердин бардыгында эле акчаны колуна кармата берип, андан ары жолуңду узатканың жакшы. Мындай нерсе бул жерде кадыресе көрүнүш.

Абуджа бардык эле борбор шаарлардай олуттуу көрүнөт. Шаарда такай 35 градустун айланасындагы температура жана тропикалык нымдуулук. Бул жерде бир жыл толугу менен жай мезгили өкүм сүрөт. Улуттук бакзарлар менен зоопарктардан башка бара турган жерлер жок. Борбор калаанын басымдуу бөлүгү жана өлкөнүн түндүгүндөгү эл толугу менен хаус уруусундагы мусулмандар. Йоруба жана игбо уруулары христианчылык басымдуулук кылган өлкөнүн түштүгүндө жашашат. Ар-бир уруунун өз тили, маданияты, сырткы өзгөчөлүктөрү бар. Өлкөдө полигамия орун алган, расмий түрдө төрт аялга чейин алса болот. Ошондой эле бир кезде конституциялык жана шариат соттору иштейт. Бирок жалпылаштырып карасак, Нигерия – ислам менен христиан маданияттарынын таң каларлык аралашмасы.

Бир шаардан башка шаарга учак менен учкан туура: арзаныраак да, батыраак да анан да коопсузураак болот. Абуджадан Лагоско учуп баратканымда жанымда отурган нигериялык күтүлбөгөн жерден менден орусча “Салам, сен Казакстандан болосуңбу?” деп сурап калбаспы. Таң калганымды айтпагыла! Ал эмес Бишкекте мени адатынча корей дешсе, а бул жердин жети түбүндө, тээ кайсы бир белгисиз Африкада, мага орусча кайрылып, анан да менин улутумду дээрлик так аныктап жатышат. Кийин мен билгендей, Рафаэль көп жыл Орусияда турган экен, украин кызына үйлөнүптүр. Акыркы 10 жыл АКШда жашайт экен. Бара турган жерибизге жеткиче орусча сүйлөшүп бардык. Келинчеги каза болгонуна 5 жыл болуп калыптыр, мага балдарынын сүрөттөрүн көрсөтүп жатты. Укмуштуу балдар, терилери нигериялыктардыкындай кара, бирок көздөрү славяндардыкындай. Рафаэль Нигерияда жаңыдан үйлөнгөнү жетишиптир, эми балдарын Нью-Йорктон мекенине алып келсемби деп жатыптыр.

Өлкөнүн эң ири шаары, эл аралык порту жана мурдагы борбор калаасы Лагоско келгенде гана мен накта нигериялык жашоону көрдүм. Бул жерде протестанттардын жана миссионерлердин чиркөөлөрү өтө көп. Бул жердеги дин – бизнес. Эгерде сен кайсы бир храмды же чиркөөнү ачсаң, анда сенде такай киреше болуп турат. Бир чети прихожандардан тыйын-тыпыр түшүп турса, бир чети эл аралык донорлордон. Кызыгы, орто айлыктын өлчөмү 80 долларды түзгөн өлкөдө пасторлор ири тамдарда жашап, тик учак менен гана учуп жүрүшөт. Бирок бардык конфессиялар бир-бири менен ынтымакта жашашат. Бул жактагы бир гана маселе – полигамия. Калктын христиан бөлүгү ага каршы.

20 жаштан жогоркулары англис тилин жакшы билишет. Кичирээктери түшүнөт, бирок өз тилинде сүйлөгөндүү туура көрүшөт. Адамдары ачык мүнөз жана жайдары келишет. Каякка барбагыла, биринчи кезекте алардын сураганы: ишиңер жакшыбы, күнүңөр жакшы өттүбү?

Өлкөдө суу менен электр тогу дайым үзгүлтүк менен берилип турат. Салттуу тамагы өтө ачуу келет, индиялыктардын басмати күрүчүн жакшы көрүшөт. Калгандарынан деңиз продуктыларын сунуштайм. Алар негизинен азыр эле кармалгандар, жана аларды даамдуу кылып даярдашат.

Өлкөнүн коомдук транспорту өтө начар, бирок Убер өтө кенен тараган. Абуджада орточо тиричилик минимуму – отелди кошкондо 70 доллардын айланасында. Ал эми Лагосто, отелдер кымбатыраак болгондутан 120 доллар. Интернеттеги жарнамалык сүрөттөргө алданбагыла. Андан көрө букинг жана трип эдвайзердеги пикирлерди окугула. Өзүңөр менен дары-дермектерди (алар бул жерде өтө кымбат жана да аларды таба албай кылышыңар мүмкүн), чыттан жеңил кийимди, күндөн жана чиркейлерден сактаган каражаттарды алып алышыңар керек. Түнү шаарга чыкпай эле койгон жакшы, күндүзү да жаныңарда силерди коштоп жүргөн жергиликтүү бир адам болгону оң. Бизди болсо саякатыбыз аяктаганча бир полицей коштоп жүрду. Лагосто Гвинея булуңунда жайгашкан укмуш пляждары бар. Шаар көчөлөрүндө таштандылар жетиштүү болгону менен жээктерин алар таза кармашат.

Жергиликтүү маданияттын өзгөчөлүктөрүнөн ар кандай сүрөттөр түшүрүлгөн кийимдерин (ар бир уруунун өзүнө мүнөздүү оймосу жана түсү болот), музыкасын жана бийлерин баса белгилегим келет.

Көчмөндөрдүн жашоосунун негизинде калыптанган кыргыз маданияты кандайдыр бир деңгээлде азыркы нигериялыктардын жашоосуна жакындашып кетет. Аларда да биздикиндей эле түштүктө ачык, көп түстүү кийимдерге басым кылышат. Ал эми түндүктө – кийимге бир аз токтоо мамиле. Биздегидей эле аларда ар бир оймонун өз мааниси бар. Алар жерге отуруп алышып, кол менен жешет. Балдарын жалгыз баккан аялдар көп, күйөөлөрү акча издеп Европага же Штаттарга кетишкен. Жемкорлуктун деңгээли өтө жогору. 90-жылдардан баштап исламдын таасири күчөп келет. Азыртадан эле ал өлкөнүн мыйзамдарына таасир бере баштады. Ошондуктан окшош жактарыбыз көп деп ойлойм. Биз бир-бирибизди жакшы түшүнөт болушубуз керек.

Бектур Осконалиев, сүрөттөр автордуку 

© Новые лица, 2014–2018
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине