Назгүл Турдубекова менен мындан 25 жыл мурун жылуулук трассасынан таанышканбыз. Анда ал үй-жайсыз адамдар үчүн баш калкалоочу жайларды ачкан өкмөттүк эмес уюмда иштечү. А мен алардын жасаган иши боюнча репортаж дарядагам. Ошол учурда, 1990-жылдардын ортолору жакыр үй-бүлөлөрдүн балдарынын укуктары боюнча абал өлкөнүн тарыхындагы эң оор кырдаал болуп калгандай сезилди. Арадан чейрек кылым өтсө да Назгүлдүн жумушу азайбай, тескерисинче көбөйдү.
Маекте эгемендүүлүк жылдарында балдарга карата жасалган кылмыштардын мүнөзү кандай өзгөргөндүгү тууралуу кеп кылабыз.
- Урматтуу Назгүл, сиз балдар, кыздар, аялдардын укуктары үчүн өжөр күрөшүүчүлөрдүн бирисиз. Эмгек жолуңуз кандайча башталды?
- Мындан 30 жыл мурун укук коргоочулук ишмердүүлүк менен алектене баштагам. Туруктуу жашаган үйү жок, жаштайынан жумушка тартылган балдарга жардам бердим. 90-жылдары кайра куруу мезгили болуп, канчалаган балдар жылуулук трассаларында, жер төлөдө жашашкан, көптөгөн балдар көчөдө ата-энесиз калган. Ошентип өнөктөштөр менен бирге баш калкалоочу жайларды түзүп, ошол учурда укук коргоо иштерине аралаша баштадым. 30 жылга жакын убакыттан бери бул багыттан кете элекмин. Жыл сайын биз жасаган кадамдарыбызды жакшыртуунун үстүндө келе жатабыз. Жакшы жетишкендиктер бар, ошону менен катар эле алдыга койгон жаңы милдеттерибиз бар.
- Белгилей кетсем, биз сиз менен алгач жылуулук трассаларында рейд жүргүзгөнүңүздө жолукканбыз. Анда 28 жыл мурун мен “Дело N” гезитинде иштечүмүн, сиз бул рейддерди кантип өткөргөнсүз?
- Мен “Ак жол” баш калкалоочу жайында социалдык кызматкер болчумун, көчөдөн, жылуулук трассаларынан кароосуз калган балдарды алып кетчүбүз... Ошол кезде мага дүйнөдөгү эң маанилүү иштерди жасап жаткандай сезилчү.
- Балдардын мындан 30 жыл мурун көчөдө калышынын жана 30 жылдан кийин азыркы учурдагы көчөдө калышынын себептери өзгөрдүбү?
- 30 жыл мурун Союз тарагандан кийин көптөгөн кыйынчылыктар болду, кыйын мезгил болду. Экономикалык кризис азыркыдан алда канча күчтүү болчу, бирок бүгүнкү күндө дагы ата-энесинин камкордугусуз калган балдар аз эмес. Анткени ошол 90-жылдары төрөлгөн балдар бүгүнкү күндө ата-энесинин көңүлүн бурулбай чоңойгон отуз жаштагы жаштар. Учурда ошол жаштар балдарын таштап, мигрант болуп Кыргызстандан чыгып кетип жатышат. Бул эмне үчүн болуп жатат? Анткени миграциянын 30 жылдан берки тенденциясы күчөгөнү менен анын алдын алуу, балдарды коргоо, ыдырап бараткан үй-бүлөлөрдү колдоо боюнча мамлекеттик иш-чаралар бул мезгилде дээрлик өскөн жок. Ошондуктан маселенин курчтугу сакталып калгандыгын айта кетүүгө тийишпиз.
- 30 жыл мурун болгон балдарга карата кылмыштардын мүнөзү азыркы мезгилде өзгөрдүбү, же ошол эле бойдонбу?
- 30 жыл мурун билимдүү адамдар көбүрөөк болчу, бардык жерде, мисалы, мамлекеттик органда, милицияда, саламаттыкты сактоодо, мектепте дагы көп болчу. Азыр бизде бардык жерде билимдүү адамдар аз, калктын бардык катмарында билим деңгээл төмөндөп кетти. Бул зордук-зомбулуктун күчөөсүнө алып келүүдө, аял болобу, балабы, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарбы айтор аябай травма алып жатышат. Мындай көрүнүшкө эскертүү берүү дагы барган сайын кыйын болуп баратат, терс кесепеттери көп болууда. Ошол себептүү көйгөй курчуп, алсыз адамдар үчүн коопсуздук мейкиндиги тарыды.
- Маектериңиздин биринде калктын аярлуу катмарынын ичинен эң корголбогону кыздар экенин айттыңыз. Эмне үчүн мындай болуп жатат?
- Жалпысынан алып караганда кыздарыбыз менталитет жана маданиятыбызга байланыштуу өз көйгөйлөрүн, жыныстык маселе туралуу айтуу бул уят деп кабыл алып калышкан. Бүгүнкү күнгө чейин биз атайын изилдөөлөрдү жүргүзүп келебиз, жакындары тарабынан ыдыкка, сексуалдык зордукка кабылган балдар, кыздардын милицияга жетпей калган фактылары көп. Алар “эл эмне дейт” деп унчугушпайт, же туугандары билип калса эмне болот, алардын алдында уят болобу, андан ары кантип турмушка чыгат.. Мындан улам алар ачык айтып чыгышпайт, бул биринчиси. Экинчиден, укук коргоо органдарына жеткен иштерди көп учурда жабууга аракет кылышат, кылмыш ишин козгобой, же жеңилирээк беренеге кайра классификация кылганга аракет кылышат. Иш сотко жетпеши үчүн бардык аракеттерди жасашат. Ал эми соттор бул иштерди мөөнөтү өтүп кетти деп созуп жүрө берет. Мына ушундай жол менен бардык сиситема кызды коргобой, тескерисинче күнөөлүүнү жоопкерчиликтен качууга жардам беришет. Албетте, мындай тажрыйба көйгөйдү жашырууга мажбурлайт.
- Эмне үчүн милиция дагы, сот дагы зордуктаган тарапта болуп, балдар, кыздардын укугун эч ким коргобогондой болуп жатат?
- Буга чейин мен кайсы бир жерде милиция кызматкери өз милдетин так аткарбай койгону кокусунан болоттур деп ойлогом. Мындан 5 жыл мурун бир жылда мындай фактылар бир нече жолу болгон, бирок акыркы жылдары дээрлик ай сайын бир эмес, бир нече милиция кызматкерлери зордук-зомбулукка катышкан, же өздөрү зордуктаган, же качып кетүүгө жардам берген деген кабарлар болууда, мен бизде укук коргоо органдарындагы кадр саясатынын кризисин болгонун түшүнүп турам. Ошол нерсе кызмат көрсөтүүнүн сапатына жана калктын аярлуу катмарын коргоого таасирин тийгизет. Биздин өлкөдө дал ушул укук коргоо системасы кадр саясаты жагынан реформага муктаж. Бардык каалоочулар эле эмес жогорку квалификациялуу, атайын тандоодон, аңгемелешүүдөн, кандайдыр бир психологиялык тесттерден, аттестациядан өткөндөр тергөөчү боло алгыдай критерийлерди киргизүү зарыл. Болбосо милиция кызматкерине ар кандай жолдор менен кабыл алынып жатып, алардын адистик деңгээли ушунчалык төмөндөп кетип, милиция кылмыштуулукту токтотуу, алдын алуу сыяктуу негизги функцияларын аткара албай калды.
- 13 жашар кыздын өз жанын кыюуга байланыштуу акыркы окуяны айтсак, Бишкек ШИИБ башчысы мындай көрүнүшкө кыздар өздөрү күнөөлүү деп айтканы - бул цинизмдин чокусу. Ногайбаев чындап эле ушундай ойдобу же оюн туура эмес айтып алды деп ойлойсузбу?
- Мен үчүн Бишкек шаарынын башкы милиционери сүйлөп жатып, мындай позицияны карманганы ачылыш жана жагымсыз сюрприз болду. Менде көптөгөн суроолор жаралды, бирок анын бул кызматка кантип келгенин иликтей келсек, эч кандай сынактык тандоо уюштурбай эле татыктуу, ылайыктуу эмеси тандалып алынган. Албетте, Бишкек ШИИБинин башчысын тандоодон мурун, борбор калаа өтө маанилүү жана көйгөйлүү, жалпы эле мамлекеттин борбору экенин түшүнүү зарыл, андыктан жетекчиге коюлган талаптар өтө бийик болушу керек. Ал болгону сапатсыз кадр саясатынын жемиши.
- Бул нерсе милиционерлердин үй-бүлөсүнүн мураскери экенин эске алсак, бул кесипке эң биринчи келгендер кандай деңгээлде болгонун элестеткиле.
- Бул нерсе бизде адам кайсы бир династиянын өкүлү болгону үчүн ага ишеним көрсөтүүнун кесепети деп ойлойм, жашырбайм мен дагы эгер адам ушундай профессионал чөйрөдөн, кесипкөй үй-бүлөдөн чыкса, балким, балдарга, аялдарга өзгөчө кам көрүп, шаарга тартип келер деп ойлогом. Кандай жакшы жыйынтык күтүүбүзгө карабай, бул эң чоң көңүл калуу болду. Дал ушул фактор ишке ашпай өзүн актабай калды, менимче адамдын кандай үй-бүлөдөн экендигин карап тыянак чыгарууну токтотуп, адамды жеке критерийлери, жеке сапаттары тагыраагы кесипкөйлүгү боюнча кароо мезгили келди деп ойлойм. Бул сапаттарсыз өлкөбүз азыркы кризистик мезгилде адилеттүүлүктү калыбына келтирип, калктын аярлуу катмарынын укуктарын коргой албайт.
- Сиз анын сөзүнөн кийин митингге чыктыңыз, сизди активист аялдар колдоду. Соцтармактарда митинг тууралуу жазылган жаңылыктардын астындагы пикирлерди окуп, үрөйүм учту. Ал жакта кыздардын укугун коргогон аялдарды “бузуку” деп аташкан. Эмне үчүн коомдо кыздарга зомбулук көрсөткөндөргө карата терс мамиле жок, тескерисинче, алардын укугун коргоп, мыйзамдуулукту талап кылгандарга карата агрессивдүү мамиле түзүлүп жатат?
— Коомубуздун ар бир адамдын жана калктын аярлуу катмарынын укуктарын коргоо этабы тууралуу айта турган болсок — биз өнүгүү дагы, калыбына келүү дагы стадиясында эмеспиз. Бизде адам укуктарынын баалуулугуна берилгендик жагынан артка кетүүнүн бардык белгилери бар. Бул албетте, калктын аярлуу катмарынын укуктарын коргоо жагынан биздин мамлекеттик саясатыбыз жетиштүү деңгээлде иштебей жаткандыгынын кесепети. Бул бир фактор. Экинчи фактор, көптөгөн изилдөөлөр көрсөткөндөй, Кыргызстанда аялдар көп учурда өздөрү зордук-зомбулуктун курмандыгы болушат, өлкөдө ала качуу фактору дагы деле бар анткени алар аны колдоп, актап жатышат. Башкача айтканда, зомбулуктун курмандыгы болуп, көпчүлүк айымдар албетте баары эмес, мындай көрүнүштү актай алышат, анткени алар өздөрү буга дуушар болушкан жана алар мындан башка жашоо стандарттарды көрүшпөйт ошондуктан бул маданиятты колдой алышат. Бул көйгөй, ошондуктан биз мүмкүн болушунча тезирээк өлкөнүн коопсуздук концепциясын жакшыртууга жетишишибиз керек, биз адамдарга карата зомбулуктун ар кандай көрүнүштөрүнө сабырдуулук менен мамиле кылбаш керектигин түшүнүүбүз керек.
- Дагы мындай суроо бар: калктын аярлуу катмарынын, аялдар жана балдардын укуктарын өмөттүк эмес уюмдар гана коргоп, кайра эле айрым депутаттардын демилгеси менен коомдо бейөкмөт уюмдарга терс мамиле калыптанып жатат. Сиздин оюңузча, бул максаттуу жасалып жатабы же жөн эле депутаттар кандайдыр бир геосаясий таасирлерди ээрчип жатабы?
- Саясатчылар дүйнө жүзүндө да - саясатчы. Алар биринчиден, башка мамлекеттердин айрым мыйзам чыгаруу демилгелерин көчүрүп алса болот, бирок коммерциялык эмес уюмдардын ролу бааланбай, колдоого алынбаган авторитардык өлкөлөрдүн демилгелерин көчүрүп алганы өкүнүчтүү. Ал эми мамлекеттик башкаруу системасында деле кадрдык ресурсубуз өтө аз экенин, Кыргызстанда айыл өкмөт, район, шаарлардын деңгээлинде мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр жакшы эмес экендиги башкача айтканда бул боштук, коомдук уюмдар тарабынан толтурулуп жатат десек болот. Эмне үчүн коомдук уюмдарды коргоо, колдоо жана өнүктүрүү маанилүү? Анткени биринчиден, ал жерге өз ишинин чыныгы адистери чогулат. Бул адамдар бул багытта өз квалификациясын жогорулатуу үчүн өмүрүнүн көп жылын арнаган адамдар, кайдыгер эмес адамдар кирет, мамлекеттик саясатка, кээде мамлекеттик органдардын ордуна да мыкты иштерди киргизүүгө умтулган адамдар. Мындай алып караганда коомдук уюмдар Кыргызстандагы мамлекеттик мекемелердин эң чоң өнөктөшү. Муну баалаш керек. Кандайдыр бир коомдук уюмду алып, анализ жүргүзө турган болсок, ал жерде өз ишин сүйгөн атайын даярдыктан өткөн адистер бар экенине ынанабыз. Бул деген байлык, башка өлкөлөрдө жок баалуулук. Менимче, депутаттар мындай демилгелерди сунуштап жатканда, эртең коомдук уюмдар жок болсо, абал дале өзгөрбөй каларын ойлошпойт. Максаттуу топ өзгөрөт, башкача айтканда, бүгүн бизден кызмат алган аярлуу катмар, эртең парламентке келип ошол эле депутаттан аларга социалдык, укуктук, материалдык жардам көрсөтүүнү камтыган кызматтарды көрсөтүүнү талап кылышат. Мисалы, зомбулукка кабылган 11 жашар балага бүгүнкү күндө беш адам жардам көрсөтүп жатат, тагыраагы күнүмдүк транспорт, психолог, реабилитаторлордун жардамы, ооруканага баруу, дарылоо, дары-дармектер – бул абдан чоң сумманы талап кылат жана көп адамдар иштеп жатат. Бул адамдардын баары - бейөкмөт уюмдардан, коомдук уюмдардан, ыктыярчылар, адистер, психологдор, юристтер. Мен коомдук уюмдар жабылса зордук-зомбулукка кабылган балдарга менен эмне болоорун элестете албайм. Бул жардамды бир дагы депутат көрсөтө албайт, бир дагы мамлекеттик орган көрсөтө албайт, анткени эң оор кырдаалда адамга жардам берүүгө даяр болуу деңгээли бүгүнкү күндө көпчүлүк учурда коомдук уюмдарда гана бар.
- Эгер аталган балага карата мамлекет кандай мамиле кылганын карасак – тергөөчүлөр керек болсо кылмыш ишин козгоп, зордуктагандарды жоопко тарта алышкан жок, ал эми коомдук уюмдар кандай мамиле жасашты – бул чоң айырма! Мен аялдардын алсыздыгы темасын уланткым келди. Эл аралык изилдөөлөрдүн бири Кыргызстандагы аялдар Борбор Азия боюнча корголбогон деген тыянакка келген. Бул иликтөө бизде кыздар корголбогонун көрсөттү, же бул буга чейинки маселенин уландысыбы?
- Биздин кыздар керек болсо билим алуу, ишке орноштуруу жагынан да корголгон эмес. Же турмушка чыкканда алардын дээрлик 90 пайызы биргелешип табышкан мүлктөрү күйөөсү менен аялынын ортосунда бөлүнбөйт, баары күйөө тарапта калат. Ал эми аял ажырашып кетсе, ал тургай чогуу жашап атса деле, колунда эч нерсе калбайт. Биринчи бул - материалдык фактор болуп саналат. Экинчи жагы – бул жакшы билимдин жоктугу, анткени ал үйдө көп бала төрөп отурса, аларды тарбиялап жатса, анда билим алууга убактысы жок. Үчүнчүдөн айтайын дегеним, балдарга, аялдарга инфраструктуранын жоктугу, аял иштеши үчүн - бизде жакшы бала бакчалар, жакшы мектептер, жакшы ооруканалар жок, ошондуктан аялдар дайыма миграцияда, дайыма жакшы пайда издеп жүрүшөт. Алар дайыма ушундай убактылуу, башаламан абалда болушат. Жылына 15 жолу батир алмаштырган аялдарды билем, же ижарасын төлөй албай калышат, же мектепте балдарына карата туура эмес мамилелер болот. Ошентип, ал баарын өзгөртүп жүрүп отурганда аны жумушка орношот деп айта алабызбы? Албетте жок. Ал коопсуздукта жашоого жана өзүн өнүктүрүү менен алектенүүгө мүмкүнчүлүк жок. Мындай учурда, аялдын ушундай кризиске кабылганын көргөндө, биз болжолдуу түрдө баласы сөзсүз түрдө балдар үйүнө берилиши керек деп ойлойбуз, анткени ага кам көрүү мүмкүн болбой калат. Ошентип, үй-бүлө бузулат - бул бир көз ирмем. Ал эми зордук-зомбулукка келсек, бул багытта көп иштер жасалып жатат, бирок ошол эле учурда факторлордун баары иштебей, алсыз болгондуктан бул көйгөй тездик менен өсүп жатат. Бир жолу зомбулукка кабылган аял алдыга карай умтулуу үчүн колдоого муктаж. А бизде колдоо жок, мамлекет зордуктаган тарапта. Тилекке каршы канча аракет көрүлүп, канча окутуу болбосун, эч кандай жылыш болбогону мени абдан тынчсыздандырат.
- Маектериңиздин биринде эмгек миграциясынын негизги себеби жакырчылык экенин, миграциядан аялдар менен балдар эң көп жабыркап жатканын айттыңыз. Эмне үчүн мындай болуп жатат?
-Элдин миграцияга кетишинин ар кандай факторлору бар. Анын бир себеби жумушсуздук, эгер аял балалуу болсо туугандарына таштап кетет. Аял акча тапканда аны кайра үй-бүлөсүнө жөнөтөт, алар баланын окуусуна, кийим-кечеси, тамак-ашына коротот. Мындай учурлар дагы бар: аял иштеп, акча чогултуп туугандарына кайтып келгенде, анын акчасы корогуча жакшы болот. А акчасы түгөнө баштаганда, туугандары башкача карап, кайра кетип акча табуусун улантсабы дегендей болуп башташат. Мен мындай мамилени өзгөртүү керек деп эсептейм, айымдардын иши чет өлкөдө жакшы болбой жатса, өз мекенинде калып, жумуш издеп, өздөрүн жана үй-бүлөсүн ушул жерден багып алуусуна аракет кылышыбыз керек. Бирок бул үчүн ага колдоочу чөйрө керек, башкача айтканда, аял каякта болбосун, ага жардам берүү абдан маанилүү. Бизде үй-бүлөнү колдоо боюнча социалдык кызматкерлер жер-жерлерде уюштурулса жакшы болмок. Бизде алар азырынча жок. Ошол соцкызматкерлердин жардамы менен биз алар бутка туруп, өз ишмердигин баштоо, же жумушка орношуу, билим алуу сыяктуу мүмкүнчүлүк түзүүгө колдоо болмок. Мындай колдоого учурда баарынан дагы мигрант аялдар муктаж болуп турат. Ошол эле учурда миграцияда жүргөн ийгиликтүү айымдар дагы бар. Алар чет жактан өздөрүнүн капиталып жогорулатып келип, бул жакта ишкерликти баштап жумуш орундарын түзүп жатышат. Мындай позитивдүү жактары да бар. А негизинен миграциядан жабыркаган аймадар көп кезздешет.
- Биз сиз менен айымдарды колдоо чөйрөсү тууралуу сүйлөшүп жатабыз – бул мамлекеттин милдети да. Бирок бийликте гендердик баланс сакталбай жатканда мындай көрүнүштү уюштуруу мүмкүн эместей. Бизде өкмөттө бир дагы айым жок, парламентте 23 пайыз а негизинен квота боюнча 30 пайыз болушу керек эле, ал эми бийликтеги айымдар бардыгы эркек саясатчылардын созүн уккандар, алар айымдардын кызыкчылыктарын алдыга коюшпайт. Айтсаңыз, эмне үчүн бизде гендердик баланс сакталбай жатат, биз аны өзгөртө алабызбы?
- Бизде саламаттыкты сактоо министри айым. Жалгыз. Бул жетишсиз. Карагыла, азыр милицияда эмнелер болуп жатат. Азыр ал жерде иштеген аялдардын аздыгынан, милицияда коргоо механизми жок болгондуктан, ийгиликсиз иштер көп, анткени кызматкерлер гендердик сезимтал эмес. Тагыраагы ал жака аял затын көп тартуу керек. Канчалык айымдар көп болсо, ошончолук мындай кризистик абалдан тез чыгабыз. Мен 100 пайыз ишендирип кетким келет, анткени окуяларга аялдар кандай реакция берип иш алып баргандарын көрүп жатам. Эгер биз социалдык-экономикалык кризистен чыккыбыз келсе, өкмөткө айымдарды алып келүү керек. Парламенттин деңгээлине да ошол эле, канчалык айымдар көп болсо ошончолук калктын аярлуу катмарынын кызыкчылыктары корголот. Бул дүйнөлүк тенденция, бул тема боюнча көптөгөн изилдөөлөр бар. Айымдар болгон жакта сөзсүз өнүгүү болот.
- Бирок бизде бийлик - бул таза эркектердин клубу. Аялдар бийликке баруу үчүн эмне кылышыбыз керек?
- Биринчиден, бийликти бизге айымдарга эч ким бекер бербей турганын түшүнүшүбүз керек. Кандай мааниде? Биз ал үчүн күрөшүшүбүз керек. Кандайча? Эгер шайлоо болсо сөзсүз түрдө өзүң менен кошо курбуңду эжеңди, апаңды, жолдошуңду ээрчитип бар, аларды аялдарга добуш берүүгө көндүр. Жергиликтүү шайлоо болобу, айыл деңгээлиндеби же парламенттикпи айтор айырмасы жок – жөн гана алдыга кадамдарды жасап баштоо керек. Өзгөрүүнү кааласаң, оңолууну кааласаң аялды танда, шайлоого жалгыз барбай, эжелериң менен бар. Ошондой эле бүтүндөй бир кыймылды түзүү керек. Эмне үчүн бизде жакшыруулар болбой жатат деп сураганда? Мен аялдардын үн катпай макул болуусу деп жооп берет элем. Ошондуктан, биз бул дүйнөлүк процесске мүмкүн болушунча тезирээк киришибиз керек жана бийликти мүмкүн болушунча тезирээк аялдарга өткөрүп беришибиз керек, алар жоопкерчиликти сезе билүү менен мамлекеттин бүгүнкүсүн түзмөк. Аялдардын колунан келет. Кризистик кырдаалдар канча болбосун, аялдар аларды тезирээк жана эң аз жоготуулар менен жеңет. Ошондуктан азыркыдай кризистик мезгилде башкаруу системасындагы аялдар көбүрөөк керек деп ойлойм.
-Тагыраагы аялдардын үнү катуураак жана талаптуураак болушу керек?
- Үнү эле эмес, башы колу буту бардыгы иштеш керек, анткени өлкө тез чечим чыгаруу менен туура чечимди талап кылат.
- Эгерде бийликте 50 пайыз аялдар, 50 пайыз эркектер болсо, Кыргызстан такыр башкача болот беле? Кандай болот эле?
- Бул такыр башка Кыргызстан болот. Чечимдер калктын аярлуу катмарына байланыштуу болуп, аларды балдар жөнүндө жаңы кодекс жазууга чакырып убараланмак эмеспиз, анткени үй-бүлө жана балдарды коргоо боюнча атайын соцкызматкерлер болмок. Бул үчүн биз чуркап, суранбасак деле автоматтык түрдө бул нерселер кабыл алынмак. Лидер-аялдар өздөрү сунуштап, социалдык маселелерди чечүүдө жаңычыл ыкмаларды колдонушат. Биз жаңыланышыбыз керек, бүгүнкү күндө биз жөн гана жооп берүү менен алек болуп жатабыз. Буга чейин болуп өткөн окуя менен күрөшүп жатабыз, бул энергиянын, ресурстардын чоң чыгымы. Ошондуктан мен Кыргызстанда ар бир балага, аялга, адамга карата зордук-зомбулуктун алдын алуу жана кийин мындай аша чабуу, курмандыктар болбоосу үчүн, тескерисинче, калкты өнүктүрүп, мындан ары да көңүл бура турган системаны колдойм. Айрыкча калктын жана билим берүүнүн өнүгүүсү үчүн бийликте көбүрөөк аялдар болушу керек.
- Маегибиздин соңунда менин салтуу туроом бар, Кыргызстандын келчегине ишенесизби?
- Мен өлкөбүздүн келечегине ишенем, ошондой эле айлана-чөйрөмдөгү, кесиптештер арасында биздин жарандар ортосунда да ишеним бекем болушу үчүн максималдуу түрдө күчүмдү жумшайм. Мен ар бир коомдук пикирдин лидери өлкөбүздү өркүндөтүү керек деген ишеним сакталып калышы үчүн бардык күч-аракетин жумшашы керек деп эсептейм ошондо сөзсүз түрдө оңолуу болот. Биз ага инвестиция салышыбыз керек, анткени башка жол жок. Жетекчинин ролу так мына ушунда: мамлекетибизде баары жакшы болот деген коомдук пикирди да, коомдук позицияны да калыптандырууга мүмкүн болушунча аракет кылуу керек, биз четте турбай, күч жумшап активдүү түрдө аракет кылышыбыз керек.
- Позитивдүүлүгүңүз, оптимизмиңиз жана эмгегиңиз үчүн сизге чоң рахмат!
Маектешкен Лейла Саралаева