Чептен эненин күчү бекпи?

01:00, 14 Октября 2014

Чептен эненин күчү бекпи?

сүрөттөгү маңдайы жарык апа 72 жаштагы Шааркан Мажитова. Жолдошу Абдираим аксакал экөө КөкТаш айылдык аймагындагы Чек-Дөбө деген жеринде дээрлик чейрек кылымдан бери кыргыз-тажик чек арасында түрүүлөй чеп болуп жашап келишет. Кыргызда илгертен калган сөз бар эле «Чептен эрдин күчү бек» азыркы заманда «чептен эненин күчү бекпи»

Союз ыдыраган кезде Тажикстанда жашаган кыргыздар жапа тырмак Кыргызстанга көчүп жөнөгөндө, элден калбайлы деп Абдираим аксакал Шааркан эне экөө да жакшылыктан үмүт кылып «Ата-Журтум, ата конушум» - деп ылымсанап көчүп келишкени менен Кыргызстан өгөй баладай кылып суз гана тосуп алды.

90-жылдары Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда ушул Чек-Дөбө деген жер талашка түшкөндө билерман чоңдор тирүүлөй чеп кылып «Силер Тажикстандан чыккансыңар алар менен тил табышасыңар, эптеп ушул жерде жашагыла, колдон келген жардамды аябайбыз» - деп куру убадаларды берип ушул жерге көчүрүп келип эптеп ылайдан там салып, киргизип коюшат. Он бир уул-кызы менен ушинтип чек арада тирүүлөй чеп болуп жашап калышат.

Абдираим аксакал элдин малын карап жайлоого чыгып кетчү, балдар менен Шааркан эне өзү калат. Тажиктер качан бастырып кирип келет экен деп эне кургур балдарын ичкериге жаткырып, «урса да мени урсун» - деп босогого таяк жастанып алып жатып жүрүп күн кечирет.

Андан бери дээрлик чейрек кылым өтсө да кемпир чал Өкмөт сөз берген жардам аларга жетпей келет. Кулов өкмөт башчы болуп турган кезде 100 миң сом акча, курулуш материалдарын сөз берип кеткен менен эч нерседен дайын жок. «Орто жолдо чоң сөрөйлөр чоңдугун салып жеп коюшту» - деп кейип алды Шааркан апа.

8 жыл мурда баштаган тамы дубалы бүтүп бирок үстү жабылбай турат. «Тамдын арты тажиктердики, атайылап бир карыш да жылбайлы деп чек арага кынаптап салганбыз» - дейт Шааркан эне. Ушул жердин айынан канча жолу коңшу мамалекеттин жарандары бастырып келип опузалап коркутуп, ал тургай сабап кеткен күндөрү болгон.

72ге чыкса да тиричилигин өзү кылат, нан жаап, суу алып, тамак бышырып керээли кечке жаны тынбайт. 11 уул-кыздан 35 небере, бир чеберелүү болушту. Өкмөт бизге качан жардам берет экен деп күтүп жүрүп Абдираим аксакал менен Шааркан апа 70тен өтүп 80ге жашы чамалап, келээр жардамдан түңүлүп акыры 8 жыл мурда ылайдан эптеп там баштаган. Анысы да бүтпөй келет, дубалы тургузулган бойдон.  Эптеп жаап алалы деп банктан насыя алып ага жыгач аран алышыптыр. Ай сайын пенсиясынан чегерип турат. Шифер алганы чамалары келбей отурган кези. 11 уул-кызды төрөп, эрезеге жеткирип баатыр эне болгон Шааркан апа 4 миң сом пенсиясына миң сом кошумча алат. Күйөөсү экөөнүкүн кошкондо ңпенсия алышат. Болгон тиричилиги ошол, анын да 1,5 миң сомдойун ай сайын банка төлөшөт.

Мурда тажиктер менен алака кылып кирди чыкты болуп мамилебиз бар эле, азыр болсо алик алганга жарабай калышыптыр. «Бул коңшум өзү жакшы бала бирок агасы мени уруп койгондон бери мамилебиз бузулган дейт. Арыз жазсам Баткенден милиция балдар келип жатышты аңдып,көрүнбөдү, кармай албай кайра кетишти» - дейт Шааркан апа.

Кыйымылы тың, тиричилигин кылып жүргөн энеге: «72ге чыксаңыз да тетик экенсиз» - десем, башын чайкайт… Акыркы 3 жылда 2 кызым катары менен о дүйнө аттанып, кыздарымдын күйүтү мени жаман кылды дейт эне кургур көз жашын арчый…

40тан ашып калган кызы Тажикстанда турчу, тиричилиги да тыңҮйүнө тажиктер бастырып кирип башын балта менен чаап өлтүрүптүр. Эшигинин алдында бажырайып кызыл сары болуп ачылып турган гүлдөрдү көрсөтүп «о дүйнө кеткен кызыман эстелик болуп ушул гүлдөр калды, жыл сайын уругун алып жазында жаңылап сээп коём» - дейт эне алаканы менен көз жашын аарчып.

Эненин жашоосун көрүп кепке тартып сүйлүшүп анан жолго аттанаарда «ахыбалыбызды сурап келгениңерге рахмат» - деп кайра кайра аксакал экөө алакан жайып баталарын берип алкап отуруп араң узатышты. Элетте жашаган адамдар мага жөнөкөйлүгү менен өзүнө тартат.

Чек арадагы айылдарга өзгөчө макам берүү тууралуу мыйзам жактырылган менен аны аткарууга каражат издеген Өкмөткө кулак кагыш. Тезирээк аракет кылып, каражат таап мыйзам иш жүзүнө аша баштаса Шааркан апа менен Абдираим аксакалга окшогон карапайым адамдарыбыздын жашоосу аз да болсо жеңилдейт беле. Антпесе чек арадагы чырлар күчөгөн сайын үйлөрүн сатып кетип жаткандар да күн санап өсүүдө...

Соңку сөз ордуна:

«Мамлекетүүлүктү чыңдоо жылы» деп көкүрөк какандан көрө ушундай мекен чегинде тирүүлөй чеп болуп жашап келе жаткан жарандарыбызга жергиликтүү бийлик көз кырын салып, көңүл бөлүп койсо жакшы болоор эле...

 Жылдыз Бекбаева

© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине