Светлана Назаренко:Кыргызстанга келүү мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбайм

12:37, 17 Сентября 2014

Кыргызстандыктар россия эстрадасындагы «Город 312» тобундагы биздин мекендештерибиздин ийгилигин кызыгуу менен байкап турушат. Жаңы ырларды жана жаңы клиптерин чыдамсыздык менен күтүшүп, Кыргызстан жана Бишкек менен аз болсо да байланышты табууга аракеттенишет.

Көп жылдан бери Ая деген ат менен чыгып жүргөн“Город 312” тобунун солисти Светлана Назаренконунмосквадагы батиринде, эки лондондун телефон күркөсү турат, бири жумушчу ордун жана компьютерди,экинчиси – боенуучу столду жашырып турат. Бирок, ырчыга биринчи жолу келген меймандар муну чыныгы экен деп ойлошот. Ая алардын жаңылыштыгын оңдоп отурбайт.

Биз көп жылдан бери таанышпыз. Ал кезде мен, жаңы баштаган журналист катары, Светлана Назаренкого интервью алганы, жылдызга мейманга келгем.Светланаүйүнө кирүүнү сунуштады.Цейтнот,мага окшогон өжөр журналист кыз менен болгон маегинин ортосунда өзүнүн кандайдыр бир иштерин бүтүрө калууну каалады окшойт. Ал кезде өз үйүнө бейтааныш адамдарды оңой киргизе берчү. А мен абдан уялып жаттым, анын үстүнө белгилүү жылдыздар менен кантип сүйлөшүүнү да билбейм. Кандай тон менен? Эмнени сураса болот, эмнени – болбойт. Анан, өзүмдү текебер кармоону чечтим – бул укмуштай көрүнсө керек деп ойлодум. Бирок, кебетем боорду ачытаарлык болсо керек, мени дасторконго отургузуп, тамак бере баштады. Унчукпастан, көнүмүш, курбусу же сиңдиси кире калгандай... Мен Света жаңы эле даярдаган тамагын жедим. Бул кокос кырындысында өзгөчө ыкма менен даярдалып, мешке какталып башырылган тоок эти болчу. Даамы алигиче оозумдан кетпейт. Бул тоокту, жана тажрыйбасыз, жаш кызга кыр көргөзүп, ордуна койбой, бейтааныш кызга жардам берип, түшүнгөн мамилени эч качан унутпайм. Чынында Аянын болгон табияты ушундай.

18 жыл өттү. Биз кайрадан маектешип жатабыз.

- Айтчы, бала кезиңде ким болгуң келди эле?

-Ырчы(Жылмаят). Эсимде калган күндөн баштап, ырдап келатам. Кичинекей кезимде эле, короодо, подьездде концерт уюштурчумун. Кошуна балдарды чогултуп алып, сценарий жазып, “ким эмнени билсе” ар кандай номерлерди даярчубуз. Анан, мен кээде стюардесса болгум келчү. 

-Сенден мыкты стюардесса чыкмак болушу керек. Бирок, сен стюардесса болбой, ырдап калганың жакшы болуптур. Бала кезде эсиңде калган, дагы эле жүрөктү толкунданткан окуяларың болсо бөлүшсөң?

-Анчалык деле эч нерсе жок. Кеч болуп калган. Биз ата энем болуп, досторунун үйүнөн үйгө жөө кайтып келе жатканбыз, атам мени ийнине мингизип алган. Апам болсо атамды кармап келе жатат. Кар жаап жатат, жол чырактардын жарыгы менен жылтылдап ушунчалык кооз. Таптакыр суук эмес. Мен уктап бараттым, ушунчалык бактылуу элем... 

- Убагында Кыргыз Искусство институнда окуу оңой эле болдубу?

-Анчалык деле эмес. Мага жогорку класстарда бир шылтоо керек болчу. Мен,кечкисин “Аракет” тобуна (мен ырдаган топ) даярданууга жибериши үчүн гана жакшы окучумун. Институтта башка шылтоо болду – тажрыйба көп, бирок билимим жок эле. Азыр шылтоонун кереги жок. Мен улам жаңы нерсени изденип, ага таңданганды жактырам...

- Буга ишенүү оңой – бардыгын тобокелге салып, Москвага жөнөп кетүү... Бул чоң шаарда биринчилерден болуп эмне эсиңде калды? Баарынан эмне оор болду, тескерисинче, жеңил жана кубанычтуу болгон учурчу?

-Жеңил эч нерсе болгон жок. .. Ал эми кубанычтуу окуялар – күн сайын. Кыйынчылыктардын узун кезмегинде биздин ар бир кичинекей жеңишибизге жана жетишкендигибизге биз кубанып турчубуз... Бир бөлмөлүү батирде төртөөбүз турчубуз. жашоо образыбыз, тарбиябыз жана мүнөзүбүз боюнча ар түрдүү адамдар... Эгер, алгачкы беш жылдын абдан кыйын болоорун (жыйынтыгын да билбей туруп) билип туруп, Москвага бараар белең деп сурашса, жүз жолу ойлонмокмун... Бирок, ал кезде алга гана жүрүү керек деп ойлочубуз да.

Бардыгы,Светланажана ал кездеБишкектегм белгилүү болуп калган«Аян»тобу өз-өзүнчө Москвадагы бир продюсердин музыкант катары келишимдик негизде иштөөгө чакыргандыгынан башталды. Кийинчерээк, балдар өздөрүнчө топ түзүшүп, ага «Город 312» деген ат беришти. 

Москвада музыканттар өз чыгармаларын «JVL», «Б2», «Студио», «Кристалл», «Golden Palace», «Метелица», «Апельсин», «Табула Раса», «Точка» ж.б. сыяктуу аянчаларда аткарып башташчу. Кийинчерээк, барабанчыИгор Джавад-Заде менен ойноп башташты.

2003-жылы ондогон даяр ырлары бар топ өзүнүн биринчи альбомун жазууга киришти. Андан кийин гана,2005-2006-жж. белгилүүлүк келди.

«Город312»тобунун ырлары кызыктуу, ар түрдүү алар депрессивдүү маанайда токтоп калышкан жок, алар жарыкка жана жылуулукка толгон. Бул топтун ырдап жаткандагы кынтыксыз ыргактарын укканда, ар бир ыры – өзүнүн сюжети жана мааниси бар аяктаган окуя экендиги көрүнүп турат.

Москвада көтөрүлүп кетүү – муну үчүн эмне керек( жаңы баштагандар үчүн окуу куралы)?

- Чеги мененальтруист, авантюрист болуш керек, эң башкысы өзүң жасап жаткан ишке ишенүү керек. Анан, кичине сыйкыр.

- Башында силердин топту олуттуу кабыл албаган музыканттар жана продюсерлер менен азыр кандай мамиле түзүп жатасыңар?

-Бизде баары тескерисинче болду.Бардыгы бизди олуттуу кабыл алышты жана ушундай жоопкерчиликти өзүнө алуудан коркушту. Бардыгы – биздин ийгиликке гана кадам таштаганыбызды көрүштү – бизди эч ким сындыра албайт. Өзүбүзгө жана башкага болгон талабыбыз аларды коркутуп жатты... Ушундай го деп ойлойм.

- Ая – бул «Аян» эмеспи? Сенин азыркы досторуң жана Бишкектеги өнөктөштөрүң Дмитрий менен Леонид Притулдардын тобунун аталышы?

-Жок. «Аянга»  мунун эч кандай тиешеси жок.Бул менин эски«icq»дагы«Алармия» атымдан алынган.

-Силердин биринчи москвалык альбомуңар кандай чыкканын эске сала кетпейлиби.

- «213жол»,деп аталган саамалык альбомубузду өз күчүбүз менен чыгардык. Бизде өзүнүн студиясы бар үн режиссерубуз бар болчу, мунун бизге абдан жардамы тийди. Башынан баштап эле, биз профессионал үн режиссеру менен иштедик. Анын аты Алексей Лесников (Бишкектеги«Пирамида»радиосунун мурдагы директору). Альбомабдан аз нуска менен чыкты – миң нуска. Москвада бизди билип калышкан, ошондуктан биз альбомдун бет ачарын «Горбушкин короосунда» өткөрүүнү чечтик – бул Москвадагы “Горбушка” музыкалык базарынын жанындагы атайын концерт аянчасы.

Биз альбомубузду колдоо үчүн концерт бердик. Көп адам чогулду. Ар бир ырдан кийин. биздин дисктин сатылып жаткандыгы жарыяланып жатты. Анан, кокусунан эле тагдырдын жазмышы менен – так ушул күнү «Реал-Рекордс» компаниясынын генералдык директору өзүнү бош убагында, жаңы чыккан дисктерден сатып алайын деп «Горбушкага» келип калат. Ал угуп туруп, биздин үн режиссерго келет да, биздин альбомду сатып алса болобу деп сураптыр. Анан, 200 рублга сатып алат. бул анын биздин жамаатка болгон биринчи салымы болгон. Ал биздин ким, кайдан экенибизди сураштырып, бизди өз кеңсесине чакырат.

Биздин ал сүйлөшүүбүз, бир нече ай өткөндөн кийин, ноябрда өттү. Бул убакта ал, биздин чыгып ырдагандарыбызды, канчалык күчтүү комада экенибизди байкап жүргөн экен. Негизи эле баары ушундай, - потенциалдуу продюсерлер бир топ убакыт сырттан карап турушат, алар жамааттагы мамилелерди байкат, музыканттар ичеби, ичпейби, көөп кеткен жокпу, текшеришет. Ал биз туурасында маалымат чогултат. Ал эми 2005-жылы декабрда биз келишим түздүк.

- «Городду» Москвада качан таанышты?

-Москвалык көрүүчүлөр менен биз дайым эле тил табышып келебиз. Биз, «Реал-Рекордс» менен түзүлгөн келиимге чейин эле, клубдарга чыгып ырдап, көп эмес - 200,300 киши толгон залдарда концерт берип жүргөнбүз. Башында биз интернет менен клуб ишмердүүлүгүнүн аркасында таанымал болдук. Бизге радио менен телевидениеден берүү жетишпей жаткан.«Реал» пайда болгон кезде, алар бизге жардам берди. Бизге сатуу боюнча кесипкөй адистер, продюсер жетишпей турга эле.


-Демек,Москвакөз жашка ишенеби?

-Ишенбейт.Жалгыз элеМосква эмес, сен сыяктуу сырттан келгендер да. Эреже катары, аларга барып такаласың. Анан жооп катары эмне угасың?Туура: «Бул жактан тезирээк кеткиле, бул жерде баары бири-бирин жакшы таанышат...» Ачынында, Жерде жакшы адамдар көп. Текшерилген.

-Силердин топтогулардын баары саякаттаганды жакшы көрөсүңөр окшойт?

-Тилекке каршы, бизде убакыт абдан тартыш, тыныгуу жокко эсе. Ошондуктан, биздин саякатыбыз – гастролдлор.

- Эл алганга үлгүрөсүңөрбү?

- Биз минтип айтабыз, башкысы – уйку. Уйку – куалыбыңа келүүнүн жалгыз мүмкүнчүлүгү. Организм туруктуу калай жоокер боло алат. Ү ч күн уктабай туруп, секирип жүрө берсең болот. Ал эми байламталарды алдай албайсың. Ал иштөөдөн баш тартышы мүмкүн. Маселе мына ушунда.

- Эч нерсеге өкүнбөйсүңбү?

- Биз жан дүйнөбүз ырахат алган гана нерселерди жазып, ырдайбыз. Өзүбүз менен көп күрөшкөн жокпуз. башкаларга көбүрөөк өжөрдүк кылдык. Жок, бүгүн мен ишенимдүү айта алам, көп нерсенги биз бекер жасаган жокпуз.

- Эмнеге акыркы күндөрү силердин ырлардын мазмуну улам тереңдеп, лирика драмалык ноталар менен алмаша баштады?

- Жооп абдан жөнөкөй. Биз улуураак боло баштадык. Бизде жашоо тажрыйбабыз көбөйдү, өзүбүздү, айлана чөйоөнү мисал кылдык. Бирок, тексттерде драматизм көбөйдү деп айта албайм. Мүмкүн олуттуу боло баштагандырбыз. Убакыт жетти.

-Жаңы альбомуңарды качан күтсөк болот?

- Мүмкүн, ушул жылы. Азыркы убакта альбом чыгаруу артисттердин арасында анча актуалдуу эмес. Интернет баарын жеңип чыкты. 

- Бирок, өзүнөн өзү кызыктуу болгон кезектеги мукаба менен жаңы дискти колго алуу, кандай жакшы… Бишкекке кийинки жолу качан келесиңер?Бул жакта силердин күйөрмандарыңар көп, алардын канчалык жкенин силер элестете да албайсыңар.

- Биз алардын колдоосун сезебиз,бизге болгон боор толгоосун, жердештерибиздин кызыгуусун туйуп турабыз. Өзүмдүн атымдан айтып коеюн, кандай болгон күндө да Мекениме кайтып келүүгө аракет кылып турам. Биздин жаратылыштан, досторум менен баарлашуудан, биздин ашканабыздан, аба ырайынан, баардыгынан кубат алып турам... кыргызстанга келүүгө мүмкүнчүлүк кандай пайда болсо, аны колдон чыгарбайм...

ДаярдаганСветлана Бегунова

СүрөттөрСветланаНазаренкотарабынан берилди

© Новые лица, 2014–2019
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине