Темир Сариев: Кыргызстанда жакында жаңы фабрикалар жана логистикалык борборлор пайда болот.

14:03, 21 Октября 2014

 Кыргызстандын экономика министри Минскте болуп өткөн КМШ мамлекеттеринин саммитинен кийин “Жаңы жүздөр” редакциясына эксклюзивдүү интервью берип,  Кыргызстандын экономикалык өнүгүүсүнүн векторолоруна комментарий берди.

- Сариев мырза, азыркы учурда Кыргызстандын Бажы Биримдигине кирүү келечеги кандай? 

- Биз 2015-жылдан баштап ЕАЭБге кирүү туурасында келишимге кол коюп, Армения менен бирдикте бул биримдикке мүчө болуу алдында турабыз. Бирок азыр биз даярдык жагынан кичине арттабыз. Эми жыл аягында биздин министрликте, көптөгөн башка чиновниктерде  жумуш көбөйөт, бирок баарына үлгүрүүгө шарт бар, интеграциялык процесстерге  карата өнөктөштөрдүн мамилеси буга жакшы. 

-  Казакстан менен карама каршылыктар жайгарылдыбы?   

- Бардыгы сүйлөшүлдү, эч кандай  пикир келишпестиктер жок. 

- Армения бул келишимге кол койду, демек ал ЕАЭБнын мүчөсү болуп калдыбы? Биригүү иш чарасы  татаалбы? 

- Армениянын мыйзам чыгаруу  органы өзүндө бул документти ратификациялашы керек, андан сырткары, үч катышуучу-мамлекет өздөрүндө так ушундай, парламенттин деңгээлинде ратификациялашат.

- Көпчүлүк мекендештер, журналисттер да  бул  түшүндүрмөлөрдөн башы адашып калды, Бажы биримдиги, Евроазиялык Экономикалык биримдик  (ЕАЭБ) . Ушуну дагы эле толук түшүнө албаган биздин окурмандарыбызга жакшылап түшүндүрүп бериңизчи? 

- ЕАЭБ – Бажы Биримдигинин логикалык уланышы, анын кеңири түшүнүгү. 2015-жылдын  1- январынан баштап ЕАЭБ иштеп баштайт. Ошого киребиз.

-   Кыргызстан үчүн өнөктөштөр тарабынан сунушталган акча,  Евроазиялык Экономикалык биримдиктин алкагында бир миллиард эки жүз миң доллар которулдубу?

- Бул жерде  тактап алуу керек.  200 миллион – бул Кыргызстанга бир жолку жардам.  500 миллион – бизге өткөөл мезгилдин учурунда жардам берүү боюнча уставдык капиталдын калыптанышына каралган  каражат.  Мына ушул каражаттарды пайдалануу деңгээлине жараша, биздин өнөктөштөр Кыргызстан үчүн гана, экономиканы өнүктүрүү үчүн,  өтө пайдалуу шарттарда дагы 500 миллионду тартышат. Ошондуктан, азыр алар которулдубу деген суроону берүүгө болбойт. Алар бар, жана алар Кыргызстандын экономикасына келип түшөт. Мында чиновниктердин чөнтөгүнө кирип кетет деген коркунуч болбойт.

- Сиздин аппарат жакынкы убакта эмнени эсептеп чыгып, иштетүү  алдында турат? 

- Кыргызстан иштетилбеген заттарды таратуудан чыгышы зарыл, ал башкалардын экономикасы үчүн ашуу болуп, иштетилбеген зат чыгаруучу болуусун токтотуш керек. Айыл-чарба  өнүмдөрүн иштетип чыгууну 90, керек болсо 100 пайызга көтөрүү шарт. Бул биздин колубуздан келет, каражатыбыз да жетет. Биз жеңил өнөр-жайын өнүктүрүшүбүз керек, фабрикаларды куруп, логистикалык борборлорду курушубуз максат. 

- Биз канчалык убакта даяр боло алабыз?

-  Кыргызстанда жакында фабрикалар жана логистикалык борборлор пайда болот. 

- Бирок, биздин элибиз кытай товарларын кайра сатып, ошону менен жашаганга көнгөн да. Өлкөбүздө адистер: инженерлер, технологдор барбы?

- Ишенип койгула,  бар. Алар өздөрүнүн негизги, андан да татаал жумушуна кубануу менен кайтып келишет. Биз  кайра курууга абдан тез көнөбүз. Биздин элибиз 90-жылдарда мамлекеттин жардамы жок, тегиз баш көтөргөндөн кийин, буга  оңой эле  көнүп кетебиз. 

- Мунун баарын ким жасайт?

- Албетте, бизнес. Биздин экономикабыз ачык. Биз, өкмөт – буга жардам беребиз.

- Министр катары, мамлекеттин башкы экономисти катары, жөнөкөй журналистке түшүндүрүп берсеңиз: эмне үчүн Булоруссияда баары жакшы? Дүкөндөрдө баарысы ашып ташып турат, өнөр-жай иштеп жатат, жумушсуздук дээрлик жок, бир гана борбордо тазалык болбостон, бүт өлкөдө тартип, артта калган, чачылган чарба жок. Ушунун баарын карап туруп, Кыргызстан үчүн чындап зээниң кейийт...

- Белоруссияда советтик экономиканын дээрлик бардык курамы сакталып калган. Алар  энергетика менен инфраструктураны сактап калуу жолу менен кетишти. Мамлекеттик ишканалар көп, колхоздор ошол бойдон. Сиз билесизби, алар келечекте атаандаштык чөйрөдө бир топ кыйынчылыктарды тартышат. Биз бул этаптан бир топ жеңилирээк өтөбүз.

Бизде атаандаштыкка туруктуулук өтө күчтүү, биз мына ушунун эсебинен жашап жатабыз,  алар бизде бардыгы бар экенин көрүп, таң калып жатышат.  Дагы бир мисал келтирейин.  Белоруссия ББ мүчөсү болгонунун эсебинен, өзгөчө жеңилдиктерге ээ. Алар бажы алымысыз,  кайра  иштетилген  14 миллион  тонна мунайды алар экспорттоп жатышат.  Бул - 6,5 миллиард киреше.  Кыргызстандын үч бюджети. Алар  бул пайданы өз убагында кармап калышкан. 

- Биздин мамлекеттин экономикалык курамы  ЕАЭБ га киргенде абдан өзгөрөбү?

- Биз адистик тандап алышыбыз керек, бардык багыттарда бирдей өнүгө албайбыз.  Биздин рынок чоң эмес, анын көлөмү азыраак.   Биз экспорттук потенциалга ээбиз жна аны пайдалана билишибиз керек. 

- Саммитте кандай маанай өкүм сүрүп турду?

- Жакшы, көтөрүңкү. Күн  темасына коюлган маселелер өз чечимдерин тапты. 

- Сиз кандай ойлойсуз, Тажикстан   ЕАЭБга киреби? Анткени бул биздин жалпы чек арадан өтүп жаткан контрабанда мүмкүнчүлүктөрү менен байланышкан көйгөйлөрүбүздү чечип берет беле?

- Азырынча тажик тараптан эч кандай суроо-талап боло элек. Алар бардык документтерди кылдаттык менен изилдеп жатышат, биздин жана Армениянын тажрыйбасын изилдешүүдө. Бирок,  кирүү туурасындагы бир жактуу ниетин билдиришкен жок. 

- Жылдын башында мамлекетте ББ ге кирүүгө каршылаштар өтө көп болду, азыр кырдаал өзгөрдү. Коомдогу саясатчылардын каршы туруусун кантип жеңип чыктыңар?

- Евразияга жакындоо – мамлекет башчысынын позициясы экендигинен эле баштайлы. Жаңы ишти баштоо дайыма кыйын, көндүрүү керек, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү керек, улуттук кызыкчылыкты коргоо керек.  Өкмөттүн милдети – эгер кирип калсак кандай болот, а кирбей калсак кандай болот,  кандай коркунучтар бар, ушуларды түшүндүрүү болчу. Биз кырдаалды кеңири түшүндүрө баштадык,  саясатчыларга, чиновниктерге, коомдук ишмерлерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, өлкөнүн башка жарандарына – басма сөз аркылуу маалымат тараттык.  Калкыбыз азыр бул интеграциянын  жакшы жана жаман жактарын жакшы билишет. Кырдаал өзгөрдү – иштин чоо-жайы менен тааныштыруу элдин маанайын өзгөрттү. ББ га кирүүнү каалагандар 60 % ашты, мунун өзү эле саясатчыларга да таасир берди. Элге каршы чыкчулар аз, өзгөчө жакындап калган шайлоонун жыйынтыгын күтүшүүдө.

- Калкка каршы чыккандар туурасында айтсак... Сиздин оюңузча, буларга ким төлөп берип жатат? 

- Дүйнөлүк экономика жана мунун ичинде биздин Кыргызстандын экономикасы кантип өнүгүп жаткандыгын түшүнбөгөн, билбеген, өнүгүү деген эмне экенин түшүнбөгөн адамдар бар. Биз аларга түшүндүрүп турабыз. Мисалга, ЕАЭБ га кирүү бизди чектебей тургандыгын белгилей кетүү керек. Биз жакында Евразия биримдигине  жеңилдиктерди  алуу үчүн арыз жөнөтөбүз, анткени биз бардык параметрлер жактан туура келип жатабыз. Мүмкүн, бул рынокко чыгуу жолун алабыз. Биз башка бирикмелер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Мунун баары ЕАЭБ, биздин стратегиялык өнөктөштөр  менен жакшы макулдашылган  жана шайкеш келет. Ал эми башка милдеттери бар адамдар бар, алар элди коркутушуп, көз карандысыздыкты жогото турганыбыз туурасында айтып жатышат, кумарларын кызытып, жалган сенсацияларды жаратышууда...

- Аларга бул милдетти ким тагат?

- Муну алардан суроо керек. Өздөрүнүн геосаясий милдеттерин башкалардын эсебинен (анын ичинен биздин да) чечүүнү каалаган да мамлекеттер бар. Ошол эле учурда алар биздин кызыкчылыктар менен эсептешпейт.

- Сизди жылы бою катуу сынга алышты, анын ичинде евразиялык өнөктөштөр менен интеграциялоо идеясы үчүн дагы. Бул ыңгайсыз мезгилден кантип өтө алдыңыз?

- Ким чындыкты айтса, акырында ошол жеңип чыгат. Биз жашырган жокпуз, кыйынчылыктар болбой койбойт, эгер биз өнүккүбүз келсе биз аларды жеңип чыгышыбыз керек. Бизнес каршы чыкты, бирок биз аларга мыйзам ченемдүү көрүнүштөрдү, шарттарды, пайдаларды,  түшүндүрүп баштаганда, кыйынчылыктар жана атаандаш жолдор туурасында түз айта баштаганда – алар өз позицияларын өзгөртүштү.

- Чын эле тунук ойбу?

- Албетте. Алар бажы чек-аралары калат, биз мурдагыдай эле ташуу мезгилинде аларга бажы төлөмдөрүн төлөй беребиз, ал эми чектөөлөрдү бардыгына  алабыз деп ойлошкон.  Алар, чек аралардын ачыктыгы –жөн гана формалдуулук, иш жүзүндө  аткарылбайт деп ойлошкон.  Бирок, жөн гана закымдарды айтып отуруунун кереги жок, кайсы бир товарлардын кымбатташы сыяктуу кыйынчылыктар болот.  Бирок, бул да эки ача ой. Баасы боюнча азык-түлүк кымбаттайт, бирок дыйкандар көбүрөөк акча табышат, жана технологиялар менен көп жылдык долбоорлорго көбүрөөк акча салышат, жашоо деңгээли жогорулайт. Биз ошону менен экономиканын өсүшүнө шарт түзөбүз. 

- Кыйынчылык учурунда социалдык жарылуу болуп кетет деп коркпойсузбу? 

- Негизги керектөө азыктарына баа кескин көтөрүлбөйт. Орто эсеп менен, азык түлүккө болгон баа 10-15 пайызга көтөрүлөт деп ойлоп жатабыз.  Ал эми айрым товарларга, тескерисинче, биз тескерисинче, өзгөчө жеңилдиктерди  алабыз.  Ун, дан азыктары, өсүмдүк майлар, бензин – арзандайт. Сабаттуу маалыматтык кампаниянын жардамы менен эл түшүнөт, тез эле пайдасын, келечегин сезишет. Болгон, өкмөт көбүрөөк иштеши керек.

Жазып алган  Светлана Бегунова 

© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине