Эмне үчүн казактар кыргыздарга караганда бай келишет?

12:55, 4 Мая 2015

Казактар менен кыргыздар – негизи окшош салты, менталитети жана тарыхы бар окшош калк.  Болгону бири өмүр бою жайытта жашаса, экинчиси тоодо жашашкан. Биздин өлкөдөгү  «Советтештирүү» бирдей шартта өткөн. Эки элге тең  советтик мезгилден кийин  кыйын болгон. Анда эмне үчүн, баштапкы шарттары бирдей болсо да, алар алга озуп кетишти да, гүлдөгөн, бай өлкөнү кура алышты,  а биз, 25 жыл мурдагыдай эле, баягы өзүбүздүн саясатыбыздан чыга албай тыгылып калдык?

«Казактар – анча кыргыз эместер»

- мындай тамаша чек аранын ары жагында да, бери да жагында өтө популярдуу. Ооба, казактар  байыртадан эле өздөрүн көргөзгөндү жакшы көрүшөт, мындайча айтканда, бул алардын  жолдуулугун жана байлыгын далилдеп тургандай. Кымбат машиналар, бренддик кийимдер, турмуштагы жакшы жашоосу. Бирок, айта кетүү керек, мунун баарына алар калкынын жашоо деңгээлинин бийиктигинин аркасында жетип жатышат.

Ооба, Казакстанда газ да, мунай да, Менделеевдин болгон таблицасы да бар. Советтик мезгилде эле казактар кыргыздарга караганда жакшыраак жашачу. Анткени, өндүрүшү, илим билимди өнүктүрүү үчүн борбордон зор каражат бөлүнүп турчу.

Бирок, Казакстанда көйгөйлөр да жетишээрлик. Башында казак саясатында «ак тактар» көп болчу, ага кошумча кеңири коомчулукта аны талкуулаганга мүмкүн эмес эле. Мына ушул суроолордун баарында ар бир саясатчы кырдаалды толкутуп кое алмак. 

Мисалга, ошол эле  Семипалатинскти алалы, ал жерде ядролук куралдарды сынашкан, анын натыйжасында дээрлик муундар генетикалык мутацияга дуушар болушкан, экологияга келтирилген зор чыгымды айтпай эле коелу. Же кургап калган Арал деңизи, советтик окумуштуулардын тажрыйбалары орду толгус экологиялык кесепеттерди алып келди. Ал эми 1986-жылы декабрдагы, эл ичинде Желтоксан деп аталган окуячы. Азыркыга чейин курмандыктардын так саны белгисиз.  

Жапайы капитализмдин мезгилинде, тагыраак айтканда күжүрмөн 90-жылдарда казак элитасы дагы өз өлкөсүнүн байлыгын сатышкан. Азыр, алардын өлкөсүндөгү газ менен мунай кандай шартта иштетилип жатканын ар бир эле карапайым казак биле бербейт. «Биздин кендердин 60, мүмкүн 80 пайызы чет элдик компаниядарга сатылып кеткен. Эч ким эч нерсе билбейт. Бирок, бизде жөнөкөй эле көчөгө митингге чыгып, бул суроолорго жооп талап кыла алышпайт. Жолду жаап, инвесторлорду киргизбей койгонун айтпай эле коелу»,- дешет алматылыктар. Анткени, кандай гана митинг болбосун бир нече минутанын ичинде ырайымсыздык менен кубаланат. 

Бул жакшыбы же жаманбы? Муну биз таразалай албайбыз. Кандай болгон учурда да, казак кенин иштетип жаткан чет элдик компаниялар стабилдүү иштешет жана бюджетке акчаны маалы менен которуп турушат, мунун аркасында бюджетте иштегендер жакшы шартта жашашат, орто эсеп менен 400 – 1000 доллар айлык алышат. Андан сырткары алар мамлекеттен үй алып жатышат.  Анан, эптеп септеген үйлөрдү эмес, жаңы, тандамал үйлөрдөн. Өзгөчө бул Астанада актуалдуу.

Полициялык мамлекет

Казактар өздөрү полициялык мамлекетте жашап жатканын жакшы билишет. Бирок, жөнөкөй калк үчүн бул жаман эместей сезилет, тескерисинче, жакшы жагы да бар. 

Данияр Ержанов, 43 жаштагы ишкер,  мындай дейт: «Ооба, коомдо айрым учурларга сын жана нааразы көз караштар бар, мисалга, социалдык теңсиздик же коомдогу коррупцияга карата. Бирок, бизде  «полициялык мамлекет» болгону мени канааттандырат, көпчүлүк жарандар да ушундай пикирде. Мен ар кандай баш ийбөөчүлүктү катуу жазалаган бийликти толук колдойм. Бизге, бизнесмендерге, Украиндагыдай демократиянын кереги  жок. Бизге стабилдүүлүк жана айкындык керек».

Эки жыл мурда Жаңыөзөндө жергиликтүү бийликке каршы митингдер башталган, нааразылык, жергиликтүү мунай казуучу компанияда чет элдик жумушчулар казактарга караганда эки эсе көп акча алгандыгына байланыштуу келип чыккан. Бирок, бул митингдер ырайымсыз түрдө басылган. Батыш ЖМКларында олуттуу репрессиялар, жүздөгөн өлтүрүүлөр, катышуучуларга болгон катуу өкүмдөр туурасында маалымат чыгып кеткен, бирок бүгүнкү күнү бул шаарга журналисттер дээрлик кире алышпайт. Ал жакта бардыгы жаап-жашырылган. Эч нерсе болбогон сыяктуу. 

Казакстанда оппозиция дээрлик жок. Кандайдыр бир сын айтууга аракет кылгандар же өлкөдөн качып кетишет, же унчукпоону туура көрүшөт, анткени өмүрү менен кош айтышып калышы мүмкүн. Узак убакыт бою казактардын оппозициясынын үлгүсү болуп жогорку даражадагы экс- чиновник жана БТА-банктын башчысы Мухтар Аблязов болуп келген. Ошол адам кандайдыр бир убакыт бою оппозициячылар менен оппозиция ЖМКларына каражат берип келген. Жаңыөзөндөгү окуяны да анын долбоору деп жүрүшөт. Бирок, өлкөнүн коргоочусунун имиджи анын өлкөдөн чыгарып кеткен миллираддаган доллардары менен негедир коошпой турат. Өз кылган иштери менен ал бир гана казак салымчыларына зыян келтирбестен, орусиялык  жана украин банктарынын активдерин катардан чыгарды. Азыр ал Францияда камакта, аны депортация болушун үч мамлекет күтүп турат.

Жакында эле австриянын түрмөсүндө асынып өлгөн Нурсултан Назарбаевдин мурдагы күйөө баласы Рахат Алиев табылды. Ал кандайдыр бир учурда өзүнүн атактуу кайнатасына каршы чыкканы менен даңкталган, өлкөдөн чыгып кетип, Назарбаевди жамандаган китеп жазган. Ага удаа дароо өзүнүн былык иштери ачыла баштады: каршылаштарын саясий өлтүрүү, коррупцияга катыштыгы, көп аял алгандыгы.

Казак саясаты чын эле катаал, түшүнүксүз жана жашыруун. Бир гана нерсени айтса болот: оппозициячылар, Кыргызстандагыдай эле, жем акырынан ажыраган мамлекеттик чиновниктер болушат.  Алар өздөрүнүн жыты сиңишкен орундарынан айрылып калаары менен, дароо чындыкты жарыя кылып, калктын канын кызытып баштайт. Жергиликтүү калк оппозицияны  колдобогонго аракет кылышат,  жана бул окуяга комментарий да беришпейт. Соцтармактардагы сын катуу өнүккөн, анан акырын ушактар  жүрүп турат. Мына ушуну менен баары тынчыйт.  

«Ал дем алып турганда, ага гана добуш беребиз!»

26 –апрелде Казакстанда кезектеги президенттик шайлоо болуп өттү. Башында шайлоону 2016-жылы өткөрөбүз деп пландаштырып жатышкан, бирок Казакстандын элдик Ассамблеясы лидерди бир жылга эрте шайлоону сунуш кылды. Кайрылууда,  «дүйнөлүк экономикалык кризисти жана татаал эл аралык абалды эске алып, Назарбаевге жаңы ишеним мандатын ыйгаруу керек, ошондо Казакстан модернизациялоонун туура жолунан адашпайт» деп айтылган. Расмий себеби мындай:   2016 –жылы президенттик жана парламентти шайлоо болмок, бул коомдук ишмерлердин пикири боюнча, Конституцияга каршы келет. Ошентип, казак бийлигинин бардык өкүлдөрү кезексиз шайлоо өткөрүү боюнча идеяны бир добуштан колдоп кетишти.  

Шайлоо бюллетенинде болгону үч фамилия бар эле. Учурдагы президент,  1989-жылдан бери жалгыз өзү бийликте келаткан Нурсултан Абишевич Назарбаевге каршы Коммунисттик элдик партиянан талапкер  Тургун Сыздыков жана өзүн талапкерликке койгон Абельгази Кусаинов чыгышып, ат салышты. 

Шайлоо участкалары өз ишин 7.00 дө баштады. Дароо эле элдин келиши жогору болоору байкалды. Таң эртеден баштап үй бүлөлүк жуптар балдарын ээрчитип алып, жаштар жана пенсионерлер, ар кайсы улуттун өкүлдөрү тизилип келе башташты. Элдин маанайы бул күнү көтөрүңкү. Эч ким өз тандоосун жашырган жок. Эл стабилдүүлүк үчүн добуш берди, демек, Назарбаев үчүн.

Елена Бурлакова, 44 жашта, бюджеттик мекеменин кызматкери, мындай дейт: «Мен жана жолдошум Назарбаевди гана колдойбуз. Ага атаандаш жок. Ал өлкө үчүн өтө көптү жасады. Жана Казакстанды туура жолдо алып баратат.  Анын жашы тууралу ойлонгон да жокпуз. Ал дем алып турганда, жалгыз гана ага добуш беребиз».

Абдышукур Нариманов, 55 жаш, аскер кызматчысы, мындай деди: «Албетте, мен Назарбаевге добуш бердим.  Мен стабилдүүлүк жана өнүгүүнү колдойм, ал эми Назарбаев аны камсыз кылып турат. Бизге Кыргызстандагыдай саясий туруксуздуктун кереги жок. Биз ал жактагы элдин кандай кыйналып жатканын билебиз, өлкө өнүккөн жок, болгону саясатчылардын ортосундагы талаш, ушактар менен гана алектенип жатат.  Бизде бир «Ел басы» – улуттун лидери – Назарбаев бар,  биз аны баарыбыз колдойбуз, анткени ал өлкөнүн стабилдүүлүгүнүн кепилдиги».

Анна Сергеевна Пушкарева, 87 жашта,  пенсионер, мындай дейт: «Биздин тандообуз айкын – мен Назарбаевди колдойм. Ага атаандаш жок. Эгер жаңы президент келсе, өлкөнү кайсы жол менен алып барат, белгисиз. А бизде азыр тынчтык, улут аралык шайкештик. Муну үчүн Назарбаевге ырахмат.  Ооба, ал жаш эмес. Бирок ал активдүү, элдин жыргалчылыгы үчүн иштеп жатат. мына мен да карыдым, бирок мен да коомдук иштер менен чын дилимден иштеп жатам. Ошондуктан, биз өз лидерибизди колдойбуз  жана анын ден соолугун кудайдан тилеп турабыз».

Бизнесмен Данияр Ержанов: «Мен көп жылдан бери Назарбаевге гана добуш берип келатам, анткени мага жашоонун өзгөрүшүнүн кереги жок. Мага баарысы жагат, азыркы бийликтин тушундагы жашоом мага ыңгайлуу».

Буга атаандаш да пикир бар. Мисалга, чыгармачыл интеллегенция башка мамлекеттердегидей эле, саясаттан алыс.  Арман Бектасов, сүрөтчү, мындай дейт: «Менин оюмча, Назарбаев 90 пайыз менен утуп чыгат. Анткени биздин президент Казакстанда  көз карандысыз түптөлгөндөн бери өлкө башчылыгында келатат.   «Мээлерди жууп чыгуу» боюнча иштер чейрек кылымда эле аяктаган, эч кандай атаандаштык болушу мүмкүн да эмес. Ошондуктан, Казакстандын элинин жалгыз гана тандоосу бар. Анан, натыйжасы алдын ала чечилип калгандан кийин, добуш берүүнүн кандай мааниси бар? Бүгүнкү күнү чын эле Назарбаевге атаандаш жок, анткени атаандаштыктын болушуна бийлик тарабынан жол берилген жок ».

Казакстандагы Борбордук Шайлоо Комиссиясында ( БШК) Казакстандын кезексиз өткөрүлүп жаткан президентик шайлоосундагы шайлоочулардын өтө активдүүлүгү турасында билдиришти. БШКнын маалыматы боюнча, жалпы Казакстан боюнча келгендердин саны 95,11 пайызды түздү. ЦМК маалыматтары боюнча келүүнүн эң жогорку көрсөткүчү Алматы областында катталган - 98,48 пайыз. Алматыда элдик шайлоочулардын келиши 78,28 пайызды түздү (бул өтө төмөнкү көрсөткүч), Астанада – 94,51 пайыз.

Өлкөнүн азыркы президенти Нурсултан Назарбаев, exit poll маалыматы боюнча, шайлоочулардын 97,5 пайызын алып, президентин кезексиз шайлоосунан утуп чыкты. Казакстандагы Коммунисттик элдик партиянын лидери (ККЭП) Тургун Сыздыков шайлоочулардын  1,87%  добушун топтоду, ал эми Профсоюздар федерациясынын төрагасы  Абельгази Кусаинов - 0,63%.

Назарбаевдин  Феномени

 Кыргызстанда  Нурсултан Абишевичке өтө сыйлоо менен мамиле кылышат. Казакстан –  өтө бай ресурсу менен чоң  өлкө.  Негизи, бул өлкөдө кол саясатчылары аркылуу бийликти басып алууну каалаган геосаясатчылар көбүрөөк болушу керек эле. Бирок, бул жылдардын ичинде кырдаалды солкулдаткысы келген бир да конкреттүү учур болгон жок.  Андан сырткары, Назарбаев Орусия менен жакындашуу боюнча саясатты ачык эле жүргүзүп жатат. Бул факт өлкөнүн ичинде да, тышкы аренада да эч кандай сын пикир жараткан жок.

Бизде кырдаал таптакыр башка. Бир эле, Евразия экономикалык биримдигине кирүү боюнча биздин жетекчиликтин дарегине  жарандык коомчулук тарабынан  канча сын айтылгандыгын эстөө эле жетиштүү.  Ал эми Казакстанда батышчыл ЖМКлар да, улуттук мекемелер да саясий кырдаалга таасир эте алышпайт.  Президент Назарбаевдин генералдык линиясы бар, өлкө анын артынан барышы керек.

ЖМКга келсек, кошуналардыкы же бийликчил, же сыпайы.  Азыркы бийликке эч кандай сын жок. Назарбаевге кандайдыр бир кордоочу тонду айтпай эле коелу.  Казактар мындан таптакыр жабыркабагандай таасир калтырат. Анан мыйзам ченемдүү бир суроо жаралат: казактарга эмне маанилүү: президентке сын айтуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуубу же күн сайын тынчтык өкүм сүргөн, стабилдүү өлкөдө ойгонуубу?

Мунун баары, казактарда бардыгы идеалдуу жана сынай турган эч нерсеси жок дегендик эмес. Кошуна мамлекетте коррупция да биздикиндей эле гүлдөп өнүгүп жатат. Андан сырткары, мамлекеттик чиновниктер үчүн пара баасы  бардык долбоорлордун сметасына киргизилген. Казак бийлиги ЖКЭ бузуучулар менен күрөшүү үчүн укмуштуудай өнүккөн жабдууларды киргизип жатат, бирок пара алгандар мурда кандай болсо,дагы эле ошол бойдон калууда. Болгону 10 эсеге өстү. Эл деле ызылдабайт. Анткени, стабилдүүлүк баарынан өйдө.

Бирок, Кыргызстан менен олутуу бир айырмачылык бар – бул билимдүү жаштар. Көз карандысыздыктын таңында Назарбаев «Болашак» программасын демилгелеп чыккан. Таланттуу жаштар дүйнөнүн мыкты жождорунда мамлекеттин эсебинен окууга мүмкүндүгү бар, ал гана эмес, окуучуларга бир гана окуусун төлөп бербестен, алардын тамактануусу менен жашоосун да төлөп беришет. «Болашакчылар» окуусун аяктагандан кийин, 5 жыл өлкө үчүн иштеп берүүгө милдеттүү. Бул программа иштеген 20 жылдын ичинде 10 миңдеген жаш казакстандыктар мыкты билим алышты. Бүгүн бул программа өз жемишин берип баштады. Бийликке убакыттын өтүшү менен ушул жаш , амбициоздуу жана билимдүү адистер келип жатышат.

Дагы бир феномен – Назарбаев улутту бириктире алды. Ооба, чала-казактар (аралаш казактар же казак тилин билбегендер) менен нагыз казактардын (эне тилин билген, чыныгы казактар)  ортосунда дагы эле талаштар бар. Бирок бул талаштар да эксперттик коомчулук тарабынан билгичтик менен басылып келет, алар «Казакстандагы  этника аралык мамилелерди толеранттуулук, ишеним, сый жана өз ара байытуу принциптеринде» курууга чакырышат. Мына ошондуктан, Казакстанда улут аралык макулдашуу бул жөн гана сөз айкашы эмес, чындык. Башка этностордун өкүлдөрү да бул өлкөдөн кетүүгө шашылышпайт.

Назарбаевди сыйлашат жана аны менен дүйнөлүк аренада да эсептешип турушат. Биздин президент да Нурсултан  Назарбаев туурасында мындай пикирин билдирди: «Сиз чынында  таза жан дүйнөлүү улуу адамсыз, мына ошондуктан, кудай да сизге, Казакстанга ушунча көптү берип жатса керек. Мына ушул жылдардын ичинде Казакстан өнүгүү жолунда бекеринен ушунчалык секирик жасаган жок да. Мен сиздерге дайыма кубаныч менен келем, анткени ар бир жолугушууда бир нерсеге үйрөнүп кетем, жана жашырбай эле коеюн, көптөгөн көйгөйлүү маселелерди сиздин колдооңуз менен чечип жатам. Сиз менен жолугушканда, бир гана суроо угам: "Эмне жардам берейин? Кандай колдоо керек? Стабилдүү жашагыла, тынчтыкта жашагыла, өнүккүлө».  Менин оюмча, Кыргызстандын бүт эли сизге ыраазы, сиздин туруктуу колдооңуз  биздин элдин эсинде түбөлүк калат».

Казакстандын жалгыз проблемасы, бул ордун басуучунун жоктугу. Назарбаев жаш эмес, ал  75 жашта.

Александр Гусев, КМШ өлкөлөрүнүн Стратегиялык өнүктүрүү борборунун жетекчиси, мындай деп эсептейт: « Президенттик шайлоодогу Назарбаевдин жеңиши  дүйнөдө эч кимдин шегин жараткан жок. Бирок Борборук Азиядагы кырдаал өтө татаал боло баштады. Анткени АКШнын таасири күчөп келатат. Камсыздандырылып, башталган евразиялык реформаны аягына чыгаруу үчүн, Назарбаев кезексиз шайлоого барды. Болбосо бийликти Азия жолундагы өнүгүүнүн жактоочулары орто жолдон тартып кетиши мүмкүн болчу. Жаш курагын эске алсак, бул анын акыркы президенттик мөөнөтү, демек, анын ордун басуучусу туурасында 3-4 жылдан кийин угуп калат болушубуз керек».

Башкысы, ордун басуучу Назарбаев сыяктуу акылдуу жана максатка умтулган болсо болгону. Казак бир туугандардын башына  эч кандай саясий жана эокномикалык алааматтар жана башка кайгылуу сыноолор  түшпөсө экен. Муну биз, эки революцияны баштан өткөрүп, дайыма өлкөдөгү туруксуздукта жашап жаткан кыргыздар, чын дилибизден  каалап жатабыз. 

Лейла Саралаева

Абылай Саралаевдин сүрөтү

© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине