Гүлнара Тойгонбаева: «Кызым төрөлгөндөн кийин жумшак мүнөз болуп калдым»

07:48, 15 Октября 2014

Гүлнара Тойгонбаева, кыргыз эстрадасынын жылдызы, кубаты ашып ташып, баарына жаркын маанай менен жылмаюу тартуулайт. Анын күлкүсү жугуштуу. Ага жашоодо  мындай кубатты кичинекей кызы тартуулап турат. Гүлнара жашы өтүп калганда эне болгондуктан, өзүнүн эне болуу бактысынын ар бир көз ирмемин абдан баалайт. Биздин ырчы менен болгон маегибиз – ушул балдар тууралуу.

- Азыркы муундун балдары туурасында, булар биздей эмес деген сөздөрдү көп угам, - дейт сөздүн жүрүшүндө Гүлнара, - 2000-жылдарда төрөлгөн балдар, “индиго” балдар, булар өзгөчө таланттуу, жан дүйнөсү толгон, чындыгында башкача балдар. Биз – совет доорунун балдарыбыз, биз – кыргызча айтканда, «жокчулукту жон терибиз менен сезген» балдарданбыз. Бизге жетишпестик, жакырчылык, сарамжалдуулук, баары жок калышы мүмкүн деген коркунуч каныбызга сиңип калган. Албетте, кандайдыр бир мезгилди жашоо менен,  азыр, аң сезимибиз калыптанып калган кезде буга таптакыр башкача көз караштамын, анткени,  биздин дүйнө бардык  жагынан алып караганда абдан бай, жоомарт экендигин түшүнүп турам, биз көп нерсеге болгон мамилебизди өзгөртүшүбүз керек. Мен өзүм өзгөрүп жатам жана кызымды да дүйнөгө, адамдарга, айлана-чөйрөгө башкача мамилеге тарбиялап жатам, ошондой эле кызымды берешендикке да үндөйм, бирок, менин ага берейин деген нерселеримдин көбү өзүндө бар экендигин көрүп турам. Мына, кызымда болгон ошол сезимдерди сактап, көбөйтүү керек.

- Сизге эне болуу ролу жактыбы?

- Жашоодобу же кинодобу? (каткырып күлөт) Кинодо эне болуу ролу мага бекем жармашты, эки фильмде аткардым. Ал эми жашоодо эне болуу... Муну сүрөттөп берүүгө болбойт! Апа болуу, албетте, абдан жоопкерчиликтүү, кээде кыйын да мезгилдер болот, бирок, ошол эле учурда ушунчалык бакыт, сүйүү жана элжирөө! Бир жолу курбумдун мага айтканы бар: «Гүлнара, сен эми эне болдуң, эми сага жашоонун жаңы эшиги ачылды. Кызың чоңойо баштайт, күн сайын өзгөрөт, бирок сен убакытты шаштырба, ар бир күн, ар бир көз ирмемден ырахат ал». Ошондуктан мен бул бакыттын ар бир ирмемин куру кетирбей, кызым менен баарлашуудан болушунча ырахат алууга аракет кылам.

- Концерттик жашоо менен эненин ролун айкалыштыруу сизге кыйын болгон жокпу?

- Жетишип жатам! Чынында, мен көптөгөн адамдардан: туугандарыма, досторго, жада калса кошуналарыма да көз каранды боло баштадым. Эки жылдан ашык биз менен багуучубуз жүрдү, аны биз дагы эле унутпай эстеп жүрбөз, бирок ал кызыбыз турмушка чыгып, чет өлкөгө кетип калды. Азыр кызым бакчага барат, бирок концерттер көбүн эсе кечкисин болот.  Ушундай учурлар болуп калганда, тигил же бул концертке барып, ырдоого мезгил келгенде, бир-эки саат кызымды кимге таштасам болот деп, тааныштарымдын баарын ойлоно баштайм, жана аларга да  мага болгон жардамын аябай, качан болсо  келе калып, мени колдоп бергендерине абдан ыраазычылыгымды билдирем. Кээде бир күн же андан көпкө калтырууга туура келет, андай күндөрү, жумушум бүтөөрү менен кызыма шашылам.

Жайында Красноярскта болгон Азия-Тынч океан аймагындагы өлкөлөрдүн Эл аралык фестивалында дээрлик 8 күнгө барып келдим. Ошондо, кызымды карап турууга  Аксыдан улуу эжемди алып келүүгө туура келди. Аларды ушул күндөргө жеткидей керек-жарагын болушунча алып бердим да, көңүлүм жай барып келдим.

- Гүлнара, кызыңыздын төрөлүшү сиздин мүнөзүңүздөн бир нерсени өзгөртө алдыбы?

- Мен сентименталдуу, жумшак, боорукер болуп калдым. Бир жолу мага  Юля Руцкая, мен эмнегедир  «жумшак» болуп калдың деп айткан (жылмаят). Менин азыркы абалыма берген анын сүрөттөмөсү мага абдан жакты. Анын сүрөттөмөсү менин абалымды даана ачып берди. Чын эле, мен башкача болуп калдым.

- Сиздин көз карашыңызда,  Бишкек  балдар менен жашоого ыңгайлашканбы? Сиз кафелерде, башка коомдук жерлерде көп болсоңуз керек, баары көңүлүңүзгө толобу?

- Кафени тандаганда, албетте, кичинекей бала менен барууга ыңгайлуу болгон  жерлерди тандайм. Парктарда жана көчөлөрдө көп боло албайм, мен эми таанымал адаммын,  кээде ушунчалык адепсиз, орой көрүнүштөрдөн улам, кызым экөөбүздү коргоо максатында ал жактарга барбайм, кызымды ал жакка жээндерим менен жиберем. Бирок, кызымды алып алып, кечке чейин сейилдеп жүргүм келет. Борборубузда балдар менен ыңгайлуу болгон коомдук жерлер абдан аз. Бирок, баарынан жаманы – алардын санынын аздыгында элем, балдардын коопсуздугунда. Ар кандай коркунучтуу окуяларды уккандан да коркосуң! Кечээ кызымды балдар менен ойногонго короого чыгарып койдум. Бирок, кечке терезеден карап турдум. Мени, эне катары, биздин балдардын коопсуздугу тынчсыздандырбай койбойт.

- Кызыңыз апасынын белгилүү ырчы экенин билеби?

- Ооба, билет. Жакында эле мага, «Апа, сен ырдайсың, а мен бийлейм» деп жатпайбы. Анын бул айтканында күлкүм да келди, кубанычта да болдум.

- Анын сиздин жолуңузга түшүп, ырчы болушун каалайт белеңиз?

- Аны айта албайм, убакыт көргөзөт. Бирок, анын чыгармачыл адам экендиги азыр эле көрүнүп турат. Анын өзүнүн кандайдыр бир «жылдызчасы»  бар. Анын пайда болушуна жардам берип, кичине оңдоп коюу керек.

- Ал апасынын жылдыз статусу менен сыймыктанабы?

- Ал жаңы көйнөгүнө, оюнчугуна мактанат. Бирок, мен ага буюмдары жана оюнчуктарына эмес,  билими менен мактануу керек деп, акырындап үйрөтүп жатам. Мен азыр жөн гана байкап жүрөм, чектен ашкан эч нерсе боло элек,  бирок, чыгып баратса аны менен сүйлөшөм. кызым акылдуу, бардыгын дароо түшүнөт.

- Сиз аны менен кайсы тилде көп сүйлөшөсүз?

- Биздин сүйүктүү багуучубуз орус тилдүү болчу, ал кызымды орус тилине көндүргөн. Ал корей кызы болчу. Бакчадан  да кызым дээрлик орус тилинде сүйлөйт, бирок кыргыз, англис тилин да окуйт,  ал эми үйдө аны менне кыргыз тилинде сүйлөшүүгө аракет кылам. Биз кыргыз тилинен орус тилине, кайра орус тилинен кыргыз тилине өтүп, сүйлөшө беребиз. Жалпы өнүгүүсү үчүн, анын кытай тилин да үйрөнүшүн каалайм.

-Өз балаңыз менен болгон ырахатка кубанууга тоскоол болгон нерселер барбы?

- Мага бейтааныш адамдар кээде кызыгып, кызым тууралуу: “А бул сиздин небереңизби?” – деп сурап калган учурлар. Суроону да, суроо берген адамды да байкамаксан болуп, кетип калууга аракет кылам.

Суроо салган Алмаз Исманов

© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине