Азиза Юлдашева: “Айыл чарба өндүрүшү азырынча тобокелдиги чоң бизнес бойдон калууда”

17:08, 29 Марта 2018

Кыргызстандын аймактары бош калууда. Баралына келип турган эркектер, жер айдап иштетүүнүн ордуна, мына 20 жылдан ашып калды, акча табуу амалында Орусияга кетишүүдө. Кечээки айыл тургундары, жер иштетип тажаганынан, үй-бүлөөсүн алып алып Бишкекке жөнөшүүдө. Борбор калаада болсо дайыма эле иш табыла койбойт, ошондуктан алардын көбү соодага өтүп, кепелерде жашаганга мажбур, көп учурда ар-түрдүү кылмыштарга да аралашып алышат. Ал эми айдоо жерлерди отоо чөп басып, агрардык тармак талкаланууда. Бул бүгүнкү күндөгү көрүнүш. Ал эми эртеңибиз кандай болот экен?

Айыл чарба ишкерлигиин маселелери тууралуу “Жер азыгы” агроишкерлер ассоциациясынын башчысы Азиза Юлдашева менен маектештик.

- Кыргызстандын президенти бул жылды аймактарды өнүктүрүү жылы деп атады, агротармак бул жылдан эмнени күтөт?

- Биринчи кезекте, аймактардын маселелерине көңүл бурулушун жана каражатардын салынышын күтөбүз. Анткени жакшы каржыланбаса, бир дагы мыкты деген программа ишке ашпайт. Алгач инфратүзүмдү түзүүгө – жолдорду оңдоп курууга акча-каражат керек болот. Ошондой эле кайра иштетүүчү ишканаларды курууга жана өнүктүрүүгө керектүү шарттар түзүлүшү зарыл.

- Учурда аймактардагы абал кандай болду экен?

- Чынын айтыш керек, өнүгүү жок. Анын толгон токой себептери бар. Биринчиден, аймактар жакшы өнүгүш үчүн туруктуу мамлекеттик бийлик керек. Жыл сайын премьерлердин, аны менен кошо айыл чарба министрлеринин да алмаштырылып турушу натыйжалуулукту төмөндөтүүдө. Кыргызстандын бир дагы айыл чарба министри 12 айдан ашык иштеген жок! Алардын ысымдарын, фамилияларын да жаттай албай калдык. Бийликтин иш улантуучулугу жок. Жыл сайын жаңы министр. Бир жыл аралыгында ал иштин чоо-жайын жаңыдан гана түшүнө баштаганда, аны алмаштырып салып жатышат. Экинчиден, бул эмгек миграциясы. Түштүк областтарындагы айылдарда орто жаштагы эркектер аз калган, алардын көбү акча таап чет жерде жүрүшөт. Үчүнчүдөн, айылдыктардын көбү эптеп жан багуунун амалында “сатып алып сат” сыяктуу элементардык ишкерлик менен алектенишет. Анткени соодада акчанын жүгүрүүсү көбүрөөк болуп, адам пайданы дароо көрө баштайт, ал эми айыл чарбачылыгы – бул узак мөөнөттүү инвестиция болуп саналат. Ага көбүрөөк каражат салыш керек болот, ал эми пайдасын узак мөөнөттөн кийин гана көрөсүң. Биринчи кирешени көрүш үчүн, кеминде дегенде үч жыл ага акча салышың керек.

- Башкача айтканда бүгүн айыл чарба чоң колдоого муктаж экен да?

- Ооба. Ар-бир аймакта ага мүнөздүү гана ишкерликтин түрү калыптанган. Көз карандысыздык жылдарында фермерлер кароосуз калып, өзүлөрү аларга ылайыктуу ишкерликтин жолун, багытын өздөштүрүштү. Эмнеге суроо-талап чоң экендигин, алар жашаган аймакта кайсы айыл чарба өсүмдүгү жакшы өсөөрүн, эмнени сатса болоорун аныктап алышкан. Эми бул продукцияны сатуунун үстүндө иш алып баруу керек болот. Менимче, мамлекеттин айыл чарба программасы фермерлик чарбаларды ирилештирүү, кооперативдерди түзүү багытында болушу керек.

- Эмне үчүн?

- Аймактарда ар-бир үй-бүлөнүн орточо алганда 30 сотыхтан жери бар. Адатынча, жан багыш үчүн бул жер аздык кылат. Себеби көп. Биздеги климат кескин континенталдуу болгондуктан жерди иштетүүдө тобокелдик чоң, дайым эле жакшы түшүм ала бебейсиң. Кургакчылык болушу мүмкүн, же мөндүр уруп кетет, же үшүк алып кетет. Ал эми бизде айыл чарбасында камсыздандыруу (страхование) жок. Айыл чарбачылыгы чоң тобокелдиктеги бизнес болгондуктан, камсыздандыруу компаниялары айыл чарбасына баргысы келбейт. Өтө тобокелдүү бизнес.

- Башкача айтканда, аймактын тургундары кароосуз экен да: жакшы түшүм алып сата алса – жакшы, иши оңунан чыкпай калса – анын өзүнүн маселеси дегендей?

- Мунун баары мамлекеттик маркетингдин жоктугунан болуп жатат. ЕАЭБде Кыргызстанды айыл чарба продукциясын өндүргөн өнөк катары кабылдашын кааласак, мамлекеттик маркетингди өнүктүрүшүбүз зарыл. Биздин кошуналар бул жаатта бизден алдыга озуп кетишти, Өзбекстан дагы, Тажикстан дагы. Мен аларга адис катары көп барам. Менин байкашымда, кошуналар айыл чарбасына жарактуу бардык жерди өздөштүрүп, иштетип жатышат. Ирригациянын замабап технологияларын колдонуп мурда кургакчыл деп эсептелген жерлеринде азыр алма бактарды жана жүзүмдөрдү өстүрүп келишүүдө.

- А биздечи?

- А биздеги толтура айыл-чарба жерлери сатылып кетти, алардын ордуларына адам жашаган конуштар пайда болду. Мен дайыма таңгала берет элем, эмнеге элдин баары айылдык кеңешке киргенге умтулат деп. Аларды эмне кызыктырат, бийликпи же карьерасынын өсүшүбү? Андай эмес экен. Жер реформасынан кийин жердин 25% мамлекеттин менчигинде калып, алар айыл чарба жерлерин – Жерди кайра бөлүштүрүү фондунун карамагында эле. Айыл өкмөттөрү болсо ушул жерлерди башкара алат. Алар андагы жерлерди ар-башкача колдонушту – биринчиден, айылдыктарга ижарага беришти. Жыйынтыгында бул жерлер жаман арыктап, бузулду. Эгер фермер жерди ижарага алса, ал жерди жакшыртууга каражат салбайт, тескерисинче, андан мүмкүн болушунча бардык күчүн сыгып алганга аракет кылат. А жерге кам көрүш керек, ал эс алышы керек, аны азыктандырыш керек дегендей. Экинчиден, айыл өкмөтү бардык жерлерди, өзгөчө шаарга жакын жайгашкан жерлерди, ал эмес айдоо жерлерди дагы үй салганга сатып жатышат. Мыйзам боюнча жерди трансформация кылуу процедурасы каралган, өзгөчө ал жерлерди турак-жай салганга бөлүштүрүп жатышса, аны Жогорку Кеңеш бекитиши керек. Бирок иш жүзүндө эмне кылып жатышат, алгач жерди 5 сотыхтан бөлүштүрүп чоң акчага сатышып, андан кийин гана трансформация кылуу маселесин чече башташат. Бул жараян бир күнү токтотулушу керек, болбосо жердин бардыгы үй-жай салганга кетип калат. Мындан эч бир жакшылык болбойт. Кыргызстан калкынын 65% агробизнесте алектенет. Эгер үй-жайларды салуу ушул темпте жана ушул таризде уланып кете турган болсо жакында бизде эч бир айдоо жерлерибиз калбай калат.

- Башкача айтканда аймактагы калк жерди иштетип жашап келет деген нерсе миф экен да? Демек алар негизинен мигранттардын акчасына жашат жатышкан турбайбы?

- Мынтип кесе айтуу туура болбос. Айыл чарба тармагы да киреше алып келип жатат. Бардыгы чарбага, адамдарга жараша. Жерди иштеткенге адам жок болгондуктан аны колдонбогон үй-бүлөлөр бар. Алар жерди ижарага берип коюшат. Жер көп мээнетти талап кылат. Бизде илгеркидей эле көп иштер кол менен жасалат, аны негизинен аялдар менен балдар жасашат.

- Эмгекке жарамдуу эркектерибиз чет жерге жумуш издеп кетпей, өз жерлерин иштете башташы үчүн мамлекет эмне кылышы керек?

- Жер тууралуу мыйзамчылыкка өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл. Биздин бул багытта жакшы тажрыйбабыз бар, ассоциациябыз айыл чарба багытындагы жерлерге ипотека берүү тууралуу мыйзам долбоорун жылдырган эле. Каржы алыш үчүн фермерлер өз жерин күрөөгө коё алышын сунуштаганбыз. Биз буга жете алдык. Бирок банктардын кызыгуусу төмөн болууда, анткени алар негизинен күрөөгө эмес, кардарларынын төлөй алган мүмкүнчүлүгүнө көбүрөөк көңүл бурушат. Ошондуктан биздин ассоциация 2016-жылы Кыргыз-Орус фондусунан кайра-иштетүүчү тармакка насыя беришин талап кылганбыз. 2017-жылы бул маселе чечилип, 7%дык үстөк менен насыя бериле баштады. Башкача айтканда өкмөт биздин демилгени колдоого алды.

- Аймактарды өнүктүрүү боюнча кайсы мамлекеттин тажрыйбасы бизге үлгү болуп бере алат?

- Кошуналардан үйрөнсөк болот. Тажикстан бүгүн катуу өнүгүп жатат, алар көп нерселерди жасашты, алардын так стратегиясы бар. Бүгүн Ош базарында Тажикстанда өндүрүлгөн көп мөмө-жемиштерди табаласың. Анын сыры жөпжөнөкөй – алардын айыл чарба жаатындагы так жана ачык мамлекеттик саясаты бар.

Биздин тажрыйбабыз тууралуу да айта кетейин. Агроишкерлик ассоциациясы – агроишкерликти өнүктүрүү боюнча USAIDдин долбоору, мен анын менеджери болчумун. Түштүктө жер реформасын жүргүзүүдө чоң кыйынчылыктар болду – эл көп жана жыш жайгашгандыктан айыл чарба жерлери аз эле. Ошондуктан адам башына бөлүнгөн жер үлүштөрү өтө чакан болуп, аларды натыйжалуу колдонуу маселеси жаралды. Биз фермерлерди сапаттуу үрөндөр, жер семирткичтер, өсүмдүктөрдү коргоо дарылары жана техника менен камсыздап жаттык. Мен азыр өндүрүш каражаттар рыногунун атаандаштыгын өнүктүрүү жана айылдыктардын жаңы технологияларга, сапаттуу үрөндөргө жетүүсү боюнча иш алып барам. Бара-бара биздин ассоциация агрардык тармактын кызыкчылыгын коргогон лоббистке айланды. Биз өз компаниябыздын маселелерин гана эмес, жалпы фермерлердин маселелерин да көтөрүп келебиз, анткени, фермерлер өнүкпөсө, биздин компаниялар да өнүкпөйт, фермерлер өндүргөн продукциясын сата албай жатса, биз аларга жаңы технологияларды, сапаттуу үрөндөрдү сунуштай албай калабыз. Бул бир-бири менен байланыштагы өзүнчө эле бир тутум – тапшырыкчы, фермер, айыл чарба продукциясын кайра иштетүүчү, товарды саткан логист.

- Бул тутумдун кайсы бөлүгү начар болууда?

- Фермерлерге тиешелүү, анткени Кыргызстанда чакан фермерлик чарбалар басымдуулук кылат. Ошондуктан биз бир продукцияны өндүргөндөрдү бириктирүү максатында соода-сатык-сатып алуу кооперативдерин ачууну сунуштап жатабыз. Мисалы, күрүчтүн же пахтанын бир сортун өндүргөндөрдүн. Ага жетиш үчүн өкмөткө кайра иштетүүчүлөр боюнча жана таңгактоо, сатуу боюнча логистикалык борборлорду ачуу боюнча программаны түзүүнү сунуштап жатабыз. Мына так ушул жаатта фермерлерге тапшырык кыла турган орто бизнес иш алып барат эле. Биздеги фермерлер өзү өндүргөн продукцияны өзү саткысы келет, бирок аны ишке ашыруу дээрлик мүмкүн эмес. Ал жарым машина продукциясы менен Орусияга же Казакстанга баралбайт. Анын тобокелдиги да чоң, чыгымы да көп. Ошондуктан, ЕАЭБ рыногу ачылып, продукцияны сатуу мүмкүнчүлүгү бар болгон соң, ортомчулук кылган ишкерлер фермерлерге тапшырык кылып, фермерлерден продукцияны сатып алып, аны таңгактап, бөлүштүрүп, товардык көрүнүшүн жакшыртып, сатышы керек болот. Ансыз чакан фермердик чарбалар жашап кете алышпайт, ага кеткен чыгымдарды жаба алышпайт. Бир карасаң, бардыгы сонун, бардыгы түшүнүктүү, бирок бул тутум иштебей жатат. Анткени ишкерлер бул тармакка баргысы келбей жатат, ал өтө эле тобокелдүү болууда. Ишкер андан көрө спирт ичимдиктерин, тамеки сатат, же тойкана ачып иштетет. Ишкерге биринчи кезекте акчанын жүгүрүп туурусу зарыл. Ошондуктан биздин ассоциация ар-түрдүү мыйзамдарды сунуштап, жылдырап жатат, агробизнесте жеңилдиктер каралышы керек.

- Кыргызстан экологиялык таза продукция деген өзүнүн брендин өнүктүрө алат эле деген сөздөр көп айтылып калат. Бирок фермерлерибиздин көбү чоң көлөмдө жер семирткчитерди жана пестициддерди колдонуп жатышпайбы.

- Колдонуп келишкен, колдонуп жатышат, дагы көпкө чейин колдонушат. Кыргызстан жылына муктаждыктан 1,5 эсе көбүрөк уулуухимикаттарды сатып алат. Бардыгы аны кенен-кесири колдонуп жатышат. Муктаждыктан көбүрөөк сатып алганыбыздын себеби, алардын бир бөлүгүн кошуналарга сатабыз.

- Башкача айтканда, биздин мөмө-жемиштер экологиялык жактан эң тазасы эмес экен да?

- Ооба, андай эмес. Фермерлерди окутуп үйрөтүү, көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик программа болушу керек, өстүрүлгөн продукцияны текшерген лабораториялардын болушу зарыл. Өстүрүү процессин такай көзөмөлдөп туруш керек. Мына ошондо бул продукция кымбат баалуу болот, аз көлөмдө өндүргөн биздин мамлекет үчүн бул жападан жалгыз жол. Кыргызстандын келечеги экологиялык продукцияны өңдүрүүдө.

- Бизде ушундай өндүрүштөр сакталып калганбы?

- Бар. Мисалы, талас төө буурчактары, Жалал-Абадда – биопахта.

- Эгер мамлекет аймактарды өнүктүрүүгө тийиштү көңүл бурбаса, Кыргызстандын келечеги кандай болушу мүмкүн?

- Жаштар шаарларга агылат деп болжолдосок болот. Шаарларга квалификациясы жок жумуш күчтөрү көп келип, ал эми аларга бул жерде муктаждык аз болгондуктан бул күндөрү эле шаар жакырчылыгы деген маселе жаралды жана ал мындан ары курчуй гана бермекчи. А шаар жакырчылыгы криминалдык абалды оорлотот. Ошондуктан президент Жээнбеков аймактарды өнүктүрүү демилгесин өз убагында көтөрүп чыкты. Айылдык жаштар аймактарда калып, алардын иштеген жумуштары, татыктуу жашоого жеткен кирешелери болушу керек. Агрардык тармакка көңүл буруу зарылдыгынын экинчи себеби, дүйнө жүзүндөгү калктын саны өсүүдө, 2030-жыл калк эң көп өскөн жыл болот, а демек аларды багуу маселеси алдыңкы орунга чыгат. Айыл чарба продукциясына муктаждык чоң болот. Эгерде биз бул ишке олуттуу мамиле кылып, экологиялык таза продукцияны өндүрө баштасак, ал өлкөбүздүн өнүгүүсүнө, калкыбыздын ден-соолугу чың болушуна чоң салым калышы толук ыктымал.

Интервью алган Лейла Саралаева

 
© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине