Кызыктуу сурак: Эмне себептен Атамбаевдин мурдагы жардамчысы анын каардуу сынчысына айланды?

20:17, 25 Сентября 2014

Адил Турдкулов аттуу жаш жигитти мен 2005-жылы билдим. Ал ошол учурдагы Асанбай округунан Жогорку Кеңешке депутаттыкка талапкер Мелис Эшимкановго жардам берип жүргөн. Анда негизги атаандашы Шарипа Садыбакасова болгон Эшимкановду ошол эле райондон мурда депутат болгон Алмазбек Атамбаев колдочу. Кийинчирээк, мен Турдукуловду КСДП партиясынын жаштар канатындабы же Бишкек бөлүмүндө иштеп жүргөнүн байкадым. Ал сулууча келген, билимдүү, макалаларды жазган, купулга толчу жаш активисттердин бири эле. Эски саясатчылардын ордуна жаш муундун өкүлдөрү өсүп келе жаткандыгы жагымдуу ойду жаратты.Бирок, менин жылуу пикиримди 2007-жылы менин «Лица» гезитимде жарык көргөн макала бузду. Макалада Адил балдарды митингдерге катышпоого үндөп, Бакиевдерден алган акчасын тараткандыгын азыркы депутат Жоомарт Сапарбаев айтып берген. Жеке Жоомартка ал 1000 доллар сунуштаган, бирок, акчага муктаждыгына карабастан ал акчаны алган эмес жана Адилдин жүзүн ачкан.


Адилдин андан аркы тагдыры тууралуу кабарым жок эле. 2010-жылдагы революциядан кийин гана, Прогресс Фондунун төрагасы катарында маалымат сайттарындагы билдирүүлөрү пайда боло баштады. Ал бийликти, өзгөчө мурдагы жетекчиси Алмазбек Атамбаевди ырайымсыз сындап чыкты. Кийинчирээк, анын фейсбуктагы саясий «жарыялары» жарандык активисттердин «лайктарын» чогултуп, маалымат баркаларында жайгаштырыла баштады.

2014-жылдын март айында биз Фейсбуктагы, социалдык түйүн колдонуучулардын тилинде «личка» деп аталып жүргөн жеке жазышууларда сүйлөшүп калдык. Ал эми жакынкы күндөрү Адил ошол эле жерден мага Лейла Саралаеванын «Новые Лица» гезитинде жарык көргөн ал жөнүндө жагымсыз макаласы тууралуу дооматын койду. Жыйынтыгында биздин сүйлөшүү интервьюга айланды. Аны «кызыктуу сурак» деп атап койсок болот.

Бермет БукашеваАдил, эгер купуя сыр болбосо, сиздин ишмердүүлүгүңүздүн маңызы эмнеде?

Адиль ТурдукуловАдилеттүүлүктү орнотуу жана билим жогорулатуу. Жалпак тил менен муну менен аз киши гана алектенүүдө. Анын үстүнө мен ачык булактардан алам барын.

Бермет Букашева Сиздин алектенип жаткандыгыңызга кубанычтамын, жеке кызыкчылыкты көздөбөй жасап жатканыңызга ишенгим келет, бирок, мага бардык чындыкты билүү кызык болуп турат.

Адиль ТурдукуловЭгер менин артымда кимдир бирөөлөр турат десеңиз жаңылышасыз.

Бермет БукашеваБул сиздин негизги иштеген жериңизби? Дагы эмне менен алектенесиз? Анан эмнеге сиз жалгызсыз?

Адиль Турдукулов: Мен ТИМ менен соттошуп жатам. Оппозицияга чакырып жатышат. Азырынча баргым келбейт.

Бермет БукашеваЖашоого бирдеме табыш керек да.

Адиль Турдукулов: Мына ушул жумада ТИМден акча жөнөтүшү керек. Күтүп жатам.

Бермет БукашеваЭмне болгон сот?

Адиль ТурдукуловВ Кызматтык ордумду калыбына келтирүү жана маянамды дагы. Үч жылдан бери соттошуп жатам.

Бермет БукашеваСиз Атамбаевде иштебедиңиз беле?

Адиль ТурдукуловОоба...  

Бермет БукашеваКөп эле сурай бергенимди кечирип коюңуз. Мен журналист катарында интервью алып жатам. Жеке эч нерсем жок.

Адиль ТурдукуловТүшүнөм. Ошол үчүн барын айтып берип жатам.

Бермет Букашева: АША экөөңөрдүн ортоңордо эмне болду эле?

Адиль ТурдукуловМен анда жардамчы болуп, ал кызматтан кеткиче, 2007-жылдын акырына чейин иштедим. Андан кийин ал КСДП фракциясынын катчылыгына жетекчиликке чакырды. Мен Японияны тандадым. Ошол үчүн таарынып калса керек.

Бермет Букашева: Эмнеге кетиришти?

Адиль Турдукулов Япониядан цунами үчүн кетиришти. Чын, буйрукта ошентип эле жазылган.

Бермет БукашеваМен Японияда иштегениңизди билбептирмин.

Адиль ТурдукуловЖер титирөөгө чейин мен ошол жакта болдум.

Бермет БукашеваБакиевдер коюштубу ал кызматка?

Адиль ТурдукуловЖок. А эмнеге сиз антип ойлойсуз?

Бермет Букашева Эгер АША болбосо анда ким?

Адиль ТурдукуловКарабаев. Ал учурда Тышкы Иштер Министри болчу. Мен 2005-2006-жж. ТИМде маалымат бөлүмүнүн жетекчиси болуп иштедим да.

Бермет БукашеваКечиресиз, мен билген эмесмин.

Адиль ТурдукуловАнын үстүнө ТИМде жапон изилдөөчүлөр таптакыр жок.

Бермет БукашеваКөрсө мен сиз жөнүндө аз билет экенмин да. Бир учурга чейин сиз жөнүндө жакшы ойдо элем. Ал учур эсиңизде болсо керек?

Адиль ТурдукуловКайсыл?

Бермет БукашеваМенин мурдагы кызматчым Жоомарт Сапарбаев «Лица» гезитине айтып берген окуяга чейин.

Адиль ТурдукуловАл кыймылда экөөбүз эки тарапта болуп калдык. Кулов жана анын фронту үчүн жана ага каршы болуп. Текебаев Атамбаев сыяктуу, бирок миниатюрада. Ошондуктан, сиздин мурдагы кызматчыңыз Текебаевдин жардамы менен мени жаманатты кылайын деди. Алардын максаты Атамбаев болчу.

Бермет Букашева?????? чынын айтканда мен үчүн бул жаңылык. Эмнеге төгүндөгөн жоксуз?

Адиль ТурдукуловЭмнеге экенин айтканбыз. Жөн эле, тигилер көбүрөөк кыйкырышты.

Бермет БукашеваСиз мага телефон чалып, менин гезитим аркылуу эле төгүндөй алат элеңиз да.

Адиль ТурдукуловТарых, каалагандай кыймылды тааныбайт. Жашырбайм, мен тараптан да катачылыктар кетти.

Бермет БукашеваТүшүнүктүү. Моюнга алганыңыз жакшы.

Адиль ТурдукуловБир урунганга эки урунбаган берилбейт...

Адиль ТурдукуловСаламатсызбы, Бермет. Сиздин атыңыз, ар дайым көз карандысыз жана чынчыл болгон кадыр-барктуу «Лица» гезитине бекемделген. Балким ошондуктан Бакиев маалында ага кысым көрсөтүлгөн жана сиздин АКШ кетишиңиз дагы. Бирок, мен бир нерсени түшүнбөйм, мурдагы «Лицадан» аты менен гана окшошкон жаңы гезитке кайрадан жандандыруунун эмне кереги бар? Эмнеге сиз Абдил Сегизбаевдин үгүт баракчасына өзүңүздүн атыңызды коесуз? Сиз кантип ушундай кадамга бардыңыз?

Бермет БукашеваАдил, сиз жаңылышасыз. Бул Абдил Сегизбаевдин үгүт баракчасы эмес. Анын үстүнө бул менин гезитим эмес, анын жалгыз кожоюну Лейла Саралаева. Бир учурда мен «Лица» гезитинин жалгыз кожоюну болгон сыяктуу эле. Ал гезитте менин бурчум гана бар болгону, андан бөлөк тиешем жок... Мен билгенден Лейланын Президентке болгон жеке симпатиясы бар, Абдилдин бул жерге эч тиешеси жок. Бул анын чын жүрөктөн чыккан ишеними. Бирок, гезит таптакыр атамбаевдики эмес, бул жаңылышуу, ишенип кой.

Адиль Турдукулов «Лица» бренди дайыма сиз менен байланыштуу болчу, демек, сиз да өзүңүздү салып берип жатасыз. Анын Атмабаевге болгон симпатиясы тууралуу. Бардыгы эле ушинтип, бары сүйүү менен дегентаризде айтышат.

Бермет БукашеваМен муну талкуулагым келбейт. Сенин өз күнөөлөрүң бар, аны өзүң абдан жакшы билесиң.

Адиль ТурдукуловМен сизге абал боюнча жооп бербедимби.

Бермет БукашеваАчык жооп берген жоксуң.

Адиль Турдукулов: Эгер суроолоруңуз болсо, мен жооп берем.

Бермет БукашеваСенин жеке кызыкчылыгың жок экенинен күмөн санап турам.

Адиль ТурдукуловСиз оппозицияны билесиз да. Ал Бакиев мезгилинен көп деле айрымаланбайт. Ал жакта акча төлөбөйт. Эгерде мага кызматтык тепкич керек болсо, мен кореяга кетип калмакмын, мага сунуштагандай кеңешчи болуп. Мен сизге ТИМ сунуштаган макулдашуунун текстин көрсөтө алам...

Бермет БукашеваМен оппозицияны айткан жокмун, сенден башка оппозицияны таптакыр көргөнүм жок.

Адиль ТурдукуловАнда ким көбүрөөк төлөшү мүмкүн? Мамдеппи?)) Жок дегенде сиз андай табышмакты түзбөңүзчү.

Бермет БукашеваМамдеп дагы эмес. Эгерде Мамдеп төлөсө, анда мага төлөмөк.

Адиль ТурдукуловМен да ошону айтып жатам)). Кайсы үчүнчү күч? Сиз мени абдан кызыктырып койдуңуз ).

Бермет БукашеваМага сени Макска иштейт деп айтышты- бул бир. Экинчиси: сен дайыма сунуштагандан да жогорку кызматты сурагансың.

Адиль ТурдукуловЭх, Бермет! Сиз анан дагы Абдилдин эч тиешеси жок деп коесуз...

Бермет БукашеваБул Абдил эмес. Ишенсең ишен, ишенбесең ишенбе. А Абдил менен сенин эмне чатагың бар? Эмнеге сен дайыма эле андан шек санай бересиң?

Адиль ТурдукуловАнткени ал жаманатты кылуу жана үгүттөө иштерин жетектейт. Жергиликтүү Геббельс.

Бермет БукашеваКим эмнени жетектээри туурасында маалыматым жок. Андан көрө сен суроолорго жооп берчи. Бул чынбы? Сен кызмат сурадың беле?

Адиль Турдукуловкелгиле Макс тууралуу. Эгерде мен аны менен кандайдыр бир байланышым бар болсо, ага түз байланыштуу болгон Транзиттик Ташуу Борборундагы коррупциялык иштерди жарыялайт белем? Кызмат тууралуу. Мен ТИМ менен соттошком жана алар мени кызматтан туура эмес бошотушканын далилдөө үчүн дагы деле соттошуп жатам. Бирок, ал менин кызмат сураганымды билдирбейт. Акыркы 2 жылда Атамбаевдин командасынан бир да киши менен жолугуша элекмин. Жолуккум да келбейт. Сиз бекер эле андай сөздөргө берилип жатасыз.

Бермет БукашеваАл Макска аброй алып келет. Анын бары мурда эле белгилүү болчу да. Сенин дагы бир жолу кыйкырып койгонуңан же менин жазганыман эч нерсе өзгөрүп кетпейт. Ал эми сен анын кан душмандарын сазайын берип турсаң, аларга жагымдуу болот.

Адиль ТурдукуловКыйкырсамбы? Ал андай мазохист деп ойлобойм. Анда келгиле сындагандардын барын Макстын кишилери дейли. Биз антип отурсак алыска кете албайбыз.

Бермет БукашеваОоба, ал оңбогондой мазохист, анын үстүнө прагматик. Ал жерде Максты дагы бир жолу шыбап өтүү пайдалуу болгон Жаныш да бар... Макул, сен Атамбаевдин командасында жүрүп, анын жардамчысы болуп, кантип ага оппозицияда болуп калдың?

Адиль ТурдукуловАнткени, ошол убактардын бери эч нерсе өзгөргөн жок. Эми сиз меня Жаныштын командасына жазып койдуңуз... Кулагыңызды катуу ушалашкан экен.

Бермет БукашеваСен барына жооп берип, тагыраак айтып берсең жакшы болмок, антпей эле жалпы сөз менен кутулуп кетип жатасың. Жоомарт кайра эле айтып бербедиби. Анда айтчы, сен ага берген акчалар кайдан? Жаныштан да туурабы?

Адиль ТурдукуловАл акчаларды мен Атамбаевден алгам. Эгер ишенбесеңер, анын өзүнөн сурагыла. Ал учурда Кулов менен АШАнын ортосунда тирешүүлөр болгон. «Жебедеги» Текебаевдин торпедасы фронт үчүн болгон. Анын үстүнө ал дайыма ыйлактап окуусуна акча сурачы.

Бермет БукашеваЖоомарт «Лицага» акчалар Жаныштык экенин айткан. Ал АШАнын акчасы деген эмес да.

Адиль ТурдукуловАга АШАныкы деп айткан пайдасыз болчу. Бакиев деген катуураак угулат... Өзгөчө азыр.

Бермет БукашеваАнда бул жөнүндө ачык айтпайсыңбы.

Адиль Турдукулов: Ким сураса, ошого ачык айтып берип жатам, кандай болгонун. Менин кызмат сураганым боюнча, сизге ким кулагыңызга андай «лапшаларды» илип жатат? Анан башкысы, эмнеге сиз андай нерсеге жол бересиз?

Бермет БукашеваЭмне кылып?

Адиль ТурдукуловКулакка лапша илип.

Бермет БукашеваМен ошол үчүн чындыкка жетейин деп жатам. Эмнеге мен аларга караганда сага көбүрөөк ишенишим керек?

Адиль ТурдукуловБул эми сиздин тандооңуз.

Бермет БукашеваСен мындай жопторуң менен мени ишендире албайсың. Сен АШАдан эмнеге кеткениң тууралуу жооп берген жоксуң. Япониядагы кызмат үчүнбү?

Адиль ТурдукуловАл жакка мени өзү жөнөткөн. Өзүнөн сурагыла. Биз дайыма аны менен чалышып, байланышып турчубуз.

Бермет БукашеваАнан эмне болуп кетти?

Адиль ТурдукуловАны да өзүнөн сурагыла... Мени менен эч нерсе болгон жок.

Бермет БукашеваАны менен бирдеме болдубу? Кызматтан алып таштадыбы?

Адиль ТурдукуловМээде революция ).

Бермет БукашеваЧалышып, сүйлөшчүсүңөр андан ары эмне болду?

Адиль ТурдукуловБилбейм. Мен жөн гана маанилүү деп эсептеген нерселерди жазганымды улантып жатам. Болгону ушул.

Бермет БукашеваБул жооп эмес.

Адиль Турдукулов Сиз менден кандай жоопту уккуңуз келет Бермет? Мен анын башынын ичине кире албайм да?

Бермет Букашева: Сени ким кетирди жана эмнеге соттошуп жатасың? Мен интервью алып жатам.

Адиль ТурдукуловМени министр Р.Казакбаев кетирди.

Бермет БукашеваАндан кийин Атамбаев сүйлөшпөй калып сен таарындыңбы?

Адиль ТурдукуловМен анын өлкө менен эмне кылып жатканына таарындым. Жеке менин тиешем канча? Эч нерсе өзгөргөн жок. Менин ага жеке таарынычым жок.

Бермет БукашеваСен айтпадыңбы сүйлөшүп турчубуз деп, анын үстүнө сен анын жардамчысы да болгонсуң, эмнеге ага барып: «эч нерсе өзгөргөн жок, эмне кылып жатасыз?» деп бетине айткан жоксуң?

Адиль ТурдукуловАндан кийин өзгөрүп кетет болчу деп ойлойсузбу?)

Бермет БукашеваСен аны акыркы жолу качан көргөнсүң? Качан сүйлөштүң эле? Жана эмне жөнүндө?

Адиль ТурдукуловМен аны менен 2010-жылы күзүндө сүйлөшкөм. Мен келишимди сурангам. Ал мени ошол жакта иштеп турушумду айтты.

Бермет БукашеваМына, сен өзүң деле келейин деген экенсиң, эми болсо соттошуп жатасың.

Адиль Турдукулов:Ооба.

Бермет БукашеваДемек, башка кызмат сураган экенсиң да. Ушундайбы? Ал болсо сени Японияда калтырып койду.

Адиль ТурдукуловМен кызмат тууралуу эч нерсе айткан эмесмин. Бишкекке келүүгө гана уруксат сурагам.

Бермет БукашеваЭми ал айтпаса да түшүнүктүү...

Адиль Турдукулов2008-жылдан 2011-жылга чейин Японияда гана болуп, Бишкекке келгеним жок. Ошондуктан, аны менен телефон аркылуу гана сүйлөшчүмүн. Акыркы сүйлөшүүнү баяндап бердим.

Бермет БукашеваЖарайт. А Казакбаев сени эмнеге кетирди? Кызматтан алуу буйругунда ңмне деп турат?

Адиль ТурдукуловЦунами үчүн деп. Тамашасы жок.

Бермет БукашеваТекстти толугу менен келтирип берсең.

Адиль ТурдукуловАзыр.

https://docs.google.com/file/d/0BxHZMC-Rn561bzVWdEc1YnphWUE/edit

Бермет БукашеваДемек,алар сени куткарып, алып кетиштиби? Же үч жыл иштеди, эми жетет дештиби?

Адиль ТурдукуловБермет, мен студенттерди куткаргам. Биздин бардык буюмдар японияда калды. Өзүмдүн кызматтан алынганымды бикка келгенде билдим.

Бермет БукашеваСени куткаруу иштерин аткара албай койду деп чечиштиби? Сага ТИМде оозеки айтыштыбы?

Адиль ТурдукуловБилгизбей, мени «парашютчу» болуп барган деп айтышат. Алардын ушундай сөзү бар.) Борбордук аппаратта иштебей туруп эле диполматтарды элчиликке жиберген учурда айтылат.

Бермет БукашеваРасмий түрдө оозеки эмне деп айтышты?

Адиль ТурдукуловБолгону ушул. Жөн гана кызмат ордум бирөөгө керек болгон. Бул бардык окуя.

Бермет БукашеваПарашютчу, болчу деп айтыштыбы?

Адиль ТурдукуловОшол сыяктуу ). Мен эс алууну деле билбейм).

Бермет БукашеваА эмнеге АША арызданып барган жоксуң?

Адиль ТурдукуловЖок, кереги эмне??

Бермет Букашева:Сенин сотуң эмне менен аяктады?

Адиль ТурдукуловДагы эле уланып жатат.

Бермет БукашеваСен айтып жаткан ТИМдин сунушучу?

Адиль ТурдукуловАл иштин ортосунда сунушталган нерсе.

Бермет Букашева:Эмнени сунушташты?

Адиль Турдукулов: Кореяда. Ал Япониядан да бийигирээк болчу.

Бермет БукашеваСен жапон же корей тилин билесиңби?

Адиль Турдукуловжапон тилин.

Бермет БукашеваАнда эмнеге Японияга кайтарышкан жок?

Адиль ТурдукуловБуйрукка кол койюшса да мен бармак эмесмин.

Бермет Букашева: Эгер барбасаң, анда эмне соттошуп жатасың?

Адиль Турдукулов: Принцип үчүн..

Бермет БукашеваЖарайт, бирок сен өзүн айтпадыңбы оппозицялык ишмердүүлүгүң үчүн Корея менен сатып ала жаздашты деп.

Адиль ТурдукуловАлбетте, ансыз сунушташпайт эле да

Бермет БукашеваАлар сот үчүн сага бирдеме сунушташ керек да. Алар сотту уткан жок да?

Адиль ТурдукуловБул формалдуу түрдө. Алар утуп алышкан жок, бирок, керек болсо сотту 10 жылга деле созо берчү түрлөрү бар.

Бермет Букашева: Мына, сени Макска Японияга кеткенде эле сатылып кеткен деп, сен айткандай элдер менин кулагыма лапшаны илип жаткан экен. А сен өзүң айтпадың беле АША сага катчылыкты сунуштаганда сен Японияны тандадым деп. Эми азыр болсо сени Японияга АША өзү жөнөткөн деп жатасың.

Адиль ТурдукуловБиз кетээр алдында Атамбаев менен 2 вариантты талкуулаганбыз. Ал болсо Японияга кеткен дурусураак болот деп эсептеди. Андан көрө «шакалдарды» укканча анын өзү менен сүйлөшкүлө.

Бермет БукашеваМына сен Япониядан келдиң, Фонд түздүң, кечиресиң, ал кандай аталчу эле? Прогресс Фонду. Атамбаевге каршы сынды баштадың, жымжырт, жооп кайтарган киши жок. Акыл калчасак, ал сенден эч шек санаган эмес, силердин мамилеңер жакшы болчу, ал сага чыгып туруп: Адил, иним, кандай? Эмне болду?...деп сураш керек эле.

Адиль ТурдукуловМен андан чакырууну күткөн деле эмесмин жана сынды кызматка алмаштыруу максат ой менен аракеттенген жокмун. Анда менин баркым бир тыйынчалык. Мен узак мөөнтөттүү стратегияны түзүп жатам. Башкысы, мен жазгандарыма ишенем. Бул башкысы.

Бермет БукашеваАкыры мен божомолдоп жаткан нерсемди уктум. Узак мөөнөттүү стратегия жөнүндө.Негизинде маткоого арзыйт. Бул жерде башкысы- сындооңду акырына чейин жеткиришиң керек жана чындык үчүн жалгыз ырааттуу күрөшүүчү болуп калышың керек.

Адиль ТурдукуловРахмат Бермет.  

© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине