Наталья Шипп: «Аярлуу катмардагы кыргызстандыктар жан багууга аргасыз болушту»

09:51, 18 Ноября 2020

Карантин убагындагы бир нече ай бою кыймылдын чектелишинен баардык кыргызстандыктар аргасыздык, дискомфорт жана паника сезимине туш болушту. Бирок физикалык жактан дени сак адамдар ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген, жалгыз картаңдар менен аз камсыз болгон жарандар кандай кыйынчылыктарга туш болгондугун билишпейт. Жакында эле «Кыргыз Республикасындагы балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын илгерилетүү боюнча өкмөттүк эмес уюмдар ассоциациясы» «Кыргыз Республикасындагы коронавирустун жаңы түрүнүнүн эпидемиясынын шарттарында социалдык жана экономикалык укуктардын сакталышы» аталышындагы изилдөөсүн тартуулашкан. Изилдөөнүн жыйынтыктары тууралуу Наталья Шипп менен болгон маегибизде.

-Наталья Леонидовна, бул изилдөөнү жүргүзүүнүн муктаждыгы эмнеден улам пайда болду?

-Биздин өлкө бүткүл дүйнө жүзүндөй эле, пандемияга биринчи жолу кабылды. Биз мурун жада калса ойлонбогон көптөгөн көйгөйлөр бир мезгилде курчуду. Мамлекет дагы, жарандар дагы эмне кылышты билбей жатты. Биринчи толкундан кийин биз калктын эң аярлуу катмарынын өкүлдөрүнүн- ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын, кары-картаңдардын, майыптардын, көп балалуу үй-бүлөлөрдүн, баңгизат колдонгон жарандардын социалдык-экономикалык укуктары канчалык деңгээлде бузулгандыгын изилдеп көрүүнү чечтик. Биринчи толкун учурунда кетирилген каталарды кайра кылбоо үчүн аларды дыкат изилдеп чыгуу керек эле.

Биз Ош, Ысык-Көл, Чүй облустарын жана Бишкек менен Ош шаарларын камтыдык.

-Кимдин социалдык-экономикалык укуктары баарынан көп бузулуптур?

-Июнь-июль айларында, пандемия күч алып турган мезгилде көптөгөн аярлуу жарандар өзү менен өзү, жалгыз калышкан. Өтө көңүл оорутаарлык окуяларды уктук, мисалы, өз алдынча баса албаган аял  беш сутка бою жалгыз калыптыр. Өзгөчө кырдаал абалы киргизилип, кыймыл чектелген учурда ал аялга такай негизде кам көрүп келген жардамчысына өткөрмө документтери берилбегендиктен келе албай калыптыр. Натыйжасында ал аял беш күн тамак-аш, дары-дармек, гигиеналык процедураларсыз калыптыр. Дагы бир учур, картайып калган дагы бир аял дагы эч кандай жардамы жок жалгыз калган, анткени анын балдарына өткөрүүчү кагаздары берилген эмес. Ал айымдын кызы кичи райондордон шаардын борборуна чейин жөө келүүгө аракет кылган, бирок аны өткөрбөй, кайра артка жиберишкен. Өнөкөт оорулары бар балдары бар үй-бүлөлөр өтө чоң кыйынчылыктарга учурашты. Аларга стационарлардан жардам алуу керек эле, бирок карантиндин айынан стационарлар албай, алар эптеп жан багышкан. Жана ушундай окуялар ондоп, жүздөп болгон.  Ошондуктан кимге баарынан кыйын болгондугун биз айта албайбыз, анткени элдин баардыгына бирдей кыйын болду.

-Өнөкөт оорулары бар, бирок өз мезгилинде жардам ала албай калган жарандар кандай кесепеттерге туш болушту?

-Алардын абалы абдан начарлады.  Мисалы, респонденттердин бири эки жолу инсульт алгандыктан, пландык текшерүүдөн өтүүсү керек болчу, бирок карантиндин айынан аны ооруканалар албай жатышты. Албетте, анын ден-соолугу начарлады. Жана же ооруканалар жабылып, же стационарларга айланып, же дарыгерлер ооруп калып, аларды эч ким кабыл ала албай калган учурлар өлкө боюнча жүздөп саналат. Бизде статистика жок, бирок өнөкөт оорулары бар жарандар арасында өлүмдөрдүн көбөйүүсүнүн себептеринин бири ушунда деп айтууга болот.

-Сиз кандай ойлойсуз, өнөкөт оорулары бар жарандар медициналык жардамсыз калгандыгына ким күнөлүү?

-Менимче, бул жалгыз эле Саламаттык сактоо министрлигинин эмес, жалпы өкмөттүн күнөөсү. Бизде өлкөдө коронавирус менен күрөшүү үчүн курамына баардык министрликтер менен ведомстволор кирген Республикалык штаб негизделген. Штабды премьер-министр жетектеген. Бирок маалымат алмашуу такыр жок болду, мисалы, штаб кабыл алган чечимдер тууралуу региондор маалымдалган жок. Көйгөй ушунда болду. Эсиңизде болсо, брифингдерде канча адамга оору жуккандыгы, кайсы региондордо жуккандыгы, саламаттык сактоо жана укук коргоо кызматтарынын канча кызматкерине жуккандыгы тууралуу статистикалар гана айтылып жатты. Бир дагы сектордо иреттелинген, координацияланган иш жүргөн жок.

-Ошондуктан өлүмдөр көп болдубу?

-Биздин өлкөдө өзгөчө кырдаалды, эпидемияны жана башканы божомолдоо системасы өнүккөн эмес. Бизде ӨКМ аталган божомолдорду жасап туруусу тууралуу өкмөттүн жобосу бар. Бирок ӨКМ андай божомолдорду берген жок. Саламаттык сактоо министрлигинин биринчи толкундун туу чокусу апель айына туура келет деген божомолу акталган жок. Биринчиден, бизде прогноз берүү системасы өнүккөн эмес. Экинчиден, биздин өлкөдө иштелип чыккан клиникалык колдонмолор менин оюмча өтө кеч каралып жатышты. Алгачкы клиникалык колдонмо 20-мартта иштелип чыккан жана ал өзүнө Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун баардык кеңешмелерин камтыган, ошондуктан жалпысынан, май айына чейин коронавирус жуктурган адамдар баардык керектүү орундар, дары-дармектер менен камсыз болгондугун билебиз. Жалпысынан, бул клиникалык колдонмо коронавирусту аныктоо жана дарылоодо калктын баардык муктаждыктарына туура келген. Бирок андан соң ооругандар көбөйө баштады. Жана кийинки клиникалык колдонмо 5-апрелде иштелип чыккан. Аталган колдонмого ылайык, коронавирус табылган гана жарандарды госпитализациялоо керек эле. Көйгөй ушунда болду. Ал эми клиникалык пневмония аныкталган жарандар госпитализацияланбай жатты.

Апрель айында ДСУ дартты аныктоодо жана дарылоодо, ошондой эле госпитализациялоо боюнча коддорду сунуштагандыктан, пневмония менен коронавирустун байланышы тууралуу баардыгы билишкен. Биринчи код- биз айтып жаткан тест аркылуу аныкталган, ал эми экинчиси- клиникалык көрүнүшү болчу. Бирок биздин өлкө ал коддорду июль айында, оору туу чокусуна жеткенде гана кабыл алды. Орусиялык адистер келишти. Анда биздин өкмөт төртүнчү клиникалык колдонмону иштеп чыгып, ага ылайык пневмония дагы адамды госпитализациялоого негиз экендиги айтылып, жарандарды дарылоодо антикоагулянттар менен башка препараттар дагы киргизиле баштаган. Демек, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коддорду апрелде берсе, биздин мамлекет аларды июль айында гана кабыл алган, ошондуктан статистика жапырт көтөрүлүп, адамдар ооруга массалык түрдө чалдыгып, өлүмдөр көбөйгөн. Биз кабыл алган чеим кеч болгондуктан, адамдар көп каза болду. Андан сырткары, 11-майдан тарта экономикалык субъектилердин ишмердүүлүгүн жандандыруу боюнча чечим кабыл алынган. Бирок кайрадан эле эч кандай божомолдор болгон эмес. Жөн гана ачып коюууну чечишкен. Ал эми анын баардыгы божомолдонуп, алар ишин жанданткандан кийин вирус канчалык деңгээлде жайылаары эсептелиши керек эле да. Ооруну жуктуруунун жана өлүмдүн көбөйүүсүнүн себептеринин бири ошондо дагы болду.

-Изилдөөдө ошол мезгилдин тенденциясы- психикалык жактан дени сак эмес мүчөлөрү бар үй бүлөлөрдө зордук-зомбулуктун көбөйгөндүгү дагы чагылдырылган. Эмнеге андай болду?

-Бизде үй бүлөдөгү зомбулук көйгөйү латенттүү. Көпчүлүк учурда үй бүлө анда болуп жаткан уруш талаштарды сыртка чыгаргысы келбейт. Ооба, биздин изилдөөдө ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга, балдарга жана аялдарга карата болгон зомбулук көбөйгөн деп белгиленген, өзгөчө андай учурлар аралыктан окутуу мезгилинде өтө көп байкалган, анда ата-энелер дагы балдарына жардам бере албай, зомбулук учурлары көбөйүп, балдар арасында өз жанын кыйгандардын саны өскөн. Ошондуктан аярлуу катмардагы жарандарга карата болгон зомбулук көбөйгөн. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматына карасак, ошол күндөрү балдардын 111 ишеним номерине болгон чалуулар көбйөгөн. Тагыраак айтканда, баардык жарандарга карата болгон зомбулук көбйөгөн деп айтууга болот.

-Изилдөөдө дары-дармектерге болгон баалар 3-4 эсеге кымбаттаган деген факты айтылат. Ал эмнеге байланыштуу болгон?

-Пандемия учурунда «эпилепсия» дарты бар балдар катуу жапа чеккен. Биринчи балдар хосписинин жетекчиси Ольга Турханова аталган көйгөйдү активдүү көтөтөрүп, чек ара жабылганга чейин баасы мисалы 3 миң сомду түзгөн дары-дармектер карантин учурунда 9 миң сомго чейин жогорулап кеткендигин айткан.  Кийин ал дары-дармектерди алып келүүгө мүмкүн болбой калганда, кээ бир фармкомпаиялар алардын баасын 21 миң сомго чейин көтөргөн. Мисалы, Чехияда өндүрүлгөн бир дарылык каражаты бар, жана аны биз ошол өлкөдөгү элчиликтин кызматкерлеринин күч аракетинин жардамы менен гана алып келе алдык, анткени аталган дары бул категориядагы балдар үчүн суудай керек.  Дары келди, бирок бажыдан өткөрүү тозокко турду. Мамлекет кандайдыр бир учурда кырдаалды жөн гана жайына коюп койду. Анысы аз келгенсип, дарылык каражаттарга болгон бирдиктүү баа болгон жок, эгерде бир дарыканада бир дары каражаты 100 сом турса, экинчисинде ошол эле каражат 300 сомдон сатылып жатты. Мунун айынан, дары-дармектерге муктаж болгон жарандар шаарды тегеренүүгө аргасыз болуп жатышты. Ал эми унаасы жокторго эки эсе оор болду, анткени алар шаарды жөө кыдырууга аргасыз болушту. Андан соң кайсы бир учурда дары дармектер такыр түгөнүп калды. Дарыга муктаж болгондорго алар дарыканага келгенде түнү менен чалып билдирип, эл ошентип айласын таап жатты. Андан сырткары, дары-дармектерге болгон спекуляция дагы өтө көп байкалып жатты. Мисалы, «Клексан» дарысына болгон баа карантинге чейин 3000 сомдун тегерегин түзсө, спекулянттар тарабынан 8-12 миң сомго сатылып жатты. Кыскасын айтканда, дары-дармектер менен болгон көйгөй өтө курч турду жана мамлекет ал көйгөйдү жөнгө салууга эч кандай аракет көргөн жок.

-Изилдөөгө ылайык, гуманитардык жардамды алууда бюррократиялык көйгөйлөр болуп жатты деген маалымат бар. Эгерде көп балалуу ата-энелердин документтери менен көйгөй болуп калса, алар гуманитардык жардамды ала албай калган учурлар болуптур. Кандайча ошондой болуп калды?

-Биздин баардык респонденттерибиз гуманитардык жардам адилетсиз таратылгандыгын белгилешти. Алардын айтымында, айрым үй  бүлөлөр жардамды бир да жолу албаса, айрымдары 2-3 жолудан алган. Өзгөчө легалдуу эмес конуштардын жашоочулары. Негизинен, алардын баардыгы Бишкекке карайт жана бираз да болсо жардам алуу үчүн өтө чоң аракеттерди жумшашкан. Анан, МАБ тарабынан коррупциялык тобокелчиликтер болгондугу белгиленген.  Бир айымдын айтып берүүсү боюнча, алардын конушуна жардам келгенде, башкармалыктын өкүлү аны өзүнүн адамдарына таратып, ал эми көп балалуу энелер эч нерсе албай калган. Жардам экинчи ирет келгенде, аялдар ызы-чуу чыгарышкан, ал эми башкарма качып кеткен. Көңүл кош эмес жарандар жардам бергиси келип, бирок каякка жана кимге берүүнү билбей, жардамды жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө тапшырган учурлар дагы болгон.  Бийлик өкүлдөрү баштыктарды таратышканы менен, анда тиги же бул азык-түлүктөр жок болгон.  Бул көйгөйдүн баардыгы гуманитардык жардамды таратууда мониторинг жана көзөмөл жок болгондугунан улам пайда болду.  Көптөгөн ишкерлер жардам бергиси келген, бирок ечким чындап муктаж болуп жаткандыгын билишкен эмес. Алардын баардыгы муктаж үй-бүлөлөр кайсы конуштарда бар экендигин көрсөткөн платформа же интерактивдүү карта болсо жакшы болмок деп айтышты.  Андан сырткары көпчүлүк гуманитарык жардам калктын муктаждыктарында негизделген эмес деп белгилешти.  Мисалы, бир чоң апа айтат: «Мага бир мүшөк ун алып келип беришти, бирок мен аны менен эмне кылышты билбейм, анткени колдорум иштебейт. Андан көрө бир килограмм картөшкө беришсе болмок».

-Сиздин изилдөөңүздүн көптөгөн респонденттери мамлекет жардамды азык-түлүк менен эмес, акча менен берсе, эл муктаж болгон нерселерин өзү эле алып алмак деп билдиришиптир. Сиз кандай гуманитардык жардамдын баштыктарын түзүүдө, мисалы конкреттүү азык-түлүктөрдү конкреттүү ташуучулардан гана алуу сыяктуу коррупциялык көрүнүштөр болду деп ойлойсузбу?

-Ачыктык жок болгондуктан, албетте, коррупция болу деп ой кетире алабыз. Эгерде азык-түлүктөрдүн ташуучулары ким, алар кантип тандалган, жардамга канча каражат сарпталгандыгы тууралуу толук маалыматтар болсо, мындай суроолор жаралбайт эле. бирок баардыгы купуя болгондуктан, күмөн саноо пайда болот. Элдер айтып жатышты: “Бизнесмендер, бейөкмөттүк уюмдар, ыктыярчылар тарабынан келген баштыктар абдан сапаттуу азык-түлүктөрдөн турган, ал эми мамлекет тарабынан берилген батыктардын ичине эң арзан кесме, эң арзан ун сыяктуу сапаты начар азыктар келип жатты”.  Биздин респонденттердин эсеби боюнча, мамлекет тарабынан ар бир баштык үчүн бөлүнгөн 1200 сомго баштыктын ичиндеги азык түлүктөр жетпей калып жаткан. Гуманитардык жардамдагы азык-түлүктөрдү базардагы баалар менен салыштыргандан кийин, бир баштыкка 500 сомдун продукциялары кире тургандыгы аныкталган. Албетте, эл баштыктарга бөлүнгөн каражаттар уурдалган деп ойлоп жатышты.

-Баардык жарандар жарандык активисттер менен ыктыярчылардын жардамы өтө чоң болду деп айтууда. Демек, бизде мүшкүл күн түшкөндө жарандарга жарандардан башка эч ким жардамга келбейт экенда?

-Адамдардын бири-бирине жардам бергендигин сөз менен жеткире албайсың! Бул процессте ыктыярчылардын жардамы баасыз болду. Калктын аярлуу катмарлары менен иш алып барган өкмөттүк эмес уюмдар өзүнүн багыттуу топторунун муктаждыктарын так билгендиктен, тез убакыттын ичинде сапаттуу жардам көрсөтө алышты.  Ыктыярчылар биринчи күндөн тарта уюшуп, жардам алуу үчүн каякка кайрылууга боло тургандыгы тууралуу маалымат таратып жатышты.  Мамлекет жарандардын телефондук чалууларды алуу үчүн 1227 линиясын ачты. Бирок элде паника башталганда ал номерге байланышуу мүмкүн эмес эле. Чалып ала алган күндө дагы, гуманитардык жардам алуу үчүн 2-3 апта күтүүгө туура келип жатты.  Кээ бирлердин айтымында, жарандарды тейлегендер жардам сурагандарга өтө орой мамиле жасап жатышыптыр.  Жардамга муктаж адамдардын чоң агымы жаралды, жана ошол учурда мамлекет аларга жардам көрсөтө алган жок. Бул тууралуу кечээ эле Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары менен талкуу жүргүздүк. Алар өткөндө кетирилген баардык каталарды эске алып, аларды кайталабоонун үстүндө иш алып бары, аларга социалдык жактан жардамга муктаж баардык жарандар кайрыла ала тургандыгын билдиришти. Кетирилген каталардын баардыгы эске алынса жакшы болмок.

-Изилдөөнү жыйынтыктай турган болсок, мамлекет, жарандык коом, жөнөкөй жарандар кандай сабак алышы керек?

-Санариптештирүүнү өнүктүрүү керек. Бул баардык тармактарга тиешелүү. Билим берүү тармагын дагы, анткени бизде аралыктан окутууда көйгөйлөр пайда болду. Социалдык коргоо жаатын дагы. Мисалы, пособияга муктаж аз камсыздалган үй-бүлө пособияны каттатуу үчүн жүздөгөн документтерди чогултуп жүрбөөсү керек. Адам ал кагаздардын баардыгын бир жерден, андан жакшысы онлайн ала алуусу үчүн аталган тармакты санариптештирүү керек. Ошол эле медициналык кызматтарга дагы тиешелүү.  Биз эбак эле телемедицина, онлайн кеңеш берүү, телефондук консультациялоо форматына өтүшүбүз керек болчу. Биз азыр баардык мамлекеттик кызматтарды ар бир жаранга жеткире алуубуз үчүн мүмкүн болушунча көп технологияларды колдонушубуз керек.  Санариптештирүү- бул негизги сабак. Экинчиси- маалымат. Башында биздин жарандар маалымат ала албагандыктан көйгөйлөр болуп жатты.  Көпчүлүк Ковид-бул грипп сыяктуу эле сезондук оору дер ойлосо, башкалары коронавирус жуктурсаң анда сөзсүз өлөсүң деп ойлоп жатышты.  Анын айынан паника көп болду. Ошондуктан мамлекет жарандарды вирус тууралуу, аны аныктоо, даарылоо жана алдына алуу тууралуу толук маалымдашы керек. Толугу менен. Анан биз калктын ар бир катмарынын өзүнө туура келген маалымат алуу каналдары бар экендигин эске алуубуз керек.  Жана ошол каналдар аркылуу маалымат берүүбүз керек. Мисалы, аймактарда Интернет жакшы өнүккөн эмес.  Демек аларга басма сөз аркылуу маалымат жеткирүү керек.  Качан адам толук кандуу маалыматка ээ болгондо, ал паникага алдырбай, эмне кылууну билип калат.  Үчүнчүсү- акысыз тестирлөө.  Оору менен ооруп бүткөн, жаңы жугузган жана ким менен байланышта болгондугун  аныктоо жана аларды изоляциялоо үчүн жапырт тестирлөө керек. Кытай ушундай жол менен кетти жана 2021-жылы ал коронавирусту толугу менен жок кылат.  Аларда азыр оору жугузган жарандар чанда гана аныкталууда. Бирок тестирлөө сөзсүз негизде акысыз болушу керек деп баса белгилеп кетким келет, өзгөчө аярлуу катмардагы жарандар үчүн. Болбосо алар тандашы керек болуп калат: же азык-түлүк алуу керек, же тест тапшыруу керек.

-Бул сабактарды мамлекет гана эске алышы керекпи?

-Биринчи кезекте мамлекет менен мамлекеттик органдар. Биздин мыйзамда мамлекет өз жарандарына кам көрүшү керектиги жазылган.  Андан сырткары, бизде эпидемия болгон учурда мамлекет жарандарын акысыз негизде дарылоосу керектиги тууралуу мыйзам бар. Бизде курамына баардык мамлекеттик органдар кирген штаб бар жана алардын башкы милдети- эпидемияны токтотуу жана жарандарга кам көрүү.  Бирок ар бир жарандын жана бүтүндөй коомдун социалдык жоопкерчилиги болушу керек.  Эгерде бизге коомдук жайларда беткап тагынуу керек деп айтылса, биз аны тагынуубуз керек.  Биз аны көңүлсүз калтырбообуз керек, анткени бүгүнкү күндө социалдык аралыкты сактоо менен беткап тагынуу вирустун жайылуусун азайтат деген далилденген изилдөөлөр бар.  Бул талаптарды аткаруу кыйынга деле турбайтго. Ошондуктан биз жоопкерчиликтүү болуубуз керек.

Даярдаган Лейла Саралаева

 
© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине