Жоомарт ОТОРБАЕВ: «Англис тилин билгеним мени батышчыл кылбайт»

16:22, 21 Августа 2014

Азыркы премьер-министрибиздин адамды өзүнө тартып турган бир топ нерселер бар. Маселен, англис тилин мыкты билгендиги, интеллигенттүүлүгү жана галстуктары. Кеп табитте, албетте, бирок, жеке мен бул кишинин галстуктары абдан жактырам. Дароо көзгө урунат. Биз баарлашкан күнкү галстугу анын ак-кара чийимдери бар көйнөгүнө куп жарашкан. Кийимдеги мындай айкалыштырууга суктанып атып, галстуктарын ким тандайт, өзүбү же жубайыбы деп сурашты да унутупмун.

«Жемиштүү иш алпаруу – мен үчүн зор мааниге ээ»

- Жоомарт Кайыпович, Лондондо эмне иш менен алек болгонсуз?

- Реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкында башкы кеңешчи элем. Бул кызмат үчүн Кыргызстанга атайын квота да бөлүнгөн эмес. 2006-жылдан 2011-жылга чейин иштедим. Абдан жакшы, келечектүү иш болчу.

- Кайтууга эмне түрткү болду? Мекенчил сезимдерби?

- Ыңгайлуу, туруктуу, ийгиликтүү позицияда болгонум менен өлкөдөгү процесстерден улам ыңгайсыз боло берчүмүн. 2010-жылдын апрелиндеги окуядан кийин жардам берүүгө аракет кылдым. Алгач, донордук конференция уюштурууга донорлордун делегациясын алып келдим. Роза Исаковна жардамдашууну өтүнгөн эле. Лондондо иштеп туруп, шайлоого катыштым. «Ата Мекен» партиясынын тизмесинде үчүнчү орунда туруп, парламентке өттүк. Бирок, мыйзам чыгаруучу эмесмин, ошол себептен, ордумду бошотуп бердим. Жеке баамымда, депутаттык мага таандык эмес.

- Бирок, Сиз эч качан депутат болгон эмессиз...

- Эки ирет ээ болуп, бирок, мандаттан эки жолу тең баш тарткан Кыргызстанда мен жалгыз болсом керек. 2000-жылы “Менин өлкөм” партиясынын тизмегинде 1-номер менен баргам. Орун алдык, бирок, Курмановго тапшырдык. Бул ирет да дал ошондой болду...

Ошентсе да, себеп эмнеде? Тизмеге кирип, шайлоого баратканда макулдук бересиз да, туурабы?

- 2010-жыл боюнча, апрель революциясынын принциптерин карманган партиялардын бийликке келиши мен үчүн маанилүү болчу. Аларды колдодум, өз салымымды кошууга, революция идеялары, демократия үчүн күрөшүп, реваншизмге каршы турууга тийиш болчумун. Мына ушул мени шыктандырган шарт эле. Эффективдүү мыйзам чыгаруучумунбу, же жокпу, ал башка маселе. Ошондо эле кайсы тармакта алгылыктуу иш алпара алаачык айткан болчумун. Мисалы, аткаруу бийлигинде, анткени, өкмөттө жана каржы институттарында тажрыйбам бар. Мында кызматка ээлик кылуу эмес, жемиштүү иш алпаруу – башкы нерсе. Ошентип, 2011-жылдын декабрынан тарта аткаруу бийлик бутагында тигил же бул кызматты аркалап келем.

Саясатка эч кандай колдоосуз келдим”

- Сиз “Ата Мекендин” кишиси катары билишет, бирок, менин жеке булактарым боюнча, премьер-министрлик кызматына дайындалышыңыз – көбүнесе, президенттин чечими.

- Бир топ жылдан бери өлкөнүн демократиялык кыймылынын лидердери, азыр көңүл чордонунда болгон эки саясатчы – Атамбаевди да, Текебаевди да көптөн бери билем жана аларды принциптери үчүн сыйлайм. Текебаев партиясынын тизмесинде болууга биринчилерден болуп сунуштап калды. Айтмакчы, көпкө чейин баш тартып келдим. Аларды сабашты, камашты, ал убакта мен Лондондо санаасыз жүргөм деп алардын катарында шайлоого катышууга моралдык укугум жоктугун айттым. “Силер бийликке келгиле, эгер керек болсом, чакырып аласыңар” деп сунуштадым. Олуттуу диалог болду, соңунда ал: “Эгер демократия, революциянын идеалдарын колдосоң, кел, катыш, добуш алууга жардам бер” – деп мени ынандырды.

Атамбаев менен да көп жылдан бери таанышмын, жакшы мамиледемин, анын принципиалдуулугун, өлкөнү өнүктүрүүгө көз карашы үчүн абдан сыйлайм. Шайлоодо ал эки партиянын принципиалдуу, фундаменталдуу жолдо экендигин эске алып, “Ата Мекендин” катарында катышуумду колдоду. Ошондуктан, кимден экендигимди териштирүүнүн кажети жок, фундамент – 2010-жылдын идеялары мааниге ээ. Кайчы пикирлерге, интригаларга карабастан, 2010-жылдын апрелинде башат алган багыттан тайбоого тийишпиз.

- 2005-жылдагы революция маалында өкмөттө иштеп тургансыз. 24-марттагы окуяларды кандай кабылдаган элеңиз?

- Системанын күнү бүтүп баратканын түшүнгөнбүз, себеби, кош стандарттуулук орун алды. Бул биринчиси, ал эми экинчи революция муну ачык айгинелеп койду... Бирди жар салып, ал эми башка стандартта иш алпаруу эң жаман. Эл турмушун жакшырта алабыз, инвестиция тартабыз, өзгөртүп, оңдой алабыз деген ой болгон бизде. Көрсө, кыргызга курсактын токтугу эмес, адилеттүүлүк – ири мааниге ээ тура. Ал эми система өзү адилетсиз болгондуктан, башыбыздан буларды кечирдик. Ошол маалда “Менин өлкөм” шайлоодо Куловду колдоого ниеттенип турган.

Ошондо Бишкекте эле белеңиз?

Ооба, Бишкекте болдум, эч жакка да кетмек эмесмин.

Билишимче, эч кандай кылмыш иштеринде ысымыңыз аталбады?..

- Жок. Балким, иш козгоону көздөшкөндүр, бирок, андайга негиз болчу илинчек жок эле. Коррупциялык схемаларга аралашпадым, эч нерсени менчиктеген жокмун. 2006-жылдын апрелине чейин Бишкекте болдум, иштедим, бир нерсе кылууга аракет кылдым. Качан гана бул жерде эч нерсе кыла албасымды түшүнгөндө узадым.

- Өлкөдө мамлекеттик башкарууда жаңы кадрлар жок, ал эми эскилер акаевдик жана бакиевдик деп бөлүнөт деген пикир жашайт. Алтургай, Роза Исаковна менен Алмаз Шаршеновичти да эски бийлердин кадрлары катары эсептелишет. А Сизди акаевдик кадр деп санашат. Бул нерсени кандай кабылдайсыз, дегеле, мындай көйгөйгө кандай карайсыз?

- Кыргызстан – чакан өлкө. Коомго белгилүү адамдар алаканга салгандай анык. Бизде, адатта, саясатчылар таанымал болуп чыга келишет. 90-ж.жана 2000-жылдардын башында иштегендер – акаевдик, ал эми 2005-2010-жылдары кызматтагылар – бакиевдик деп аталышат. Кытайда 200 аткаминерди ыргытып, 200 жаңысын койсо болот, эч ким да элес албай калат. Кыргызстанда баары бири бирин тааныйт. Коомдун тандалма бөлүгү (элита) жалпыга белгилүү. Коомдо абройлуу адамдар кайсы бир процесстер аркылуу атын чыгарышат. Акаев кезинде да иштедим, ооба, колумдан келишинче ак иштегенге аракет кылдым.

- Демек, калыс карай турган болсок, өлкөдө эски кадрларсыз иш улай албайбызбы?

- Маселен, мени эч ким бийликке түртмөлөгөн эмес. Саясатка да эч кимдин колдоосу жок эле келдим. 2000-жылы шайлоого катышканымда Бишкекте “Менин өлкөм” партиясы экинчи орунга чыккан.

- Бийликке ушул аркылуу келгем деп эсептейсизби?

- Ооба, шайлоо аркылуу, бизге артылган ишеним менен келдим. Бийлик – бул элдин ишеними. Элдин добушу, колдоосу аркылуу гана бийликке келүүгө мүмкүнчүлүк бар.

Эффективдүү саясатчы, менеджерлердин муунун өстүрүп, аларга колдоо көрсөтүү – бул менин башкы маселем”

- Өзүңүз премьер-министр катары жаңы кадрларды тартасызбы?

- Сөзсүз түрдө. Бул кызматта экенимде эффективдүү саясатчы, менеджерлердин муунун өстүрүп, аларга колдоо көрсөтүү – бул менин башкы маселем. Советтик союзсуз өсүп-жетилген, жакшы билим, жакшы тарбия алган, ак иштөөгө даяр, рынок экономикасынын мектебинен өткөн, менеджментти түшүнгөн, саясатта, бийликтин аткаруу жана мыйзам чыгаруу бутактарындагы менин муунумду алмаштыра турган жана өлкөбүздү ийгиликтүү мамлекетке айландыра турган мекенчилдер зарыл бизге.

Жөн гана караштырып жатасызбы же кээ бирин дайындоого жетиштиңизби?

- Көпчүлүгүн дайындадык. Биринчи бөлүк – коалициялык өкмөт аркылуу саясый багытта дайындалгандар. Экинчи бөлүк – мекеме жетекчилердин орун басарлары. Мына ушул кызматтарга келечектүү жаңы адамдарды, жаңы муунду алып келүүгө тийишпиз. Аларды өстүрүп, алдыга сүрөшүбүз керек. Коррупцияга тез алдырчу мекемелерге басым жасоодомун, себеби, дал ошондой жерлерди реформалообуз зарыл. Бул багытта мага мындай мекемелерди иликтеп, мындай дарттан кутулуу ыкмаларын издеген Коопсуздук кеңештин эксперттик тобу абдан чоң колдоо көрсөтүүдө.

- Белгилүү бир тазалануу жүрүүдө демекчисиз?

- Ооба. Мында жөн эле баарын тазалап, алмаштырбастан, даректүү иш алпарып, кадрлардан жаңылбоого аракет көрүү маанилүү.

- А Сиз партия тарабынан дайындалган министрлик жана мекемелердин биринчилерин алмаштыра аласызбы?

- Алмаштыра алам. Иш баштаган эки жарым айда карап келатам. Ким алгылыктуу иш алпаралбаса, аларды бошотуубуз зарыл. Албетте, мында да тыкыр кароо менен кылдат аракет көрүү зарыл.

Аябай кылдат саясатчы, абдан интеллигент адам деп эсептелесиз. Бул Сиздин түшүнүү менен жараткан урааныңызбы?

- Мен ушундай тарбиялангам. Агрессивдүүлүк саясатчыга сөзсүз түрдө таандык боло турган сапат эмес, интеллигенттүү болбогонуң да туура эмес. Кээде биз талашып-тартышабыз, бирок, бул коомчулук көзүндө орун алса, жарандарыбыз, жаштарыбыз андан көңүлү ирээнжибей, тескерисинче, бизден үйрөнгүдөй болушу кажет.

«Аткара алдың – аткардың, жокпу, анда, кел, коштошолу»

- Аткаминерлерди жумуштан кетирүүгө чечкиндүү киришесизби? Басылмаларга ишенсек, бул сөздөр сизге таандык: “Ишимде жөнөкөй приоритеттер – жетекчилердин алдына конкреттүү тапшырмалар коюлат, аткарбагандар иштен кетет” Ушундайбы? Чындап аткарбагандарды жумуштан айдайсызбы?

- Ооба, көп кадрлар алмаштырылды: аппаратта, аткаруу бийлигинде. Бул дагы улантылат. Негизи эле, план менен иш алпарган кишимин. Бардык министрликтерге план тапшырылган. Өкмөттүн алгачкы жыйынында эле планды биз карапайым адамдарга да түшүнүктүү тилде жазылсын дедим. Андай жазылбасын алдын ала билгем. Баары бюрократиялык тил менен жазышты. Биз, жумушчу топ менен бир ай кайра иштеп чыктык. Азыр ар бир министрге, мекеме жетекчисине 240 тапшырма таратылган. Алар жөнөкөй тил менен жазылып, сандык көрсөткүчтөр берилген. Ушундай эле тапшырмаларды губернаторлорго да даярдадык. Ким кандай аткарды, карайбыз. Аткардың – аткардың, жокпу, коштошобуз...

- Губернаторлорго азыр премьер-министрдин өкүлдөрү аталгандыктан, түздөн түз таасир эте аласыз. Ал эми Бишкектин мэрине таасир эте аласызбы?

- Бишкек жана Оштун мэрлери шайланат.

Бул түшүнүктүү. Ошентсе да... Мен сырттан келген адам катары байкоодомун. Имараттар ичинде көп нерсе кооз: ресторан, салон, дүкөн, эс алуу борборлору, кинотеатрлар, башкача айтканда, ишкерлик, жеке сектор өлкөнү цивилизациялык стандарттарга жакындатып келатат. Ал эми сыртта, көчөдө, мамлекет менчиги башталган жерде – бомбалангандай: талкаланган тротуарлар, жолдогу чуңкурлар, таштанды жайнайт. Буга кантип эле буга таасир этүүгө болбосун?

- Биздин коом алдыңкыларга теңелип, жарандардын чөнтөктөрүндө акча бар, а мамлекет кедей бойдон. Бул фундаменталдык себепке байланыштуу, анткени, негизинен, кызмат көрсөтүүлөрдүн секторуна салык салабыз. Нефть, газ, өнөр жайдан түптөлгөн бюджети бар Казакстан, Россиядан айырмаланып, бизде өнөр жай жокко эсе, айыл чарбасы салык төлөбөйт. Кызмат көрсөтүү сектору абдан активдүү өнүгүүдө, бул – туризм да, курулуш да, логистика да, жалпы тамактануучу чөйрөсү да, ресторан, дүкөндөр, ж.б.

Бизде көп сандагы кичи жана орто бизнестин өкүлдөрүнүн артынан кубалап, ошол эле маалда мамлекеттин ысык кучагында муунтуп албоого тырышууга тийишпиз. Бир жагынан, аларга иштөөгө шарт түзүүгө тийишпиз, экинчи тараптан, салык топтообуз зарыл. Ошол себептен, мамлекет жакыр, биздин коом ага караганда, байыраак.

Жолдорду оңдоого, мугалимдерге, врач, милиционер, армия, аткаминерлерге айлык акыга акча жок. Коррупция булагы да мындан. Четөлкөлүктөр бизде джиптер, жол тыгыны да кымбат машинелерден куралганына таңданат, бирок, алар талкаланган жолдордо жүрөт. Бул жерде мындай кылуу керек – машинелерден салык алып, аларды жолго салуу зарыл. Маселен, бензинге болгон акциздик салык аркылуу. Азырынча салык аз салынат. Бизде инфляция Россия менен Казакстандан импорттолот. Баалар – алардыкы, бюджет – өзүбүздүкү. Биздеги баалар Алматы, Москвадагыдай, а бирок, газ же нефть трубаларыбыз жок.

Азык-түлүк баалары Америкадагыдай дээр элем...

- Көп нерселер кымбат...

Маяна салыштыргылачы! Америкадан келип алып “”Кудай ай, неге мынча кымбат бул жакта!” деп ойлондум.

- Чындап ошондой, биз үлгүрө албай жатабыз. Жеке сектор акча таап атат, а биз врач, мугалимдердин жакшы жашоосу үчүн татыктуу маяна камсыздалбай келебиз. Себеби, улам баалар жогорулоодо. Анткени, дагы бир ирет кайталайын, инфляция бизге Россия менен Казакстандан келет. Мисалы, Индокитай өлкөлөрү: Вьетнам, Лаос, Камбоджаны алсак, ИДП аларда киши башына эки эсе көп, ал эми ресторан, дүкөндөрдө баалар үч эсе арзан. Себеби, жанында мунай казуучу мамлекеттер жок...

Чыгуу жолу кандай?

- Экономиканы өнүктүрүп, жумушчу орундарын түзүп, салыктарды чогултуп...

- Кандайдыр бир маанай көтөрчү божомолдоруңуз барбы?

- Албетте, өлкө өнүгүүдө. Сиз улам келгенде машинелер жайнаганын, курулуш болуп көрбөгөндөй күч алганын көрүп атасыз. 160тан ашык көп кабаттуу үйлөр курулууда, ал эми советтик убакта эч мындай болгон эмес. Турак жайдын миллион квадрат метри киргизилип атат, өлкөдө акча бар, экономика өнүгүүдө, жарандар саясый стабилдүүлүккө ишене баштады. Квартира сатып алып аткандар – бул Кыргызстандагы экономикалык, саясый турмушун турукташтырчу менчик ээсинин портрети. Инвесторлор келип атат, жумуш орундары түзүлүүдө. Төрт жылда үч ирет бюджет жогорулады, маяна эки эсе, бюджеттин киреше бөлүгү олуттуу түрдө өстү. Бирок, биз кыргыздар, албетте, дагы да канааттанбайбыз, көптү каалайбыз...

- Нааразылык тегин жерден жаралбайт. Мисал келтирейин. Шаардын чок ортосунда, мэриядан анча алыс эмес, филармониянын чыгыш тарабындагы, “Океан” дүкөнүнө ылдый жерде “Авангард-строй” ишканасына таандык чоң участок коргондолгон. Мурунку ээси – Транспорт министри Султанов, азыркысы – анын уулу. Жер абдан келечектүү, ошондо да, ал жерде көп жылдан бери эч нерсе курула элек. Ал эми бетон коргондун жээгиндеги тротуар согуштан кийинкидей абалда. Жыл сайын келем, ал ошол калыбында. Ошол тарапта турган апам филармониядагы концерттен кайтып келатып, караңгы көчөдө андагы чункурлар, жаракалардан буйтап атып чалынат да, бети менен жыгылып, колун да, бутун да кокустатып алган.

- Коюңузчу?!

Улгайган адам, бул эмне менен аяктаар эле... Жеке маселелерди интервьюда пайдалангым келбейт. Мисал гана келтирип жатам. Жарандар сулуулукту, европалык стандарттарды, түз жолдорду каалайт. Кеп бул өлкөгө бүт өмүрүн арнаган адамдардын, пенсионерлердин коопсуздугунда. Апам кимди сотко берет? Тротуар муниципалдык менчикте. Тосулган участоктун ээси менен пара менен иш чечилет. Мэриянын ремонтко каражаты жок... Менимче, эрктүү чечимдер жетишсиз – менчик ээлерин чогултуп, курулуш баштабаса, алардын айынан бузулган тротуарларды тартипке келтирүүгө милдеттендирүү зарыл. Натыйжада, борбор калаа – өлкөнүн жүзү, биз аны тартипке сала албайбызбы?

- Туура айтасыз, албетте, көйгөй арбын...

«Өзүм пара албаган соң, башкаларга да бербейм»

- Макул, кайгылуу темадан четтейли... Ата-эне темасын баштаган соң, сиздин ата-энеңиз туурасында суроо бар. Сизди ушундай тарбиялашканын айтып өттүңүз. Интеллигенциябыздын өкүлдөрүнөн куралган белгилүү бүлөдөнсүз. Үйдө башкача бир маанай болгону чынбы? Тарбиялоодо өзгөчө бир ыкмалар бар беле? Сизди кандай тарбиялашкан? Ата-энеңизден эмне сизге ооду?

- Балдар укканын эмес, көргөнүн кабылдаарын кайталап келем. Жакшы нерселерди канча какшап келгени менен ата-энеси туура эмес иштерди жасаса, сөз менен балдарды тарбиялоо мүмкүн эмес. Ата-энем эмгекчил болчу, алар бизге насаат деле окушкан жок. Биз болгону алардын жашаганына, иштегенине, өздөрүн кандай алып жүрүшкөнүнө, кантип бири-бири менен баарлашканына, моралдык түпкүлүгүнө гана көз сала чоңойдук. Мисалы, сиздин уулуңуз америкалык мектепте окуйт эмеспи. Өткөндө бир педагог менен сүйлөшсөм, Америкада бай жана кедей мектептерде мугалимдердин деңгээлинде айырмачылык деле жоктугун айтат. Бирок, кымбат мектептерде баланын айланасында элита, кедей мектептерде тескерисинче. Балдар бири бирин карап өсүшөт. Элиталык мектепте балдар бири биринин артынан тартылып, жакшы умтулуп, жакшылар менен бирге жакшы карьерага карай жылат. Жаман мектептерде жамандар артынан жаманга айланат. Мугалимдер эмне айтпасын, балдар айланасындагыларды көрөт. Балдар үчүн көргөнү таасирдүү. Ата-энем экөө тең илимпоз, алар ак жашап, коом, окуучулары үчүн ак иштешкен

- Өз балдарыңызды тарбиялоодо кандай ыкмаларыңыз бар?

- Мен дагы үлгү болуу менен. Парламенттеги сөзүмдө айткандай, ысымымды ата-энем ыйгарган, аны мен балдарыма тапшырышым керек. Бул – ишимдеги башкы нерсе. Эгер таза жашоого: уурдабай, моралдык принциптерди бекем тутуп, мекенчил, эмгекчил болуп, үйрөнүүгө, иштөөгө умтулсак, ошондо биздин коом өнүгөт. Моралдык стандарттарды бирөө колго алыш керек. Бизден башка ким аны карманат.

- Моралдык стандарт демекчи, биздин жергиликтүү басылмалар, айрыкча кыргыз тилинде чыккандар, абдан чектен чыгып, ушактар менен алектенип калды. Өзүңүз туурасындагы мындай нуктагы макалаларга кандай карайсыз?

- Премьер-министрликке келгенче мага көңүл деле бурушкан эмес. Бирок, бул кызматка келгени чындыкка жатпаган, ушак, алтургай, абдан ыплас материалдар чыга баштады. Анан жардамчыларыма чыгышат да: “Мага 7 миң бергиле, мындайды чыгарбайм” дешет. Өзүм пара албайм, ошол үчүн пара да бербейм дейм. Көрсө, кесиптештериңиз мындай менен да алектенишет экен. Алар баары жөнүндө жаман жазышат, анан андай макалаларды андан кийин чыгарбоо үчүн төлөгүлө дешет. Көбүнесе, саясатчылар, белгилүү адамдар мындайга кабылышат. Айтор, сөз жок...

Сотко бербейсизби?

- Зарылчылыгы неде? Жазгылары келсе, жаза беришсин. Эгер баары жалган же болбогон нерсе болсо, албетте, адамга жагымсыз, көңүл чөгөрөт. Бирок, илешкенге илешип калат деп эсептейм. Илешпегенге илешпейт. Мен ак иштесем, мага каяктагы ушак-айың жабышып калбайт.

- Премьрлик кызматтын берекеси жок, анда адамдар көпкө кармалбайт. Узак олтурам деп ойлойсузбу?

- Аны эч ким айталбайт. Бул – саясый процесс. Албетте, биз жыйынтык чыгарууга тийишпиз. Парламенттин бизден мыкты иштөөнү талап кылганы туура. Биз аракет кылуудабыз, бирок, көйгөй оголе көп. Мамлекеттик кызматтагы аз маянага таланттуу адамдардын баары эле келе бербейт. Реформа керек. Коррупционерлерди колго чаап, камаш керек. Билими бар, идиреги барларды кызматка тартышыбыз керек.

- Премьер катары жетекчиликке ала турган кандайдыр бир өлкө модели барбы?

- Бүт дүйнөдө бирдей модель. Ким инвестициялык климатты жакшы түзө алса, ал ишкердик активдүүлүк үчүн аянтча жарата алат. Жакшы мыйзамдар, коррупция менен күрөшүү, инфраструктурага жол – бул дүйнөдөгү бардык өлкөлөр өнүктүрүүгө умтулган үч компонент. Жогоруда айтып өткөндөй, эффективдүү кадрларды тартуу жана алардын жардамы менен экономиканы өнүктүрүү – менин милдетим. Ишканалар ачылып, жумуш орундары түзүлүп, эл камсыздалып, салык арбып, мамлекет көчөнү тартипке сала алып, балдарына сапаттуу билим бере алат, алардын ата-энесин сапаттуу дарылап, тартипти сактап, эффективдүү мамлекеттик кызматты жайылтуу – булардын баары дүйнөгө белгилүү. Кандайдыр бир кыргызча модель жок. Бардык дүйнөлүк мыкты практикаларды алып, бизге киргизишибиз керек. Акыркы төрт жылда аң-сезимибизде күчтүү секирик болду. Адамдарыбыз – эркин жана жумушка жөндөмдүү. Инвесторлордун келип, алардын бизде жумушчу орундарын түзүп жана салык төлөшү үчүн мүмкүнчүлүк жаратып бериш керек. Өлкөбүз чакан, тоолуу, саясый жактан туруксуз. Бирок, ойдун, ыймандын, өзүн өзү көрсөтүү эркиндигинин биздин өлкөгө ийгиликтүү киргизилиши кажет. Муну тезирээк жасаш керек. Инвестиция, акча, инфраструктуралык долбоорлор. Булардын баарын тезинен жасап үлгүрүүбүз зарыл.

«Бажы союзуна кирүү инвестициялык климатты жакшыртат»

Батышчыл деп саналган адам кантип Бажы союзунун тарапкерине айланды?

- Мен батышчыл эмесмин. Англис тилин билгеним мени батышчыл кылбайт. Эгер картабызга карасак, кайсы өлкөгө ыктоо керектигин түшүнөбүз. Жаныбызда – улуу Кытай, улуу Россия, улуу Индия, кыймылдуу Казакстан. Мына ушул өлкөлөр менен кызматташууга тийишпиз. Баары жөпжөнөкөй. Көпчүлүгү Бажы союзунун кирбешиңер керек дейт. Анда биз товарларыбызды кимге сатабыз, экспорт үчүн кайда багыт алабыз? Мен түшүнө албайм. Өзбекстангабы, же Америка, же Германиягабы? Ал жакта бизди эч ким күтпөйт. Бизде экспорттук рыноктор – Бажы союзунун курамындагы өлкөлөр. Биз алар менен сооданы жакшы жүргүзөбүз. Булар региондун бай локомотивдери. Алар менен ортобузда дубал орнотуп эмне кылабыз? Каалганы ачып, экономиканы ачуубуз зарыл. Алардын мыкты тажрыйбаларын, мыкты мыйзамдарын алсак, инвесторлордун, бизнесмендерге сатып алуу мүмкүнчүлүгү дурус болгон 170 миллиондук рынок ачылат. Бул мамлекеттер биз менен тарыхый, орус тили менен байланыштабыз. Кайда качабыз? Европанын жанында болсок, тандоого мүмкүнчүлүк болмок. Бирок, биз Евразияда жайгашканбыз.

Кемчиликтери барбы?

- Баалардын өсүшүн айтышат. Бирок, сиз бизде баалардын асмандаганын белгилеп өттүңүз. Баалардын кескин өсүшү болбойт. Бизде эбак баалар Казакстан жана Россиядагыдай. Советтик союздун кайра жаралышын айтышат, бирок, бир да евразиялык союздун документинде кандайдыр саясый багыт жок. Экономикалык гана уюм бар. Дүйнөдө ийгиликсиз регионалдык интеграциялык биримдикке бир да мисал жок. Алардын баары ийгиликтүү, биздики да ийгиликтүү болот. Дүйнөдө бай эмес мамлекеттер мындай жаңы интеграциялык союздарга биригет, алдыга жылат. Европалык союзга кирген Прибалтика, Чыгыш Европаны, АСЕАН өлкөлөрүн мисалга алалы, алар бардык жерде экономикалык ийгиликтерди жаратууда.

Бажы союзга киришибиз инвесторду тартабы?

- Албетте. Бул – инвестициялык климаттын сапаттуу жакшырышы. Кайсы бир продукцияны өндүрүүдө Кыргызстанда иштеген ишкана 5 миллиондук рынокко ылайыкталса, Бажы союзу 170 миллиондук рынокко иштейт. Ошол себептен, инвесторлор бизге келе баштайт..

- Дордойчу?..

- Дордой эртерээк кирүүнү өздөрү суранып атат, себеби, Казакстан чек арасында олуттуу администрлөө башталууда.

- Макул, бизде баары жакшы болооруна үмүт кылалы. Менде башка мүнөздөгү суроо бар. Ата тегиңиздин Сиз үчүн мааниси барбы?

- Албетте.

Сураганым, Сиз Кеминдеги бир белгилүү шаардан болсоңуз керек эле?..

- Кулан бай деген атабыз Меккеге эки ирет, бир ирет Шабдан баатыр менен барган экен. 19-кылымдын аягында, агезде учак болгон эмес. Меккеге барыш үчүн каражат эле эмес, эрк, ички күч зарыл болгон. Ал Чоң Кеминде болуш болуптур.

Сиз билимиңиз боюнча физиксиз. Аскар Акаев менен орток нерселериңиз көп тура. Физик болу саясатчы жана мамлекеттик ишмер болууга жакшы негизби?

- Абдан жакшы. Физик, математиктерде көйгөйдү чечүүдө жыйынтыктуулук принциби бар. Көйгөйдү көрөсүң, аны чечүү ыкмалары дароо план боюнча тизмектелет. Ошол себептен, бардык мектеп программаларында математика жана физика бар. Врач же айдоочу болосуңбу, баары бир математика ой жүгүртүүнү, ойлонууну, туура чечим кабыл алууну өрчүтөт. Бул – адам 17 жашында ойлонуп жана чечим кабыл алышы үчүн мээни машыктыруу. Математика канчалык күчтүү болсо, өлкө ошончолук күчтүү болот. Өзүмдү мактабайм, бирок, жакшы мектептен өттүм. Мага бул дайым жардамга келген, жардам берет. Балким, филология да аябай жакшыдыр...

Балдарыңыз жөнүндө да айтсаңыз. Алар чет өлкөдө окуп, иштешсе керек?..

- Бир кызым гана Москвада коммерциялык банкта иштейт. Калганы бул жерде. Экөө дагы мектепте.

- Жубайыңыз эмне менен алек?

- Балдарды тарбиялап, ата-энемди багат. Атам 92де, апам 86 жашта. Мындай куракта адам кам көрүүгө муктаж.

- Сиздин ден соолугуңуз кандай? Апаңыз бир маегинде көп ооругандыгыңызды, бронхи астмасынан азап чеккениңизди айтканы бар.

- Ооба, чындап эле ошондой болчумун, бирок спорт менен машыгып, жеңил атлетика боюнча республиканын курамасына чейин жеткем. Ден соолукка, денеме, спортко аяр көңүл бурам. Оорулуу адам үй-бүлөсүнө, туугандарына, коомго көйгөй жаратат, ошондуктан, баары биринчи кезекте саламаттыгына кам көрүшү кажет.

Аскар Акаев менен баарлашып турасызбы?

- 2005-жылдын мартынан бери сүйлөшө да, көрө да, уга да элекмин.

- Медет Садыркуловдун өлүмүн кандай кабылдадыңыз?

- Албетте, чоң трагедия. Бул киши мени 1999-жылы саясатка чакырган, “Менин өлкөм” партиясынын лидери болууга көндүрдү. Биз биргеликте, ынтымакта партиясын алдыга жылдырдык, саясый багытта кеңештери менен мага көп жардам берди. Бирок кийин Бакиев тушунда бийликке барганында бул абдан кооптуу экенин айтып, эскерттим. Ал: “Баарын өзгөртө алам” деп ынабады. Албетте, ал жакшыны көздөгөн. “Менин өлкөм” партиясынын негизги өзөгү, бардык белгилүү адамдар “Ак жол” партиясына ал кишинин чакыруусу менен кирген.

- Бирок, кийин Садыркулов өзү жеңишке жеткен “Ата Мекен” партиясын парламентке киргизбей койгон. Тилекке каршы, ал өзү кол кабыш кылган системанын курмандыгына айланды.

- Айтканыңыз туура, албетте.

“Мира” китебимди сизге белек кылам. Чогултулган образ болсо да, Садыркулов андагы башкы каармандардын биринин прототиби.

- Чоң рахмат. Кызыктуу деп ишенем.

Маектешкен Бермет БУКАШЕВА 

© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине