Эсте сактоо саясаты деген эмне? Өз тарыхыбызды эмне үчүн билишибиз керек? Тарыхтын «ак тактарын» изилдөөдөн эмне чыгат? Украинада болуп жаткан согуш СССРдин тарыхына болгон көз карашты кандай өзгөртөт? Бул суроолорго изилдөөчү, «Эсимде» изилдөө аянтчасынын негиздөөчүсү Элмира Ногойбаева жооп берет.
-«Эсимде» долбоору эмнеден башталган?
-Бул тарых темасы болгондуктан, ага болгон кызыгуу чоң болот деп ойлогом. Мен адегенде тарых, андан кийин экономика факультетин аяктап, дайыма тарыхтан таба албаган жоопторго жол ача турган жолдорду издеп келгем. 2010-жылдан кийин Жапонияда билим алып жаткан учурда өзүм үчүн Memory study жана Memory activity аталышындагы багыттарды ачтым. Кийин аларды Кыргызстанга алып келип, «Эсимде» долбоорун түптөдүм. Бул багыт өтө маанилүү, анткени тарыхты жеңүүчүлөр, хандар, вазирлер жана мамлекеттер жазышат. Ал эми үнү жетпей калгандарчы? Эс тутум аны жеке окуялар аркылуу локалдуу түрдө ачып берет. «Эсимде» аянтчасы ошондой идеядан жаралды. Жакында эле биз 5 жылдыгыбызды белгиледик. Бул анча көп эмес. Көпчүлүк биз эмне кылып атканыбызды түшүнбөй, «аны эмне кыласыңар» деп, мени саясат танууга кайра кайтаргысы келгени эсимде. Бирок менин интуициям менен эсептөөлөрүм туура келип чыкты. Бүгүнкү күндө эс тутум- эң актуалдуу тренддердин бири. Биз дискуссия, чырларды, эс тутум согуштарына күбө болуудабыз. Ошондуктан бул тууралуу айтпай коюу туура эмес, анткени бул биздин келечегибизге тийгизген таасири чоң болот.
-Эмне үчүн акыркы жылдары тарыхты кайра карап чыгуу маселеси курчуду? Союздун тараганына 32 жыл болду. Биз ал датадан алыстаган сайын, тарых маселелеринин актуалдуулугу күчөп келе жатат.
-Көп жылдар бою биз бир гана чындыкты билип келгенбиз. Кийин андан башка, альтернативалуу чындыктар бар экендиги билинди, мисалы Үркүн, репрессиялар, кулакка тартуу болгондугу чыкты. Бир жагынан, анын баарын билиштин эмне керееги бар дегенибиз менен, ал окуяларда эбегейсиз драмалар жана улуттук жаралар камтылган. Эл өзү тууралуу баардык чындыкты билмейинче өнүгө албайт. Бул биринчиден. Экинчиден, биз өткөн жана келечек тууралуу көптөгөн ар кандай көз караштарды көрө алдык, өзгөчө Орусия менен Украинанын ортосундагы согуштун башталышынан кийин. Ошондон кийин эл мурда чындыгында эмне болгон, учурда эмне болуп жатат жана келечекте эмне болот деген суроолорду өзүнө бере баштады. Ошондо эс тутум өзүнүн актуалдуу талаасына кайтып келди.
-Сиздин команда Украинадагы согуштун башталышына бир ай калганда Херсон шаарына барып, ал жерге жөнөтүлгөн кыргыздар тууралуу маалыматтарды чогултуп келди. Ошол экспедиция тууралуу айтып бериңизчи?
-«Эсимде» долбоору Кыргызстандын өткөнү тууралуу көптөгөн экспецияларды жүргүздү. Бир нече жыл мурун биз Ысык-Көлдү айланып чыкканда, ал жердин тургундары кулакка тартуу учурунда Украинага жөнөтүлгөн кыргыздар тууралуу айтып беришти. Биз бул тууралуу эч нерсе билген эмеспиз. Бул тема көп убакыт бою жабык эле. Ошондо биз биз кыргыздыр кулакка тартылып жөнөтүлгөн жерлерге барууна чечтик. Бул окуя драмага толгон, анткени, биринчиден, алар бул жерден кулакка тартылып, репрессияланган, экинчиден, сүргүнгө кетип жатканда мал жүктөгөн вагондор менен жиберилген. Көбү жолдон каза болгон. Үчүнчүдөн, алар барган жеринен кандай жан багышкан? Биз Одесса, Киев, Херсондогу архивдик материалдар менен иштедик. Көп нерселерди билдик. Алар жуттан кийин кетирилген. Эрекек кишилердин көпчүлүгү репрессияланып, ошол жерден өлтүрүлгөн. Кызыктуусу, биз маалыматты УККдан алдык, ал биздин УКМК сыяктуу мекеме. Алар бизге маалыматтарды таап беришти.
-Ал жерде бул маалыматтар жашыруун эмес бекен?
-Ооба, биз сураган материалдардын бардыгы боюнча жооп келди. Алардын баардыгын көчүрүп алдык, кийин Кыргызстанга кайтып келгенде, долбоорубузга жардам сурап кайрылган жарандарга маалымат бердик. Бул өтө жүрөк оорутаардык көрүнүш болду, анткени көбүнчөсү алардын чоң атасы башка өлкөдө дагы деле тирүү деп ишенишкен. Жана алар чоң аталарынын атуу алдындагы карталарындагы сүрөттөрүн көрүп, куран түшүрүп, ушунча жылдан кийин коштошо алышты. Биз бул материалдардын баардыгын алып келдик. Биздин изилдөөчүлөрүбүздүн бири бул темага диссертация жазып жатат. Биз бул окуялардын негизинде китеп жаздык жана жакында тасма чыгат. Бул биздин тарыхыбыздын өтө маанилүү бөлүгүнүн бири. Ошондой эле биз президенттик администрацияга кайрылып, бул адамдарга эстелик орнотууну өтүндүк. Бул өтө драматикалуу окуя. Мен Дархан айылында материал чогултуп жүргөн кезимде, «атам же анын туугандары тирүү калганда, азыр бул жерде бир айыл болот эле» деп арманын айткандар болду. Ар бир окуянын драмасы бар. Мисалы Такырбашевдердин окуясы, 12 баладан үчөө гана тирүү калган. Алардын бири казандын астына жашынып калган, ал эми калган эки кызды башка адамдар алып кетишип, аман калышкан. Ар бир кыргыз үй-бүлөсүнүн санжырасына көз чаптырсак, ар биринде жоголуп кеткен чоң атасы же чоң апасы бар. Бирок бул окуялар айтылбайт. Андан сырткары аялдардын дагы окуялары бар. Көбүнчө репрессияга эркек кишилер кабылган, бирок күйөөсүнөн ажыраган аялдар, атасынан ажыраган балдар жана балдарын ажыраган энелер дагы барда. Бийликке кайрылып, жакындарын издеген аялдардын каттары көп. Бирок аларга жооп берилген эмес. Мисалы, Айтматовдордун үй-бүлөсүндө энеси баласын, аялы күйөөсүн ал эми балдар атасын күтүп жүргөн. Аларга улам сайын бул жерде же тиги жерде деп айтышкан, чындыгында болсо, ал адам эбак өлүмгө кеткен.
-Украинадан канча адам тууралуу маалымат чогулта алдыңыз?
-Биз амбардык китеп алып келдик. Ал жерде чыгып баратканда жазылган үй-бүлөлөрдүн аты-жөнү бар. Ал өтө кызыктуу документ экен, анткени анда негизинен тирүү калган аялдар менен балдардын аттары жазылган. Үй-бүлөлөрдүн саны 700дөн ашат. Биз тизме жасап, аны сайтыбызга жайгаштырдык.
-Украинага жөнөтүлгөн адамдар кимдер болгон?
-Аларды «кулакка тартылгандар», «буржуйлар» деп аташкан. Бирок алар түшкөн беренеге көп киши түшкөн. Аларды «кулактар» деп аташкан. Алар ким болгон? «Кулак» деп малы, жери бар, тың оокат кылган дыйканды аташкан. Алардын жерин тартып алыш үчүн кулакка тартышкан. Азыркы сөз менен айтканда, алар үй-бүлөсүн баккан, колунда бар ишкерлер болгон. Көпчүлүк учурда аталган беренеге жөнөкөй адамдар дагы түшүп калышкан. Алардын кимиси колунда бар, кимиси орто жашаганын азыр билүү кыйын. Эмирбек Усмановдун китебинде баардыгы эсептелип так жазылган. 1000 жылкысы болгон дыйкан дагы, 3 жылкысы болгон дыйкан дагы кулакка тартылган.
-Алардын мекенге кайтып келген аялдарынын, балдарынын тагдыры кандай болгон? Аларды «эл душманы» деп аташса керек?
-Албетте. Ал адамдардын балдары өмүр баянындагы ошол окуяларды жашырып жүрүүгө мажбур болушкан. Кээ бирлери аты-жөнүн өзгөрткөн. Биздин көптөгөн белгилүү инсандарыбыз дагы бул жолду басып өткөн. Мисалы, биздин белгилүү дирижер композитор Асанхан Жумахматов. Анын музыкага болгон таланты Украинадан байкалган. Жангарачевдер, Аксамаевдер, Чормоновдор, Малиевдер- дагы башка көптөгөндөр бул жолго түшкөн. Жана бул драмалуу окуяларга туш болгон адамдардын өзүнөн тышкары балдары дагы «кулакка тартылган» атына конгон. Албетте алар коркушкан. Бирок кайсы бир учурда алар биригип, жакындары тууралуу маалымат табууга аркет кылышкан.
-Жана бул генетикалык коркуу сезими кийинки муундарга дагы берилгенби?
-Генетикалык коркуу сезимин биз дээрлик ар бир үй-бүлөдөн көрө алабыз. Анткени алардын көпчүлүгүндө репрессияланган туугандары бар. Ошондуктан биз «акырын сүйлө! Андай сүйлөбө!» деген сөздөрдү угабыз. Анткени ал кездеги адамдар үн чыгаргандан коркчу.
-Репрессияга, кулакка тартылууга кабылгандарды ошол кездин «элитасы», «ак сөөгү» болгон, ошондуктан совет бийлиги алар менен күрөшкөн деп айтсак болобу?
-Бул суроо көп кишини кызыктырат. Бирок, бул андай эмес. Репрессиялар ушунчалык масштабдуу болгон, алар калктын ар кандай катмарларын камтыган. Албетте, байларды биринчи жок кылышкан деп ойлосойбуз, бирок жада калса Ата-Бейит көрүстөнүн көрсөк, анда өтүкчү дагы, жөнөкөй жумушчу дагы бар. Алар ар кандай диний көз караштагы, ар кайсы улуттуагы адамдар болгон. Элита ал бетте биринчи кезекте жок кылынган, анткени анда элиталар аралык күрөш болгон.
-Сиз изилдеп жаткан өтө чоң темалардын бири бул 1916-жылкы Үркүн темасы. Сиз кандай ойлойсуз, кыргыз эли Үркүн тууралуу толук кандуу билеби же тарыхта али белгисиз ак тактар барбы?
-«Эсимде» долбоору изилдеп жаткан мезгил тууралуу айтсак, 1916-жылдан ушул күнгө чейинки мезгил дээрлик изилдене элек. Көп барактар али жабык. Үркүн темасында изилдей турчу нерселер өтө көп. «Эсимде» долбоору баары кандай болгонун билүү үчүн 12 күн бою Ысык-Көлдү айланып чыкты. Мифтер жана спекуляциялар абдан көп. Биз дээрлик эч нерсе билбейт экенбиз, анын үстүнө, эстеликти 3 муун гана сактап кала алат деген концепция бар. Үчүнчү муун кеткенде, бул эстелик кошо өчүп калат. Бүгүнкү күндө ал окуяларды айтып бере алган адамдар өтө аз калды. Биз дээрлик ар бир айылда жаңы ачылыштарды жасадык. Мектепте бизге 1917-жылга чейин кыргыздар аз сандуу, жакыр эл болгон деп айтып келишкен. Бирок Түптөн биз Байзак-манаптар менен кезиктик. Алардын ата-бабалары бою 2 метр, алдуу-күчтүү, билимдүү болушкан. Алар дээрлик Хандык Россияда болуш башчылары болгон династия болуп, бирок 1916-жылы элдик кыймылды колдошкон. Демек кыргыз эли тууралуу дагы бизге белгилүү эмес, изилдей турчу учурлар абдан көп.
Мени көп адам репрессияны изилдеп эмне кыласың деп сурайт. Буга жооп өтө жөнөкөй. Мен биздин жаш муун репрессия дегенде азыркы күндү гана билбестен, «кызыл террор» болгонун дагы билишин каалайм. Буга чейин мамлекет өз жарандарын жок кылган учуру болгондугун билишсе дейм. Адамдар бул тууралуу билбей, билсе да айтпай койгон учурда Сталиндикиндей репрессивдүү машина күчөгөндөн күчөп иштей берет. Миллиондогон адамдар жабыркады. Бул тууралуу айтпай койбосок болбойт. Бул ар бир үй-бүлөгө таасирин тийгизген.
-Жогорку Кеңеш «Репрессиянын баардык курмандыктарын реабилитациялоо» жөнүндө мыйзам долбоорун демилгелеген. Бул мыйзам долбоору азыр актуалдуу деп эсептейсизби?
-Албетте актуалдуу. Кеп биздин өткөн тарыхыбыз тууралуу болуп жатат. 1918-1953-жылдар- «кызыл террор» же Сталиндик репрессиялар мезгили. Көпчүлүк репрессиянын курмандыктары деп Ата-Бейитте сөөктөрү табылган адамдарды гана аташат, бирок мен ал жерде гана эмес, ага жакын жерлерден дагы сөөктөрдү таап жаткан адамдарды билем. Ал жерде Ата-Бейитке көмүлгөн түндө гана эмес, башка убактарда дагы ыргытылгандар болгон деп ойлойм. Ал жерде Лотцмандын дачасы бекеринен болгон эмес. Аны кыргыз Ежову деп аташкан. Аталган мыйзам долбоору көптөгөн репрессияланган, кулакка тартылган, депортациялан адамдарды реабилитациялоого мүмкүнчүлүк берет. Бул тууралуу айтуу болбойт деген жөн гана спекуляция. Эмнеге болбойт? Бул биздин тарых. Мисалы, биз басмачылар ким болгонун ушуга чейин толук билбейбиз. Негизинен, бул термин менен совет бийлигине каршы болгондордун баардыгын аташкан. Бирок балким ал адамдар жөн гана жакындарын, туугандарын коргоп калгысы келгендир. Мисалы, бир адам Өзгөн мунарасын коргоп калгысы келген экен. Алар совет бийлигин жакындарына, туугандарына, балдарына, динине карата коркунуч катары көрүп, жөн гана сактап калгысы келген.
-Эмне үчүн бул мифтер ушуга чейин тирүү? Эмне үчүн биз өз тарыхыбызды толугу менен изилдей албайбыз?
-СССР тараганы менен, өз мамлекетинде дагы, бизде дагы эмнени билсе болот же болбойт, ак эмне кара эмне дегенди айткысы келген метрополия калган. Биз болсо өзүбүздүн тарыхыбызды билгибиз келетта. Макул, улуу муун буга баш ийсин, бирок азыркы жаштарда өтө бийик критикалык ой жүгүртүү бар. Алар алардын чоң аталары ким болгондугун билгиси келет. Бизге Жалал-Абаддан бир мугалим жазды. Көрсө анын классындагы окуучулардын жарымынан көбүн басмачылардын тукумдары дешет экен. Ал эми балдар ал эмне деп сураганда, мугалим эмне деп жооп беришти билбейт экен. Эмне үчүн алар чындыкты билбеши керек? Эмне үчүн мисалы бизде ушул кезге чейин Азамат Алтайды жана ага окшогондорду жемелеп келишет? (Кудайберген Кожомбердиев – «Азаттык» радиоснун биринчи кыргыз журналисти – ред.). болгону алар 17 жашында туткунга түшүп калгандыгы үчүнбү? Эмне үчүн биз адам өмүрүн ушунчалык төмөн баалайбыз? Эмне үчүн биз ата-бабаларыбыз тууралуу билбешибиз керек? Биздин билүүгө укугубуз бар! Биз өткөнүбүздү териштирип, толук билгенде гана толук кандуу болуп, өнүгө алабыз. Адам өткөндөгү жаратын айыктырмайынча, келечекте дагы аксайт. 93 жыл мурун 30-январда Ежов кулакка тартуу тууралуу указга кол койгон. Ошондо репрессиялардын балтасы абага көтөрүлгөн. Бул жөнүндө билип, эсибизге сактап жүрүшүбүз керек.
-Украинадагы согуш Советтер Союзу тууралуу болгон эскерүүлөрдү өзгөрттү. Мурда өзгөчө улуу муун 15 бир тууган республика, бир боор элдер, интерулуттуулук жана достук деп билишсе, азыр Украинадагы согуштан кийин мунун баары миф экендиги билинди. Бул согуш Советтер Союзу тууралуу болгон коллективдик эс тутумду өзгөрттүбү?
-Туура айтасыз. Украинадагы согуш СССР боюнча рефлексияны көздөй катуу түрткү берди. Эгерде буга чейин «деколониалдуулук» жана «постколониялдуулук» деген түшүнүктөр ири академиялык чөйрөлөрдө гана талкууланып келсе, азыр алар кеңири коомго тарап, күчөдү. Анткени бул согуш жөн гана эки мамлекет ортосунда болуп жаткан согуш эмес, бул баалуулуктардын согушу. Бул дүйнөнү кабыл алуудагы эки баалулуктун жана анын ичинде бир өткөндүн согушу. Бүгүнкү күндө көп берилип жаткан суроолордун бири- Экинчи дүйнөлүк согуш болду беле же Улуу Ата-Мекендик согуш болду беле деген суроо. Жана эгерде ал Улуу Ата-Мекендик согуш болсо, анда ал Кыргызстан, Казакстан же Молдова тарабынан кандай кабыл алынган. Ал кимдин Ата-Мекени үчүн болгон? Даталар дагы, азыр СССР үчүн согуш 1941 эмес 1939-жылдан башталган деген документтер чыгып жатат. Мен дагы буга критикалык көз карашта болгом. Анан мен Караколдогу архивден 1939-жылкы гезитти окудум, анда Сталин жана Гитлер, Германия жана СССР тууралуу жаңылыктар бар экен. Башкача айтканда, басылмалардын баардыгы өзгөртүлгөн. Жана биз бүгүнкү күндө көптөгөн нерсеге, мисалы экинчи Дүйнөлүк согуш, Афганистандагы согушка критикалык көз караш менен карап калдык. Көптөгөн мезгилдер кайра каралып, жаңы көз караштар жаралууда. Мына ушул эс тутум согуштары деп аталат. Биз биринчи кезекте азыркы Кыргызстандын аймагында эмне болгондугун түшүнүшүбүз керек. Албетте, азыр советтер учурунда эмне болгондугун изилдеп жатабыз, бирок биз менен ошол учурда эмне болгондугун биз билишибиз керек.
-Сиздин изилдөөлөрдө аялдарга көп көңүл бурулат. Сиздн байкоо боюнча, акыркы 100 жыл ичинде аял кишинин ролу кандай өзгөрдү?
-Өтө чоң өзгөрүүлөр болду. Миасалы совет доорунда эмансипация мезгили болгон. Азыр аялдардын өмүрү узарып, алар иштеп, акча таап, анча көп төрөбөй калышты. Ал эми 30-жыдарды алсак, ал өтө оор мезгил болгон. Репрессия учурунда эркектер өлтүрүлүп, ачкачылык болуп, демографиялык аң пайда болгон. Көпчүлүк ачкачылыктын айынан каза болгон. Аялдарга абдан кыйын болгон. Ал кезде тирүү калуу чыныгы баатырлык болгон. Мисалы, кулакка тартуу деген эмне? Элестетиңиз, үй-бүлөнүн бардык мүлкүн тартып алышат. Архивдердердеги маалыматтарды карасак, кулакка тартуу учурунда жалгыз гана малды тартып албастан, идиш-аяк, чыны-кашыктарын дагы алышкан. Аял кишини такыр оокатсыз калтырып, күйөөсүн дагы өлтүрүп кетишкен. Бул чындыгында чоң кыйынчылык, ошондуктан биздин апа-энелерибиз ар бир күкүмдү үнөмдөп, акырын колдонуп калышкан.
-Кыргыз аялдары 100 жыл ичинде ушунчалык оор жолду басып өтүштү, бирок ага карабастан, Кыргызстанда азыр деле гендердик дисбаланс, зордук зомбулук гүлдөп келе жатат. Эмне үчүн биздин коомдо аялга ушунчалык көңүл кош мамиле жасалат?
-Тилекке каршы, үй-бүлөлүк зомбулук ар дайым болуп келген. Зомбулук аял бааланбаган, салттуу патриархалдык түзүм бар жерде болот. Эркек кишини табуучу, багуучу деп билебиз, бирок азыр ал ролду көпчүлүк учурда аял аткарып жатат. Ооба, эркек кишинин боз үйдө орду өзүнчө, аял кишиники өзүнчө болгон. Бирок биз өз маданиятбызды унуттук. Илгери аялга болгон мамле ар дайым сый болчу, бекеринен Умай эне илгерки динде мынчалык маанилүү орунду ээлебесе керек. Кийин баардыгы алмашып, баалуулуктарыбыз маргиналдашып, өзгөрдү. Бул эмансипациянын суррогаты болду. Чындыгында, эгерде кыргыз эли ушунчалык байыркы эл болгондон кийин, демек ал өз жеринде ушунча убакыттан бери жашап, жакшы эле жан багып келгенда. Анын эркек үчүн дагы, аял үчүн дагы орун бар болгон ийкемдүү маданияды болгон. Гармония болгон. Биз аны жөн гана унутуп калдык.
-Азыр бийликте чоң гендердик дисбаланс бар. Квота боюнча аялдардын саны 30 пайыз болушу зарыл экендигине карабастан, алар 23 пайызды гана түзөт, ал эми мамлекеттик башкаруу системасында болгону бир-экиден саналат. Эмне үчүн мындай болуп жатат?
-Анткени эркек кишилер приоритетте деген сезим бизди басып алган. Чындыгында эркектер өз алдынча сүйлөшкөндү абдан жакшы билишет. Бүгүн саясат корпоративдик жумуш болуп калды. Бул дагы өзгөртүлгөн маданияттын кесепети. Аял кишиге илгеркидей болгон аяр мамиле жоголду. Азыр биз саясат эмес, саясий соодалашууну көрүп атабыз. Мурунку президенттердин бири айткандай, азыр иштин баары «саунага барып» чечилип калды, ал эми ал жерде аялга орун жок.
-Бийликте аялдардын саны 50 пайызды түзсө, Кыргызстан башкача мамлекет боло алат беле?
-Ооба деп ойлойм. Менин кээ бир өзүнчө инсандар жөнүндө скептикалык оюм бар. Анткени эгерде саясатта аялдар болсо дагы, алар тилекке каршы, компромисске бара тургандар. Бирок биз потенциалдык айым-лидерлер жөнүндө айта турган болсок, анда Кыргызстан башкача мамлекет болмок. Анткени аялдар социалдык жактан жоопкерчиликтү, аларда энелик сезим күчтүү. Билими бар аял үй-бүлөсүн, балдарын өзгөртө алары далилденген. Демек ал коомду дагы өзгөртө алат. Аял киши жашоонун ар кайсы тармактарын өзгөрткөндө, биздин жашоодо социалдык, маданий долбоорлор көбөйөт. Аялдар канчалык аз болсо, ар түрдүүлүк дагы ошончолук аз болот. Ага аялдар өз салымын кошот. Негизинен акылдуу саясат өзүнө күчтүү лидер-айымдарды алат, ошондо жакшы жакка өзгөрүүлөр болуп, коом билимдүү, маданияттуу, жетиштүү болот. Бирок биздеги абал башкача. Биздин күчтүү айымдарыбыз түрмөдө, ал эми саясатта жумшак айымдар отурат, алар аркылуу популярдуу эмес маселелер гана көтөрүлөт.
-Кемпир-Абаддын коргоочуларынын айланасындагы абал 30-жылдардын репрессияларына окшошпу?
-Юридикалык жактан окшош, анткени аларга тагылган дооматтарды юридикалык жактан негиздөө оор. Алар жөн гана келекчек, өлкө, өз балдары үчүн камсанаап чогулуп чыккандыгы бул айып эмес, бул жөн гана доомат. Бул өтө аянычтуу, анткени Кыргызстандын темир тор артында отурган жаркын жүздүү аялдардан башка чыныгы кооптуу көйгөйлөрү өтө көп. Мени таң калтырган дагы бир нерсе, ар бир өлкөдө, бийликке жаңы келген башчы эл көзүндө кандай көрүнөөрүн ойлочу эле, аларда айкөлдүк деген сапат өтө маанилүү эле. Бирок эмнегедир Кыргызстанда бүгүнкү күндө бул тууралуу сөз болгон жери жок. Бийликтин айкөл болуу деген сыяктуу рационалдуу, эмоцианалдуу баалуулуктары жоктой сезилет. Жана бул дагы кийин эсте калчу нерсе. Жана кийин жаш муун «репрессия» деген сөздү 2022-жыл менен гана салыштырып калат деп корком. Мунун себептери өтө көп. Бул нерсени бийлик дагы эске алышы керек, анткени репрессиялардын акыры ар дайым окшош болоорун биз бардыгыбыз билебиз. Муну ар дайым эске сактоо керек, анткени эске сактап жүрүү- булу акылмандуулук.
Маекти алып барган Лейла Саралаева