«Украиналык үгүтчүлөргө салыштырмалуу Йозеф Геббельс бала болуп калат»

15:27, 30 Сентября 2014

Биздин маектештерибиз – Одессалык журналист  Иван Лизан, «Однако-Евразия» долбоорунун баяндамачысы, жана Владимир Полуев, телеалып баруучу, тележурналист. Алар бул мамлекеттеги кырдаал туурасындагы ошол эле суроолорго жооп беришти.

- Бийликтегилердин орус-украин чек арасына дубал куруу идеясы туурасында айтып берсеңиздер?

Владимир Полуев: -Дубалды куруу идеясы аны ишке ашыруу көз карашынан алып караганда таптакыр сандырактык. Биринчиден, украина бийлиги Донецк жана Луганск дубандарындагы россия-украина чек арасынын көп бөлүгүн дээрлик көзөмөлдөбөйт. Украинанын премьер-министри Арсений Яценюк  ал жакта кантип дубал курганы жатат? А бул, эсептөөлөргө караганда жүздөгөн чакырымды ээлейт. Экинчиден, бул  «Дубал» долбоору кимди кантип коргошу мүмкүн? Айтмакчы, анын арык казуу долбоорун да де-факто деп атоо керек, анткени ал чек аранын дубалынын жанында аң казууну пландаштырып жатат. Бул деген престолдордун оюну эмес да, учактар менен окту дубал токтото албайт. Ошондуктан, дубал туурасындагы билдирүүнү шоу-саясаттын бир элементи жана акча жасоонун аспабы катары кабыл алуу керек. Украиналыктардын арасында ушундай образ түзүү менен, алар: Мына, биз Европага барабыз, ал эми Россиядан, “бул түндүк жапайыларынан” бул дубалдын жардамы менен  кутулабыз дегилери келип жатышат. Акча жасоо – өкмөт дубалдын курулушуна 100 миллион гривеннь бөлүп берди. Бул,  8 миллион долларга жакын. Бул биринчи гана төлөм. Ал жакка жүздөгөн миллион доллар жумшалат. Ал эми бул убакта өлкөдө инфляция күчөй берет, ИДП азайат, өндүрүш төмөндөйт, доллар өсөт, кышында украиналыктарды электр кубатынын жетишсиздиги жана муздак батареялардын коркунучу күтөт.

Иван Лизан: - Идея  толугу менен чындыкка жатат, бирок эч кандай дубал болбой тургандыгын ич туюмум айтып жатат. Украиналык  олигархиатка аны куруу үчүн убакыт жетпейт, ал эми аны куруу учурунда акча уурдаганды пландаштырып жаткандан кийин, акча да таптакыр жетпей калышы мүмкүн. Бул долбоорлор  өз калкынын башын айландыруу үчүн маалыматтык мейкиндикке ыргытылып  жатат, эл болсо россиянын украинага карата жасалуучу зулумдугуна ишенип алышкан.  Киевдик элиталар толук кандуу виртуалдуу чындыкты түзүшүп, ага өз өлкөсүнүн дээрлик 39 миллион жаранын тартты. Бирок, бул иш аракеттердин абдан зор терс таасири бар: эртеби, кечпи элита өзү ага ишене баштайт. Чек арадагы казылган аң жарандык согушта жардам бербейт, ошондуктан Украинанын акыл эстүү жарандары бул демилгеге каршы гана болуп жатышат.

- Демек, агрессия жок экен да?

Иван Лизан: - Демек, жок.  Агрессия – бул  конкреттүү аракеттер, аскер. Жоокерлер бар, аскер бар. Орусиянын аскери эч жерде жок. Эч жерде.

- Бизде азыр кызуу талкууланып жаткан маселенин бири – Украинанын аймагында орусия ММКсынын тыюу салынышы. Бул эмнеге байланышкан жана коомдун реакциясы кандай?

Владимир Полуев: -Украинада маалыматтык мейкиндикти тоталдуу тазалоо жүрүп жатат. Сыналгыда, Донбасста ал жакта жайгашкан элдик кошуун өздөрү эле атышып жатышат деген маалыматты тынбай кайталоодо.  Орусиянын  түз чабуулу күтүлүп жаткандыгын, орус жоокерлеринин жана террорчулардын жырткычтыгы туурасында айтышууда, бирок буга бир да далил келтирилген жок. Бирок, күн сайын, бардык каналдардагы жаңылыктарда жана бардык ресурстарда силерге каардуу террорчулар туурасында какшай беришсе, эртеби, кечпи, эл буга ишене баштайт. Украиналыктарда болуп жаткан нерсенин баарынан чарчагандыгы байкалууда. Алар украина менен орус ММКларын салыштыруудан чарчашты, ойлонуудан, талдоодон чарчашты, өлкөдө эмне болуп жаткандыгын түшүнүүдөн чарчашты. Баары татаал суроолорго оңой жооп алгылары келет. Гривна эмнеге түшүп жатат? Эмнеге реформа болбой жатат? Эмнеге ысык суу жок? Эмнеге светти өчүрүп жатышат? Эмнеге украиндерди  украиндер  өлтүрүп жатат? Анан ММК аларга мындай жоопторду сунуштайт  – Путин, Орусия жана террорчулар күнөөлүү. Ал эми калктын аң сезимин бурмолоо дагы таасирдүүрөөк болсун үчүн, россиялык ММКларга тыюу салып коюшту. Мейманканаларга, барларга, коомдук жайларга рейд жүргүзүшүп,спутниктен алып,  россия  каналдарын көргөзүүгө тыюу салышууда. Украинанын ички иштер министринин кеңешчиси Антон Геращенко  орусиялык ресурстар менен күрөшүүнү жана өлкөнү соцтармактардан коргоону айта баштады. Атаандаш көрүнүштүн болуусу тийиш эмес, бийлик бардыгын туура жасап жаткандыгына эл ишениши керек.

Иван Лизан: - Орус  телеканалдарын спутник табактары барлар, же интернети жакшы тарткандар гана көрүп калышты. Орусия гезиттерин Украинада жайылтышпайт. Сайттарды азырынча көрүүгө болот, бирок аларга тыюу салууну пландаштырууда. Бул өзүнүн акыйкаттык жоромолун сактап калууга байланыштуу, анда  Украина – орусия агрессиясынын курмандыгы.  Украинада жарандык согуш жүрүп жатат, бирок бул фактыны киев бийлиги мойнуна алгысы келбей жатат, анткени мындай кийин эл аларга ыңгайсыз суроолорду берип башташат жана олигархтарды жоопко тартышат. Ошондуктан, жарандарды чынчыл маалыматты алуу укугунан ажыратышты, ал эми жалпы эл телевизор көрбөй, интернетте отуруп калды.  Жана ал жактан, орусия телеканалдарынын онлайн көрсөтүүлөрүн издеп, көрүшөт. Телеканалдарды тыюу салуунун эффективдүүлүгү туурасында, чиновниктердин коомдук жайларга барып, россия телеканалдарын көргөндөрдү издеген рейддеринен көрсөк болот.

- Ушундай да болуп жатабы?

Иван Лизан: - Бул чындык. Тилекке каршы.

- Күндүн окуяларын ачып берип жаткан украина ММКлары объективдүүбү?

Иван Лизан: - Силер билесиңерби, украина үгүтчүлөрүнө салыштырмалуу,  Йозеф Геббельс бейкүнөө  бала, эне сүтү оозунан кете элек наристе болуп калат. Украинада обьективдүү ММК калган жок. Орусия ММКсынын дарегине  айыптоо (алар, албетте, өздөрүнүн идеологиялык иштерин жүргүзүп жатат) украина үгүтчүлөрүнүн болуп көрбөгөндөй алдамчылыгын жашырып жабуу үчүн арналган.

Владимир Полуев: - Украинадагы  жагдайды бир да ММК обьективдүү баалаган жок. Айрым гана журналисттер өзгөчөлүнүшү мүмкүн.  Украиналык ММКларда  тандоо да жок.  «Вести» гезити,  дайыма ар кандай көз караштарды чагылдырууга аракет кылат – анын кеңсесин башында  эле талкалап кетишкен. Андан кийин кылмыш иштерин козгой башташты. Кеңседе тинтүүлөр башталды. Телеканалдарга «кошуундар» деген терминди колдонууга тыюу салышты. Террорчулар жана боевиктер. Өзүн өзү жарыялаган ДНР менен ЛНР дин өкүлдөрүнүн гана интервьюларын берүү – террорчулардын позициясын чагылдыруу.  Муну үчүн Улуттук кеңеш жөн гана лицензиясын алып салышат. Мунун баары, Улуттук Кеңештин  телевидение жана радиоберүү боюнча мүчөсү Ольга Герасимюк  журналисттерден эки көз карашты чагылдырбоону, б.а. профессионалдык стандарттарды кармабоону талап кыла баштайт. Анын пикири боюнча,  журналистика баарынан мурда  мекенчил болушу керек. Ушул эле учурда россия ММКсы да чыныгы көрүнүштү бербей жатышат. Чындыгында эмне болуп жаткандыгын түшүнүү үчүн окуя болуп жаткан дерге гана баруу керек, же бардык тараптардын ондогон булактарын аңтарып чыгып, бардык маалыматтарды кылдаттык менен талдап, данды кебектен ажыратып, имиштерди чыныгы окуядан ажыратып чыгуу керек.

- Украина ММКларында Россия туурасында эмне деп жатышат? Түштүк-Чыгыштагы жаңжал туурасында?

Иван Лизан: - Баары эле алдап жатышат: Орусия, агрессия, дүйнөдөгү бардык кырсыктын баары москвадан,  Путин украиналыктардын кайгысына жалгыз күнөөлүү. ММК Түштүк-Чыгыштагы жаңжалды жарандык согуш катары мойнуна албай жатат, жана аны террорчуларга карщы операция деп атоодо, ал эми террорчулар деп – киев бийлигинин пикирине макул болбогондордун бардыгын атап жатат.

Владимир Полуев: -Орусияны душман деп жарыялап, басып киргендиги үчүн күнөөлөөдө. Ушул эле учурда, логикалык жаңылыштыктар туурасында эч ким ойлонгон жок. Эгер Орусия  Украинага кол салса, эмнеге  Киев дипломаттык мамилесин бузуп, аскердик абал киргизбей жатат? Эгер  Донбасста он миңдеген россия жоокерлери жүрүшсө, аны тастыктаган видео кана? Кээде жеңишке жеткирүүчү согушту талап кылган үндөр чыгууда. Эч кандай сүйлөшүү болбосун. Азырынча, тилекке каршы, ММКда шумкарлардын үнү катуураак чыгып жатат. Ал эми украинадыктар эки тараптан тей жок болуп жатышат.

- Украинадагы Майдандан кийин орус тилдүү ММКлар дээрлик жок калды деп жатышат деген пикирлер бар экен. Ал эми барларын азыр кысымга алып жатышат дегендери чынбы?

Иван Лизан: - Орус тилдүү ММКлар бар, бирок алар украин тилдүүлөр жүргүзгөн үгүттү жүргүзүп жатышат. Украинада сөз эркиндиги жок, сын үчүн бийлик жөн гана басып салат. Сотсуз жана тергөөсүз, эч бир «кысымсыз», башка шаан шөкөтсүз. Жок дегенде мыйзамдуулукту кармап жатабыз деген тиешелүү механизмдерсиз. Мыйзамдын деңгээлинде оозун жабууга болбойт, ал эми муштум, бычак же ок менен – оңой эле. Украинанын Түштүк-Чыгышынын басымдуу көпчүлүгү турмушта орус тилин колдонушат. Google суроолорун орус тилинде киргизет. Бөлүнүү тилдик белги боюнча чыккан жок, улутчулдукту кабыл алуу же кабыл албоо белгиси боюнча. Эгер сиз,өз атаандашыңызды тирүүлөй өрттөгөнгө макул болсоңуз, анда чыныгы украинсиз, буга каршы болсоңуз – сиз террорчу же сепаратистсиз, сизди бала-чакаңыз менен өлтүрүү керек.

- Коом Майданды кандай баалап жатат жана бул эмне?

Иван Лизан: - Коом бөлүнгөн. Калктын жарымы үчүн  Майдан – караңгылыкты жеңүүчү күч, бирок бул күчтү Путин уурдап алды. Калган жарымы үчүн Майдан жарандык согуштун башталышы болду, жана терс сезимдин квинтэссенциясы, украин мамлекетинин кулаган түйүнү болду.

Владимир Полуев:Бирөө Майданды улуу жетишкендик,  ар намыс революциясы катары көрөт. Мына, маданияттык тандоо жүргүздү, коррупциячыл-президентти түшүрдү, бийликти элдин пикирин угууга мажбур кылды дешет. Мындайлар үчүн Майдан – бул ыйык нерсе. Ал эми өлкөдөгү тескери көрүнүштөрдүн бааарын алар «биз  Майданда ушуну үчүн турган эмеспиз», деп капалуу баалашат. Бир жагынан бул адамдарды да түшүнүүгө болот –Майданда кан төгүлүп, эл өлгөн, ал жөн гана унутулбайт.

Башкалар болсо азыркы болуп жаткандардын бардыгын Майдандын натыйжасы деп эсептешет. Майдандын жактоочулары өзүн жеңүүчү катары эсептеген кезде, каршы болгондордун баарын алар мите курт катары атай башташкан. Эмне үчүн парламенттеги көпчүлүктүн чечими тилдик мыйзамды алып салуу болду? Так ушундан Түштүк-чыгыштагы толкундоолор башталды. Ошондуктан, бул маселеде коом кайчылаш пикирде турат,бирок бир нерсе талашсыз – Майдан чынында качандыр бир кезде украина тарыхында маанилүү орунду ээлейт. Аны кандай баалашат – кийинки окуялар көргөзөт.

- Украинаны эми эмне күтүп турат, алар кантип өнүгө алат?..

Иван Лизан: - Кан төгүүнүн уланышы жана Украинаны улутчулдардан акырындык менен бошотуу. Кошуундар кайда токтооу чечет, негизги маселе ушунда: Түштүк-Чыгыш дубандарынын  чек арасындабы же танк моторлору батыш областтардын чек арасында токтойбу?

Владимир Полуев: - Мындай белгилүү демотивдештиргич бар: «акыркы окуялар көргөзгөндөй, мурункулары жакшы болчу». Украинадагы кырдаал улам начарлап баратат. Өлкө муну жеңе алабы, кулабай сакталып калабы – көбү украинанын бийлигинен көз каранды. Эгер,албетте, Петр Порошенко жейишке жеткирген согушту талап кылган шумкарлар менен кыйкыргычтарды баса алса, өз алдынча Днепропетровск менен киевдик таасир этүү топторун баса алса, Украинанын бардык жагынан – региондордун ыйгарымынан баштап, маданий, тилдик жана тышкы саясатына чейин кайра калыптандыруу жагын демилгелесе, ал Украинаны талкалануудан сактап калган адам катары тарыхка кирет.  Бирок, бул милдет оңой эмес, жана позитивдүү варианты болбой да калышы мүмкүн.

Даярдаган  Светлана Бегунова

Редакциядан: Биз атайылап эки тараптып тең кеңири пикирин бердик, сиздер окуп туруп, Украинаны толкуткан маалыматтык согуш жакында элдешүүнү карабагандыгын түшүнсө дейбиз. Украиналыктардын көптөгөн көйгөйү бизге жакын жана тааныш. Ошондуктан, биз башкалардын катасынан үйрөнүп, өзүбүз жаңылыштык кетирбей, өзүбүздүн маалыматтык  талаабызды түзүүгө үйрөнүшүбүз керек.  

© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине