Биздин турак-жайдагы көгүлтүр от

11:05, 18 Февраля 2015

Жаратылыш газын экспорттоо боюнча россиялык монополист Газпром Кыргызстандын газтранспорттук системасына убада  кылган 20 миллиард рублдин ордуна 34 миллиард рублге инвестиция бермекчи. Бул туурасында Газпромдун жетекчиси Алексей Миллер Бишкекте билдирди. 

Кыргызстанга болгон Алексей Миллердин сапары (жарым жылда алгачкы эмес) жана инвестицияларды көбөйтүү убадасы, орусиялык финансы туруксуздугунун, мунайга болгон баанын дүйнө жүзүндө кескин түшүп кетишинин алкагында чындап эле орусиялык бизнес, мурдагы Советтер Союзундагы өнөктөштөрүнө багыт алгандыгын эксперттер билдирет. 

Газпром республиканы 2030-жылга чейин  газ менен камсыздоо боюнча негизги бүтүмүн даярдап, ошондой эле 2015-2017 жылдарга үч жылдык инвестициялык программасын иштеп чыгып, эки кагаз менен тең өкмөттүн кезексиз жыйынында тааныштырды. 

Газпром каражатты магистралдык түтүктөрдү кайра курууга, бөлүштүрүү тармагына, компрессордук станцияларга, республикадагы газмотор күйүүчү май өндүрүү үчүн аянттарды даярдоого жумшамакчы. 

Айта кетсек, Газпромдун адистери Кыргызстандын автотранспортун газмотор күйүүчү майына өткөрүүнү сунушташат. Бул тууралуу «Газпром Промгаздын» башкы директору Юрий Спектор айтып берди. 

 Май куйуучу жайларды куруу үчүн алар дайым май менен толук  камсыз болушат деген ишеним болуш керек. Премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин айтымында, май куйуучу жайлардын курулушу «Газпромдун» Кыргызстандагы ири долбоорлорунун бири жана өкмөт бул ишке чоң үмүт менен карайт. 

«Долбоор чоң мааниге ээ, себеби бул сарамжалдуу жана экологиялык жактан да ыңгайлуу. Бул багыт шаарлардагы бюджеттин кажатын үнөмдөп, айыл-чарбасынын натыйжалуулугун көбөйтөт»- дейт Оторбаев.

Газпромдун максаттары абдан кызыктуу. Кыргызстандын баардык областтары көгүлтүр от менен камсыз болушат деп убада берди премьер. 

«Газ менен камсыздоо боюнча негизги документ алдында так инвестициялык программа бар, ал үч  жылга 2015-2017 жылдарга каралган. Инвестициянын көлөмү сом менен 45,5 миллиарды түзөт»- деп Миллер журналисттерге өкмөттүн жыйынынынан кийин билдирди. 

Андан соң Миллерди Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев кабыл алды.  «Биз көгүлтүр от менен камсыздоону азыркы 27% дан 60% чейин көтөролү деп турабыз. Иш баардык 7 областта тең бирдей жүрмөкчү. Ошондой эле биринчи жасай турган иштерибиздин так пландары бар, кайсыны кайра калыбына келтирип, кайсыларын куруу керектиги боюнча»- дейт Алексей Миллер жолугушуудан кийин журналисттерге. 

ОАО «Газпром» башкаруусунун төрагасынын айтымында, аткарыла турган алгачкы иш-чаралар кайра курууда жана газ системасын өнктүрдкөп нерсеге жетүүгмүмкнчүлк берет. 

«Инвестициялардын баардыгы так эсептелген. Биз аларды толугу менен жумшайбыз»- дейт Миллер. 

Сөз Кыргызстанда жаратылыш газын ташуу үчүн  магистралдык газ түтүктөрүн куруу жөнүндө болду. 

Эл аралык тенденция дйнжүзндө газ колдонуу өсүп жаткандыгын билдирет. Азыркы күндө эсептей келсек, регионалдык рынокто мунай колдонуу менен бир катарга чыгып жатат. Мындай Газпромдун берешендиги кайдан жаралды? 

Ар кандай жоромолдор бар

Кыргызстандагы жаратылыш газынын такталган запасы 6 млрд кубометрдин тегерегин түзт, бирок аны казуу кыйын жана кымбатка турат, ошол себептен казып алуу жыл сайын 20 млн кубометрди гана түзт, колдонуу 300 млн: айырма Казакстандан Өзбекстанга импорттолот.  Суук тшөөркөглтүр оттун бизге келиши азат. Анын үстнө республикада калктын төлөө жондомдуулугу жогору эмес, ал эми газ инфрструктурасы совет мезгилинде курулуп, эчак эскирип бүткн. Бизде эки гана жол бар эле-газ жолдорун же Орусияга же Кыйтага сатуу: башка сатып алуучулар коп кызыкдар деле эмес. Жыйынтыгында рынокко Газпром кирди. 

«Мунайдын жана кгүлтр оттун Кыргызстандагы запасы эч кандай коммерциялык кызыкчылыкты жаратпайт, бул болгону саясий долбоор»- деп эсептейт эксперт Владимир Парамонов. 

«Миллер саясий долбоорго катышпайт. Анын эч кандай кажети жок, себеби Кыргызстан эчак эле Евразиялык экономикалык биримдике кирүү боюнча кагазга кол койгон жана мындан артык эч ким эч нерсе сунуштамак эмес. Бул бизнес, орусиялык бизнес адамдарынын Батыштан кызыкчылыктарын мурдагы СССР лкөлрүнө бургандыгына байланыштуу»- дейт серечи Георгий Варкамов. 

Мисалга, бир жыл мурда зүнн лүшн «АрмРосгазпромдо» 100% көбйтүп, жаңы ишкана «Газпром Армения» деп аталып; «Газпром» 2,5 млрд кубометр газды арзандатылган баа менен берүү кепилдигин беришкен. Азырынча дурус. Чындап келгенде Газпром Кыргызстандын экономикасын коргой алабы? 

Кыргыз Республикасынын Орусия Федерациясындагы мурдагы элчиси Раимкул Аттакуров : «Кыргызстан үчүн Орусия  стратегиялык шериктеш жана  оноктош экендиги талашсыз. Кыргыз-россиялык соода-экономикалык кызматташтык белгилүү бир убакытка чейин бир калыпта өсүп өнүгүп жатты.  Тилеке каршы, дүйнөлүк экономикалык кризистен кийин жана 2010-жылдагы революциядан соң Орусия менен товар алмашуу төмөндөп кеткен. 

Кыргыз-орус биргелешкен экономикалык долбоорлор негизинен электроэнергетика жана газ тармактарына багытталган. Бирок менин жеке оюмча электроэнергетика ресурсттарын колдонууга багытталган долбоорлор келечектүү жана туруктуу болушу мүүүчүөлкөүн өкмөөрү макулдашкан инвестициялык саясатты иштеп чыгуусу керек, ал реалдуу экономика секторуна арналышы абзел. Ошондой эле, жаны атаандашууга туруктуу технологияларды биргелешип өнүүрүү зарыл. Кыргызстандын экономикасына инвестиция тартуу эки тарапка тең ңгайлуу болушу керек».

Экономикалык серечи Жумакадыр Акенеевдин ою боюнча, Кыргызстан Газпром менен кызматташуудан эч нерсе жоготпойт. «Бизде арзан баадагы кгүлтр от болот, эскилиги жеткен газ тармагын жаңыртып алууга мүмкнчүлк болуп жатат. Эң негизгиси баардык аймактарда газ болот, башкача айтканда Өзбек тарап каалаган учурда газды токтотуп кое албайт»- деп билдирет Акенеев. 

«Эгерде саясаттан сырткары экономика жөнндсүйлй турган болсок, анда Газпром лкөгө өтө пайдалуу. Биздин өлкө аркылуу алып өтүү да өлкөнн казынасына кошумча каражат алып келмек»- дейт Жумакадыр Акенеев. 

Саясый серепчи  Марс Сариев келечекте газды Кыргызстан аркылуу коңшу Кытайга алып өтүү жөнүндө сөз болушу мумкун. Мисалы, Орусия балким көгүлтүр отту Түркмөнстандан КЭРна экспорттоого катышы ыктымал.

«Бизге белгилүү болгондой учурда Тркмөнстандан Кытайга газды Кыргызстан жана Тажикстан аркылуу алып түүчтүтктөрн куруу активдүү талкууланып жатат. Биз аркылуу өтө тургандан кийин Кытай россиялык көз караш менен кошулууга туура келет»- деп белгиледи Марс Сариев.

Биз сөз менен айтканда долбоор ар тараптуу жана түрдүү багытты камтыйт. Ошентсе да, биздин өлкө учун сөзсүз пайдалуу.

Дамира Джунушалиева

© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине