СӨЗ ЭРКИНИДИГИ БОЮНЧА КЕЛИШИМ

11:24, 21 Сентября 2020

Сөз эркиндиги - демократиялуу, эгемен Кыргызстандын жогорку баалуулугу.

Кыргызстандын 29 жылдан берки эгемендүүлүгүндө сөз эркиндигин жана жалпыга маалымдоо каражаттарын жана жарандарын чектөө боюнча мезгил-мезгили менен мыйзамдык аракеттер болуп келүүдө. Журналисттерге, блогерлерге дегеле коомдук тармактын колдонуучуларына моралдык кысым көрсөтүү жана күч колдонуу көнүмүш адатка айлангансып баратат!

Ал аракеттердин себеби төмөнкүдө:

- коомдогу көйгөйлүү саясий, экономикалык, социалдык маселелердин кеңири коомчулукка жеткирилбешине, талкууга алынбашына чара көрүү;

- коомдун кеңири катмарларынын кызыкчылыктарын чагылдырбаган айрым күчтөрдүн мамлекеттик түзүмдөргө таасирин жашыруу;

- жашыруун артыкчылык көрсөтүү, паракорчулук жана көмүскө схемаларды жаап жашырган механизмдерди иштеп чыгуу;

- шайлана турган саясий элитага таасир этүү жана андан жарандардын укуктарынын корголушун, камсыздалышын талап кылуу мүмкүнчүлүктөрүн чектөө.

Сөз эркиндигин чектөө Кыргызстандын эгемендүулүгүнүн өнүгүшүнө терс таасирин тийгизээрин медиа коомчулук түшүнүп, сезип турат. Андыктан саясий партиялар менен медиа коомчулук бул багытта шайлоонун алдында биргелешип иш алып барса, ушул терс көрүнүштөрдү жоюуга шарт түзүлүшү мүмкүн.

2020 жылдагы парламенттик шайлоого катышып

жаткан, урматтуу саясий партиялар!

Медиа сектордун өкүлдөрү сиздерди демократияны, адам укуктарын жана сөз эркиндигин камсыздоо боюнча жоопкерчиликти алууга чакырат.

Бул келишимди колдоого алганыңар төмөндө айтылгандар менен макул экендигиңерди билдирет:

· Жогорку Кеңеште кабыл алынган медиа тармакка тиешеси бар мыйзамдар сөз эркиндиги менен ойду эркин билдирүү жаатын өнүктүрүүгө өбөлгө түзүшу керек;

· Шайлоо маалында (саясий) элге таанылып калган адам, жасаган иши же аракет кылбагандыгы үчүн бардык деңгээлдеги мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер жүйөлүү жана катуу сынга алынышы мүмкүн.

· Укук коргоо жана укук колдонуу органдары Сөз эркиндигин чектөөгө колдонбошу керек (мисалы, кечирим суратуу, “жалданма” нааразычылык билдирүү акцияларын уюштуруу ж.б.у.с).

· Коомдук тармактардын жана ЖМКлардын ишмердүүлүгүн эркин алып баруусун камсыздоо аркылуу жарандардын ар тараптуу маалыматтарга жетүү мүмкүнчүлүгүн арттыруу зарыл;

· Жокко чыагырылган журналисттер менен сөз эркиндигин коргой турган укуктук нормаларды кайра калыбына келтирүү керек жана маалыматка жетүү мыйзамын бузгандыгы үчүн дагы жоопкерчиликти кароо керек;

· ЖМК жана сөз эркиндигине байланыштуу мыйзам долбоорлорун иштеп чыгууда жана аларды кабыл алууда тийшитүү медиа адистердин экспертизасынан өткөрүүнү милдеттендирүү зарыл;

· Медиа тармакты тескей турган укуктук нормативдүү актыларды кабыл алууда ЖМК жана сөз эркинидиги боюнча түшүнүгү бар көз карандысыз медиа өкүлдөрдүн катышуусу камсыздалышы керек; 

· Орто жана жогорку билим берүү программаларына медиасабаттуулук тажрыйбаларын камсыздоочу укуктук нормаларды кабыл алуу зарыл;

· Медиа тармактын базар экономикасына ылайык өнүгүүсүнө шарт түзгөн укуктук нормативдик актыларды кабыл алуу зарыл;

· Мамлекеттик каржылоонун негизинде медиа контентти өндүрүү жана аны жайылтуу боюнча жеке менчик ЖМКларга мамлекеттик заказ берүү механизмин иштеп чыгуу зарыл;

· Санариптик теле жана радио берүүлөр тармагында социалдык пакеттерди түзүүдө ачык-айкындуулук жана коомчулукка жеткиликтүүлүктүү камсыздоо керек (тандоо Сөз эркиндиги менен ЖМК тармагы боюнча көз карандысыз медиа адистердин катышуусунда өтүүсү зарыл).

· Мамлекеттик ЖМКларды реформалоо, жаңылоону улантуу зарыл.

· Кибер чабуул менен коркутуудан (DOSDDOS ж.б.) ЖМКларды, мамлекеттик органдар менен жарандарды укуктук жактан коргоону күчөтүү зарыл;

· Чет элдик каналдардын берүүлөрүн ыңгайлаштырган учурда да телерадиоберүүлөрдүн 50% дан кем эмеси ата-мекенждик жана мамлекеттик тилде болуусу тууралу талаптар кыргызстандык жана чет элдик ЖМКларга бирдей болушу керек;

· Коомдук тармакта, дегеле интернет айдыңында пикирин билдиргендиги үчүн адамды жоопкерчиликке тартуу өнөкөтүн токтотуу зарыл;

· Медиа тармактык өкүлдөрүнүн маалыматка жетүү тууралу кайрылуулуарына мамлекеттик органдар жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары жана мамлекеттин үлүшү бар башка уюмдар тез арада жооп берүүсү каралаган нормаларды киргизүү зарыл

· Өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал учурунда медиа коомчулук менен журналисттерди өз убагында так жана туура маалымат менен камсыздап туруу зарыл.

Кыргыз Республикасынын эгемен, демократиялуу өлкө катары өнүгүүсүндө сөз эркиндигинин орду маанилүү экенин сезип билүү менен, 2020-жылкы парламенттик шайлоого катышкан төмөнкү саясий партиялар бул Сөз эркиндигинин Келишимине кошулаарын тастыктайт.

 
© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине