«Майрамдык килограммдар»: «кышкы» ашык салмактан кантип арылса болот?

16:00, 28 Января 2018

Сейдана Акунова тарткан сүрөт

Бул нерсе бардык аялдарга (моюнга алышыбыз керек, экркектерге да) тааныш болушу керек: январь аяктап калды, эртең-бүрсүгүнү жаз да келет, ал эми “жаңы жылдык” курсак майрамы дагы деле уланууда. Көптөн жеп тамактануу адатка айланып,  мурда кийип жүргөн кийимдер болсо тар болуп калды.

“Жаңы жүздөр” редакциясында да “жаңы жылдык майрамдоонун” курмандыктары бар. Ошондуктан биз мындайда эмне кылуу керектигин билиш үчүн адистерге кайрылып көрөлү дедик.  

“Майрам күндөрү бардыгын ченеми менен кылыш керек” деген кеңештерди дароо эле четке кагабыз. Кеч болуп калды. Майрамдар өтүп кетти, юбка болсо кысып жатат. Ашык килограммдар факт болуп калганда, мурдагы салмакка келүүнүн жолдорун караштыралы.  

Дүрбөлөңгө түшпөгүлө!

Таңгалычтуусу, диетологдордун мындайда биринчи айткан кеңеши... дүрбөлөңгө түшпөө экен. “2-3 жумада оңдогонго мүмкүн болбогондой семирип кетүү мүмкүн эмес. Бардыгы бат эле өз калыбына келет, негизгиси, жаман ойлорго алдырбаш керек. Көңүлү чөккөндөн бир дагы адам арыктап, чырайына чыгып кеткен жок”, - дейт Бишкектеги диетолог жана психолог Наталья Даль. “Катуу чаралар, чукул чектөөлөр сизге зыян эле алып келет. Шашпагыла. Өтө эле шашуунун зарылчылыгы жок”, - деп улантат Наталья.

“Евразиялык” атактуу диетологдор да Натальянын айткандарын тастыкташат. Эгер каникулдун убагында сиз организмге зыяны көп тамактар менен тамактансаңар, кадыресе режимге шашпай, акырындан кайтыш керек дейт Орусиялык медициналык илимдер академиясына караштуу Тамактануу клиникасынын диетолог-врачы Елена Чедия. “Майрам күндөрү пайда болгон ашык килограммдардан майрамдан кийин бат эле арылам деп убара болбогула. Анткени булчуңдарга доо кетиши мүмкүн, мындан жакшы эч нерсе чыкпайт. Мурдагы диетага акырындан өтүп, салмакты акырындан азайтыш керек”, - дейт ал.  

Эгер адам кайсы бир оору менен ооруса салмакты врачтын көзөмөлү алдында азайтыш керек деп белгилейт Елена. Мындайда өз алдынча аракеттенүүнүн кесепети жаман болушу мүмкүн.

“Жаңы жылдан кийин ашыкча килограммдардын пайда болушунун бир нече себептери бар. Биринчиден, туз. Анткени бир дагы жаңы жылдык майрамдык стол тузу көп тамак-ашсыз болбойт: туздалган бадыраңдар жана помидорлор, кайра иштетилген эттер (эттик деликатестердин бардык сорттору), сырлар. Туз организмде сууну кармап калат, а бул болсо салмактын өсүшүнө алып келет. Эми күнүмдүк тамактануудан туздуу тамактарды алып салсаңар, ашык килограммдардын жарымынан арыла аласыңар”, - деген кеңешин берет врач диетолог Ольга Кулевская.

Майлуу жана куурулган тамакпы? Ченеми менен!

Экинчи себеби – май, деп эсептейт доктурлар. Майрам күндөрү майлуу тамакты жеп-ичүү салмактын өсүшүнө алып келет. Демек, менюдан майлуу тамактарды алып салабыз, күнүнө 5 жолу тамактанабыз (эртең мененки тамактануу, түшкө чейин дары бир тамактануу, түшкү тамактануу, түштөн кийинки тамактануу жана кечки тамактануу). Бир отурганда 200-250 граммдан ашык тамак жебеш керек. Күнүнө 2 литрден кем эмес суюктук ичүү зарыл. Бир жумадан кийин бардыгы калыбына келет дешет. Жок дегенде майрамдарга чейинки абалга чейин.

Майрамдардан кийин пайда болгон ашык салмактан арылыш үчүн, биринчи кезекте, бир күндүк аз тамактанууну уюштуруу зарыл. Аны үчүн жумасына жок дегенде бир күн майлуу жана углеводдорго бай тамактарды жебеш керек болот.

Ачка отуруу да жарабайт. Организм алган калорийлерди кескин азайтуудан адамдын абалы начарлап, бетинин өңү өзгөрүшү мүмкүн. Майрамдык менюдан акырындан чыгуу керектигин унутпагыла. Аз тамактануу күндөрдүн ар-түрдүү рецептери бар. Биз редакцияда кесипкөй адистердин айткандарына гана көңүл бурганга аракет кылабыз. Ушундай кылууну силерге да сунуштайбыз.

“Эң жакшыларынын бири – күрүч менен тамактанган күн. Аны үчүн бир стакан сүрүп жылмаланбаган күрүчтү бир нече ирет жылуу суу менен жууп, тузу жок бышырыш керек. Бышкан күрүчтү 8 бөлүккө бөлүп аны менен бир күн тамактануу зарыл. Ошондой эле бул күнү 2 литр суу ичүү керек. Аларды алмак-салмак ичип-жеген туура болот: мисалы, таңкы 8де күрүчтүн бир бөлүгүн жегиле, саат 9да бир стакан суу ичкиле, 10до – күрүчтүн дагы бир бөлүгү, 11де – дагы бир стакан суу ж.б.д.у.с. Күрүч – калорийлиги аз азык. Эгер бир күн күрүч гана жеп, сууну гана иче турган болсоңор организм айласыздан өзүндөгү майды колдоно баштайт. Ушундай күндө бир килограмм салмактан арылсаңар болот.

Башка аз тамактануу күндөрүн да колдонсоңор болот. Мисалы, белоктук. Териси жана сөөгү алынган тооктун этин сууга бышырып алгыла. Аны алты бөлүккө бөлүп, бир күн аны менен гана тамактангыла. Суу ичкенди унутпагыла – ал 2 литрден кем эмес болушу керек. Тооктун эти белоктун булагы болуп эсептелет, аны иштетүүгө организм көп калорий коротот. Мындай күн 700-800 грамм салмактан арылганга жардам берет.

Же болбосо бир күн “Щетка” деген салат менен тамактангыла. Сүргүчтүн жардамы менен 0,5 кг ашкокту (сельдерей), 0,5 кг сабизди жана 0,5 кг кызылчаны майдалагыла. Салатты 8-10 бөлүккө бөлүп, бир күн аны менен тамактангыла. Ага кошумча 2 литр суу. Чийки жашылчаларда ичеги-карын эрите албаган булалар көп,алар көөп чыгып, щетка сымал ичегилерди тазалап чыгат.

Ошондой эле “ачуу” аз тамактануу күнүн колдонсоңор болот. Бир күн ичинде 5 грейпфрут жеп, 10 чыны көк чай ичкиле (саат 8ден баштап ар-бир саат сайын жарым грейпфрут жеп, анын артынан бир чыны көк чай ичкиле). Грейпфруттун дагы, көк чайдын дагы даамы ачуу болуп, ал адамдын ачка сезимин азайтат. Бирок боору ооругандарга бул ыкма жарабайт”, - дейт Ольга Кулевская.  

Ал эмес балетте да...

Дагы эмне менен өзүбүздү кубанта алабыз? Эртең менен жасалган жарым сааттык дене көнүгүүлөрү да максатыңарга жетүүгө жакшы өбөлгө. Ич жана сан булчуңдары үчүн көнүгүүлөрдү бир нече жолу жасасаңар, бир нече күндөн кийин эле алардын жыйынтыгын көрө аласыңар. Эгер лифтти колдонбой тепкичтер менен чыга турган болсоңор, спорт залга барбай койсоңор деле болот. Негизи, жөө баскан жеңил эле, бир гана ага бир аз көнүш керек.

Жазында кейип калбаш үчүн дагы кайсы “кышкы” эрежелерди сакташ керек? “Телевизор алдындагы тамактануудан” арылгыла (алаксып кетип, байкабай көп жеп алышыңар мүмкүн). Кечинде дивандан туруп колуңарды, бутуңарды ары-бери кыймылдатып койгула... муну гимнастика деп да айта албайсың, а бирок а да пайдалуу. Чакан тамактын порцияларына өткүлө, аздан бирок бат-баттан жеген туура болот. Эч нерсени түгөтө жебегиле. Майрамдык салаттар түгөндү, калгандарын “бузулуп кетпесин” деп жебегиле. Дегеле, табит жок болуп тарганда жана да компания үчүн, кылар иш жок болуп, зериккенде, же китеп/журнал окуп жатып, же компьютердин алдында отуруп тамактанганды токтоткула, алдыгы колуңардагы бутербродду да ары коюп койгула.

Бир күн ичинде эмне жегениңерди жазып, каттай баштасаңар болот. Бул адамды эсине келтирип, тартипке салат. Көп учурда, биз тамактандык деп да эсептебеген кичинеден “ооз тийгендерибиз” жыйналып келип чоң “кулинардык романга” айланат. Сандарыбызды да салмактантат. Кичинекей тарелкаларды колдонгон оң (андагы тамак чоң көрүнөт). Тамакты майда-майда бөлүктөргө бөлгүлө – көзгө көп көрүнөт. Дүкөндөн сатып келген тамакты таңгагынан бошотуп, талинкеңерге чакан порция кылып салып алгыла.

Бул кеңештерди колдонсоңор – баары жайында болот. Бирок ушул чектөөлөргө да жарабасаңар, анда башка ыкма да бар – көп сейилдегиле! Доктур көп сейилдегиле дейт. Ошондо салмагыңар калыбына келет. Баарыңарга ден соолук жана жакшы маанай!

Даярдаган Мария Никитина

© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине