Азамат Жаманкулов: «Театрлардын артисттери 700 доллар айлык маяна алышса дейм»

14:34, 22 Мая

Депутат Садык Шер-Нияздын парламенттеги өлкөдөгү маданияттын тагдыры тууралуу кызуу сүйлөгөн сөзү көпчүлүктүн көңүлүн бурду. Өкмөттүн отчетунда маданиятка жана искусствого болгону алты сап бөлүнгөн. Маданияттын келечеги тууралуу министр Азамат Жаманкулов кандай ойдо? Жана ал өз тармагында кандай нерселерге жетишкиси келет?

-Мамлекет азыркы учурда маданият жана искусство объекттерин эмне үчүн кармап жатат?

-Адамды адам кылыш үчүн. Адамдык баалуулуктарды киргизүү үчүн.

-Маектердин биринде Мар Байжиев биздин маданият жумшак айтканда өлгөн деп айтты эле. Сиз буга ишенесизби?

-Мүмкүн, Кыргызстандын маданиятынын кээ бир багыттары биз каалаган деңгээлде эмес. Бирок, жалпысынан алганда, мен мындай ой менен макул эмесмин.

-Сиздин оюңузча маданияттын кайсы багыттары жакшы абалда турат?

-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары сыяктуу иш-чаралар салттык маданияттын деңгээлин кыйла жогорулатты. Ал эми классикалык искусство, мүмкүн, начар абалда.

-Өкмөттүн 2018-жылкы отчетун талкуулоо учурунда депутат Садык Шер-Нияз маданияттын акыбалы тууралуу абдан эмоционалдуу сөз сүйлөдү. Сиз ага  кошуласызбы?

-Биздин маданиятка каражат бөлүү жана инвестиция тартуу жаатында айтылган сөзгө кошулам. Бүгүнкү күндө маданий мекемелердин инфраструктурасы көңүл кейитээрлик абалда турат. Бишкектин негизги театрларын караңыздар. Ал эми региондордогу маданият үйлөрү тууралуу айтыштын да кереги жок! Биз жаңы композиторлорду, сүрөтчүлөрдү, опера жана балет, театр  артисттерин чыгаруу үчүн биз аларга шарт түзүп, сынактарды өткөрүшүбүз абзел, ал үчүн  каражат керек. Маданият ар дайым дотациялык болуп келген. Бул көп-көп акча айланып жүргөн тармак эмес. Бул маанай тартуулап, адамдын көз карашын өзгөртүп, ар бир адамдын жан дүйнөсү менен байланышкан жер.

-Сиз эмне үчүн маданият менен искусство дотациялык гана тармак деп эсептейсиз?

-Батыштагы коммерциялык жааттагы ийгиликтүү моделдерден башкасын мен көрө алган жокмун. Анын үстүнө мурунку СССР мамлекеттеринин ичинде.

-Орусиянын чоң театрлары өз ишмердүүлүгүнөн түшкөн кирешени декларациялап жарыялоодо...

-Кандайдыр бир мисалдар бар экендигине макулмун. Биз бул деңгээлге жетишибиз үчүн көрүүчүлөрдүн санын көбөйтүшүбүз абзел. Жана мекемени дагы ошол деңгээлге жеткирип көтөрүү зарыл. Ал эми ал үчүн маданиятка жок дегенде 5-10 жыл ичинде мамлекет тарабынан колдоо көрсөтүлүшү керек.

-Балким, мамлекет жана биринчи кезекте маданият министрлиги  көйгөйгө башкача көз караш менен карап, каржылык жактан өз алдынча болууга өбөлгө түзгөн өнүгүүнүн жаңы жолдорун иштеп чыгат?

-Бул жерде иш жүргүзүүгө кеңири жер бар. Көрүүчүнүн тандоосу чоң: телевидение, кино, Интернет жана башка көңүл ачуучу жерлер. Жана, менин оюмча, бүгүнкү күндө көрүүчүнү тарта турган заманбап гусулдар жана коммуникация жетишпейт.

-Бизге белгилүү «чоң сегиздиктин» тажрыйбасы, качандыр бир кезде сегиз демилгечил адам мындан ары башка жакка өзгөрүү керек экендигин түшүнүп, ата-мекендик мамлекеттик эмес кинону көтөрүп чыккандай тажрыйбаны мисалы, театрлдарда, музейлерде жана китепканаларда колдонуу болобу?

-Эгерде сегиз театр биргелешип, министрликке кандайдыр бир концепцияларды, кызматташтыкты, достукту сунуштаса...Бул оң натыйжа берет деп ойлойм. Бирок, азырынча, мындай демилгелер кинодо дагы, башка тармактарда дагы көрүнбөйт.

-Сизге чейин министр болуп эмгектенгендер аткаминерлер үчүн театрларга барууну милдеттүү кылуу аркылуу аларга адамдарды тартууга аракет кылышкан. Бул аракеттин баары натыйжа алып келген жок. Кандай ойлойсуз, адамдарды театр, музей жана китепканаларга барууга мажбурлоо канчалык деңгээлде туура?

-Андан кандайдыр бир натыйжа чыгат деп ойлойм. Көңүл буруу абдан маанилүү. Бизде баардыгы бийликтин кыймыл-аракетин карап турат, биздин менталитетибиз ошондой. Мисалы, премьер-министр театрга барганда, бул ММК булактары аркылуу кеңири чагылдырылат. Жана премьер-министр спектакль көргөндүгүнө  калктын канча бир пайызы көңүл бурат. Жалпысынан, бул театрдын жылышына пайдалуу. Албетте, мындай акциялар кырдаалды түп тамырынан өзгөртпөйт. Бирок жок дегенде 10-15 пайыз потенциалдык көрүүчүнү камсыздайт. Балдарды мажбурлап театрга алып баруу керек деп ишенем. Азыр биз балдарга абонементтик системаны киргизүүгө аракет кылып жатабыз. Биздин ата-энелерибиз аларды театр менен эң биринчи жолу мектеп тааныштырган деп айтышат. Ал кезде алар маанилүүлүктүн баардыгын түшүнгөн эмес. Ал эми азыр болсо ага ыраазы. Бул дагы 10-15 пайыз көрүүчүнү камсыздайт. Ал калган 50-60 пайызын театрлар өздөрү табышы зарыл.

-Сиз театрда акыркы жолу качан болдуңуз эле?

-Бир нече жума мурун Кыргыз драмтеатрында «Саманчынын жолу» спектаклында болгом. Ишемби же жекшемби күндөрү опера, балет же драма театрына барганга аркет кылам.

-Ал жерден коюлган постановкаларды көргөндөн ырахат аласызбы?

-Актерлордун оюнунан чоң ырахат алам. Өзгөчө Кыргыз драмтеатрынан. Орус драмтеатрында акыркы жолу «Люди мира сего» спектаклы коюлуп жатканда болгом. Жана албетте, актерлордун оюну мени таң калтырды. Опера менен балет тууралуу айта кетсем, чынында, мага чакырылган актерлор катышкан спектаклдар жагат. Өзгөчө, москвалыктар. Биздин потенциалыбыз абдан жогору деп ишенем. Биз жөн гана анын өнүгүшүнө шарттарды түзүшүбүз керек.

-Кандай шарттарды?

-Сиз билесиз, ролду жаратып, аны дасыккан деңгээлге жеткирүү абдан оор. Актер ага психологиялык жактан дагы, физикалык жактан дагы толугу менен берилиши керек. Ага толугу менен сүңгүп кирүүсү абзел. Ал учурда ал кайсы жерден батир алышты, дарыланууну, балдардын окуусу тууралуу ойлонбошу керек. Ал өз жумушунан башка эч нерсени ойлобошу керек. Анын башка муктаждыктарын мамлекет же театр өзүнө алуусу шарт.

-Актер 5000 сом айлык маяна алып жатып, жумуштан башка эч нерсени ойлобой коюусу болбойт. Сиз маданият жана искусство тармагынын кызматкерлеринин айлык маянасын өзгөртүү жаатында бир нерсе кылууга аракет кыласызбы?

-Эки жол бар. Же мамлекет айлык маянаны көтөрүшү керек...

-Мамлекет аны кыла албайт.

-Ооба. Көтөрүлсө дагы, 5-10 жылдын ичинде 10-20 пайызга гана. Экинчи жол- маданият мекемелеринин кирешелүүлүгүн жогорулатуу. Жана бул жаатта биз иштешибиз керек.

-Батышта иштеп жаткан ийгиликтүү моделдерде мамлекет актердун баардык муктаждыктарын ойлобойт. Ал жерде адам өз өмүрүн өзү ойлойт.

-Анда актер мынча акчаны кайдан табат?

-Ал өзүнүн кесипкөйлүгү менен табат.

-Туура. Ал театрга өзүн салып берет. Ал эми театр болсо ага ошончолук төлөп берет.

-Балким көйгөй биздин маданият социализмде калгандыгы же толугу менен капитализмге өткөндүгүн аныктай албай жаткандыгыбызда го?

-Маданият жаатында биз дагы деле социализмдебиз. Жана азырынча толугу менен капитализмге өтө албайбыз. Маданият мекемелери жөн гана аман-соо калышпайт. Бирок, циркке, мисалы, мен 1-1,5 жарым жылдын ичинде өзүн-өзүн актагыдай деңгээлге чыгуусун айттым. Андан биз аны мамлекеттик бюджеттен каржылабай калабыз. Бул өзү каражат таба алган искусствонун түрү.

-Ал эми театрларчы?

-Театрлар менен азырынча абал кыйыныраак. Мисалы, 2018-жылдын декабрында мен Астана-операда болдум. Жаңы, заманбап театр. Ал учурда театрдын труппасы дүйнөлүк турнеде болчу. Гастролдордон 300 миң доллар түшөт деп пландалып жаткан. Мен жетекчисинен сурадым: «Демек, киреше ушунчалык болуп жатса, сиздер өзүңөрдү актай алат экенсизда?» деп. Ал мага билеттердин сатылуусунан түшкөн каражаттар театрдын чыгымдарынын 30 пайызын гана жабууга жетиштүү деп жооп берди. 70 пайызы мамлекет тарабынан дотацияланат. Бул театрларга баруу маданияты бизден алда канча жогору турган Астанада. Эгерде ошол жерде өзүн актоого өтө алышпай жатышса, бизге бул тууралуу ойлонгон али эрте.

-Негизинен, театр эч жерден өзүн-өзү актай албайт. Батыштагы театрлар каржылык колдоонун көпчүлүгүн меценаттардан жана демөөрчүлөрдөн алышат. Бизде мындай бир катар себептерден улам жок. Меценаттарды жана демөөрчүлөрдү активдештирүү үчүн министрлик эмнени пландаштырып жатат?

-Меценаттуулуктун маданияты бизде анча өнүккөн эмес. Бирок маданият менен искусствого жардам бергиси келгендер бар. Өз кезинде опера жана балет театрында камсыздоо кеңеши иштеп келген. Бул кеңештин мүчөлөрү бираз каражат берүү менен колдоо көрсөтүп келишкен. Ал каражаттарга театр пуанттарды, көстюмдарды, реквизиттерди алып келген. Региондлордо кээ бир театрлардын жана маданият үйлөрүнүн ремонтторуна жардам көрсөткөн меценаттар бар. Биз эмне кылганы жатабыз? Кыргызстандын баардык бизнесмендерин чогултуп, аларга маданияттын жана искусствонун өнүгүшүнөқ каражат жумшоону сунуштайбыз. Сиз билгендей эле, Батышта жылына бир же эки жолу кечелерди өткөрүп, меценаттарды сыйлай турчу тажрыйба бар. Бул бизде канчалык деңгээлде колубуздан келет, билбейм.

-Дүйнөнүн өнүккөн мамлекеттеринде меценаттар салыктар боюнча олуттуу преференцияларга ээ. Мисалы, алар кайрымдуулукка жумшаган каражаттарынын суммасына туура келген өлчөмдөгү салыктардан бошотулат. Биздин мамлекетте да ушундай кылууга эмне тоскоолдук кылып жатат?

-Бизде андай болбоорун сиз түшүнөсүзда...

-Эмне үчүн?

-Анткени бүгүнкү күндө салык тармагында баардыгы анча тунук эмес. Бирок мамлекет ошондой кылыш керектиги тууралуу айткан күндө да көп каалоочу пайда болот деп ишенбейм.

-Мамлекет китепканаларга караганда театр менен музейлерге көбүрөөк көңүл бурат. Сиздин көз карашыңызда, учурда өнүгүп жаткан санариптик технологияларды эске алганда алардын Кыргызстанда перспективалары барбы?

-Китепканалар жок болуп кетеби? Жок деп ойлойм. Мисалы, мен, дал ошол китептерди окуганды жакшы көрөм. Китептин барактарын кармап, жытын сезгенди жактрырам. Албетте, андайлар аз. Ошондуктан биз китепканалардын аянтчаларын форматташтырыбыз керек. Өзгөчө айыл жергелеринде алар мектепке чейинки балдар жана мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн билим борборлоруна айланышы керек. Былтыркы жылы мектепке чейинки балдар үчүн борборлорго айланган сегиз пилоттук китепкана ишке кирген. Жапониядан мен китепканалар бизнес-инкубаторлор катары колдонулуп жаткан мисалдарды көргөм. Сиз билгендей, китептик фонд кандайдыр бир убактан кийин эскирип калат. Биздин китепканаларда мурунку кылымдын 70-80-жылдары чыгарылган китептер бар. Ал эми элдер болсо, мисалы, трактор кантип чогуларын эмес, тесла-мобилдер кантип чыгарылаарын билгиси келет. Анын үстүнө, китепти окуу аркылуу эмес, бир тасма көрүү менен. Мындай модернизация үчүн каражаттар керек. Аны бизнес камсыздай алат, мисалы, мамлекеттик-жеке кызматташуу аркылуу.

-Жакында эле Орусиянын Мамлекеттик думасы маданият мекемелерин мамлекеттик сатып алуулар процедурасынан бошотуу жөнүндө мыйзам кабыл алды. Ал эми бизде болсо, тескеринче, үстүбүздөгү жылдын январь айында маданият мекемелери үчүн процедураларды күчөтө турган «мамлекеттик сатып алуулар» жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди. Сиздин оюңузча, бул канчалык деңгээлде туура?

-Бул «мамлекеттик сатып алуулар» жөнүндө мыйзамга кирген өзгөртүүлөрдү биз, тилекке каршы, көргөн жокпуз. Мыйзам долбоорунун кортундусуна маданият министрлиги маданият мекемелери үчүн мамлекеттик сатып алуулар процедурасы жеңилдетилген бойдон калсып деп талап койгон. Жыйынтыктоочу концепция чыкканда, биздин оюбуз эске алынбагандыгын көрдүк. Азыркы учурда, министрлик жана депутат Садык Шер-Нияз тарабынан маданият тармагы мамлекеттик сатып алуулар процедурасынан толугу менен бошутулушу тууралуу мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү даярдап жатат. Эмне үчүн бул маанилүү?  Мисалы, тендер аркылуу опера жана балет театрынын балериналары үчүн пуантыларды сатып алып жатабыз. Тендерге катышкан ортомчулар сапатсыз, кытай пуанттарын алып беришип, алар кыздардын буттарына залака келтирген. Мындай нерселерге жол бербөө керек.

-Өнүгүүгө болгон эң башкы стимулдардын бири- бул ардактоо. Маданият ишмерлерине мамлекеттик сыйлыктарды бөлүштүрүү маселеси абдан курч турат. Сизге чейинки министрлер системаны өзгөртүүгө аракет кылышкан, бирок ийгиликке жетишкен эмес. Сиз эмне кыласыз?

-Мен сыйлыктарды алуучулардын тизмелеринде айтылуу «коёнектер» болбошуна аракет кылам.

-Алар кимдер?

-Булар маданият айдынында пайда болгонуна бираз эле убакыт болуп, «Эл» же «Эмгек сиңирген артистинин» наамына талапкерлигин коюп жаткандар. Мамлекеттик сыйлыктарды бөлүштүрүүдө коррупцияга жол берилбейт. Жана мен сыйлыктарды бөлүлүштүрүүдө чечим чыгарган коллегиянын форматын өзгөрткүм келет. Ал жерде 14-15 адам отурат. Алар ар кандай тармактарды көрсөтүшөт. Бирөөсү, мисалы, театралдык тармактын өкүлү. Жана ал факт жүзүндө мамлекеттик сыйлыкка талапкер болгон театр ишмердеринин баардыгынын тагдырын чечет. Ал кээ бирлерин, албетте, тааныбайт жана өзүнө белгилүү гана адамдарды сунуштайт. Региондордогу көптөгөн маданият ишмерлери жылдар бою сыйлык албай келет. Мен мамлекеттик сыйлыкка талапкерлер кесипкөй коллегия тарабынан каралышын каалайм.

-Бүгүнкү күндө «Эмгек сиңирген» жана «Эл артисти» сыйлуу наамдары канчалык актуалдуу?

-Менин оюмча, биз азыр бул системадан баш тарта албайбыз. Маданият жана искусство тармагында эмгектенген баардык адамдар бул наамдарды күтүп келишет.

-Эмне үчүн Грузия менен Украинада аны жое алышты, а биздин колубуздан келбейт? Менталитетибиз бердей го...

-Сыйлуу наамдардын актуалдуулугу жылдардын өтүшү менен жоголот. Совет мезгилинде Эл артисти эң кадыр-барктуу адам болгон. Анын артыкчылыктары, үйлөрү, дачалары, унаалары болгон. Бүгүн болсо андай эмес. Убакыттын өтүшү менен наамдар маанилүү болбой калат. Башка наамдар атактуу боло баштайт. Мисалы, жалгыз гана АКШда эмес, бүткүл дүйнө жүзүндөгү киноиндустриясындагы эң баалуу «Оскар» сыйлыгы сыяктуулар.

-Биздин өлкөдө министрлер өз кызматын бир жылдан ашык убакыт ээлебейт...

-Кудай сактасын!

-Сиз бул кызматта көпкө калууга эсептеп жатасызбы?

-Ага ар бир министр эсептейт. Мен дагы. Маданият тармагы- бул идеология тармагы. Жана министрдин бир кичинекей катасы бүт өлкөдө талкууланат. Мен ката кетирбөөгө аракет кылам.

-Сиз өз ишиңиздин акырында эмнеге жетишсем дейсиз?

-Негизги театрлар оңдоп-түзөөдөн өтүп, жабдууланса дейм. Алардын репертуарларында өлкөнүн калкынын жарымынан көбү көргөн 7-10 спектаклдар болсо. Театрларда аншлагдар болсо. Биздин жарандар саясатты эмес, искусствону талкуулашса. Бизде жөн гана тиги же бул ишчараны чагылдырган эмес, сабаттуу сындаган дагы журналисттер көбөйсө. Театрлардын артисттери аз дегенде 600-700 доллар айлык маяна алса дейм. Мунун баары куру кыялдар эмес. Бул мүмкүн.

Александр КУЛИНСКИЙ

 
© Новые лица, 2014–2019
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине