Банур Абдиева: “Билимдүү аял үй-бүлөдө балдардын сабаттуу, саламттыгы бекем болуп чоңоюшуна шарт түзөт”.

11:49, 17 Апреля 2023

Караколдогу активист айым - Банур Абдиева, шаарынын ар бир бурчун жакшы көрөт, байыркы имараттар тууралуу сүйүнүү менен айтат, ар бир дарактын тарыхын билет. Ал туулуп өскөн аймагынын тарыхын маданиятын сактоо менен тим болбостон, кыздарды ар тараптан колдоп, алардын лидерлик сапатын өнүктүрүүгө жардам берет.

“Айым-лидерлер” рубрикабызда Банур Абдиева менен эмне үчүн өлкөнү өнүктүрүүдө айымдарды колдоп, аларды санарип сабаттуулугуна үйрөтүү керектиги тууралуу сүйлөшөбүз.

Каракол тууралуу

- Урматтуу Банур, айтсаңыз, Каракол шаары эмнеси менен уникалдуу?

- Чындап эле Каракол шаары Кыргызстанда гана эмес Борбордук Азияда уникалдуу, анткени Борбор Азияда боюнча биринчи көчмөн шаары болуп саналат. Бул отурукташуу маданиятын эске албаганда, анткени экинчи борборубуз Ош шаарына 3000 жыл толду. А Караколго болгону 150 жыл болду. Ал эми көчмөн Орто Азиянын мейкиндигинде шаар катары аны куруу маданиятын калыптандырууда Каракол чоң мааниге ээ. Анын Верныйдан, башкача айтканда Алматыдан улуу экенин белгилегим келет. Албетте, Бишкек, Талас, Нарын жана башка бардык шаарлардан да байыркы, эгер Ошту албак, анткени Оштун географиясы, маданияты жана контексти бир аз башка. Каракол шаарынын өзгөчөлүгү мына ушунда. Бул шаар мен туулуп-өскөн, балалыгым өткөн жер, бул жерде каякка кадам таштабайлы бардыгы кымбат.

- Сиз жолугушууну кыздар гимназиясынын эски имаратынын жанына дайындаган экенсиз. Бул имараттын тарыхын айтып бере аласызбы?

- Ысык-Көлдүн архивиндеги досторубуз айткандай, бул кыздар гимназиясынын имараты. Белгилей кетсек, бул айымдар үчүн биринчи светтик билим берүү мекемеси. Айрым маалыматтарга караганда, бул жерде Нагима Айтматова окуган. Бул революцияга чейинки бардык стандарттары бар гимназия болчу. Бул абдан баалуу, балким, дал ушул имаратта өкүм сүргөн рух муундан-муунга анын ичинде ата-энелерибизге да өткөн, анткени алар биринчи бүтүрүүчүлөр болгон. Азыр бул окуу жай Тыныстанов атындагы университет. Ал эми совет доорунда Мугалимдер институту болгон, 50-жылдары жаш мугалимдердин алгачкы бүтүрүүлөрү аяктаган. Менин апам дагы биринчи бүтүрүүчүлөр арасында болгон. Имарат 19-кылымдын аягында курулган, булактар 1898-жылы деп белгилеп келишет. Окуу жай өткөн жылы эң сонун кылып калыбына келтирилген. Буга шаардыктар абдан ыраазы, анткени аны республикалык маанидеги архитектуралык эстелик катары сактоо керек деген маселе көптөн бери көтөрүлүп келген. Аталган окуу жайга кам көргөн үчүн шаардын жана облустун жетекчилигине ыраазычылык билдиришибиз керек.

- Жергиликтүү тургун катары айтсаңыз, Караколдун эң чоң көйгөйү кайсы?

-Каракол шаарынын сырткы көрүнүшүн сактоо үчүн жашылдандыруунун мурунку маданиятын сактоо зарыл. Жолдорду оңдойбуз деп көптөгөн жашыл аянттар алынып салынды, ал эми көчөт отургузуу иштери мурдагы улуу мууундар өткөргөндөй массалык түрдө жүргүзүлбөй жатат. Анткени анда ар бир шаар тургуну жашаган жеринин жанын жашылдандырууга милдеттүү болчу. Кереметтүү теректер, карагайлар бар эле. Бирок азыр теректер тууралуу, анын зыяндуулугу алардын тамыр системалары фундаменттерди бузуп жатканы тууралуу көп талкуулар жүрүүдө. Бирок теректин көптөгөн түрлөрү бар, экологдор менен да көп кеңешүүлөр болду. Ошондуктан экологдор сунуштагандай, бул жерде буга чейин жакшы өскөн эндемикалык түрлөрдү отургузуу абдан маанилүү. Эгер биз бак-дарактар аллеясын алып салсак, аны кайра калыбына келтирүү керек. Бул багытта да бир топ иштер аткарылууда, такыр эле аткарылбай жатат деп айтуудан алысмын. Бирок, балким, жетишерлик деңгээлде эмес. Анан дагы бир маанилүү көйгөй бар. Муниципалдык жашылдандыруу иштери жүрүп жатканда да биз жаратылыштан сабак алышыбыз керек. Ал токойдогудай сөзсүз түрдө чөп, бадалдар жана дарактар болушу керек. Бул эмне үчүн маанилүү? Анткени алар чаңдын учуусуна жол бербейт. Башкача айтканда, алар чаңды өзүнө сиңирип алат. Мен Санкт-Петербургда болгонумда, көп катмарлуу токойлорго күбө болдум. Токой бизге шаардын экологиясын кантип жакшыртууну үйрөтөт, “Арча” демилгелүү тобу жана “Биомдун” активисттери бул көп катмарлуу табият жөнүндө көп айтып жүрүшөт.

- Алар айтканы менен бул нерсе ишке ашпай жатабы?

- Кептин баары ошо аткарылбай жатканында, бул негизги маселе. Бардык аткаминерлерге жана муниципалдык кызматкерлерге бадалдар, бак-дарактарга кам көрүү зарыл экенин жеткирүү керек. Эгерде бак-дарактарды отургузсак, анда бадалдарды да отургузуу керек.

- Шаарды көрктөндүрүүгө коомчулук менен шаар тургундары катышабы?
- Мен сизге бир эски имаратты көрсөткүм келди. Азыр ал №10 бала бакча. Бир кезде бул бала бакчага өзүм баргам. Ал эми 1906-жылы бул жерде Пьянков деген нотариус жашаган. Белгилей кетсек, мындан бир нече жыл мурун бул имарат лидерлик уюмдун жетекчиси Анастасия Стаценко баштаган коомдук топтун демилгеси менен калыбына келтирилген. Башкача айтканда, жергиликтүү тургундар, коомчулук, мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү, бийликтеги адардар “Том Сойер Фест” форматына ылайык калыбына келтиришкен. Менин билишимче, бул формат Орусияда ойлонуп табылган, алардын ар бири Том Сойерди элестетип, колго кандайдыр бир шайманды алып иштешкен. Бирок эң таң калычтуусу, алар имараттын катмарларын кырып баштаганда, терезе алдынан укмуштуудай шыбактар чыккан. Бул сүрөт, пайдубалдын дал ушул түсү жана чатырдын астындагы оюулар "Том Сойер Фестанын" алкагында демилгеленген. Көрүнүп тургандай, айрым статуска ээ болгон соодагерлердин үйлөрү бул имараттын бурчтары жана периметри боюнча мамычалар менен кооздолгон.

Аял-заты жөнүндө

- Сиздин активисттик ишиңиз дайыма айымдар, кыз-келиндер менен байланыштуу. Эмнеге?

- Анткени, жалпы эле айымдардын абалы коомдун өнүгүшүнүн багытын аныктайт, мисалы прогрессивдүү жакка же тескерисинче артка. Бул байыркы философиялык дискурс. Мен дайыма гендердик теңдиктин пайдасыздыгын айткан оппоненттериме совет мезгилиндеги Редьярд Киплингдин "Өз алдынча сейилдеген мышык" мультфильмин көрүүсүн сунуштайм. Бул дал келүүнүн суроосу. Биз же кандайдыр бир автократияны же тынчтыкты тандайбыз. Мындай учурда так айымдар адамзатынын тарыхында, коомдо тынчтык өнүгүүнү камсыздайт. Үй-бүлөдө, көчөдө баарлашуу маданиятын өнүктүрүү маанилүү. Мен бир мисал келтиргим келди, Сингапурдун экономикалык өсүүсүн, анткени бул өлкөнүн саясий лидери Ли Куан Ю айымдарга басым жасаган. Ал эркектерди билимдүү аялдарга коркпой үйлөнүүгө чакырган, себеби бир гана билимдүү аял үй-бүлөдө сабаттуу, саламаттыгы жакшы балдарды өстүрөт. Бул жерде артыкчылыктар өтө көп. Ошол үчүн биздин коомдо ар бир айым, кыз-келиндер укуктун субъектиси гана эмес объектиси да болуп эсептелет. Укук бизге жөн эле берилип калган эмес, бул дагы тынымсыз күрөшүүдөн улам берилген нерсе экенин эстен чыгарбоо керек. Менин 2007-жылы 6-июнда Жогорку Кеңеште аялдардын квотасы тууралуу биринчи коомдук угууда суроо койгонубуз такыр эсимден кетпейт. Анда көптөгөн депутаттар "Кыздар, эмнени ойлоп тартынар? Бул эч качан ишке ашпайт. Бул эмне? Аракет деле кылбай эле койгула" деп айтышкан. Анда Караколдук коммунист айымдар бар кез. Мен Салима Орозбаевага кайрылып, "келиңиз, биз коммунист айымдардын атынан депутат Исхак Масалиевге советтик маалда айымдар үчүн квота болсун деп кат жазалы. Биздин коом үчүн бул квота маанилүү " деп айткам. Ошентип кат жазып, мен Масалиевге аны тапшырганда, ал аны окуп таң калган. Бир нерсени баштоонун алдында биз олтуттуу иштешибиз керек болду. Андан бери көп убакыт өттү, 2019-жылы гана биринчи Саруй айыл округунда мониторинг жүргүзүп, аялдардын кандай эмгек менен жергиликтүү кеңешке өткөнүн көрдүм. Учурда алар кандай гана пайдалуу иштерди жасап жатышат, маанилүүсү ошол.

- Бүгүнкү күндө парламентте болгону 23 пайызы аялдар. Бул Борбордук Азиядагы эң аз көрсөткүч. Бирок аталган айымдар өздөрүнүн партиясынын лидерлеринин айткандарын аткарууга даярлар. Ошол эле учурда сиздер менен чогуу 30 пайыздык квотаны коргогон активдүү айымдар СИЗОдо отурушат. Бул абалга кандай баа берет элеңиз?

- Биздин улуттун билимдүү, кыйын, коомго жана өз чөйрөлөрүнө чоң салым кошкон айымдардын абакта отурганы өтө өкүнүчтүү. Бул акылга сыйбай турган нерсе. Мен ишенем, аларды бийлик эркиндикке чыгарат деп. Анткени бүгүнкү күнгө чейин бир дагы далил жок болсо, тергөө иштери жүрбөсө аларды ал жакта эмнеге кармашы керек? Таптакыр түшүнүксүз. Албетте, бул Кыргыз Республикасынын эл аралык укуктук актыларынын нормаларына жооп бербейт. Ошондуктан мыйзамдын нормаларына ылайык аларды тезинен бошотуу керек.

- Учурдагы сиздин проект санариптештирүү менен байланыштуу. Мен билгендей, сиз элеттеги айымдарды интернетти колдонууну жана акча табууну үйрөтөсүз. Бул аларга эмне себептен керек?

- Бул проектти баштоодон мурун биз анын узун аталышынан баштадык "Кыргызстандын көрүнбөгөн келечегин санарип аркылуу куруу", кийин биз өтө кыскача аталыш ойлоп таптык "ДигиКонуш " деген. Бизди кыргызстандыктар дал ушул ат менен тааныйт, ал эми анын мааниси тууралуу айта турган болсок, "digit" англис тилинен которгондо санарип дегенди билдирет, ал эми "конуш" деген кыргыз сөзү терең маанини камтыйт. Мен өзүм 'чакан мекен" деп которуп жүрөм, тагыраагы айыл деген мааниде. Бул долбоорду ишке ашыруудан мурун чоң иликтөөлөрдү жүргүзүп, андан Кыргызстандын 93 пайызы аялдарды кошкондо уюлдук телефон жана интернеттери бар. Бирок анын болгону 15 пайыз гана айымдар базалык санариптик билимге ээ. 9 пайызы гана мисалы PowerPoint программасы аркылуу презентация жасай алышат, а 2 гана пайыз айымдар программалоо боюнча түшүнүктөрү бар. Бул пайыздык көрсөткүчтөр айылдагы айымдарга караганда шаардыктардыкы жогору. Ушул убакыт аралыгы бизде “ДигиКонуштун” Ютуб каналын түзүүгө мүмкүнчүлүк болду. Ал жакта кыргыз тилинде 260тан ашык видео бар. Катталуучулардын динамикасы жана биздин тренингдерди колдонгондордун дагы саны жогору. Бул долбоор кайсы бир убакта аягына чыкканда да, адистер айткандай Instagram, Facebook өздөрүнүн оң, терс жактары бар бирок YouTube түбөлүккө. Бул позицияда аталган платформага кайсы убак болбосун кайтса болот, бул канал менен тыгыз иштөөгө мүмкүндүк берет. Мен бир мыкты долбоор боюнча бир мисал келтирип кетейин, "Чырак" аны биздин замандаш Тимур Соң ойлоп тапкан, ал аялдарды IT адистигинин үч тармагына окутчу. Мен өзүм дагы андан окугам. Үч группа бар эле: SMM адистери, долбоор менеджердери UX/UI жана дизайнерлер. Биринчи 16 миң айым окуу үчүн жазылган. Алар Кыргызстандын ичинде жана сыртта жүргөн мигранттар. Бирок ошол 16 миңдин ичинен 8 миң гана айым курска катталган. Эмне үчүн жарымы гана? Тагыраагы уюштуруучулар бардык каалоочуларды окутууга даяр болчу. Бирок кээ бири gmail почтага каттала алышкан жок. Бул эң жөнөкөй нерсе болушу мүмкүн, бирок аларга дагы электрондук почтанын артыкчылыктарын үйрөтүү керек экен, эмнеге дал ошол жака катталуу керек каякка кирип кайсы кнопканы басуу керектигин, сыр сөз коюну жана анын эмнеге кереги бар экендигин үйрөтүү. Биз бул нерсенин баарын Ютуб каналыбыздагы чыгарылышта айтып бергенбиз. Мисалы, айылдагы айымдардын көпчүлүгү балага жөлөк пул алуу, “Балага Сүйүнчүнү” кантип алуу керектигин биле беришпейт. Биз ушул сыяктуу суроолорго жооп издейбиз, мисалы азыр 1-марттан тарта кварталдыктан жана иштеген жерден справканы "Түндүк" системасы аркылуу алса болорун айтабыз. Бул эмне болгон система, аны менен кантип иштөө керектигин. Ошондуктан биз бир катар чыгарылыштарды жөлөк пул алууда тийиштүү жактарга кайрылып узун кезекке турбастан, телефон аркылуу кылса болорун айтабыз. Биз санариптик билимдер менен коомду алдыга карай жылып, жакшы чечим чыгарууга үйрөтөбүз. Ошол эле учурда салттар тууралуу да аларды эстен чыгарбоо керектигин белгилейбиз. Бирок биз дайыма арткы күндөрдү карап жашап келечегибизди түшүнбөсөк туура эмес позицияда кетип бараткан болобуз. Ошол үчүн санариптешүү бул заманбап жашоодогу маалымат жана технологиянын заманындагы тандообуз.

- Долбоордун катышуучуларынын жараткан ийгиликтери барбы?

- Бизде чоң сынак аркылуу чакан грант алган мыкты тайпабыз бар. Башында бизге 60 арыз түшкөн, анын ичинен 35 катышуучу акселерацияга кирип, андан 20 катышуучу сертификатка ээ болуп, питчинге уруксат алышкан. Аталган 20 катышуучунун ичинен 13 долбоор каржыланган. Он үч долбоордун бири “Аракетке Береке” деп аталат, ал Bitrix24 деп аталган CRM системасы боюнча билим берет, анда элеттик аялдар үчүн тренингдер өткөрүлөт. Бүтүрүүчүлөрүбүз жумушка орношуп, жакшы акча таап жатышат. Бул абдан кызыктуу туруктуу долбоор, анда бул тренингдерди түшүнүктүү кылып өткөргөн жана сертификаттарды берген мыкты тренерлер бар. Ал эми азыр жумуш издеп жатабыз. Учурдан пайдаланып, жумуш берүүчүлөргө кайрылат элем. Сизде CRM системасы аркылуу Bitrix24 боюнча алган билимдерин колдонуу аркылуу бизнесиңизди ишке ашырууда жана аны башкарууда сизге жардам бере турган адамдар бар экенин унутпаңыз.

- Мен гендердик темага кайрылгым келди. Эл аралык изилдөөлөрдүн биринин жыйынтыгы боюнча Кыргызстан Борбор Азиядагы аялдар үчүн эң кооптуу өлкө деп табылды. Сиз бул билдирүүгө макулсузбу?

-Бул динамика абдан тынчсыздандырат. Мен толугу менен кошулам, анткени биз буга чейин күнөөсүз абактагы саясий туткундар тууралуу теманы козгодук. Ошол эле учурда мисалы, тергөөчү, укук коргоо органдарынын дубал артында болгон Бурулайдын трагедиялуу өлүмүнө тешеси бар адам, азыр карьералык тепкичтен өйдө көтөрүлүп жатат. Бул коркунуч эмеспи? Же Бишкектин 5-кичирайонунда эки балалуу аялды өлтүрүп кеткен резананстуу окуя. Ошону менен катар алардын өлүмүнө шектелген адам – саясатчы, Жогорку Кеңештин бир мандаттуу округунан депутаттыкка талапкер. Бул өтө кооптуу. Ошондуктан дагы бир жолу айткым келет, биздин мамлекеттин эл аралык коомчулук алдында чоң милдеттери бар. Биз муну дайыма эстен чыгарбашыбыз керек, гендердик активисттер бул тууралуу айтып жатканда, бул куру сөз эмес, куру эскертүү эмес экенин унутпашыбыз керек. Коомубузду оңдоп, укук коргоо органдарын реформалашыбыз керек.

- Бизде аялдарга карата коркунучтуу абал бар деп айтууга болобу, анткени бизде бийликте гендердик баланс сакталбайт, башкача айтканда, эркектер аялдарды бийликке жолотпойт?

- Мен “бийликке жолотпойт” деген сөздү “саясий билим” же “өзүн-өзү тарбиялоо” деген сөздөргө алмаштырмакмын. Башкача айтканда, биздин эң негизги көйгөйүбүз, бийликте отургандар бардык нерсеге жетиштим, баарын билем деп эсептешет. Бирок инсандын, анын ичинен саясатчынын нормалдуу позициясы– бул ар дайыма үйрөнүү, артта калбоо үчүн дайыма жаңы билимдерди өздөштүрүүсү керек, жана өз ишинде ката кетирбөөсү.

-Эгерде бийликте 50% аялдар, 50% эркектер болгондо Кыргызстан башка мамлекет болмок беле?

- Эгерде бийликте аялдардын саны көп болсо, чечим кабыл алуу деңгээли да коомго анын ичинде эркектерге да ошончолук жакшы болот, анда Кыргызстан башкача өлкө болмок. Анткени үй-бүлө, коомчулук жана саясаттын деңгээлинде негизги гендердик муктаждыктарды жана башкаларды түшүнгөн адамдардын өкүлдөрү болушу керек. Бул, албетте, өзүнөн-өзү келе бербейт, а бул башка кеп. Кээде сан сапатка айланып кете турганын мен ойлоп тапкан эмесмин, бул боло турган нерсе. Ал эми Кыргызстан гендердик саясатка көбүрөөк көңүл буруп, ал жаатта жетишкендиктер болгон учурларды да башынан өткөрдү. Тарыхыбызда, мисалы, эл аралык конференцияларда ошол эле казактар ​​же өзбектер бизге суктанып: “Кыргыз аялдары, силер кандай азаматсыңар! Силер кандай гана жетишкендиктерге жетиштиңер” деп айтышчу, муну менен биз чындап сыймыктанчубуз. Бирок, тилекке каршы, акыркы убакта артка жылып баратабыз. Чынында эле, бул боюнча иштөө керек.

- Тилекке каршы, бизде көп жагынан артка кетүү болуп жатат, маселен, сөз эркиндигине, демократиялык принциптерге өтө катуу кысым болууда. Менин байкашымча, коомдо ушундай депрессия болуп жатат, көпчүлүгү сыртка кеткилери келүүдө. Сизде Кыргызстандын келечегине болгон ишеним калдыбы?

- Кыргызстандын келечегине болгон ишеним бар, ансыз мүмкүн эмес, адамдар ишенимин жоготсо, анда бул да туура эмес. Мен буга чейин Ли Куан Юнун цитаталарын келтиргендей, дагы кошумчалай кетейин, мисалы: “Билимдүү адамдар бир жакка кете баштаганда өлкөдө абал абдан начарлайт”. Бизде ушундай абал болууда. Ошого жараша анализдеп көрсөк, чындап эле интеллектуалдык ресурстардын, адамдык ресурстардын артка чегинип жатканы кооптондурбай койбойт. Бирок, башка жагынан алганда, өлкөдө болуп эч жакка кетпей турган адамрдын тобу бар. Албетте, мындан ары эмне болорун баары эле ойлонсо керек. Ошого жараша жакшы адамдар көп. Мындай алып караганда биз башка өлкөлөрдөгү кимдир бирөөнүн ийгиликтерин суктануу менен карайбыз, кимдир бирөө спортто кээ бири илимий ачылыштарды жасайт. Жалпысынан алганда, ар бири мыкты, ар бири азамат. Бирок, жалпысынан алганда тенденциялар кооптондурат, мен күчтүү  адамдар жөн гана биригип, бири-бирин колдоп, энергия, менталдык жактан бирге болушун каалайм. Менимче, биз депрессияга алдырбай, наалынбай ар кимибиз өз ишибизди жасап, жакшы, эл үчүн иштерди аткарып, алдыга жыла беришибиз керек.

Маектешкен Лейла Саралаева

 
© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине