Америка кармаган жерин бошотпойт

10:35, 11 Ноября 2014

Урматту кыргызстандыктар, күтүлгөн нерсенин үстүнөн чыктык окшойт! Дипломатия тили азыр актуалдуулугун жоготту көрүнөт. Биздин жүрүм-турумубуз жакпаганын ачык эле бетке айта башташты. Биз туура эмес жашап, керектүүлөр менен достошпой, башкача жол менен кетип бара жатыптырбыз!

Жакынкы күндөрү АКШ элчиси Памела Спартлен Кыргызстан жөнүндө: ушунча жыл бою жашыруун, жумшак күч ыкмасы менен, океан артындагы «улуу туугандар» көптөгөн тренингдери аркылуу – советтик өткөндү унутуу керектигин, Орусиядан тетири бурулуп, демократия жолу менен кетүүнү биздин мээбизге куюууга аракет кылып келгендиги камтылган «Демократиялык аралчасын» колдоо  статьясында бардыгын айтып салды.

Спартлен айымдын ою боюнча Кыргызстандын көйгөйлөрү: «Советтик ой жүгүртүү, коррупция жана ачыктуулуктун жоктугу». Муну менен макул болбой коюуу кыйын. Бул айым бардык үмүт жаштарда экенин белгилейт. «Жаш муун эки жүздүүлүккө, айрым учурда диний экстремизмге азгырылып турганда улуу муун дагы эле Советтер Союузу учурун сагынып жүрөт», -деп айтылат макалада. Бул ой- кызыктуунун кызыктуусу.

Эки жүздүүлүк бүгүнкү күндүн ажырагыс бир бөлүгүнө айланды. Эгер сен эки жүздүүлүк менен Экинчи Дүйнөлүк согушту же депутаттардын кыргыз үй-бүлөлүк салтын сактап калуусун шылдыңдабасаң сен жөн гана «орус жактоочусуң» дагы ордуң тарыхтын таштандысында. Кыргызстандын бүгүнкү тарыхын толеранттуу, креативдүү жана эч кандай тарыхий эскерүүлөр менен башын оорутпаган кишилер жасашат. Дал ушуларга бүгүн доллар түрүндөгү гранттык жамгыр жааган кез жана ушулар оозун көбүртүп Кыргызстанда көп деле укугу бузулбаган жыныстык азчылыктын укугун коргошот. Дал ушулар теңтуштарына шылдыңдабай турган ыйык эч нерсе жок экендигин таңуулашууда.

Элчи айым айткан диний радикалдашуу маселесине келсек, ал ойдогудан да олуттуу. Бул тема жакынкы күндөрү Коргонуу Кеңешинде талкууланып, көпчүлүк эксперттер диний радикалдашууну каржылоо жагы так ушул Батыштан келип жаткандыгын билдиришти. Максаты- кыргызстандыктарды диний негизде кагылыштырып, туруксуздукту орнотуу.

Андан ары: «Биздин Кыргызстанда демократияны орнотуу аракеттерибизге Орусия менен өнөктөштүктүн күчөшү маселе жаратууда» деп жазат Памела Спартлен. АКШнын элчи айымы Кыргызстандын «протекционисттик» Бажы Биримдигине кирүүсүнө терс баасын берүүдө. Бардык үмүтү АКШ көп каражат жумшаган жана Кыргызстандагы чакан буржуйлук катмарга айланган жарандык коомдо. Анан бир нече жүздөгөн кишилер, негизинен Өкмөттүк Эмес Уюмдардын  кызматкерлери жана чет-өлкөлүктөр мүчө болгон  «Бажы Биримдигине каршы» кыймылы  команда берген сымал дароо Кыргызстандын бийлиги Бажы Биримдигине кирүү чечимин өзгөртпөсө, элдик көтөрүлүш боллорун айтып коркутушууда.

 Ал эми азыр келгиле чындыктын көзүнө карайлы, элчи айымдын каты биздин аймактан  Аскерий базасы чыгарылганына карабастан, АКШ кекиртектен кармаганын койбосун тастыктайт. Каалаганыбыздай өнүгүүбүзгө жана тынч жашоо ниетибизди жайына койбосу айдан ачык. АКШнын таасири жана автоматтык түрдө Орусиянын каршылык-таасири мындан ары күчөйт. Демек, митингдер жана чыр-чатактар, бийликти алмаштыруу аракеттери күтүлөт.

Бизге кыргызстандыктарга ошол керекпи? Албетте, жок. Ага каршы биз эмне кыла алабыз? Бардык регионалдык, улуттук жана диний артыкчылыктарды четке кагып, биригүү гана керек. Бир дагы күч талкалай албаган кичинекей, бирок күчтүү бир муштумга айланышыбыз зарыл. Эч бир шартта өз-ара чатакташпоо керек. Тескерисинче бири-бирибизди сыйлап, өлкөнү сакташыбыз шарт. Анткени, өзүбүздөн, кыргызстандыктардан башка бул ааламда биз эч кимге керегибиз жок! 

© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине