Михаил Шубин: «Жерүй лицензиялык милдеттерин аткарып жаткандыгында күмөн жок»

09:54, 5 Ноября

Биздин редакция Жерүй кениндеги «Алтын Альянс» ишканасынын ишмердүүлүгүнө көз салып келет. Алтын чыгаруучу фабрика менен калдыктарды сактоочу жай көз алдыбызда курулуп жатат, ал эми биз болсо дал ошол курулуш иштеринин баардык баскычтары тууралуу айтып бергенбиз. Аталган ишкана качан толук кандуу ишке кирип, андан Кыргызстан кандай пайда ала тургандыгы тууралуу «Альянс Алтын» ишканасынын жетекчиси Михаил Шубин менен болгон маекте.

-Михаил Александрович, алтын чыгаруучу фабриканын курулуш иштери кайсы баскычка келди жана комбинатты кайсы убакта ишке киргизгени жатасыз, ошол тууралуу айтып берсеңиз?

-Алтын чыгаруучу фабриканын курулуш иштери жыйынтыктоочу стадияга келди. Азыркы учурда объект 80 пайызга даяр. Баардык курулуш иштери аяктап, биз жабдыктарды орнотуу иштерин баштадык. 600 бирдиктеги жабдыктардын 80 пайызынан көбү  алып келинип, алардын басымдуу бөлүгү орнотулду. Биз сөз бергендей эле, фабриканын курулушун Жаңы жылга жакын бүтүрөбүз. Андан ары фабрика жаңы стадияга – жөндөө иштерине өтүп, анда фабрикадагы жабдыктар адегенде бош бойдон иштеп, кийин суу менен текшерүүдөн өтүп, андан соң гана кен иштетиле баштайт. Мунун баарын ишке ашырууга эки-үч ай убакыт керектелет. Эмне болгон күндө да, алтын чыгаруучу фабрика сыяктуу чоң объектини куруу канчалык оор болгонуна карабастан, биздин пландарыбыз ушундай болуп жатат. Андан сырткары, ал ишке киргенге чейин биз кенди дагы даярдашыбыз керек. Азыркы күндө биз кенди таап иштетүүгө  уруксат берген баардык документтерди алдык жана жумуштар башталганга чейин карьер баш болгон кен табуучу комплексти ишке киргизүүнү бүтүрүрп жатабыз. Биз сөз бергендей эле,  октябрь айынын аягында тоо иштерине кириштик. Биз иш баштаганыбызды баардык органдарга билдирдик.

-Жакында эле Жерүйдүн тегерегиндеги саясий спекуляциялар кайрадан жанданды. Кээ бир активисттердин айтымында, Кыргызстан адилеттиксиздин айынан бул долбоордогу үлүшүнөн ажыраган. Макулдашуу кайра каралышы керек деген дагы талаптар айтылууда. Буга кандай пикир бере аласыз?

-Албетте, долбоорду ишке ашырууда басымдуу өзгөрүүлөр болуп кетет деген божомолдор инвесторлордун кыжырына тийүүдө. Аталган кенге инвесторлор баардык шарттарды аткарып, конкурс аркылуу келишкен. Ал кезде лицензия алуу үчүн 100 миллион доллар төлөп бериш керек деген негизги көйгөй болгон эмес. Азыркы саясатчылар эмнегедир унутуп жаткан учур-бул «Визор» деген лицензиянын мурунку ээси менен Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн  арбитраждык соттогу маселесин жөнгө салуу маселеси маанилүүрөөк болгон. Жана бул маселенин баасы- 580 миллион доллар, анын  ичине лицензиянын мурунку кожоюнунун доо-арыздары жана кыргыз өкмөтүнүн соттогу каражаттарды кармагандыгы кирет. Бул маселени жөнгө салууга биздин эле ишкана макул болгон. Баардык башка компаниялар баш тартышкан. Азыркы учурда башка компаниялар жүз миллиондон ашуун каражат төлөп бере алмак деген сөздөр болуп жатат. Балким. Бирок мен дагы бир жолу белгилейм- Кыргызстандын өкмөтүнө коюлган доо-арыздарды жөнгө салуу маселесин жөнгө салууга бизден башка эчким макул болгон эмес.

Андан сырткары, биз Инвестициялык макулдашуу менен эмес, Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарына туура келген шарттардын негизинде иш алып барып жатканыбызды дагы унутуп калышат. Биз ишкананы Кыргыз Республикасынын аймагында, Талас облусунун Талас районундагы Сасык-Булак айылында каттадык. Биз жергиликтүү ЖЧК катары иш алып барабыз. Баардык башка кыргызстандык ишканалардай эле, биз салык жана социалдык төлөмдөрдү, жумушчулардын айлыгын төлөп турабыз. Башкача айтканда, биз баардык жоопкерчилиги бар кыргызстандык ишканабыз.

Кийинки маанилүү учур-биз бир дагы грамм алтын таппай туруп, баардык милдеттерибизди толук кандуу түрдө аткаруудабыз. Биринчи эле айдын ичинде биз 100 миллион доллар төлөдүк, жыл сайын «Бакубат Талас» фондуна 100 миллион сомдон которуп турдук, ал эми быйылтан тарта аталган фондго 150 миллион сом которобуз. Андан сырткары, биз Талас облусундагы жана республикадагы чоң иш-чараларга каражат салып келебиз. Ошондуктан биз кээ бир ишмерлердин бул саясий чакырыктарына терс көз караштабыз.

-Ал эми Кыргызстандын үлүшүн кайра карап чыгуу керек дегенге кандай көз караштасыз?

-Кайталап кетейин- «Альянс Алтын» ишканасы Кыргыз Республикасынын улуттук режиминин алкагында иш алып барат. «Альянс Алтындын» ишмердүүлүгүнүн шарттарын кайра карап чыгуу керек деп айткан жарандар өздөрүнүн талаптарын конкреттештирүүсү зарыл: же лицензиялык макулдашууну кайра карап чыгып «Жерүй» долбоорун өзгөчө шарттарга которуу, мисалы, концесия режимине, же Кыргыз Республикасынын учурдагы мыйзам чыгаруу-ченемдик базасын, тагыраак айтканда же бир өзүнчө ишкана же жалпы тоо-кен секторуна карата өзгөртүүлөрдү киргизүү. Эмне болгон күндө да чечим пайдалуу болбойт.

«Үлүш» тууралуу айтсам, маселе дивиденддерге тиешелүү болот. Эгерде салыктар менен төлөмдөр Кыргыз Республикасынын ченемдик актылары менен кепилденип, КРнын фонддору менен бюджеттери 535 миллион доллардан кем эмес каражат алса, анда дивиденддер жаңы капиталдык салымдардагы киреше менен талаптарга көз каранды болот. Тагыраак айтканда, номиналдуу үлүш дивиденддерди алууга кепилдик бербейт. Биздин долбоордун өзүн-өзү актаган мөөнөтү сегиз жылды түзөт. Алгачкы сегиз жыл ичинде киреше болбойт. Баардык табылган каражаттар буга чейин корогон чыгашаны жабууга жумшалат. Андан кийинки жылдары жаңы жабдууларды алуу керектелет, геологиялык чалгындоого жумшоо үчүн жаңы чыгымдар пайда болот. Биздин өндүрүш- күтүлбөгөн нерселерге бай, татаал тоо-кен өндүрүшү. Анын үстүнө 5-7 жылдын ичинде биз жер алдындагы иштерди баштайбыз. Албетте, чыгымдардын дагы көлөмү көбөйөт. Бул баардык учурлар, капиталдык жана ыкчам чыгымдар, киреше, салыктар жана төлөмдөр КРнын учурдагы мыйзамдык-ченемдик базасынында түзүлгөн Техникалык долбоордо бекитилген. Бирок эгерде база өзгөрө турган болсо, анда долбоорду дагы өзгөртүү керектелет.

-Жерүйдөн 5 миллиард долларга тете алтын табылып, чыгарылат деген имиштер да айтылууда. Бул чынбы?

-Бул чындыкка дал келбейт. Мында да кээ бир ишмерлер элди адаштырып жатат. Бизде Кыргыз Республикасы тарабынан бекитилген баланста 88,2 тонна алтын бар. Чыгаруу деген түшүнүк бар. Бир дагы ишкана кендеги алтынды 100 пайызы менен чыгарып кете албайт. Тоонун ичинде технологиялык себептерден улам жоготуулар болот, алтынды чыгарууда жоготуулар болот. Чындыгында 89,7 пайызды гана чыгарып алуу мүмкүн (бул көрсөткүч дагы Кыргызстандын аймагында факт жүзүндө чыгарылган көрсөткүчтөрдүн эң жогоркусу). Муну менен, биз үч жарым миллиард долларга гана эсептелген товарды алып чыгабыз. Бирок, бул алтынды чыгарып алуу үчүн бир унцийди алууга 800 доллар коротуу зарыл. Тагыраак айтканда, 2,5 миллард өзүн-өзүн актоого эле жумшалат, анын ичине материалдар, реагенттер, айлык маяналар кирет. Техпроект менен бекитилген эсертөөлөргө караганда, киреше 396 миллион долларды түзөт. Бирок ар бир башка ишкананын жана дээрлик дүйнөлүк тажрыйбасы көрсөткөндөй, бул киреше да толугу менен чөнтөктөргө кетпейт. Кирешенин басымдуу бөлүгү өндүрүштү кеңейтүүгө, геологиялык чалгындоого жумшалат, биз ага жыл сайын 3төн 5 миллионго чейин короткону жатабыз. Башкача айтканда, 20 жылдын ичинде анын суммасы 100 миллион долларга жетет. Андан сырткары жабдууларды жаңылоо, ага кошумча бул жылдар ичинде кризис болуп, алтындын бир унцийи үчүн болгон баа 1400 доллардан 400 долларга чейин төмөндөп кетиши мүмкүн. Тагыраак айтканда, тобокелчиликтер абдан көп, бирок аларды эч ким эске албайт.

-Жерүй долбоорун реализациялоодон биздин мамлекет кандай пайда табат?

-Мамлекет салык жана төлөмдөр түрүндөгү түз жана региондорду өнүктүрүү менен мультипликативдик эффект жүзүндөгү тике кирешелерди алат. Биздин эсептөөлөргө карата, биздин азыркы модель менен жана азыркы баалар менен долбоордун ишке аша турган мөөнөтү ичинде мамлекет 700 миллион доллар пайда табат. Негизинен ага роялти менен алтынды иштетүү үчүн түшкөн салык кирет. Калганы-бул экологиялык төлөмдөр. Социалдык фонд, киреше салыгы, юридикалык жактардан түшкөн салык. Дагы бир учур бар: кээ бир маалыматы жок адамдар алтын толугу менен өлкөдөн чыгарылат деп айтууда. Белгилеп кетейин- биз алтынды эч жакка чыгарып кетпейбиз, ал Кара-Балтадагы заводдо тазаланат, биз ага акча төлөйбүз. Андан соң биз аны Улуттук банк койгон шарттарда реализациялайбыз. Башкача айтканда, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, алтынды алгычкы баасында сатуу укугундагы артыкчылык Кыргыз өкмөтү менен Улуттук банк тарапта болот. Бул биринчиден. Экинчиден, биздин өндүрүштө миңден ашуун адам эмгектенет. Бул болсо ошол миң адамдын Социалдык фондго төлөгөн каражаттары, пенсиялык жана башка милдеттүү төлөмдөрү. Муну менен биз биз менен иштешкен нерсенин баарын өнүктүрөбүз. Аларга бизге кенди ташып берген фирмалар, биздин коопсуздук кызматы, тамак-аш, турак-жай, тазалык, калдыктарды тазалоодо жана жок кылууда көмөк көрсөткөн ишканалар кирет. Биз Талас облусунда бизге иш формаларын тигип бере турган, тамак-аш менен камсыздаган өндүрүштөрдү өнүктүрүүнү каалайбыз. Тагыраак айтканда, эгерде эсептей турган болсок, өндүрүш үчүн салынган ар бир сом беш сомго тете болуп актала турган болот.

-Жерүйдүн өндүрүлүшү экологиялык жана техникалык жактан канчалык деңгээлде таза жана заманбап болот?

- Биз Жерүйдү заманбап өндүрүш кылууга милдеттенип, азыркы күндө дагы ошол милдеттер менен жашап, иштеп келебиз. Ошондуктан алтын кенин иштетүүдөгү долбоорубуз эң акыркы технологиялар менен камсыздалган. Эң башкысы: биздин өндүрүштө алтынды цианид менен жууп алуу процесси ачык мейкиндикте өтпөй, ал ар бири 1300 куб көлөмүндөгү резервуарларда жүргүзүлөт. Ошондуктан, биздин ишмердүүлүгүбүз жүрүп жаткан кезде комплекстин аймагынан кандайдыр бир зыяндуу заттар сыртка чыгып, жаратылышка терс таасирин тийгизүү мүмкүнчүлүгү жокко эсе. Экинчиси, бизде калдыктарды кургатып анан сактоо каралган. Мисалы, башка ишканаларда калдыктар суюк бойдон чоң аймактарды ээлеген жайларда сакталат, ал жерде дамба жарылып кетип, уулуу суу сыртка агып, өтө кооптуу экологиялык кырдаал жаралышы мүмкүн. Бизде болсо калдыктар цехтин ичинде тазаланып, алардын нымдуулугу 20 пайызды гана түзөт. Башкача айтканда, алар ным кумдун абалына чейин жеткирилет. Андан соң алар кекосактагычтарда сакталат. Андан сырткары ал жерде эң алдыңкы заманбап технологиялардын жардамы менен жасалган австриялык гемомембрандык пленка колдонулат, анын сактоо мөөнөтү 200 жылды түзүп, суунун топупакка сиңип кетпешине 100 пайыздык кепилдик берет. Жана үчүнчүсү- биздин технологиялык милдетибиз-бул суунун толук айлануусун камсыздоо. Биз колдонулган суюктуктун бир дагы литрин дарыяларга төкпөйбүз. Бул маселе өтө көп козголот, анткени биздин жаныбызда Талас дарыясына куюлган дарыялардын башаттары бар. Дарыядан биз 5% сууну алабыз, бирок ал жер иштетүүгө эч кандай таасирин тийгизбейт. Ал эми колдонулган сууну болсо биз кайра төкпөйбүз. Бизде суу калдык сактоочу жайдан тазаланып, кайра циклге кайтып келет. Муну менен бизде суунун толук айлануусу жүрүп турат. Төртүнчүсү, биздин иштетилген кенде уран, түстүү металлдар, цинк, жез, мышьяк сыяктуу зыяндуу заттар жок. Эң зыяндуусу- биз фабриканын ичинде эле нейтралдаштыра турган цианид бар. Жада калса анын көрсөткүчү дагы америкалык жана европалык мыйзамдарда көрсөтүлгөн сандардан төмөн болот. Тагыраак айтканда, биздин экологиялык талаптарыбыз ал талаптардын эталону болуп саналган мамлекеттердикинен дагы жогору.

Карьердин өзүндө дагы биз заманбап технологияларды колдонобуз, алардын ичинен америкалык Caterpillar фирмасынын заманбап жабдуусу колдонулат, ал зыяндуу заттардын айлана-чөйрөгө ыргытылышын болушунча төмөндөтүүгө багытталган. Колдонулуучу жабдуулар дагы алдыңкы мамлекеттердики- Канада, Финляндия, Швеция, Германия, Түштүк Африка. Биздин фабрика кымбат, бирок технологиялар жагынан эң жогорку деңгээлде.

-Ал эми кадр маселеси боюнча абал кандай? Сиздин оюңуз боюнча, калкты ишке орноштуруу маселесин кантип чечүү керек?

-Кадр маселеси боюнча кырдаал оңой эмес, анткени биз социалдык жактан жоопкерчиликтүү ишкана болгубуз келет. Биздин лицензиялык келишимде жумушчулардын 90 пайызы Кыргызстандын жарандары, тагыраак айтканда, баардык Кыргызстан боюнча жарандардан турушу керек дегенге карабастан, биз Талас облусунун жашоочуларына көбүрөөк басым жасагыбыз келет, анткени аталган аймакта жумушсуздуктун көрсөткүчү жогору. Алгачкы этапта таластыктардын саны 60 пайызды түзөт, ал эми окуу аяктагандан соң, биз бул көрсөткүчтү 80 пайызга жеткиребиз. Биз кадрларды даярдоо программасын жүргүзүп жатабыз, анын алкагында азыркы күндө 250 адам региондор аралык борбордон билим алып, алардын ичинен 80 адам Казахстандагы ишканалардан практика өтүү. Элди окутуп, акырындан биздин өндүрүшкө киргизип жатабыз. Маселе түшүнүктүү, биз аны чечип жатабыз жана Кыргызстандан керектүү кадрларды таба алабыз деп ойлойм. Ал эми даяр эместерди даярдайбыз.

-Сиз лицензияда көрсөтүлгөн кендин көлөмүн табууну ишке ашыра аласызбы?

-Көрсөтүлгөн көлөм техникалык жана жумушчу долбоордо каралган, баары ал үчүн уюшулган, техника алынган, персонал даярдалган. Биз өзүбүздүн лицензиялык милдеттерибизди аткара аларыбызда күмөн жок.

Маекти алып барган Лейла Саралаева

 
© Новые лица, 2014–2019
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине