Алтын алтыны менен, бирок экология биринчи орунда болушу керек

10:49, 5 Марта

Жерүй алтын кени коомчулукту ар дайым кызыктырып келген. Же инвесторлор менен болгон уруштар, алар болсо ондоп алмашты, же биздин өкмөткө болгон жарым миллион долларлык доо арыздар, же жергиликтүү калктын нааразычылыктары.

«Альянс Алтын» ишканасынын келиши менен абал жөнгө салынды. Бүгүнкү күндө алтын чыгаруучу фабриканын курулушу кызуу жүрүп, инфраструктуранынын башка обьекттери да салынып жатат. Дагы бир нече айдан кийин Жерүй кени болгон кубаттуулугу менен иштей баштайт.

Биз «Алтын Альянс» ишканасынын жетекчиси Михаил Шубин менен маек куруп, Талас алтын комбинатынын ишке кириши кандай деңгээлде жүрүп, анын ишмердүүлүгү биздин керемет аймагыбыздын экологиясына кандай таасир тийгизерин билүүнү чечтик.

-Михаил Александрович, мындан эки ай мурун сиз бизге келечекте алтын чыгаруучу фабрика курула турган ээн аянтчаны көрсөттүңүз эле. Ал жерде азыр эмне болуп жатат?

-Бул эки ай ичинде Алтын чыгаруучу фабриканын корпусунун курулушу боюнча жумуштар кызуу жүрүп жатат. Топурак жана темир бетон иштери аяктады, аянтчаларда темирди монтаждоо иштери жүргүзүлүүдө. Башка обьекттерде болсо инфраструктуранын курулушу боюнча иштер активдештирилип жатат. Жайдын акырына чейин руданы иштетип баштоону пландап жатабыз. Жакынкы убакытка болгон пландар- алтын чыгаруучу фабриканын курулушун аяктоо жана персоналды алып баштоо. Алтын чыгаруучу фабрикада руда ушул жылдын ноябрь айында иштетилип башталат.

-Объектте канча адам иштеп жатат?

-Кыш мезгилине карабастан, 300дөн 500гө чейин адам иштеп жатат. Фабриканын курулушунда эле 150 адам эмгектенүүдө. Жана бул сан күндөн күнгө өсүүдө.

Курулуш подряддык метод аркылуу жүргүзүлүүдө. Такай негизде 15-20 подрядчиктер иш алып барат. Биз долбоордо кыргыз түзүүчүсү көп болушун камсыздоо үчүн объектти майда бөлүктөргө бөлүп, кыргызстандык курулуш компаняларын  ишке тартып жатабыз, анткени сиздерде, тилекке каршы, курулуш рыногунда чоң курулуш компаниялары жок. Объкттерди биз тендерлерде таратып, инфраструктуранын курулушун камсыздадык. Бул ай сайын 500 жумуш орундарын пайда кылууга өбөлгө түзөт. Муну менен биз региондогу социалдык кырдаалды жакшыртып, сиздин курулуш секторду жана курулуш материалдарынын өндүрүлүшүн колдоп жатабыз.

-Жумуш орундары- бул жакшы. Бирок сиз АЧФ курууда экология тууралуу ойлондуңуз беле?

-Экология маселеси бүтүндөй коомчулук менен биз - жер байлыктарынын колдонуучуларын биринчи кезекте толкундандырат. Долбоордун тобокелчиликтери ар дайым болот. Жана экология жагынан начар долбоор- бул инвесторлор, жер байлыктарыняын  колдонуучулары, акционерлер үчүн коомчулуктун деңгээлиндей эле чоң тобокелчилик.

Жумуштардын башталышына чейин биз долбоордо алтын чыгаруудагы заманбап, жаңы технологиялар колдонулуп, алтын өндүрүүдө колдонулчу химиялык заттарды нейтралдаштыруу үчүн жергиликтүү калктын каалоолорун уктук. Коомдук угууларда экология боюнча дагы бир катар талаптар коюлду.

Ошондуктан, биз Орусиялык «Гипрошахт» техникалык институтунун күчтөрү менен биргелешип жүргүзгөн техникалык долбоордун негизине химиялык заттарды, же биз айткандай калдыктарды  нейтралдаштыруу,  кайра иштетүү жана андан ары сактоо боюнча жаңы технологияны колдондук.

-Кайра иштетүү процесси кантип жүргүзүлөт?

-Биз бир тоннасында болгону 3,5 грамм пайдалуу продукт бар руданы табабыз. Биз ал 3,5 граммды алабыз дагы, калдыктар сакталуучу жайга сактайбыз.

Кайра иштетүү процесси цианиддүү, тагыраак айтканда, биз алтынды ээритүү үчүн натрийдин цианидин колдонобуз. Процесстин баардыгы темир чандарда жүргүзүлөт. Ал ушундай эле айтылыт- чандардагы ээритүү же кучалык ээритүү. Ачык аянтчада руданын кучаларына цианиддин эритмеси куюлат. Бизде бул процесс фабриканын ичиндеги чандарда жүргүзүлөт. Эгерде чан толуп кетсе дагы, анын ичиндегиси чан турган атайын жайга түшөт.  Тагыраак айтканда,  ал фабриканын сыртына чыкпайт, баардыгы резервдүү чандарга куюлуп турат. Аталган процесс алдыңкы болуп эсептелет жана азырынча эч ким андан өткөн технологияны таба элек.

Алтын цианид менен эритилет, башка чандарда ага активдештирилген көмүр кошулат, бул процесс сорбиция деп аталат. Бул процесс дагы чандардын ичинде жүрөт жана эгерде калган цианид сыртка төгүлүп кетсе, ал резервдик чандарга түшөт дагы процесс андан ары уланат. Андан ары дисорбация процесси жүргүзүлөт, ал жерде сорбациянын көмүрдөрү алынат дагы, 2-3 киллограммдык алтынга бай порода калат. Бул продукт кислоталар менен жуууп, андан ары электролизге жөнөтүлөт. Калган продукттун баары алынат, ал эми калганы химиялык заттардын нейтралдаштырылышына кабылат. Ал INCO технологиясы аркылуу жүргүзүлөт, анда метабисульфиттин реагенти колдонулат, ал азотту, көмүртекти жана суутекти бөлүштүрөт. Бул процесс атайын чандарда жүргүзүлөт, биз реагонометрлер жана башка атайын өлчөгүчтөр менен калган цианиддин чекке жеткирилген концентрациясын, тагыраак айтканда, бир тоннага туура келген 0,035 милиграмм болгонун текшерип турабыз. Андан кийин бул продукт калдыктарды сакталуучу жайга жөнөтүлөт.

-Кайра иштетилген порода кандай түрдө сакталат?

-Биз аны суюк түрдө сакталуучу кутучаларга сактабайбыз, анткени суу топуракка сиңип кетиши мүмкүн. Биз ал продуктту фильтрлейбиз. Биз сууну фильтрлап алабыз да, ал фабрикада кайра колдонулат. Ал эми иштетилген порода кою топурактын консистенциясына келип, аны самосвалдар менен  эшикке ташып чыгып, калдыктар сакталуучу жайларда пирамида түрүндө сактаса болот. Негизинен ал материалдарды курулуш материалдары катары колдонсо болот, алар нейтралдуу. Бул ошол эле порода, бирок  майдаланган.

-Калдыктар сакталуучу жайлар менен кийин эмне болот?

-Калдыктар сакталуучу жай алтын комбинатынын ишмердүүлүгүнүн 5-7 жылына эсептелген. Ал толору менен рекультивация жүргүзүлөт, тагыраак айтканда, ал топурак менен себилет, ал буга чейин аянтчадан алынат. Руда түгөнүп, комбинат токтогондон  кийин,  бул топурак себилет дагы,  кийин ал жерге бак-дарактарды отургузууга болот. Бул топурак жаныбарлар жана адамдар үчүн кооптуу эмес. Анда адамдын ден-соолугуна зыян келтире турчу заттар жок.

Ал эми породадан басым алдында сыгылып чыккан суу өзүнчө жайга чогултулуп, кайрадан фабрикага колдонууга жөнөтүлүп турат. Муну менен, суу толугу менен айлагып турат. Биз ал суунун бир дагы чакасын, бир дагы литрин дарыяга төкпөйбүз. Процесстин баардыгы алтын чыгаруучу фабрикада жүрөт.

-Татаал процесс экен. Талас алтын чыгаруучу комбинаты канча жыл иштейт?

-Такталган маалыматка караганда, руданын жалпы көлөмү 21 миллион тонна, запастары 2,68 миллион унций, ал болсо 90 тонна металлды түзөт. Андан сырткары кошумча 600 миң тонна унций бар деп ойлойбуз, ал чалгындалбай калган же экономикалык жактан иштетүүгө каралбаган деп саналат. Бирок эгерде алтындын баасы 100 долларга өсө турган болсо, алар экономикалык жактан пайдалуу деп табылат. Эгерде 15 жыл мурун алтындын бир унцийи 280 долларды түзсө, бүгүн бул баа 1280-1290 долларды түзөт. Алтын-бул такай баасы кошулуп турган продукт. Ошондуктан эгерде биз азыр 20 жыл ичиндеги жумушка эсеп кылсак, кийин мынчалык бай эмес рудаларды дагы иштетебиз деген мүмкүнчүлүк бар. Бүткүл дүйнө ушинтип жашайт. 15 жыл мурун мен башка алтын табуучу долбоорлордо иштеп жатканда бир тоннадан 3 грамм алтын бар руданы иштетүү чыгашалуу болуп эсептелсе, азыр бир тоннада 1,5-2 грамм алтын бар руданы иштетүү рентабелдүү болуп саналат. Жана жаңы долбоорлор мындай кендерде курулуп жатат. Ал эми Жерүйдө болсо бир тннасында 3,64 грамм алтын бар - бул кендеги ортоңку көлөм. Биздин Талас алтын иштетүүчү комбинатыбыздын көлөмү жылына 1 миллион 300 миң тонна руда иштетүүгө эсептелген. Бул орточо эсеп менен жылына 3,5 - 5 тоннага чейин алтын берет.

Даярдаган Лейла Саралаева

 
© Новые лица, 2014–2019
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине