«RE#акция» тынчтык митингинин он пункту

10:28, 30 Ноября

25 жылдык журналисттик тажрыйбамда мен Бишкекте өткөн митингдердин 95% катышуучусумун.  Мен кызыктуу абалда болгондо, алты айлык кош бойлуу кезимде митингдерге катышкам (аны кесиптештерим тастыктай алат), ал эми 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуяларды борбордук аянттан чагылдырып жүргөндө, төрт айлык эмчектеги балам бар болчу. Мен 2002-жылкы жоогазын революциясынын алдында болгон Жалал-Абаддагы митингдерди, ошондой эле 2013-жылдын 31-майындагы Саруудагы окуяларды чагылдыргам. Кыскасын айтканда, мен ар кандай нааразычылык акцияларынын жана марштарынын күбөсү болгом жана өзүмдүн тажрыйбама таянып, 24-ноябрда болгон митинг тууралуу өз оюмду айтууга толук укугум бар.

Э дегенде эле биринчи көзгө урунган нерсе- бул митинги дискредитациялоо аракети. Гезиттердин биринде «Америкалыктар үчүнчү революцияны жасагысы келүүдө!» деген макала жарыяланган. Аны окуган кээ бир нерви жука жарандар ачууланып «Бул океан артындагылар өздөрүнүн куурчактарын эмне чыгарып жатышат?» дешүүдө. Ал эми социалдык тармактардын жаш колдонуучулары мессенджелер аркылуу бири-бирине кан жалаган жана жарадар болгон адамдардын сүрөттөрүн жөнөтүп, «Сирияга жол бербейбиз!» деп ураан чакырууда. Коркунучтуу бекен? Ананчы!

Экинчиси, журналисттер жасаган колоссалдык иштин күчөтүлгөн дискредитацияланышы жүрүүдө. Сынчылар бул көрүнүштү кайрадан эле баягы АКШга шылтап, ал басылмалар дал ошол өлкө тарабынан каржыланып, алардын максаты биздин өлкөнү туңгуюкка жана массалык башаламандыкка алып келүү экендигин билдиришүүдө. Башкача айтканда, көрсө, бизге, жөнөкөй жарандарга мурун купуя сыр алдында турган, жарандык кызыкчылыгы бар маанилүү маалыматтын ачыкталып, бажы сыяктуу стратегиялык участоктогу коррупцияга жарык төккөн маалыматтын билинүүсү - бул  «өлкөдөгү абалды дестабилизациялоо» аракети экен. Бизге «балдар, канчалык аз билсеңер, ошончолук тынч уктайсыңар» деп айтып жатышкандай. «Бажыдагы коррупция темасынын силерге тиешеси жок, бул костюм шым кийшен чоң байкелердин иши. Ал эми силер болсо белди бекем бууп, электр энергиясынын күтүүсүз өчүрүлүшүнө даярданып, түтүнгө ууланып калбоо үчүн маскаларды сатып ала баштагыла». Муну уккан калктын уулгайган өкүлдөрү КПСС убагынан бери канына сиңген адатынча, унчукпай өз иши менен кете беришти.

Үчүнчүсү, бул митингди иттен чыгарса да гей-парад менен байланышы бар кылмакчы болушту. Бул катышуучулар үчүн акылсыз дагы эмес, жөн гана күлкүлүү көрүнүш болду. Бирок бир жагынан, көйгөйдүн терең маанисин түшүнбөгөн калктын катмары үчүн бул имиш чоң мааниге ээ болуп, митингдин автоматикалык түрдө жаман жана уят нерсе менен байланышы бардай таасир жаратты.

Төртүнчүсү, ооба, митингде эл аралык уюмдарда ЖМК тармагында жана коррупция менен күрөшүү жаатында иштеген жаш адистер көп болду. Силер «Ии мына, Батыштын изи»,-деп айтасыз жана чындык сиз тарапта болот. Анткени Кыргызстандагы көз карандысыз ЖМКлар  менен өзүнчө журналисттик жамааттар эч нерсеге карабастан кесибин улап, эмгектенип, жаңы форматтарды өздөштүрүп, өз деңгээлин жогорулатып, коомдун оорчундуу көйгөйлөрүн чагылдырып турушуна «Интерньюс» жана Сорос Фонду сыяктуу уюмдар гана көмөктөшөт. Убагында Кыргызстандын баардык ЖМКлары Сорос Фондунан гранттарды алып келген. Муну менен эчким чырдаша албайт. Алар азыркы журналисттик жамааттардын түшүнө да кирбеген суммаларды алып келген. Ошол гранттардын арты менен ошол гезиттер жан багып, көп жылдар бою чоң редакцияларды иштетип келишкен. Ошондуктан «Интерньюстун», Сорос Фондунун, Институт медиа полисинин (акыркысы журналисттердин укуктарын соттордо кайтарымсыз түрдө коргоп келет) кызматкерлеринин катышуусу коррупция тууралуу бул чоң иликтөөнү жасаган журналисттердин колдоосу менен ишке ашкан.

Бешинчиси, эмне үчүн Батышты жана АКШны жактырбаган бийлик менен кээ бир ЖМКлар коррупцияга каршы тынчтык митингине чыккан жарандарга каршы чыгууда деген суроо туулат. Алар бажыдагы жемкорлорду коргоп жаткан жокпу? Ал эми коргоп жатышса, ал коррупция санкциялаштырылганбы? Кыргыз бажы кызматында ачыкталган коррупция фактылары бүтүндөй Бажы биримдигине көлөкө түшүрүүдө. Эгерде аталган схемалар алты жыл бою гүлдөп-жайнап келсе, ЕАЭБдин шериктеш мамлекеттеринде кичинекей Киргизияда шектүү кыймыл-аракеттер болуп жатканын байкабаган ушунчалык дүлөй-сокур кызматкерлер иштеп келгенби? Эгерде чынында эле билишпесе, алар журналисттердин иликтөөсүн куралга алып, ири масштабдуу текшерүүнү баштоосу керек.

Алтынчысы. Эмне үчүн бийликтин реакциясы ушунчалык алсыз болду? Президент Сооронбай Жээнбеков эки жылдан бери коррупция менен күрөшүү ал үчүн эң башкы багыттардын бири экендигин жарыялап келген. Мурунку аткаминерлердин чоң тобу ЖЭБди модернизациялоодо, мектепти курууда жана Тарых музейин оңдоп түзөөдө кетирген күнөөлөрүнүн далилденишин күтүп, эки жылдан бери сотто отурушат. Акыркы өкүмдү чыгарууда эч ким шашылган жери жок, ал эми эл болсо күтүп жатат. Анан, ушул жерден, биз өзүбүздүн кичине айлык акыларыбызга баккан укук коргоо органдары эмес, журналисстер, ооба, журналисттер коррупция жана өлкөдөн чыгарылган акчалар тууралуу укмуш фактыларды таап чыгышты. Аны кылмыш иши кылып каттап гана, өлкөнүн чоңдорун кылмыш жоопкерчилигине тартуу керек эле! Бирок эмнегедир президент Сооронбай Жээнбековдун бул журналисттик иликтөөлөргө кызыгуусу жок экен! Ал эми басма сөз катчы Толгонай Стамалиеванын билдирүүсү журналисттерге айтылган ыраазычылык эмейле Жээнбековдун бул жерге эч кандай тиешеси жок деген актануусуна көбүрөөк окшош болду. Балким, журналисттерди эрдик, эмгек жана жогорку прфесионалдуулугу үчүн сыйлоо керектир?

Жетинчиси, бүгүнкү күндө Матраимовдордун үй-бүлөөсү өздөрүн  Кыргызстандын коомчулугуна каршы коюуда. Алар биз кандай жашашыбыз керек деген эрежелерди айтып жатат. Алар кимдин акчасы көп болсо, чындык ошол тарапта деген мыйзамдарын орнотуп жатышат. Депутат Искендер Матраимов «кайдагы бир уйгур» деген сөздү жарыялап жатат. Тагыраак айтканда, ал кылымдар бою Кыргызстандын аймагында көп улуттар тынчтыкта жашап келген деген түшүнүктү жокко чыгарууда. Бул болсо эл дагы дагы бир жолу митингге чыгып, тескеринче эмес, дал ошол өзү эл кызматчысы экенин айтып, ал Кыргызстандын ар бир жаранын, анын улутуна, социалдык абалына, динине жана жынысына карабастан урматтоосу керек экендигин билдирүүгө дагы бир себеп.

Сегизинчиси, «Бажыдагы коррупцияга Атамбаевдин дагы тиешеси бар» деген тезиске мен толугу менен кошулам жана ал өзүнүн мүнөзүнө жараша, баардыгын орду менен айтып берип, бажыдагы коррупцияга кимдин жана кандай тиешеси бар экендиги тууралуу билдирүү жасашын талап кылам. Ал эмне үчүн унчукпай келген? Буга кайсы чоң оюнчулар аралашкан? Алмазбек Шаршенович баардык маалымат жыйындарында Кудайдан башка эчкимден коркпоорун айтып келген. Андай болсо убакыт келди. Мен түшүндүрмөлөрдү талап кылам!

Тогузунчусу. Мен биз, Кыргызстандын жарандары, митингдерге чыгууну улантып, Матраимовдордун мүлкүнүн камакка алынып, ал мамлекеттин кирешесине айландырылышы керек деп талап кылуубуз керек эсептейм. Ал үй-бүлө бул каражаттарды бай ата-энесинен мурас кылып алып калган жок, нефть иштетүүдөн тапкан жок, кандайдыр бир укмуш заманбап нанатехнологияларды сатуудан же рактан даба табуудан тапкан жок. Алардын эчкимиси Голливудда укмкш тасмага тартылып, гонорар алган жок. Бул каражаттарды эчкимиси рок, рэп, соул же джаз аткаруучусу болуп, дүйнөлүк гастролодордон тапкан жок. Матраимовдор белгилүү сүрөтчүлөр, скульпторлор же архитекторлордун арасында жок. Бул акчалар - 700 миллион доллар, ал эми жакында 900 миллион доллар деген сумма айтылды, ооздору долларлар менен жабылган дүлөй, дудук жана сокур бийликтин көз алдынан чыгарылып кеткен.

Онунчусу. Биз бүткүл күч курамдарынын: УКМКнын, ИИМдин, Башкы Прокуратуранын, Финполдун, Каржы чалгындоосунун, бажы кызматынын, салык кызматынын иштен кетүүсүн талап кылуубуз керек. Достор! Кыргызстандыктар! Биздин артыбызда колдору кирге баткан, анын үстүнө биздин салыктарыбыздан айлык алган мамлекеттик кызматкерлер ыплас иштерди жасоодо. Бул тууралуу жөн гана ойлонуп көрүп, биз, 1200 кыргызстандык 2019-жылдын 24-ноябрында эмне үчүн митингге чыкканыбызды өзүңүздөн сурап көрүңүз. Жана сиздер бизге кошулууга даярсызбы?

Лейла Саралаева, «Жаңы Жүздөр» гезитинин башкы редактору

 
© Новые лица, 2014–2019
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине