COVID-19 Кыргызстанды карыздар аңына киргизүүдө

08:45, 7 Сентября

Пандемия учурунда беш айыдын ичинде Кыргызстан өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөрүнөн 333.3 млн сом өлчөмүндө каржылык жардам алган. Эл аралык валюталык фонду, Азия өнүктүрүү банкы, Евро биримдиги, Германия өнүктүрүү банкы – бул уюмдардын бардыгы Кыргызстанга пандемиянын кесепеттерин жеңилдетүү максатында насыяларды жана гранттарды бөлүп беришкен.  Аталган каражаттардын басымдуу бөлүгү бюджетти, саламаттык сактоо тармагын жана экономиканы колдоого сарпталган.

Бизде башка жол жокпу?

Каржы министри Бактыгүл Жээнбаеванын айтымында, биздин сырткы жардам суроодон башка аргабыз жок.

«Январь-февраль айында оору пайда болгондугу аныкталгандан кийин, биз эмне кылыш керектиги тууралуу ойлоно баштадык. Чек аралар жабылгандыгына байланыштуу түгөнө баштаган кирешеге таянып, эртең эмне болорун билбей отура беришибиз керек беле, же болбосо тез арада кандайдыр бир чараларды кабыл алуубуз керек беле?  Ошондуктан, февраль айынан тарта биз сырттан жардам алуу боюнча иш-чараларды жүзөгө ашыра баштадык»,-деп билдирген «Азаттыкка» министр Жээнбаева.

Министрдин бул оюна «Тоо кластери» ассоциациясынын президенти Михаил Халитов дагы клшулат.

«Өлкөнүн башка жолу бар беле?  Биздин экономика пандемиядан улам пайда болгон муктаждыктарды жабууну каржылай алмак эмес. Теоретикалык жактан, бизде эки жол бар болчу: биринчиси, экономика бардыгын өзү камсыздамак. Бирок пандемиядан улам биздин экономика начарлады.  Экинчиси, экономикадан түшкөн каражаттар жок болгондон кийин эл аралык жардам алуу.  Бул оор учурда бизге колдоо көрсөткөн эл аралык уюмдарга рахмат».

«Жарандык демилгелерди илгерилетүү альянсы» КФнун жетекчиси Бактыбек Сатыбеков дагы льготалык насыяларды алуу керек болгондугун айтат.

«Керек болсо өкмөт мындан дагы көбүрөөк каражат алышы керек эле, анткени ал карантинден улам өлкөнүн экономикасына келтирилген зыяндын чыныгы деңгээлин так эсептей алган эмес. Экономика төмөндөгөндөн сырткары, кризистен дагы өтө жай чыгууда, анын үстүнө өкмөт бизнеске эч кандай көмөк көрсөткөн эмес. Карыз алуудан коркпой, жада калса еврооблигациялар рыногуна чыгуу керек эле деп ойлойм.  Займдар үчүн жаңы каражаттарды колдонуу зарыл эле, анткени экономика менен калктын аярлуу катмарына бул акча каражаттары өтө керек»,-дейт Сатыбеков.

Насыяга пособиялар менен айлык акы

Эл аралык уюмдар Кыргызстанга ыкчам түрдө жардам көрсөткөндүгүнө карабастан, өкмөт ал каражаттарды туура колдоно алган жок.

«Дээрлик эч кимге кыйраткан жардам көрсөтүлгөн жок. Экономика начарлады. Ал эми өкмөт каражаттарды канчалык натыйжалуу бөлүштүргөндүгүн биз сиздер менен июль айында түзүлгөн кырдаалдын учурунда көрө алдык. Бул кырдаалды оңдоо өкмөттүн колунан келген жок.  Карантин бүткөн соң экономика кескин көтөрүлүп кетиши үчүн карызды көбүрөөк алып, аны массалык түрдө саламаттык сактоо тармагына инвестициялап, бизнес үчүн жеңилдиктерди берүү керек эле. Андай болгон жок»,- дейт Бактыбек Сатыбеков.

Апрель айында эле эл аралык жардам түшө баштаганда, Жарандык көзөмөл комитети жардам кандай бөлүштүрүлүп жаткандыгы тууралуу апта сайын отчет тапшырууну талап кылган.  Бирок каражаттар кайда жана эмнеге сарпталып жаткандыгы тууралуу инфографикаларды өкмөт июльдун аягы – августтун башында гана жарыялай баштады. Насыялык каражаттардын басымдуу бөлүгү бюджет жумушчуларынын айлык маянасын, пенсияларды жана пособияларды төлөп берүүгө коротулган.

Каржы министри Бактыгүл Жээнбаева билдирет: «Каражаттар айлык акы, пенсия жана пособиялар иретинде сарпталып жатат деп айтылгандыгы туура жана чын. Салыктык төлөмдөрдөн түшкөн киреше аз болгондуктан, түшкөн жардамдын бир бөлүгүнө айлык маяна, пенсия жана пособияларды төлөп берүүгө сарптоону пландап жатканбыз».

Каржы министрлигинин отчетунда каражаттар кайда бөлүнгөндүгү тууралуу 11 пункт бар. Саламаттык сактоо министрлигине 686 млн сом бөлүнгөн, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду 1 млрд 650 млн сом, күч түзүмдөрү (кайсы түзүмдөр экендиги жазылган эмес) дэрлик 600 млн сом, ӨКМ – 254 млн сом, Материалдык резервдер фонду – 715 млн сом алган.

«Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине 200 млн сом бөлүнгөндүгү түшүнүктүү- алар колунда жокторго азык-түлүк берип жана башка жардам көрсөткөн. Бирок эмне үчүн аларга жөн гана акча берип коюу болбойт эле?  Биринчиден, бул чыгашалуу,  логистика уюштуруп, адамдарды жалдап, тизмелерди түзүп, жардамды бөлүштүрүп, жеткирүү керектеклди.  Эгерде элге жөн гана акча бергенде, жарандар өздөрүнүн муктаждыктарына жараша балким дары-дармек алышмак, балким коммуналдык төлөмдөрүн төлөмөк, балким тамак-аш сатып алмак.  Менин оюмча, азык-түлүк баштыктарын таратуу- каражаттарды бөлүштүрүүдөгү адилеттүү ыкма болуп эсептелбейт.

Каржы министрлигинин отчету тууралуу айта турган болсок, ал, биринчиден, толук деталдуу эмес, анда жөн гана жалпы суммалар көрсөтүлгөн.  Экинчиден, жардам коронавирус менен күрөшүүгө бөлүнүп жатат деп жазылгандыгына карабастан, отчетто медицина приоритетте экендиги жазылган эмес.  Тагыраак айтканда, эл аралык жардам катары келген 4 млрд 300 млн сомдун ичинен медицина тармагына 1 млрд 700 млн сом гана бөлүнгөн. Жарымынан дагы аз. Калган каражаттын бардыгы башка ведомстволорго тарап кеткен.  Ошондуктан бул чыгымдар натыйжалуу болгон деп айтуу кыйын. Приоритеттештирүү коомчулуктун оюн эске албастан жасалгандыгы көрүнүп турат»,-дейт жарандык коомдун өкүлү Бактыбек Сатыбеков.

«БизЭксперт» аналитикалык борборунун негиздөөчүсү Улук Кыдырбаев дагы каражаттар туура эмес сарпталгандыгын билдирет. «Дүйнөлүк тажрыйбага кайрыла турган болсок, насыялар, кийин келечекте киреше алып келе турган демилгелерди, өндүрүштөрдү ачуу максатында алынат. Биз көрүп тургандай, дүйнө жүзүндө бизнес банктардан карызды кийин ошол карызды төлөп берүүнү камсыздаган иш ачуу максатында алат. Насыя алуунун логикасы ушундай. Ошондуктан, бюджеттин чыгымдар бөлүгүнүн чыгымдарын жабуу үчүн насыя алуу- туура эмес деп ойлойм».

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин бешинчи жана алтынчы чакырылышынын депутаты Наталья Никитенко эл аралык жардам кайда жана кандай коротулгандыгы ушуга чейин түшүнүксүз деп белгилейт.

«Өкмөттү канча кыйнасам дагы, унчуккан жок. Акыры, биз депутаттар, жооп ала алган жокпуз, ошондуктан эч кандай натыйжалуулукту көргөн жерибиз жок».

Карызга оронгон

Серепчилердин божомолдору боюнча, эл аралык насыялардан улам Кыргызстандын сырткы карызы 500 млн долларга көбөйөт, бул 11.7 пайызды түзөт.

Улук Кыдырбаев белгилейт: «Математикалык жана логикалык жактан караганда, бул насыялар льготалык негизде болсо дагы, биздин карызыбызды чоңойтот, алар болсо өз кезегиде экономикага жана салык түрүндө ишкерлерге күч келтирет. Бардыгы төлөө мөөнөттөрүнө көз каранды. Ар бир адам билгендей эле, эгерде ал карыздарды алып, кийин алардын бардыгын бир мезгилде төлөөгө аргасыз болуп калса, бирок киреше ага жол бербесе, адам стресске кабылат. Ошондуктан эл насыя алып, кийин төлөй албай калган кырдаал блбошу үчүн мамлекет жана банктар каржылык сабаттуулукту өнүктүрүү боюнча иш алып барышы зарыл.

Каржылык сабаттуулук боюнча программалар биздин өкмөттүн өзүнө дагы керек, анткени эгемендүүлүк алганыбызга 29 жыл толсо дагы, биз насыя алганды токтоткон жокпуз.

Наталья Никитенконун айтымында, аталган көйгөйдү чечүү татаал болгондугуна карабастан, аны чечүүгө болот: «Кийинки чакырылыш адекваттуу, күчтүү, натыйжалуу, антикризистик өкмөт түптөөгө тийиш, анткени экономикадагы кырдаал оор жана мамлекеттик карыздын көлөмү жогору. Эл аралык өнөктөштөр менен насыяларды реструктивизациялоо боюнча сүйлөшүүлөрдү алып барып, ички булактарды жана ресурстарды таап, аны менен бирге каражаттар өзүнчө аткаминерлердин чөнтөктөрүнө эмес мамлекеттик казынага түшүүсүн камсыздоо үчүн коррупциялык схемаларды жоюу керек. Мамлекеттик аппаратты олуттуу кыскартууга муктажбыз. Аны ыкчам жана мобилдүү кылуу керек. Мунун эсебинен чыгымдарды азайтып, билим берүү, саламаттык сактоо тармагынын, медиктердин муктаждыктарына каражат таап, коронавирустун экинчи толкунун болтуртпоо же аны тез басаңдатуу абзел. Тагыраак айтканда, азыркы учурдагы эң приоритеттүү маседе ушул».

Даярдаган Лейла Саралаева

 
© Новые лица, 2014–2020
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине