Атамбаев: "«Сокенин сотунан» башка элдин соту, тарыхтын соту, жарандардын соту бар".

09:55, 2 Сентября 2020

АЛМАЗБЕК АТАМБАЕВДИН "БАТУКАЕВДИН ИШИ" БОЮНЧА БИЛДИРҮҮСҮ

Урматтуу мекендештер!

«Батукаевдин иши» деп аталган кылмыш иши боюнча соттун өкүмү күчүнө кирди. Бирок соттук териштирүү жабык өтүп, иштин материалдары купуя сыр болгондуктан, элдин көпчүлүгү чындыкты алиге чейин билбей, ар кандай ушак-айыңдарга жана бийликтин жалаасына ишенип жатат. Ошол себептен мен билдирүү жасоону туура көрдүм.

2011-жылдан тартып мен Президент катары кылмышкер Жаныш Бакиевди өлкөбүзгө алып келүү боюнча бардык чараларды көрүп жаттым. Билесиздер, Жаныш Бакиевдин кылмыштуу буйруктарынын жана иш-аракеттеринин натыйжасында 2010-жылдын 7-апрелинде 80ден ашык күнөөсүз жаран өлүп, миңге жакын адам жараат алган. Ал кандуу күндөн кийин өткөн он жылдын ичинде ошол жараат алган жарандардын да 80ге жакыны кайтыш болду.

«Батукаевдин ишинин» маңызы төмөндөгүдөй. 2012-жылы пландалган УКМКнын операциясынын натыйжасында Жаныш Бакиев Кыргызстанга алынып келинмек. Операцияны башкарууну мен анын демилгечисине, УКМКнын ошол кездеги төрагасына тапшыргам. Мунун баары кылмыш ишинин материалдарында бар. Бирок ал материалдарда жана күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүндө менин тарабыман жасалган коррупциялык же башка бир кандайдыр мыйзамсыз иш-аракеттер жөнүндө бир да факты жок. Болушу да мүмкүн эмес. Анткени менин алдымда бир гана максат болчу: ондогон адамдардын өлүмүнө күнөөлүү болгон Жаныш Бакиевди жоопко тартуу. Ошондуктан иш жүзүндө «Сокенин соту» мени канкор кылмышкер Жаныш Бакиевди жоопко тартуу боюнча УКМКнын операциясын колдоп бергеним үчүн 11 жылга түрмөгө отургузду. Чындык ушундай.

Тилекке каршы УКМКнын операциясы ишке ашпай калган. Ага ким күнөөлүү же объективдүү себептер болгонбу – булар да эртеби-кечпи белгилүү болот. Кыңыр иш кырк жылда билинет! Бирок мен азыр да Жаныш Бакиевге окшогон канкор кылмышкерлерди жоопко тартуу үчүн мамлекет бардык чараларды көрүшү керек деп толук ишенем.

Урматтуу мекендештер!

«Батукаев иши» боюнча өкүм аркылуу 150 адамдын өлүмүнө жана жүздөгөн адамдардын майып болуусуна күнөөлүү болгон Жаныш Бакиевке жана анын өнөктөштөрүнө Сооронбай Жеенбековдун бийлиги иш жүзүндө кол тийбестик макамын ыйгарды десек жаңылбайбыз. Бул өкүм тийиштүү укук коргоо органдарына жана күч түзүмдөрүнө - 2010-жылдын 7-апрелинде тынч жарандарды массалык түрдө аттырган Бакиевдерге жана башка күнөөкөрлөргө каршы реалдуу аракеттерди көрбөгөнгө ачык айкын көрсөтмө болду. Кыргыз эли мунун артында кимдер жана эмнелер турганын ачык билип, түшүнүшү керек.

Кыңыр иш кырк жылда билинет. «Сокенин сотунан» башка элдин соту, тарыхтын соту, жарандардын соту бар. Бийликтин булагы – бул эл! Эртеби-кечпи акыры эл жана чындык жеңет!

Урматым менен, Алмазбек Атамбаев. 

© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине