Кеч боло электе кетип калган жакшы: үй-бүлөдөгү зомбулук тууралуу айтып жатканда эмне тууралуу билүү керек

23:54, 10 Декабря 2019

Эсиңе тутуп ал: «өзүм күнөөлүүмүн» деген нерсе болбойт

Үй-бүлөдөгү зомбулук-бул узак жана тутумдуу кыймыл аракеттер. Анын максаты- бийлик менен көзөмөл. Баардыгы аялды анын айланасынан алыстатуудан башталат. Ал физикалык эмес, манипуляциялоодон башталат: «Кел экөбүз көбүрөөк убакыт бирге бололу», «Сен курбуларыңа өтө көп убакыт бөлүп жатасың», «Сенин досторуң мени жактырбайт».

Андан соң алар тамаша түрүндөгү какшыктоолор, сын айтуу менен шылдыңдоого айланып, оор жаракаттар же өлүм менен аяктайт.

Эгерде менде өткөн кездеги өзүмө кандайдыр бир кеңеш берүүгө мүмкүнчүлүгүм болсо, алар төмөнкүдөй болмок:

Бул адам өзгөрбөйт

Күчкө салуу, мазактоо, сындоо, айыптоо жана токмоктоо- бул адам менен сени ар дайым ушул нерселер коштоп жүрөт.  Мындай адамдар өзгөрбөйт жана алар менен болгон мамиледе кичине да болсо өзгөрүү болот деген үмүт жок.

Андай адамдардан кетүү керек.

Бир сокку жетиштүү

Ишен, бул чын.

Бул адам менен сени эч жакшылык күтпөөрүн түшүнүүгө бир гана сокку жетиштүү.

Токмоктоолор сөзсүз түрдө кайталанат. Ал эми сенде болсо «мен күнөөлүүмүн» деген жалган сезим пайда болот.

Ойлонсоң: сен такай стресс, тынчсыздануу жана бүлүнгөндүк абалында жашайсың.

Сенин баркыңдын жоголушу

Мындай адамдар-кесипкөй манипулятор болушат. Ал сөздөр менен ойлордун баркын кетирип, кемсинтет. Натыйжасында дал ошол сенин «пайдасыздыгың» физикалык агрессиянын себебине айланат. Акырында сен баары бир өзүң күнөөлүү болуп чыга келесиң.

Азыр болсо мен ал мамилелеримди дөңгөлөктөрүнүн жели чыккан велосипедди айдоо менен салыштыра алам.

Эмнеден башталат?

Баардыгы бир караганда маанисиз көрүнгөн тамаша, шылдыңдоо, сындоолордон башталат. Адегенде алар тамашадай көрүнүп, кийин кемсинтүүлөргө өтүп, андан соң уруштарга айланып, акырыннда коркунучтуу агрессия менен аяктайт.

Агрессивдүү кызганыч. Келе жаткан зомбулуктун эң чоң белгилеринин бири. Кээ бир учурларда мен досторум менен бир жактарга чыгып, оозумду кызыл помада менен боеп, үй ичинде телефон менен сүйлөшө албай калганыма чейин жетчү.

Эгерде мен досторум менен жолугушууга барсам, такай телефондук чалууларга жооп берип турушум керек эле.

Күнөөнүн жоктугу. Эгерде кандайдыр бир көйгөй пайда болсо, ал ар дайым башка бирөөнү же башка нерсени күнөөлөчү. Андай адамдар, негизинен, өзүнө өтө көп көңүл бурушат.

Бул окуяда жада калса башкармалык тарабынан айтылган сын дагы тийген окко барабар кабыл алынып, ал эми сындаган  «дүйнөдөгү эң акылсыз адамга» айланчу. Убакыт өткөн сайын көйгөйлөрдүн себеби мен болуп саналып калдым.

Мындай ойду кабыл алуудан баш тартып же туура эмес деп айткандыгым үчүн мен көпчүлүк учурда «уруштун провакатору» болуп табылчумун.

Унутпагыла, сизди каалооңузга каршы жыныстык катнашка ма жбурлаган ар бир кырдаал сизге карата жасалган сексуалдык зомбулук жана эксплуатация катары эсептелинет.

Эки маңыздуу стандарттар. Элдин көзүнчө мен мактоолорго татып, жашоом жакшы болуп жаткандай көрүнчүмүн, ал эми үйдө болсо уруш, кемсинтүүлөргө туш болчумун.

Аялдарга болгон сылык эмес мамиле. Көпчүлүк учурда менин оюм шылдыңдоо менен кабыл алынчу. Мен тасма көрүүдө, музыка угууда же тамак жасоодо тандоом жок эле. Башка адамдардын көзүнчө дагы ал менин сөзүмдү үзүп, орой сүйлөй алчы.

Аялдарга болгон терс мамиле. Ал аял ийгиликке жетише албайт деп ишенчү. Мен жумушта ийгилик жаратсам ал кынтык издеп, кийин ал кызганыч туудурчу.

Достор менен баарлашууну чектөө. Бул нерсе ага дароо жаккан жок. Ал бир да баарлашууга оң көз карашта болгон жок. Үйдө отурган кезде ал андай баарлашууларга агрессивдүү мамиле кылчу. Ал эми мен бир жактарга чыкканда кийин үйгө келгенде кайда ким менен жүргөндүгүм тууралуу суроолорго жооп берүүгө даяр болушум керек эле.

Андай адамдардан эмнеге кетип калышпайт

Үй-бүлөдөгү зомбулук туюк айлампа сымал: ал мезгил-мезгили менен болуп, акырында рефлекс катары иштеп калат.

Зомбулук. Кыргызстанда каякка кайрылууга болот

Телефон 112

Телефон 111

«Сактануу айлампасы» мобилдик тиркемеси

https://play.google.com/store/apps/details?id=com.smartylab.android.openline

Аталган материал БУУнун Өнүктүрүү Прграммасынын колдоосу менен «Тынымсыз байланыш» «Гендердик зомбулукту чагылдыруудагы инновациялык медиалар» Коомдук фонддорунун долбоорунун алкагында даярдалды.

 
© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине