Коогалаңдын себеби – коррупция

22:27, 18 Октября 2020

Кыргызстанда 5 октябрьда шайлоонун жыйынтыктарына нааразы болуп чыккан адамдардын катышуусунда башталган тынчтык митинги массалык башаламандыкка өсүп кетти. Митингчилер Жогорку Кеңештин имаратын басып алып, аны тоноп-талкалап, өрттөп жиберишкен.

Бул окуяларга 4 октябрьда өткөн парламенттик шайлоо себеп болгон, анда парламентке бийликчил үч партия гана өткөн. Утулуп калган 12 партиянын тарапташтарынын айтымында, шайлоо одоно бузуулар менен өтүп, добуштар массалык түрдө сатылып алынып, административдик басым колдонулган.

Октябрдын 5нен 9на чейин созулган башаламандыктардын жыйынтыгында 1200 кыргызстандык ар кандай жаракаттарды алып, бир адам каза болгон. Ондогон жаш балдар көздөрүнөн ажырап, кээ бирлеринин буттары же колдору жулунуп кеткен. Укук уоргоо органдары имаратты резиналуу окторду жана кулак тундуруучу гранаталарды колдонуу менен коргошкон.

Митингдердин жыйынтыгында, БШК шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгаруу тууралуу чечимин кабыл алган. Ал эми адилетсиз шайлоо болгондугуна жол берген өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков кызматтан кетти.

Коррупция биздин коомду кислота сымал жеп койду 

Адилетсиз шайлоо, жумушсуздук, ошондой эле Кыргызстандагы жашоо деңгээлинин начарлыгы трагедиялык окуялардын детонаторлору болду.  Бирок башкы себеп – Кыргызстандагы жашоонун баардык тармактарына тарап кеткен коррупцияда.

Transparency International  Коррупцияны кабылдоо индексине ылайык, Кыргызстан эң паракорлошкон 50 мамлекеттин катарына кирип, 132 орунда турат.

БШК өкүлү Атыр Абдрахматова административдик ресурс менен добуштарды сатып алууну саясий коррупция деп эсептейт.

«Мыйзамдуулуктун талаптарын аткаруудан качып, талапкерлердин теңдүүлүгү принцибин бузуу, кызматтык абалын же каражаттарын колдонуу аркылуу мамлекеттик башкаруу органдарына шайланууну каалаган адам саясий паракорлукка барып жаткан болот. Саясий коррупция аркылуу тандалып жаткан адам өзү дагы паракорлошуп жаткандыгын түшүнүү керек. Жана ал адамдан кийин таза иштөөнү, мыйзамдуулукту сактоону жана коомчулуктун кызыкчылыктарына багытталган иш аткарууну күтүштүн мааниси жок. Анткени ал адмдын маңызы адегенде эле паракорлошкон болот».

Улуттук статистикалык комитетинин маалыматтарына ылайык, кыргызстандыктардын көпчүлүгү эң паракорлошкон орган катары Мамлекеттик Бажы кызматын эсептешет.

Акыркы жылы кыргызстандык журналисттер кыргыз бажысындагы коррупция, товарлардын контрабандасы жана бажы кызматынын жетекчилеринин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн укмуш бай жашоосу тууралуу бир катар резонанстуу иликтөөлөрдү чыгарган.

Жарандык активисттер бажы кызматынын жетекчилерин, алардын ичинде аталган органдын жетекчисинин мурунку орун басары Райым Матраимовду кылмыш жоопкерчилигине тартуу өтүнүчү менен өлкө башчы Сооронбай Жээнбековго кайрылышкан. Кыргызстандын коомчулугу эки жолу коррупцияга каршы митингине чыккан.

Кыргызстандын мамлекеттик кызматкерлери арасындагы коррупция фактылары тууралуу белгилүү жазуучу Чынгыз Айтматовдун кызы Ширин Айтматова өзүнүн Ютуб социалдык тармагындагы баракчасы аркылуу ачык-айкын айтып берип келген.

«Кыргызстанда көпчүлүгү өз каражаттары менен жашабайт, өзгөчө депутаттык мандаттры барлар. Экономиканын басымдуу бөлүгү көмүскөдө. 2020 жыл контрабанда менен күрөшүү жылы деп жарыяланса болмок, анткени контрабанда биздин коомду кислота сыяктуу жеп койду. Жана бул нерседен жок дегенде бир тыйын пайда көрүү мүмкүнчүлүгү бар адамдар ага макул болууга даяр, контрабанда биздин чек араларды жеп бүттү, контрабанда Жогорку Кеңеште сүрөмөлөнөт. Бул өтө чоң көйгөй, жана мен ойлойм, бул контрабанда менен болгон көйгөй чечилмейинче, ал болсо жүздөгөн миңдеген адамдарды багат, алдыга карай жылыш болбойт»,-деп билдирген Ширин бул жылдын башында.

Натыйжасында, Айтматованын жолдошуна карата кылмыш иши козголуп, ал СИЗОго камалгандан кийин, ал ачыктоолорун жасаганды токтоткон.

Паракорчуларды кылмыш жоопкерчилигине тартуу талаптарына президент Жээнбеков «Фактыларды бергиле!» деп жооп берип келет.

Укук коргоо жана фискалдык органдары Бажы кызматынын мурунку орун басары Райым Матраимовдун мүлкү менен ишмердүүлүгүн бир жылдан ашуун убакыт бою текшерген. Бирок мыйзамга каршы келген эч нерсе табылган эмес. Ал эми ошол учурда Матраимодун жубайынын кооз жашоосу тууралуу иликтөө жүргүзгөн журналист Болот Темировго кол салуу болгон.

Өлкө башчы болсо коррупция менен күрөшүү тууралуу такай негизде айтып келет.

«Биз коррупция менен күрөшүүнүн үстүндө катуу иштеп жатабыз.  Кандай багытта иш алып баруу керектигин жана кандай схемалар бар экендигин билебиз. Биз системалуу коррупция менен системалуу түрдө күрөшөбүз.  2018-жылдын июль айында коррупция менен күрөшүүдөн түшкөн каражаттар түшө турган эсеп ачылган. Азыркы учурда ал эсепке 800 миллион сом түштү.  Ал эми жыл башынан бери 5.5 млрд сом түшкөн. Улуттук банктагы коррупция менен күрөшүүдөн түшкөн каражаттар сактала турган эсептеги каражаттарды биз бала-бакчалардын жана мектептердин курулушуна жумшайбыз»,- деп билдирген жыл башында Сооронбай Жээнбеков.

Шайлоо жана коррупция

Шайлоо алдында ар бир партиянын  программасында коррупция менен күрөшүү тууралуу пункту болгон. Ар бир партия бул көйгөй менен күрөшүүнүн өз рецептисин сунуштаган. Алардын экөөсү төмөнкүдөй:

«Социал-демократтар» партиясынын өкүлү Темирлан Султанбеков билдирет: "Коррупция менен күрөш тандалма негизде жүрүп жатат: соттордо негизи жок болсо, тиги же бул адам коррупционер экендигин эч ким далилдей албайт. Ошондуктан, коррупция менен күрөшүү – бул көбүрөөк санариптештирүү, системанын тунуктугун камсыздоо, коррупциялык кылмыштарды жасоого мүмкүнчүлүк бербеген инновацияларды киргизүүдө деп ойлойм.  Ал жми биздеги азыр болуп жаткан нерсе – бул болбогон нерсе менен күрөшүү».

«Ата-Мекен» партиясынын мүчөсү Элдар Абакиров дагы өз ою менен бөлүштү: «Коррупция менен күрөшүүнүн рецептиси бар жана ал өтө жөнөкөй: эгерде мамлекеттик кызматтагы адам тапканынан көп акча корото турган болсо, аны жок кылуу керек. Сөзсүз. Эгерде анын айлык акысы 15-20 миң сом болсо, ал эми айдаган унаасы 50 миң долларлык боло турган болсо, андан ал унааны кайсы акчасына алгандыгы тууралуу толук отчет талап кылуу керек. Отчет бере албайбы – кош болсун. Жок эле дегенде. Болбосо, кылмыш ишин козгоо керек. Бул биринчиден. Экинчиден, адамдык факторун жоюу керек. Михаил Саакашвили Грузиянын мисалында Бажы кызматы кантип реформалангандыгын түшүндүрдү. Ал айтат: мен кызматкерлерди үч жолудан кызматтан алып, кайра ордуна койдум. Бирок карасам, алар кайра эле уурдап жатышты. Ошондуктан ал быжычыларды жөн гана жоюп салган. Алардын ордуна компьютерлерди, программалык камсыздоону, акылдуу камераларды койгон.  Болду, ошону менен коррупцияны жеңген.  Бизге дагы ошондой кылуу керек. Биз мамлекет менен коом жана бизнес тийишкен жерде адамдык факторду болушунча азайтуубуз абзел. Адам жок болсо, коррупция жок болот. Ушундай принцип».

Шайлоонун жыйынтыктары жокко чыгарылып, президент кызмттан кетип, жаңы парламенттик шайлоо 2021-жылдын 20-декабрына, ал эми президенттик шайлоо 17-январына белгиленгенден кийин, саясатка коррупцияны жеңе турчу жаңы күчтөр келет деген үмүт жаралды.

Ширин Айтматова: «Акаевдин мезгилинен берки тажрыйбага көз чаптыра турган болсок, бизде парламенттик же же президенттик шайлоо болору менен артынан мамлекеттик төңкөрүштөр болуп кеген, мен аларды революция деп атабайм. Шайлоого эмне деген акча коротулат, ал эми акырында баардыгы мурунку бойдон эле калат. Эгерде баары бир саясий дестабилизация болуп, мурунку президенттин мурунку айланасындагы кызматкерлер камалып, саясий куугунтуктоолор боло турган болсо анда шайлоонун эмне кереги бар? Анда жөн эле төкөрүштөрдү уюштура бербейбизби? Анткени шайлоого коротулуп жаткан ачалар жөн гана ыргытылууда. Кайрадан бийлик талашмай, мүлк таламшмай, рейдерлик басып алуулар болот. Бийликти тынчтык жолу менен өткөрүү болбогондон кийин, шайлоо кылып эмне кереги бар? Шайлоо ошол үчүн болотта! Биз кыргыздар, илгерки уруулардай болуп эле жашап келебиз, мына, бүгүн биз барабыз дагы, башкалардын бир нерсесин басып алабыз дегендей. Жана биз бизге инвесторлор келип, башкалар биз менен дүйнөлүк аренада эсептеше баштай турган деңгээлге эч качан жетпейбиз. Биз дагы деле бири-бирин, аны менен бирге өлкөсүн талкалаган уруулар бойдон калып келебиз».

Даярдаган Лейла Саралаева

 
© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине