Жаз келатат: ден-соолукту кантип чыңдаш керек

19:58, 2 Марта 2018

Өткөн кыш өзгөчө катаал болуп, кыргызстандыктарды катуу кыйнап койду.

Бирок жашоо уланууда, жаратылышытын жанданышы менен биз дагы жаңы дем, күч-кубат менен ишке киришибиз керек болот. Бирок оор кыштан биз ден-соолугубуз начарлап, алсырап чыктык.

Эмне жолтоо болууда?

Жаз алдында эмне кылышыбыз керек? Адистердин кеңештерине кулак төшөп көрөлү. Адамдын организми жылдын суук мезгилин начар көтөрөт, бул мезгилде адам көбүрөөк имараттын ичинде болуп, күчтүү, майлуу тамактарды жегенге аргасыз. Ошондуктан кыштын аягында дээрлик бардык адамдар өзүн алсыз сезип, иммунитетти да, сырткы келбети да ойдогудай болбой, начарлап калат. Анын себеби, кышкы күндөрү адамдын организминде бир топ токсиндер, шлактар топтолуп калат, алар канга аралашып ден-соолугубузду начарлатат. Эң биринчи кезекте алардын арылышыбыз керек болот.

Анын толтура жөнөкөй, бирок эффективдүү жолдору бар. Алардын көбүн тер менен чыгарса болот. Аны үчүн адамдын терисиндеги тер чыгуучу тешиктерди кеңейтип, уулуу заттарды “чыгарууга” мажбурлаш керек. Илгери аны үчүн буукананы (парилканы) колдонушчу. Бууга жакшы ысыган териден бир сеанс учурунда бир литрге жакын тер чыгат, анда уулуу заттар көп болгондуктан, аны жакшылап жууп салуу абзел. Эгер дарактардын жалбырактуу бутактарынан жасалган чапкычты колдонсоңор – натыйжалуулугун андан да жакшы болот. Сауна дагы жарайт. Бир айдын ичинде төрт-беш жолу бууканасы бар мончого бара турган болсоңор – өзүңөрдү жакшы сезип каласыңар. Бирок, эскерте кете турган нерсе, жүрөгү ооругандарга, кан тамырынын басымы жогору болгондорго, кан тамырларында маселелери барларга бууканага киргенден этият болгону абзел. Алгач доктурлар менен кеңешкиле.

Күндө көнүгүүлөрдү жасаганга аракеттенгиле. Башында жөнөкөй көнүгүүлөрдү кылып, андан соң оорураактарына өткүлө. Булчуңдардын чыйрак болушу кыштан жазга жеңилирээк өткөнгө жардам берет. Бул өзгөчө адам отуруп иштеген жумуштагыларга жана да кыш айларында бир аз толуп алгандарга тиешелүү.

Ал эми бул мезгилде узак мөөнөттүү диеталарга отурганга жарабайт дешет доктурлар. Витаминдердин жана керектүү азыктардын жетишсиздигинен адамддын башы ооруп, башы айланышы мүмкүн.

Тамагыңар таттуу болсун!

Кыштан кийин бардык процесстерди калыбына келтириш үчүн ораганизмибиз витаминдерге катуу муктаж болот. Керектүү витаминдерди алыш үчүн сөзсүз эле фармацевтикалык витаминдер комплекстерин ичүүнүн зарылчылыгы жок. Болгону бир нече (2-3) күн чийки жашылчалар жана жер-жемиштер менен гана тамактануу жетиштүү болот. Эгер өзүңөрдү ачка сезсеңер, эртең менен каша, түштө жеңил сорпо ичсеңер болот, бирок башка убакта – чийки жашылчалар менен жер-жемиштерди гана жеш керек.

Эрте жаз – табигый адаптогендерди – женьшенди, элеутерококкту, лимонникти кабыл алганга эң жакшы маал. Жазында организмди тонуста кармап турганга алтын тамыр (родиола), тикенектүү элеутерококк, манжур аралиясы, бугу тамыры (левзея) да жардам бере алат. Бул чөптөрдүн тундурмасы организмдин өз мүмкүнчүлүктөрүн колдонуу менен иммунитетти бекемдеп, күч-кубатты калыбына келтиргенге жакшы каражат. Кыштан кийин жалпы организмди чыңдаган каражаттардан баштагыла. Жыйынтыгын бат эле сезе баштайсыңар.

Тамактанууга көңүл бургула. Күнүнө үч маалдан кем эмес тамактануу керек, рациондо жетиштүү түрдө жашылча, жер-жемиштердин болуусу зарыл. С витаминине бай продуктуларга: карагатка, чычырканакка, крыжовникке басым кылгыла. Булардан жакшы чай, шербет, кыямды жасаса болот. С витамини пиязда да көп. С витамини адамдын сергек жүрүшүнө, организмдин ар-түрдүү инфекциялык оорулар менен күрөшүүсүнө, жана да көптөгөн пайдалуу заттарды синтездеп иштеп чыгышына жакшы өбөлгө.

Колбасалардын, чипсылардын ордуна кургатылган өрүктөрдү, жүзүмдөрдү, финиктерди, кара өрүктөрдү жеген пайдалуураак.

Организмдин коргонуу күчүн бекемдегенге төмөнкү нерсе жакшы жардам берет: бирдей өлчөмдө кургатылган жүзүмдү, өрүктү жана жаңгакты алып, аларды бал менен аралаштырыш керек. Бир ай бою күнүнө үч чоң кашыктан жеп туруу зарыл. Ит мурунда да С витамини көп.

Витаминдүү чайдын бир рецепти: 1 чоң кашык ит мурунду, 1 чоң кашык четиндин (рябина) мөмөлөрүн жарым литр кайнак суу менен куюп, эмалы бар идиште капкагын жаап бир саат кармоо керек. Даамына жараша бал кошуп чай чыяктуу ичсе болот.

Уйку жана таң

Жазында уйкунун режимине да көңүл буруш керек. Эмки күнү мурдагысынан узунураак болгон күндөргө организмдин даярдыкта болушуна өбөлгө түзөт. Телевизордун же монитордун алдында азыраак отуруп, жатаардын алдында көбүрөк басып, сейилдегенге аракет кылгыла. Эгер уктай албай кыйналсаңар, жатаарга жарым саат калганда жылуу сүткө балдан салып ичкиле. Уйкуңар жакшы болот. Мындайда дүлөй чалкандын (пустырник) тундурмасын да пайдаланса болот. Аны жатаарга бир саат калганда жарым стакандан ичиш керек.

Күндө эртең менен душ кабыл алгыла. Суу бир аз гана муздагыраак болгону оң. Мындай душ адамды шалдыраткан уйкусураган абалдан жакшы арылтат. Бара-бара организмди чыңай баштагыла, бирок аны дароо кылбагыла, анткени ал кышында бир аз алсырап калган болушу мүмкүн.

Айлана-чөйрө

Кыштын кунарсыз күндөрүн жаздын түстөрүнө алмаштыргыла. Алгач кийимиңерден баштагыла, андан кийин үйүңөрдүн ичине көңүл бургула. Эң жаркын, позитивдүү түс болуп кызгыл сары түс эсептелет. Бул түс күндүн жарыгын жана жылуулугун элестетет.

Эс алууну билбей иштей бере турган болсоңор бир күнү организмдин бардык мүмкүнчүлүктөрүн түгөтүп, такыр иштей албай калышыңар мүмкүн. Аны болтурбаш үчүн, жасала турган иш канчалык көп болбосун эс алганга жумасына жок дегенде бир күн таап, ал күнү иштен башкасынан каалаганыңарды кылгыла. Иш көп болуп катуу иштеп жатсаңар ар бир саатта он мүнөттүк тыныгуу кылып тургула. Бул он мүнөттү активдүү өткөргөнүңөр жакшы – кыймылдап кайсы бир көнүгүүлөрдү жасагыла, же көзүңөрдү машыктыргыла, бөлмөдө ары-бери баскыла, бүт денени бошотуп, жөн эле отуруп эс алган да пайдалуу. Кечинде бутуңарды сүйрөп калбайын десеңер, түштө сейилдеп басып келгенге жок дегенде жарым сааттык убакыт тапканга аракет кылгыла.

Эгер айлаңардагы бардык нерсе сизге комсоо көрүнүп, көңүлүңөр чөгүп турса, күчүңөрдү жыйнап, жашоого башкача караганга аракеттенгиле. Жарык маанайда болуу адамга пайдалуу: сизге жаккан кайсы бир жакшы нерселерди эстеп, ал тууралуу ойлонуп жатып, адатынча бирөөнө жашоого даттанганды унутуп калганыңарды байкайсыңар. Өзүңөрдү жөндөн жөн жемелей бергенди таштагыла, кечке чейин кайталап уга берген музыканы же ырды жаңыларына алмаштыргыла. Эгер бу да жардам бербей, өз күчүңөр менен жашоого сергек караганга жете алабсаңар, анда психотерапевтке кайрылгыл: ушундай мезгил алмашкан убактарда депрессия күчөйт. Көбүнесе бул жылдын мезгилине байланыштуу, бир аз чыдай тургула, жакында жер бети жашыл тартып, бардыгы өзгөрө баштайт.

Көңүл көтөрүш үчүн эфирик майларды колдонгула, аба аркылуу кирген заттардын таасири, суу менен ичкенге караганда 20 эсе батыраак таасир бере баштиайт эмеспи.

Эфирдик майларды колдонуу боюнча кеңештер:

- Иммунитетти көтөргөнгө анистин, жытту гүлдүн (гвоздиканын), чай багынын, имбирдин, иссоптун, кедрдын, корицанын, кипаристин, лимондун, арчанын, душицанын, жапалак көкөмерендин, эвкалиптин майлары жакшы.

- Мээнин иштешин жакшыртыш үчүн жалбыздын, райкандын, лимондун, жасминдин майын колдонгула.

- Уйкусураган абалдан чыгып, өзүңөрдү сергек сезгиңер келсе бөлмө розмарин, райкан же тимьян менен жыттанып турганы сонун.

- Эгер компьютердин алдында көп отура турган болсоңор розмариндин майы пайдалуу. Ал адамдын сандарды жана образдарды эстеп калуу жөндөмүн жакшыртат, ошондой эле ал эркин радикалдардын пайда болушунун алдын алат.

Даярдаган Мария Никитина

Сүрөт Сейдана Акунованыкы

© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине