Инвесторлор үчүн эң начар өлкөгө кантип айланса болот?

09:52, 11 Февраля 2020

Опооңой!  Адегенде инвесторду  алып келип, ага кагаз жүзүндө эң пайдалуу шарттарды көрсөтүп, макулдашууга кол коюп, анан качан гана ал чоң каражаттарды салып, долбоорду ишке ашырып, өз милдеттерин аткарып баштаганда ошол эле шарттарды кайра карап чыгууну талап кылуу керек. Ал эми ал сүйлөшүүгө макул болушу үчүн митинг, улутташтыруу менен коркутуп, муштунду көрсөтүү керек. Ал шарттарды бир айда бир жолудан кем эмес эске салып коюп туруш керек. Маанилүү шарт: ар бир жолкусунда үн менен чыйралыштыктын градусун жогорулатып туруу зарыл. Мына, бизнес алып барууга жана каражат салууга эң жагымсыз өлкөгө айлануунун жөнөкөй рецепти.

Бир катар активисттер Кыргызстанга дал ушундай атты илүүгө максат коюп алганай көрүнөт. Алардын энергиясы, көк беттиги жана амалдыгына көз салып отуруп, бул күчтөр бир нерсени курууга же жаратмандыкка жумшалса кандай гана соонун жыйынтык болмок деп арман кылып гана отуруу калат.

Активисттин манипуляциясы

5-февралда Талас шаарынын «Байтерек» кафесинде Серен Шейшенов жетектеген «Талас эл ынтымагы» коомдук кыймылынын тегерек столу болуп өттү. Күн тартибинде Жерүй кенинин иштетилишинин маселеси турду. Иш-чарада жергиликтүү бийликтин, мамлекеттик органдарынын жана «Алтын Альянс» ишканасынын өкүлдөрү катышты. Ага ошондой ле Бишкектен Жерүй кенинин иштетилишинин шарттарынын башкы сынчыларынын бири активист Айбек Мырза келген. Ал эми 14-январда өзүнчө тегерек стол өткөргөн калган активисттер келишкен жок.

Чоң кафенин залы кишиге толуп турду. Иш-чарада 500дөй адам Таластын ар кайсы райондорунан келгендер чогулду. Негизинен, Нарындан активисттер келишти.

Сөз сүйлөгөндөр көп болу.Облус башчы Марат Мураталиев аймакта 600 ар кандай орто жана чоң ишкана иштеп жаткандыгын билдирди. Алардын эсебинен түшкөн салыкка пенсия менен айлык маяналарды төлөп берип, облусту өнүктүрүп, чоң иш-чараларды өткөрүү мүмкүн болууда.

«Бизге тынчтык жана туруктуулук керек. Элди дүрбөлөңгө саблоо керек. Эгерде кандайдыр бир суроолор болсо, аларды конструктивдүү диалог методу аркылуу чечүү керек. Элдин жана өлкөнүн кызыкчылыктары корголушу үчүн биз баардык нюанстарды териштиришибиз керек»,-деп чакырды Мураталиев.

Сөздү Айбек Мырза алып, макулдашуунун шарттары кайра каралып чыгышын кайрадан талап кылды. Ошондой эле ал өз сөзүндө бир нече жолу так эмес же туура эмес маалыматты айтты.

«Жерүйдүн запасы 105 тоннадан ашык алтынды түзүп, 360 млрд сом турат. Кыргыз элинин Жерүйдөгү таза кирешеден бир дагы үлүшү жок, ал эми Социалдык фондго болгон төгүүлөр-бул чыгымдар гана. Же биз камалабыз, же мамлекеттин долбоордогу үлүшүн алабыз, же кен жабылат. Кыргыз элинин кызыкчылыктары жеке ишкананын кызыкчылыктарынан өйдө турушу керек. Эгерде бул маселелер тынчтык жолу менен чечилбесе, 14-мартта биз Талас шаарындагы аянтка митингге чыгабыз»,-деп коркутту Айбек Мырза.

Ал эми чындыгында эмне?

Өз кезегинде «Альянс Алтын» ишканасынын жетекчиси Михаил Шубин активист айткан кээ бир фактыларга тактоо айтты.

-«Биринчиден, биз Кыргызстандын бир дагы мыйзамын бузган жокпуз. Ачык жана таза иштеп жатабыз. Ар бир каалоочу Жерүй кенине барып, ишти ошол жерден көрө алат. Экинчиден, биздин ишкана «Геолдобыча» лицензияны 100 млн долларга сатып алып, ал каражатты биринчи айда эле төлөп берген. Андан сырткары, биз жыл сайын «Талас Бакубат» фондуна 100 млн сомдон төлөп келгенбиз, ал эми быйыл 150 млн сом төлөйбүз. Ошондой эле биз Талас облусунун жана бүткүл республиканын аймагындагы чоң иш-чараларга каражат бөлүп келебиз.

Үчүнчүдөн, кендеги алтындын кени Айбек Мырза айтып жаткандай 105 тонна эмес, 88,2 тонна, бул мамлекет тарабынан тастыкталган. Жана чыгарып алуу деген түшүнүк бар. Бир дагы ишканада эч кандай жоготуусуз болбойт, тоодо, чыгарып жатканда жоготуулар болот. Чындыгында 89,7 пайыз гана чыгарылып алынат. Муну менен, биз 3,5 млрд долларга гана товар ала алабыз. Бирок бул алтынды алуу үчүн, анын ар бир унцийи үчүн 800 доллар коротуу керектелет. Тагыраак айтканда, 2 млрд доллар өз баасына гана кетет, ага материалдар, реагенттер, айлык акылар кетет»,-деп айтып берди Михаил Шубин.

Михаил Шубин активисттер тарабынан көтөрүлүп жаткан маселе бир тегерек столдо эмес, мамлекеттик деңгээлде чеилиши керек деп белгиледи.

«Биз, албетте Бажаевге ушундай маселелер көтөрүлүп жатат, ушундай талаптар коюлуп жатат, аны мамлекет менен макулдашуу керек деп айтабыз. Бирок силер түшүнгүлө, маселе шак эле чечилип калбайт. Бул дээрлик улутташтыруу дегенди түшүндүрүп жатпайбы. Мындай учурларда сүйлөшүүлөр мамлекеттик деңгээлде өткөрүлөт. Муну азыр жана ушул жерден чечүү мүмкүн эмес»,-деп жыйынтыктады Михаил Шубин.

Башка катышуучулар экология, жергиликтүү жашоочуларды жумушка орноштуруу, облустун инфраструктурасын жакшыртуу тууралуу маселелерди көтөрүп жатышты. Айбек Мырзанын мартта митинг өткөрүү жөнүндө коркутуусун жашоочулар сүйүнүү менен кабыл алышкан жок. Таластыктар азыр митингдик туруксуздукту баардыгынан аз каалашат.

Ультиматумдардын кесепеттери

Жөнөкөй кыргызстандыктар арасында тегерек столодор өткөрүлсө, ал жерде эч кандай деструктивдүү идеялар айтылбаса, бул нормалдуу эле көрүнүш деп эсептейт экономикалык эксперт Азамат Акенеев. Бирок Таласта өткөн иш-чарада активсттин сөзүндө элди бул долбоор боюнча атайлап чаташтырууга багытталган сөздөр айтылган.

«Жерүй долбоору алдына ала сүйлөшүү жана коррупция жолу менен өлкө үчүн пайдалуу эмес шарттарда макулдашылгандыгы тезис тамырында туура эмес. Бул маалыматты толук билбеген адамдардын башын айлантууга багытталган сөз. Фактылар менен далилденбеген мындай лозунгдарды кыйкырып чыгып, алар эмоцияга ойношууда. Жана албетте, бул лозунгдар кандайдыр бир аудиторияга таасир берип, элди инвесторлорго каршы үгүттөшү мүмкүн»,-деп эсептейт Акенеев.

Анын көз карашында, Жерүй ошол кездеги эң пайдалуу шарттарда бекитилген. Сөз арбитраджык сотто утуп алган мурунку инвесторго 580 млн доллар каражатынын төлөнгөндүгү тууралуу.

«Негизинен, «жерүй» Кыргызстан үчүн эл аралык форумдарда жана жолугушууларда Кыргызстанда инвесторлордун келиши үчүн баардыгы ачык жана таза деп мисал келтире турган моделге айлана алмак.  Жерүй кени эл аралык ачык сынакка коюлган, ага каалаган инвестор келип, өз сунушун бере алмак. Эң мыкты шарттарды сунуштаган компания лицензияы алды»,-деп эсептейт эксперт. Чындыгында, нааразы болгондор ар дайым табылат. Биз макулдашууга кол койдук, ал иштеп жатат, жана аны сүйлөшүүлөр аркылуу гана өзгөртүүгө болот. Эгерде кимдир бирөө Кыргызстандын үлүшкө отурушун талап кылса, макул, айтсын, бирок компания үлүштү дароо эле бере калат деп күтпөсүн, мамлекет инвестордун чыгымдарынын жарымын жабуусу, тагыраак айтканда, сатып алышы керек. Бирок активисттер Кыргызстан алдангадыгына, мамлекетке кандайдыр бир үлүш берилиши керек деп катуу ишенишет. Бирок бул мүмкүн эмес! Биз баардык нерсеге төлөшүбүз керек болот. Тагыраак айтканда, алар аткарылышы мүмкүн эмес талаптарды коюшууда».

Бүгүнкү күндө активисттердин иш аракеттери шантажга окшош. Ызы-чуу салып, басымды күчөтүп, аларга сүйлөшүүгө келиши үчүн.

Калп эле дүрбөлөңдү токтотуу үчүн мамлекет президент жан премьер-министрдин жүзүндө бул тууралуу өз оюн айтышы керек. Болбосо бизде бекмделип калган салт улана берет, инвесторго бир нерсени убадалап, ал каражат салып баштаганда шарттарды кайра карап чыгуу тууралуу сүйлөшүүлөр башталат. Башкысы, бийлик мыйзам тарапта болушу керек

«Альянс Алтын»-өзүн эл аралык рынокто мыкты көрсөтө алган ишкана. «Жерүй» долбоору өлкөдөгү эң чоң жана эң маанилүү долбоорлордун бири. Ал ишмердүүлүгүнүн ичинде инвестициялык климатка катуу таасир берет. Биз инвесторго тынч иштөөгө мүмкүнчүлүк берүүбүз керек. Жана эгерде кандайдыр бир көйгөйлөр пайда болсо, ал Кыргызстандын атын булгап, ага жана өзгөчө анын региондоруна инвестиция салуунун кереги жок экендигинен белги берет»,-деп айтат экономикалык эксперт Азамат Акенеев.

Даярдаган Аида Тастанова

 
© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине