Багып алган жетим балдарды эмне үчүн кайра балдар үйлөрүнө кайтарып жатышат?

12:07, 21 Января 2015

11 жашар  Вадик, өзүнүн бала экенине карабай, турмушунда башынан эки жолу  алаамат өткөрдү.  

Биринчи жолу – апасы  төрөөрү  менен андан  баш тартканда. Бишкектеги биринчи  төрөт үйүнүн эмчи айымдарынын айткан акыл-насааттарына карабай, таңга маал «Баладан баш тартам, эч кандай нааразылыгым жок»,- деп жазды да, күнүн жазып, колун коюп берди. Анан, төрөттөн кийинки кабылдап кеткен ооруларын да айыктырбай, июндун бир таңында терезеден качып баса берди. Кандай болгон учурда да бул күндү ара төрөлгөн, итий  Вадикти багып калган медкызматкерлер бул окуяны ушул бойдон эстеп калышты.  Соцкызматкерлерге да ушуну айтып беришти. Экинчи жолу Вадикти бакма ата-энеси кайра  балдар үйүнө кайрып бергенде, ал үчүн аалам астын үстүн айланды. Жаңы үй- бүлөдө ал эки жыл жашады. Эми психологдор 38 жашар Альфиянын жабыркаган жан- дүйнөсүн дарылап, эмне болгонун териштирүүгө аракеттенишүүдө. Ал эми Вадик унчукпастан, терезени тиктеп отурат. Мындай учурларда жетим балдарга психологиялык жактан калыбына келтирүү үчүн акча каралган да эмес.

Окурмандардын жүрөгүндөгү кыжырдануу сезимин көрүп турабыз дечи. Байкуш балага кантип ушундай мамиле кылганга болсун? Бирок, 15 жылдан бери жетим балдардын көйгөйү менен иштеп келе жаткан, КМШ мамлекеттеринде, Батышта,Түркияда көп болуп,  ал жакта иштеп келген психотерапевт Эльмира Жуманалиева,  шашылыш чечим чыгарбоону  сунуш кылат.

«Аларды айыптоонун алдында сиз буларды билишиңиз абзел. Балдар үйүнөн келген бала – бул ата-энесинен ажырап калган бечара байкуш эмес, ал бакма үй-бүлөгө барганына бактылуу болуп, жаңы ата-энесине ишенип калбайт. Жада калса көбүрөөк көңүл бурууну талап кылган «татаал бала» да эмес. Анын үстүнө, буга окшогон балдар мекемесинде бир топ жашап калган балдардын аң сезими таптакыр башкача. Ал эми, төрөлгөндөн бери жашаса андан бетер. Көп учурда баккан ата-энелердин көз карашы боюнча бул балдар – башка планеталык сымал, аларды түшүнүүгө таптакыр мүмкүн эмес.

Мындай балдардын аң сезими гана эмес, бүт бардыгы бузулган. Аларда жакшы көрүү, кыйбастык сезими жок. Демек, андай балада  өзүнүн бакма ата-энесине болгон жакындык сезими да  жок. Ал жаман да эмес, сезимсиз да эмес. Болгону башкача боло албайт. Ал эми бакма ата-энеси үчүн бул чоң сокку, анткени Кыргызстанда бакма балдарды психологиялык жактан даярдай турган бир да тутум жок.  Бала социалдык жактан көнүп кете албайт. Тутумда жашаган балдар даярга көнүп алышат. Алар үчүн  окууга, бир нерсеге жетишүүгө  болгон  түрткү жок, төрөлгөндөн бери «теңдемелерди» гана көрүп келе жатышат. Күчтүүлөрдүн укугун билишет, тутумдан тышкаркы чоң  адамдардын канткенде боор ооруп, зээни кейите турган ыкмаларды жакшы үйрөнүшкөн. Ооба, алар демөөрчүлөргө ырахматты кыйын айтышат. Болду. Башка эч нерсе билишпейт», - дейт ал.

Азыркы күнү коомдук ишмерлер менен чиновниктер  элге ачык жарыялагысы келбеген статистика боюнча, багып алынган жетим балдардын жарымына жакыны бир эки жылдан кийин кайрадан  жатак мектептерге кайтышат. Баккан балдары менен бактылуу үй-бүлө  жокко эсе. Ооба, тилекке каршы ушундай.

«Бул балдар ата-энесине жардам берүү кандай болоорун да түшүнүшпөйт. Өзүнүн аркасынан жыйнап, идиш жууп, жеке тазалык чараларын колдонуу –  болбогон нерселерди жасап коюуну сурануунун өзү алар үчүн зомбулук, мыкаачылык сезилет. Алар жылуулук дегенди билишпейт, бири калбай психиологиялык жактан депрессияга кабылышкан. Буга ылайык, жада калса жүрөктөн чыккан сүйүү сезимине да азаптана беришет. Бул балдар бардыгын жашырууга, калп айтууга, бир нерседен ар кайсы амал менен кутулууга көнүшкөн жана бул адаттан кутулгулары да келишпейт. Анын үстүнө көбү уурулукту адат кылып алышкан. Бул балага кандай мамиле кылуу туурасында эч кандай түшүнүгү да жок үй-бүлө, жан-дүйнөсү жабыркайт. Эл кыйналып, аларга камкордук көрүүгө умтулуп жатышканда, жооп катары алардын көз-карашына шайкеш келбестикке туш болушат. Мына ошондо жан-дүйнөсү катуу жараатка учураган, туталанган абалга келишет. Көп учурда аялдар ушундай. Мына ушул абалдын көбү  бул баланы кайтарып берүү менен бүтөт. Башкаларынын деле мактана турган жөндөрү жок. Эптеп чоңойгуча чыдашат да, андан кийин кол үзүшөт», - дейт Эльмира Жуманалиева.

Бактыгүл менен  Арстан, жетим балдарга жардам берүү туурасындагы социалдык роликтерди көргөндөн кийин, балдар үйүнөн бала багып алууну ойлоно башашат  Үй-бүлө муну бир жыл бою талкуулап жүрүшүп, андан кийин аракетке өтүшөт. Өздөрүнүн эки баласынын бардыгына карабай, материалдык абал башка балдарды да татыктуу багып, өстүрүүгө мүмкүндүк берет.  Бир жылдан кийин үй-бүлөдө  Аманчик пайда болот. Беш жаштагы, татынакай, зээндүү бала. Биринчи караганда Андан кийин бул үй-бүлө да Элмира сүрөттөгөн абалга туш болот, жарым жылдан кийин Бактыгүл узакка созулган невроз менен ооруканага жатып калат.

Екатерина  жана Анвар өз ден соолугунан улам балалуу боло албай кыйналышат.  Катя тез-тезден балдар үйүнө барып, балдарды циркке алып бара баштайт, аларга белек алып берет. 15 жашар Аняга жүрөгү имерилип калат,  бирок, башында үй-бүлө  кичинекей бала багып алалы  деп жүрүшкөн эле.  Бир жыл бою «жекшембилик үй-бүлө» катары баарлашуу Катяга майрам болуп, көйгөйлөр туурасында айтылгандардын бардыгын ал  болбогон сөз деп эсептей берди. Акыры Анечка  үй-бүлөгө биротоло келди. Эки айдан кийин Катя тозокко түшкөндөй болду. Жада калса, Аня Анварды азгырууга аракет кылып, Катяга «ага окшогон карыган тукумсуз аял буга окшогон  эркекке татыктуу эмес» деп айтканга чейин барды.  Анвар бакма кызы менен баарлашуудан таптакыр баш тартты. Аня он сегизге толгон күнү ал бакма үйүнөн таптакыр кетти. Катя бул болгон окуяны  эстегенде дагы эле селт этсе,  Анвар ичиркене түшөт: «Бизди колдонуп кетишти. Башында алдап туруп, анан колдонуп кетишти»…

Бул окуялар – болуп жаткан турмуш. Анда эмне, балдарды багуунун кереги жокпу?

Эльмира Жуманалиева тызылдап ийди: «Кудайым ай, ушул ой башыңарга кантип  келди? Багып алуу керек, ал гана турсун  багып алуу зарыл. Мына ошол балдар үйү менен жатак мектептер, кийин бакма  ата-энеси багууга алдары келбей калган макулуктарды жаратышат. Тутум балдарды  бузат, көбүн кайтарымсыз бузат. Кээ бирлери гана көнүп кетишет. Бул мекемелер таптакыр болбошу керек, анткени, бизде багып алууну каалагандардын саны арбын. Алар кезекке туруп жатышат. Социалдык жетимдик менен – ата-энеси тирүү жана балдарынан баш тартпаган учурда да, бул көйгөйдү чечүү керек. Бала багып алуу тутуму, багып алуучуларды социалдык коштоо, психологиялык жардам ушундай иштөөсү керек ( эгер буларды кантип жасоо керек экенин билишсе, анда бул көйгөйдү жеңип чыкса болот да), балдар дароо үй-бүлөлөргө барып, багып алуучулар да даяр болушу керек. Бул үчүн ойлонулган, этаптык мамлекеттик програма керек, бирок бизде жетим балдарды ойлогон киши жок. Эгер хирург жүрөккө операция жасаганды билбесе – эмне болот? Аны үйрөтүү керекпи же операцияны токтотуу керекпи? Бул жерде да ошондой. Багуучу ата-энелерди окутуу керек. Узакка. Алар менен тынбай иштөө керек. Анан, алар кандай кадамга барып жаткандыктарын жакшы түшүнүшү керек. Болбосо, алар кыялдарында  жомоктогудай жашоону элестетип алышат да, чыныгы турмушта – өздөрү чыдабай калышат. Бала деген оюнчук эмес, алып, кайра берип койгудай.... Мунун баары балдарды асыроочулардын сабатсыздыгынан жана тиешелүү мамлекеттик программалардын жоктугунан  болуп жатат».

Болгону мындай программаларды иштеп чыгып, ишке ашырыш керек. Көп учурда Кыргызстанда социалдык маселелер боюнча кеңеш сурап Орусияга кайрылышат. Буга окшоп иштеген программалар Орусияда көптөн бери иштеп келет. Бирок, аларга таянуу- көйгөй жараткыдай. Болгону балдар үйүн жоюу  боюнча кампаниялардын терс натыйжаларынан бир жыйынтык чыгаруу керек. Бул туурасында орусиялык коомдук ишмер, жазуучу, жетимдик маселелери боюнча эксперт жана өзү да балдар үйүнөн чыккан Александр Гезалов мындай дейт: «Бизде мамлекеттик камкордукка – эч кандай сотсуз эле кайтарып беришет, ал эми  колдон колго – алты миңден ашык жетим балдарды кайтарышат. Жакында мындан да көп болобу деп корком. Көп учурда үй- бүлөнүн багуу үчүн каражаты жетпей калгандыктан, баланы кайтарып берүүгө  мажбур болушат. Көптөгөн жетимдер, башка жагынан алып караганда, үй-бүлөгө барып, аларга көнүп жашап кете алышпайт, анткени балдар үйүндөгү тутумунун жетимдик радиацияга сугарылып бүткөн.  Ал эми ал радиация баланын жүрүш- турушунда ушундай бир бузулууларды жаратат дейсиз, жөнөкөй, мурдатан атайын даярбалбаган үй-бүлө буга алы келбейт. 

Жетимдерди балдар үйүнө кайтарып берүүнүн себеби көп. Орусияда алардын негизги себебинин бири катары, мамлекетке балдар үйүндөгү балдардын санын кескин кыскартуу керек болгондугу айтылат. Биздин губернаторлордун эффективдүүлүгүнүн чуулгандуу сегизинчи пункту пайда болду. Биздин алдыбызга  бир жылдын ичинде аймактагы жетим балдардын санын кыскартуу милдетин коюшту. Отуз пайыз деген санды көп айтышат. айрым аймактарда бул ишке катуу киришти, алар балдар үйүн жаап, балдарды үй-бүлөлөргө тыгышты.

Бул учурда да мамлекет, үй-бүлөгө жетим баланы багып алуучу али даяр эмес экендигин эске алышкан жок.  Башында жада калса жетим балдарды үй-бүлөгө  жайгаштыруу боюнча федералдык мыйзамдарда да көйгөйлөр жаралды, бирок акыркы мезгилдерде мыйзамдарды  иштей турган абалга келтиришти. Багып ала турган ата-энелерди олуттуу окутууга, кабыл алган үй-бүлөлөрдү социалдык коштоо мурда кандлай болсо, дагы эле ошол бойдон. Өзгөчө бул көйгөй чоң эмес кыштактарда даана көрүнөт. Кайрымдуу айыл калкы бийликтин буйругун угуп, жетим балдарды алышат да, андан кийин аларды эмне кылаарын билбей калышат. Бардык жетимдерде психологиялык жактан көйгөйлөрү бар, бардык даяр нерсеге көнүп калышкан, аларда кайрымдуулук деген сезим жок. Мына ошолорду үй-бүлөгө алып кетишет, балдар үйүн жаап салышат, андан кийин бир нече айдан кийин багып алган ата-энелер балдарын алыскы балдар үйүнө барып, өткөрүп беришет. Ошонусу менен балага дагы көйгөй жаралат – өзүнө тааныш адамдардан жана  көнүп калган жериненда  айрылат.  Кампаниялуулук –дайыма  кайрымдуу башталыштарга душман болуп келет».

Башкача айтканда, биз бир гана көйгөйдү чечпестен (азырынча ал бийлик тарабынан артыкчылыктуу деп белгилене да элек), түндүк кошунанын  масштабдуу жана жергиликтүү көйгөйлөрүн да эске алышыбыз керек. Черномырдиндикиндей: «Жакшы болсун дегенбиз, бирок баягыдай эле болуп калды» дегендей болбосо болду …

Даярдаган Светлана Бегунова 

© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине