Сооронбай Жээнбековдун жаңы миссиясы: ички маселелерди чечүүдөн дүйнөлүк маселелерге өтүүгө убакыт келди

19:22, 24 Апреля 2018

Сүрөттө: Президент Жээнбеков Еврокомиссиянын төрагасы Жан-Клод Юнкер менен

Кыргызстандын президенти өзүн аймактык арбитр катары көрсөтүп, эл аралык бедели бар тынчтык орнотуучу катары таанылып саясий айдыңда Борбордук Азиядагы башка өлкөлөрдүн жетекчилерине атаандаштык түзө алат, эгерде гана ал... Мына ушул “эгерде” тууралуу биз сөз кылмакчыбыз.

Аброй менен кадыр-барк алтындан кымбат болгон учурда

Борбордук Азияда алдыңкы орунда болгонго негизинен эки өлкө – Өзбекстан менен Казакстан – атаандашып келээри эч кимге сыр деле эмес. Эл аралык коомчулук аларды глобалдык жараяндарга таасир бере алган күч катары да тааныса деп эңсешет. Буга жетүүнүн бир амалы катары расмий Ташкент менен Астана борбор калааларында каршылаш тараптарды жараштыруу боюнча ар-түрдүү иш-чараларды өткөрүү менен маанилүү дипломаттык борборго айланууну көздөшөт. Бүткүл дүйнөнүн көңүлүн өзүнө бурган опурталдуу конфликттерди жана башка коркунучтарды жөнгө салуу боюнча аракеттери маанилүү геосаясий оюнчулар катары Өзбек жана Казак республикаларынын рейтингин көтөрөт. Жыйынтыгында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү демилгесин көтөрүп чыккан жана каршылаш тараптарды келиштирген өлкөлөр катары алардын бедели дүйнө жүзүндө, анын ичинде БУУда дагы, өсүп, алар менен эсептеше башташат. Мунун дагы кошумча артыкчылыктары бар – биринчи кезекте туруктуу өлкөлөргө гана кызыккан эл аралык капитал жана каржы структуралары бул өлкөлөргө инвестицияларынын көлөмүн кыйла көбөйтүшү мүмкүн, андан сырткары дагы толтура башка саясий-экономикалык пайданы көрсө болот.

Биздин С.Жээнбеков дагы аймактык, ички маселелер менен гана алек болбостон, өз мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүп, маанилүүрөк маселелерге да акырындан көңүл бура баштаса жакшы болчудай. Алгачкы кадам жасалды десек болот – Европага болгон биринчи сапарында аны Европа биримдигинин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча Жогорку өкүлү Федерика Могерини, Европа парламентинин төрагасы Антонио Таяни, Европа Кеңешинин төрагасы Дональд Туск, Еврокомиссиянын төрагасы Жан-Клод Юнкер жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) Орусия жана Борбор Азия боюнча Башкаруучу директору Наталья Ханженкова жылуу тосуп алышты.

Саясат таануучу Марс Сариевдин пикиринде, Брююселге болгон расмий сапар “Кыргызстан Евробиримдиктин көңүл борборунда экенин” көрсөттү, алар “биздин республика демократия жана адам укуктары боюнча Борбордук Азиядагы өзгөрүүлөрдүн генератору болот” деп ишенишет.

Бирок Жээнбековго бул алгачкы ийгиликти андан ары өрчүтүш керек! Мына ушул жерде анын тынчтыкты орнотуу демилгелерин Европа менен Америка гана эмес, көп миллиард эли бар Азия менен Чыгыш өлкөлөрүн дагы камтыган жалпы дүйнөлүк коомчулук оң кабыл алышы мүмкүн...

Согуш куралдарын жерге көмүш үчүн...

Бирок кошуналар да жөн отурбай эле. Мисалы, марттын аягында Шавкат Мирзиёев Ташкентте (акыркы 19 жыл аралыгында биринчи жолу Өзбек Республикасынын аймагында) Афганистан боюнча жогорку деңгээлдеги “Тынчтык жараяны, коопсуздук жана аймактык алака-байланыш жаатындагы кызматташуу” аталышындагы конференцияны өткөрдү. Бул ири форум БУУнун Афганистан Ислам Республикасында тынчтыкты орнотуу боюнча кадамдарынын алкагында болгондуктан бул иш-чара боюнча жакшы пикирлер айтылды. Ошол эле Евробиримдиктин өкүлү Федерико Могерини, Кытай, Орусия, АКШ, Улуубритания, Германия, Италия, Франция, Турция, Индия, Иран, пакистан, Сауд Аравиясы, Бириктирилген Араб Эмираттары, ШКУ жана КМШ өлкөлөрүнүн тышкы иштер мекемелери тараптан.

Мирзиёев Ташкент мындан да ары “Талибан” радиалдуу кыймылы менен Кабулдун ортосундагы ортомчулукту аркалай бере турганын, алардын диалогуна платформа болуп берүүгө макул экендигин билдирди.

Ал эми Назарбаевдин тынчтыкты орнотуу боюнча жетишкендиктери мындан да чоң!

90-жылдарда эле Казакстандын башчысы Семипалатинскидеги ядролук полигонду жапканга жетише алган, кийинчирээк синьцзяндагы Лоб-Нордогу кытайлардын ушуга окшош объектисин да жабууга жетиша алды, ал жактан соккон булганган шамалдар бүткүл Орто Азияны, Монголия менен Кашмирди ууландырып турат эле. “АТОМ” долбоору жана “Аалам. XXI кылым” манифести кабыл алынды, акыркысында Казакстандын башчысы согуштар жана каршылашуулар менен күрөшүүнүн өзүнүн стратегиясын сунуштаган.

Чейрек кылым аралыгында ирандык ядролук программанын айланасындагы абалды жөнгө салууга олуттуу салым кылынды; Азияда бирге кызматташуу жана ишенимге жетүү боюнча кеңешменин (АКИЖК) I саммитинде Индия менен Пакистандын ортосунда күчөп бараткан чатакты токтоткон; Донбасстагы кезектеги кан төгүүдөн кийин Украинанын чыгышындагы абалды жөнгө салуу боюнча механизм иштелип чыгарылган; Сириядагы жарандык согушту жөнгө салуу боюнча Астанада расмий Дамаск менен куралдуу оппозиция өкүлдөрүнүн бир катар жолугушуулары уюштурулду, Норманддык төртилтиктин алкагында Женевада өткөн жолугушуу бул жолугушуулардын уландысы болуп эсептелет.

Элбашы Анкара менен Москванын ортосундагы чатакты жөнгө салганга активдүү катышкан. Түркиянын куралдуу аба күчтөрүнүн Сириядагы террористтерди бомбалап бүткөн орусиялык Су-24 учагын атып түшүрүшү бул чатактын чыгышына себепкер болгон. Орусия менен Түркиянын ортосунда ошондо кадимки эле маалыматтык согуш жүргүзүлүп, экономикалык жана саясий байланыштар кескин начарлап кеткен. Назарбаевдин жеке кийлигишүүсүнөн кийин жана да тийштүү конфиденциалдуу дипломаттык каналдарды колдонуунун натыйжасында абал жөнгө салынып, жети айдан кийин Эрдоган менен Путин кол кармашып, араздашууну токтотушкан.

Ушул аракеттеринин жыйынтыгында 2010-жылы эле Назарбаев Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунда төрагалык кылууга жетише алган. ЕККУнун алкагындагы бул миссияга даярданып жатып казак дипломаттары чечилбей жаткан Тоолуу Карабактагы, Приднестровьедеги, Түштүк Осетиядагы, Абхазиядагы жана Балкандагы чыр-чатактарды чечүүгө басым кылышты.

Ал эми 2016-жылдын июнунда Казакстан БУУнун Коопсуздук кеңшинин мүчөсү болуп шайланды. Ошентип бул республика дүйнө жүзүндөгү коопсуздукту камсыздоо жүгү артылган 15 эң беделдүү өлкөдөн турган клубга кирди. 2018-жылдын январында болсо Палестина, Ливия, Конго, БАР, Дарфур, Батыш Африка жана Сахел, Түштүк Судан, Мали, Сомали, Кипр жана Колумбия өлкөлөрүндөгү абал талкууланган Коопсуздук кеңеште төрагалык кылды. БУУнун трибунасынан Н.Назарбаев “Коопсуз, адилеттүү жана гүлдөгөн дүйнөнү куруу үчүн глобалдык өнөктөштүктү бекемдөөгө казакстандык концептуалдык көз караш” деген кайрылуусун жасады.

Бишкекте көптөгөн каршылаш тараптар жараштырылган

Сооронбай Жээнбеков өзүн жараштыргыч катары көрсөтүп, чыгыштагы жана батыштагы өнөктөрдүн көзүндө беделин көтөрүш үчүн сөзсүз эле кошуналардын аракеттерин гана кайталабастан, Кыргызстандын өзүндөгү жакшы тажрыйбаны да колдоно алат!

Мисалы, биздин өлкөнүн Тоолуу Карабактагы (Армения менен Азербайжан талашып келген Кавказдагы аймак) жаңжалды токтотуудагы салымы чоң, 1994-жылдын 5-майында КМШ өлкөлөрүнүн парламент өкүлдөрүнүн жолугушуусу учурунда Бишкек протоколуна кол коюлган болчу. “Документ керектүү коомдук пикирди жаратканга чоң түрткү болду. Ал келечектеги убактылуу элдешүү картинасынын алгачкы эскизине “кыртышты” камдады”, - дейт ошол окуялардын активдүү катшуучусу, орус дипломаты Владимир Казимиров.

Ал эми үч жылдан кийин Бишкекте Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун Бириккен тажик оппозициясынын (БТО) лидери Саид Абдулло Нури менен сүйлөшүүлөрү болду. Ал кезде БТОнун куралдуу отряддары өкмөттүк аскерлерге каршы согуш аракеттерин жүргүзүп турушкан. Кошуна өлкөдөгү жарандык согуш КМШ чөлкөмүндөгү эң кандуу согуштардан болду – 100 миңге жакын курман болуп, бир миллиондан ашык адам качкын болду, өлкөнүн экономикасын келтирилегн зыян 10 млрд доллардан ашкан.

Ал кездеги абалдын курчтугун бул мисал жакшы көрсөтөт, Бишкектеги жолугушууга эки жума калганда 1997-жылдын 30 апрелинде Ленинабадда (азыркы Худжанд, Баткен областы чектешкен Согды областынын борбору) Рахмонго кол салуу болгон. Шаардын чок ортосунда, драмтеатрдын жанындагы аянтта белгисиз адам президентке кол гранатасын ыргыткан, Рахмондун жан сакчылары жооп иретинде элге карай ок чыгарышкан, жыйынтыгында 2 адам каза болуп, 80ден ашык адам жаракат алган. Ошондуктан “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясына келген Тажикстандын мамлекет башчысы аксап жүргөн – бутуна гранатынын сыныгы тийген эле...

Рахмон менен БТОнун жетекчиси бир-бирин ушунчалык жек көрүшкөндүктөн алар бир дасторкондо отуруп тамактанууга каршы чыгышкан. Аларды бир дасторкон отургузуш үчүн президент Аскар Акаев аларды эки саат көндүргөн болчу.

Кандай болгон күндө да, кыргыз жетекчилигинин жана Контакттык топтун башка өкүлдөрүнүн ортомчулугунда чоң кыйынчылык менен өткөн беш күндүк сүйлөшүүлөрдөн кийин маанилүү компромисстик чечимге келишкен. Тынчтык тууралуу бишкек декларациясы гана кабыл алынбастан, негизги документке – Саясий маселелер боюнча протоколго да кол коюлган болчу. Бул документте согуштан кийинки түзүм, БТОнун мүчөлөрүн бийлик структураларына киргизүү кадамдары макулдашылган эле. Ошондуктан, адистердин пикиринде, Бишкектеги жолугушуу Тажиктердин элдешүүсү боюнча кийин дагы Афганистанда, Пакистанда, Иранда, Түркмөстанда, Казакстанда жана Орусияда өткөн көп раунддук сүйлөшүүлөргө негиз түзгөн маанилүү жолугушуу болгон.

Жаатташуу жана араздашуу чегин аттап

Сооронбай Жээнбековдун президент болгонунан бери 100 күндөн ашык убакыт өттү. Кыргызстандын эли ал ким экенин, андан эмнени күтсө болоорун жакшы эле баамдап калды.

Бирок аны өлкөбүздөн сырткары жашаган эксперттик коомчулук али да жакшы тааныбайт. Күчтүү державалар, ири эл аралык институттар жана фонддор, аскерий-саясий блоктор жана каржы-экономикалык альянста үчүн ал табышмак лидер. Ошондуктан геосаясий оюнчулар аны менен кантип мамиле курса болоорун, Борбордук Азияда анын бедели канчалык экенин, бул же тигил кризистик учурда ал өзүн кантип алып жүрөөрүн, курч маселелерди чече ала тургандыгын баамдап, байкап жатышат. А мындай маселелер дүйнөдө толтура, алардын арасында Жээнбеков жараштыруучулук дипломатия багытында бир катар практикалык кадамдарды демилгелеп өзүн көрсөтө ала тургандары да болушу мүмкүн. Эл аралык конгломерат мындайда ага өз баасын берип, КР президентинин бедели көтөрүлүшү ыктымал.

Азиз Карашев.

Фотосүрөттөрдүн автору Султан Досалиев

© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине