Смоленск баатыр шаары, Пржевальский жана Касым Чалбаев.

15:40, 8 Мая 2015

Могила Неизвестного солдата!

О, сколько их от Волги до Карпат!

В дыму сражений вырытых когда-то

Саперными лопатами солдат.

Зеленый горький холмик у дороги,

В котором навсегда погребены

Мечты, надежды, думы и тревоги

Безвестного защитника страны...

За маршем – марш, за боем – новый бой!

Когда же было строить обелиски?!

Доска да карандашные огрызки,

Ведь вот и все, что было под рукой!..

 

Акын Эдуард Асадовдун бул саптары биздин үй-бүлөгө да тиешелүү. Мен 10 жашка чыкканымда, менимче, 1976-жыл болсо керек, ата-энем  чоң апама  Москва менен Ленинградды көргөзүп келүүнү чечишти. Бирок бул туристтик саякат эмес эле, бул зыяратка баруу эле. Биздин Турсун энебиз Москвадагы Кремль дубалынын жанындагы Белгисиз жоокердин күмбөзүнө жана Ленинграддагы, азыркы Санкт-Петербургдагы  Пискарев мүрзөсүнө барууну каалап жаткан.  Чоң апам анын күйөөсү, биздин чоң атабыз  Касым Чалбаев,  ошол күмбөздө коюлгандыгын өз көзү менен көрүп келүүнү каалаган. Ага келген  эң акыркы катта анын дайынсыз жоголгондугу туурасында жазылган эле. 

«Дайынсыз жоголду»… Бүт өмүрүндө Турсун Чалбаеваны ушул сөздөр жеп келди. Мүмкүн, аны  туткунга кармап кетишкендир, ал туткундагы каторгалык жумуштарда иштеп, белгисиз бир чоочун жерде жан бергендир. Бирок, анын жолдошу андай адам эмес болчу, келишимдүү жана эр жүрөк эмгекчил-активист, «Кошчу» Союзунун төрагасы Касым. Орто Азия республикаларындагы дыйкандарды бириктирген «Кошчу» Союзунун  бирикмеси Советтер Союзуна жер-суу реформаларын жүргүзүүгө, жерге жайгаштыруу, дыйкандарды кооперативдештирүү, аларды жабдуулар жана мал менен камсыздоо иштерине активдүү жардамдашып, калк менен маданий-агартуу иштерин жүргүзүшкөн, профсоюздардын жана советтик мекемелердин ишмердүүлүгүнө катышкан.

Согуш башталган кезде  «Кошчу» Союзунун мурдагы төрагасы Касым  Чалбаевди да согушка алып кетишкен, анын аялы эки уулу жана бир жашар кызы менен калат. Бул кыз – менин апам Клара Касымбекова болгон, анын атасынын атындагы  фамилиясы  бизге дайыма – адамзаттын тарыхындагы эң коркунучтуу согуш – Экинчи дүйнөлүк согуштун, а биз үчүн, советтик жоокерлердин балдары жана неберелери үчүн  – Улуу  Ата-Мекендик согуштун учурунда фашисттер менен согушууга кетип, дайынсыз жоголгон  чоң атам тууралуу эскертип турчу.

«Дайынсыз жоголгон». Бул сулуу, келбеттүү келин Турсун Чалбаева үчүн өтө катаал сөздөр болду, ал болгону 30 жашта болчу. Бирок ал кийин күйөөсү туурасында жакшы кабарды өтө көпкө күттү,  жана өз өмүрүн балдары менен неберелерине арноону чечти. Неберелери 10 дон ашат, бирок бардыгыбызга анын чексиз мээрими менен камкордугу жетишип тураар эле. 

Буга окшогон канча балалуу аялдар ошол коркунучтуу согуштун курмандыктары болду? Муздак статистика үрөй учурат. СССРдин   27-28 миллион жараны курман болуптур. Анын 15 миллиондон ашыгы карапайым жашоочулар,  8 миллион жоокерлер жана 4,5 миллион туткунга түшкөндөр жана дайынсыз жоголгондор. Алардын бири  - биздин чоң атабыз Касым Чалбаев.

Биздин ата-энебиз үчүн Жеңиш күнү чындап эле  көзгө жаш толтурган майрам болчу. Анткени алар өздөрүнүн согуштук балалыгын бир гана кинотасмалар аркылуу эстешчү эмес. Жыл сайын 9-майда биз апабыздын көзүнөн жоголгон атасын жоктогон зор кайгыны көрөөр элек. Бирок, өткөн жылы, ал курман болгондон 70 жыл өткөндөн кийин, апамдын жан дүйнөсүнөн оор жүктү алып салган бир окуя болду. Анын келини Наташа, менин агам Садыктын жубайы, биздин чоң атабыз тууралуу маалымат тааптыр: анын курман болгон жана жерге көмүлгөн жери туурасында. 

Наталья Сильвашконун айткандарынан:

«2014-жылы 9-майда менин кайненем  Клара Касымбековна Касымбекова, анын атасы, Касым Чалбаев, Улуу Ата Мекендик согуштун убагында мекенин коргоп жатып курман болгонун,  бирок, тилекке каршы, анын курман болгон жана көмүлгөн жерин билбей жатышканын айтып берди. Мен ал тууралуу маалыматты интернеттен издеп, РФ Коргоо министрлигинин Борбордук архивине сурамжылоо жиберүүнү чечтим. Бактыга жараша, РФ Президентинин,  РФ Коргоо министрлигинин указына ылайык, 2006 –жылы «Улуу Ата Мекендик согуштун убагында жана согуштан кийинки жылдарда курман болгон жана дайынсыз жоголгон мекендин коргоочулары туурасында  маалыматтардын жалпыланган банкы» (www.obd-memorial.ru) түзүлгөн экен. Анан, 2006-жылдан баштап согуш маалындагы кагаздагы документтерди электрондук маалыматтар базасына киргизип башташкан экен. Иш азыркыга чейин уланып жатат. Бирок, бул сайт УАМ согуш убагында курман болгондордун көптөгөн туугандарына  так маалыматты бере алгандыгына ишенем. 

Ушул базанын аркасында мен Касым Чалбаевдин акыркы кызмат кылган  жери 43 –Армиянын  270-аткычтар дивизиясынын  973 –аткычтар полку экенин таптым. Ал 1943-жылы 13-сентябрда РФ Смоленск областынын Демидов шаарын бошотуу учурунда курман болгондугун жана Слобода районундагы Никулино хуторунда көмүлгөнүн билдим.

Бирок, согуш учурунда көптөгөн хуторлор жер менен жексен болуп, калктуу пункттар катары кайра курулбай калышкан. Слобода району да жөнөкөйлөтүлүп, башка райондун карамагына берилген. Ошондуктан, мындай көмүү УАМ согушта курман болгондордун колдонуудагы тизмесинде  жок болуп чыкты.

Бул көмүүлөр кайда экенин түшүнүү үчүн, мен дайынсыз жоголгондор тууурасындагы билдирүүдө К. Чалбаев  менен бирге көргөзүлгөн 57 курман  болгон жоокерлер менен офицерлердин ар  бирин издедим.  Андан кийин, согуштан кийин, 60-жылдары көптөгөн көмүлгөн жерлерди жакын райондордогу бир туугандык күмбөздөргө бириктиргенин түшүндүм.

Туура жолдо баратканыма ишеним артуу үчүн, мен өз өлкөмдүн жана өз туугандарымдын тарыхын унутпоого жардам беришкен таң каларлык адамдардан жардам сурап кайрылдым. Бул  «Унутулган полк» (www.polk.ru) сайты эле. Мага бул жерден, чын эле Касым Чалбаев  жана дагы анын 41 бир полктук жоокерлери Демидов районунун Пржевальское  кыштагында, №4 күмбөзүндө кайра көмүлгөнүн тактап беришти. 

Мен Демидов районун Аскердик Комиссариатына курман болгон жоокерлердин элесин түбөлүккө калтырып, аларды көмүлгөндөрдүн тизмесине киргизип берүү өтүнүчү менен арыз жазып кайрылдым.  Аскердик комитетте мен жиберген маалыматтардын бардыгы туура экендигин жана бардык жоокерлер бул көмүлгөндөрдүн тизмесине киргизилишээрин, ал эми алардын аттары мемориалдык такталарга чегилип жазылаарын  оозеки тастыктап беришти. Бул туурасында  Аскердик Комиссариатынын буйругу чыгарылып, Смоленск областынын Демидов районунун Пржевальское кыштагынын админстрациясына жөнөтүлдү.

О.э.алар мага Орусиянын почтасы аркылуу расмий кат жөнөтүштү, бирок ал мага жетпей калды. Эмнеге экенин билбейм, ал мен үчүн анчалык маанилүү эмес болчу, мен үчүн эң башкысы кайненем – курман болгон жоокердин кызы жана анын бардык туугандары  алардын атасы – 43 –Армиянын Демидов  270-аткычтар дивизиясынын  973 –аткычтар полкунун 3-аткычтар бригадасынын бөлүмүнүн командири, сержант Касым Чалбаев кандай согуштук жолду басып өткөнүн жана кайсы жерге көмүлгөнүн эми билип калышты.

Мага бул тизме менен аты даңкталган жоокерлердин  биринин чөбөрөсү кайрылып, жасаган ишим үчүн ыраазычылыгын билдирди. 

Дагы бир кызыктуу факт, Н.М.Пржевальский  Смоленск областында төрөлүп, жашаган, анын жери Слобода кыштагында жайгашкан, азыр ал  Пржевальское деп аталат, ал 1888-жылы Кыргызстанда Каракол шаарында каза болгон. Ал эми Касым Чалбаев Кыргызстанда төрөлүп,  Смоленск областында курман болгон жана Смоленск областынын  Пржевальское кыштагында көмүлгөн».

Бул Наташанын газетага жазган каты. Жеңиштин мааракесинде ал эл менен бул маанилүү интернет-ресурстар туурасында абдан бөлүшкүсү келет. Өкүнүчтүү, Турсун эне бул күнгө чейин жетпей калды. Андан кийин атасынын дайынсыз жоголгондугу тууралуу кат Турсун энеге жаңылыштык менен келгендигин апам тактап чыкты. Чалыбаев атуу башка бир адам ( айырма “ы” тамгасында) дайынсыз жоголгон экен. 

Чоң атам улуу саякатчы жана изилдөөчү, кыргыз жерин ушунчалык сүйгөн, анын акыркы  керези Ысык-Көлдүн жээгине көмүүсүн суранган Николай Михайлович Пржевальскийдин  мекенинде курман болгондугу туурасындагы факт кубандырбай койбойт. Петербургдук Илимдер академиясы Пржевальскийди: «Борбордук Азиянын жаратылышыын биринчи изилдөөчүгө» деген жазуусу бар медаль менен сыйласа,  Британ Королдугунунун географиялык коому  Николай  Пржевальскийди «дүйнөнүн эң мыкты саякатчысы» деп атаган. Экинчи дүйнөлүк согуш башталганга 100 жыл калганда, 1839-жылы,бул улуу адам биздин чоң атабыз көмүлгөн жерде төрөлгөн экен. Бул эми биздин апабыз үчүн жубатуу болсун, ал өз атасы менен сыймыктанса болот. Смоленск баатыр шаар. Смоленскинин так ушул районунда  гитлердик  армия  согуш башталгандан бери биринчи жолу коргонууга өтүүгө дуушар болгон. Смоленск жеринде эки жыл үч ай бою согуш оту алоолоп турган. Гитлерчилер  областка болуп көрбөгөндөй зор чыгым келтиришкен. Алар 12 шаарды, 5 жумушку кыштагын, 3 райондун борборун жана жүздөгөн кыштактарды талкалашты, алардын канчасы жер менен жексен болуп, жоголуп кетти. Немистер 151319 карапайым тургундарды,  230137 аскер туткундарын өлтүрүшкөн, 164630 – Германияга каторгалык жумуштарга айдап кетишкен. Смоленскте 135 миңден ашык гитлерчилер тарабынан мыкаачылык менен кыйнап өлтүрүлгөн адамдардын сөөгү көмүлгөн  87 жер табылган. Жашоочулары менен областтын 20 кыштагы өрттөлгөн.  

Здесь вся в слезах и вся в крови земля:
Здесь был конец. Здесь яму зарывали.
Я видел все, что видеть мне пришлось,
Что враг терзал без всяких сожалений...
Но ни на миг ему не удалось
Тебя, Смоленск, поставить на колени...

Так ушул, Смоленскинин алдындагы, Касым Чалбаев курман болгон 1943-жылы сентябрдагы согуш советтик армия үчүн жеңиш алып келүүчү болду. Смоленск операциясынын натыйжасында советтик жоокерлер батышты көздөй  400 км кеңдиктеги тилке менен 200-250 км  жылышты, немис баскынчыларынан  Калинин,Смоленск областтарынын бир бөлүктөрүн бошотушту, Белоруссиянын бошотулушуна жол салышты. Каршылаштардын 7 дивизиясы  талкаланды, 14 оор жоготууга учурады.  1943-жылы 25- сентябрда   «Смоленск»  мейманканасынын имаратынын чатырында Кызыл Туу желбиреди, бул байыркы жоокер-шаардын фашисттик баскынчылардан бошогондугунун байрагы эле.

  Смоленскте 1943-жылдын сентябрь айындагы салгалышка арналган обелиск тургузулду, анда мындай деп жазылып турат: «Эл-журт, жүрөгүңөр согуп турганда эсиңерде болсун, бул бакытка  кандай баа менен жетишкениңер эсиңерде болсун!».

Бермет Букашева

Сүрөттө:

Касым Чалбаев

Касымбекова Клара жана анын келини, Касым Чалбаев туурасындагы маалыматты тапкан   Наташа

Смоленскинин алдындагы 1943-жылдын сентябрь салгылашынын баатырларына обелиск

  

© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине