Коммерциялык эмес уюмдар кимге уйку бербей жатышат?

13:11, 7 Июня

Коммерциялык эмес уюмдар Кыргызстандагы эң активдүү жана энергияга толгон адамдардын иш тармагына айланган. Алар бийликти каталар үчүн сындап, көйгөйлөрдү чечүүдөгү көз караштарын сунуштап жана эң башкысы- өздөрү жөн отурбай, иш кылып келишет. Жогору жактан колдоо күтпөстөн, бирөөнүн мактоосуна арзыбастан оор кырдаалга туш болгондорго жардам берип көрсөтүшөт. Жана эң башкысы, алардын колунан көп нерсе келүүдө.

Талкалай турчу демилге

Жаңы 2020-жылга бир күн калганда Жогорку Кеңештин расмий сайтында Коммерциялык уюмдар тууралуу мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу депутат Бактыбек Райымкуловдун демилгеси жаряланган. Мыйзам чыгаруучусу  коммерциялык эмес жана бейөкмөттүк уюмдардын мамлекет алдында, тагыраак айтканда Юстиция министрлигинин алдында дагы бир отчеттуулугун киргизүүнү сунуштоодо.  Улак сабоо боюнча башкы депутатка (Райымкулов Көк-бөрү Федерациясын жетектейт)  коммерциялык эмес жана бейөкмөттүк уюмдар Социалдык фонд жана салык органдарынын алдында гана отчет бере тургандыгы жакпай жатыптыр.

Коммерциялык эмес уюмдар тармагынын өкүлдөрү беш айдан бери аталган демилгени сындап келишет.

«Жарандык демилгелерди илгерилетүү альянсынын» жетекчиси Бактыбек Сатыбеков коммерциялык эмес уюмдар тууралуу мыйзамына өзгөртүү киргизүү демилгесин төмөнкүдөй баалайт:

«Менин оюмча бул кезектеги акылсыздык. Аталган оңдоолор биздин бизнес-рейтингдерибизди начарлатат, мисалы ошол эле Doing Business рейтингиндеги көрсөткүчтөрүбүздү. Ал жерде жалгыз эле салыктык коюм эмес отчет тапшыруудагы келген күч дагы эсептелет. Консалтинг тармагында кызмат көрсөтүп келген уюмдар бар, алар дагы коомдук бирикмелер жана коомдук фонддордун формасынын алдында. Алар үчүн дагы бул отчет тапшыруудагы кошумча күч жана кошумча убакыт болот. Чындыгында мунун кереги дагы жок, анткени аталган маалыматтар анысыз деле тапшырылат. Бар отчеттуулуктун алкагында. Дагы бир суроо- бул маалыматтардын көлөмүн ким териштирет, эмне үчүн?  Азыр коммерциялык эмес уюмдардын ишмердүүлүгү тууралуу кандайдыр бир анализ жасоого эмне тоскоолдук кылып жатат?  Эгерде максат кандайдыр бир белгилүү уюмдар менен чектелсе, анда алар менен эле тандалма түрүндө иш алып баруу керек. Эгерде депутат бир нече залакалуу уюмдар тууралуу айтып жатса, анда коммерциялык эмес уюмдардын баардыгын бирдей жабып, чымчыктарды замбрек менен атып жаткандай кылуунун эмне кереги бар?  Бир нерсени айтайын: соккунун алдында жеке мектептер менен бала-бакчалар, министрликтердин ведомстволук мекемелери дагы калат. Башкача айтканда бул өлкөгө кереги жок күч келтире турган чоң акылсыздык.

Депутат Райымкуловдун чыныгы максаты

Коммерциялык эмес уюмдардын отчеттуулугун талап кылуу-бул көрүнүш гана. Ал эми чындыгында болсо мыйзам долбоорунун демилгчечилеринин максаты башка.

«Шанс» кризистик борборунун жетекчиси Елена Ткачева ишенет: «Жалгыз эле Бактыбек Райымкуловдун эмес, бийликте турган адамдардын тобунун чыныгы максаты- бул адам укугун тебелеп, бийликти бөлүштүрүү.  Анткени бийлик жалгыз эле менчиги бар же бюджетти бөлүштүрүү процессин башкарган адамдарда эмес, ал ошондой эле таасири бар адамдарга таандык. Өкмөттүк эмес уюмдардын таасири бар, алар коомдо кантип теңдүүлүктү алып келүүнү, адам укуктарынын сакталышын кантип алып келүүнү түшүнүшөт. Көрүнүп турбайбы- бул көпчүлүккө жакпайт. Жана бул маселени апырылтуу – бул коомду өлкөдөгү негизги маселелерден алаксытып, аны бөлүү».

Гүлгаакы Мамасалиева,  «Интербилим-Ош» ишканасынын жетекчиси: «Депутат Райымкулов айрым коррупциялык өкүлдөрүнүн эркин аткарып, Кыргызстанга коронавирус менен күрөшүүгө келе жаткан чоң грантты биз билбей калуубузду көздөп жатат.  Ал адамдар биз ал каражаттардын тыйын-тыйыны менен коротулгандыгы тууралуу отчет талап кылуубузду каалаган жерлери жок.  Эң башкысы, алар кризиске карабастан 28 июнга белгиленген жергиликтүү кеңештерге боло турган жана күзгө белгиленген Жогорку Кеңешке боло турчу шайлоого мониторинг жүргүзүүбүздү каалаган жери жок»-деп ишенет.

Мамлекет башкы грантжегичби?

«Бирге ракка каршы» КФнун жетекчиси Гүлмира Абдразакова: «Алар бизден мамлекет алдында кошумча отчет тапшыруубузду талап кылып жатышат. Кечирип коюңуз, бирок эмнебиз үчүн? Эгерде депутаттар бюджеттик каражаттар үчүн отчет тапшырбаса, эгерде президент жана өкмөттүн аппараттары эл алдында отчет беришпесе, анда эмне үчүн биз чет жактан келген каражаттар үчүн өзүбүз шайлаган эл кызматкерлеринин алдында жооп берүүбүз керек?»

Бактыбек Сатыбековдун айтымында, эң чоң грант алуучу-бул мамлекет. Ал Жогорку Кеңештин сайтында 32 млрд сом суммадагы мамлекеттик инвестициялар программасы тууралуу мыйзам долбоору бар экендигин эскертет.

«Эгерде бул документке жакшылап көңүл буруп карай турган болсок, анда аталган программанын 97 пайызы грант сыяктуу чет жерден келген каражаттар аркылуу каржылана тургандыгын көрөбүз.  Жана калган 3 пайызы гана биздин салыктарыбыздын эсебинен каржыланат.  Тагыраак айтканда, өнүктүрүү бюджети сырткы булактардан каржыланат жана башкы грант алуучу- бул мамлекет. Элестетиңиз, мамлекет жыл сайын 32 млрд сомго жакын каражат алат, ал эми баардык коммерциялык эмес уюмдар биригип жылына болгону 200, ашып кетсе 300 млн сом алышат. Ким көбүрөөк алат? Көрүнүп туратго! Ал эми ошол эле калган кичине акчага адамдар иштеп, салык, социалдык төлөмдөрдү төлөп, дагы көп адамга жардам көрсөтүшүүдө.  Керек болсо мамлекет- эң чоң жана эң башкы коммерциялык эмес уюм.  Формасы боюнча мамлекет киреше алууга багытталган эмес, анын милдети коомдук бакубаттуулукту орнотуу. Ошондуктан биз теңдикте жашап, баардык эрежелер мамлекетке карата дагы колдонулушу керек»,-дейт Сатыбеков.

Коммерциялык эмес уюмдардын Кыргызстандын жарандарынын жашоосундагы орду

Коммерциялык эмес жана өкмөттүк эмес уюмдар эмне иш кылышат? Буга кыскача жооп берүүгө болот: аталган тармак өкмөттүн чамасы, күчү жана акчасы жетпеген жумушту аткарат.

«Коммерциялык эмес уюмдар мамлекеттин сапаттуу кызматтарын ала албаган адамдарга жардам берет. Бул балдар жана чоңдор, рак менен ооруп, өзүн дары-дармектер менен камсыздай албагандар.  Бул саламаттык сактоо системасынын айынан капыстан СПИД/ВИЧ илдетине чалдыккан апалар менен балдар. Бул эшикте калып, билим алууга мүмкүнчүлүгү жок балдар.  Бул аярлуу топтор менен дал ошол бейөкмөттүк жана коммерциялык эмес уюмдар иш алып барып, алар үчүн ыкчам курстар жана класстарды уюштуруп, аларга башкалар тарабынан татыктуу мамиле болуусун камсыздап, алардын укуктарын коргоого көмөк көрсөтүшөт.  Мисалы биздин уюм мамлекет тарабынан турак жай алынып же талкалоого жазылганда адилеттүүлүккө жетишүүгө жардам берет.  Чынын айтканда, биз мамлекет тарабынан укуктары бузулган жарандарга жардам беребиз. Ошондуктан, эгерде мындай уюмдар жоюлса, аярлуу жарандар жардамсыз калып, алар акырындан жашоосу менен кош айтышат»,-дейт Гүлгаакы Мамасалиева.

Бактыбек Сатыбеков: «Биз коммерциялык эмес уюмдарды көбөйтүүнүн, алардын пайдасын элге билгизип, коомго мындан көп пайда алып келиши жана аларды жоюу тууралуу демилгелер жаралбоосунун үстүндө иш алып баруубуз керек.  Азырынча чындап кадыр-баркка жете алган уюмдар көп эмес, бирок алардын баардыгы эле саясий аренада таанымал боло берүүгө талпынбайт.  Көптөгөн уюмдар жөнөкөй тейлөө иштерин көрсөтүшөт, көзгө көп көрүнбөйт, бирок бул кырдаал жаралгандан кийин алар көп экендигин билдик. Жана бул нерсени өнүктүрүү керек деп ойлойм, жарандар алар алып келип жаткан пайдасын билип, коом менен бизнесте бул уюмдарга колдоо көрсөтүүгө стимул пайда болушу үчүн»,-деп эсептейт.

Чоң эл аралык уюмдар дагы четте калган жок. Алар бул оңдоолор кайра артка чакырыла тургандыгына ишене тургандыгын билдиришти.

Озонниа Ожиелло, БУУнун Кыргызстандагы системасынын координатору коомдук угууларда «Биринчи жолу 2020-жылдын июнунда Нью-Йорк шаарында өткөн ыктыярдуу кароолордун алкагында Кыргыз Республикасы «Туруктуу өнүгүү максаттарына» жетишүүдөгү прогресси тууралуу доклад менен чыкты. Туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашырууда, анын ичинде адилеттүүлүк менен мыйзам сыяктуу маанилүү тармактардагы жетишкендиктер бааланат. Белгилей кетчү нерсе- Кыргызстанга «Туруктуу өнүгүү максаттарын» ишке ашырууга көмөктөшүүдө жарандык коом дагы маанилүү орунду ээлейт. Мен Кыргыз Республикасы көп жылдан бери демократиядагы, чогулуштардагы, ассоцияциялардагы эркиндиги, сөз эркиндигиндеги эл аралык кадыр-баркка ээ болгондугу менен сыймыктанат деп баса белгилейт элем.  Буга байланыштуу БУУ аталган оңдоолор Кыргызстанды башкы максаттарынан алаксытып, «Кыргыз жараны» жана башка бир катар мамлекеттик саясат инструменттери сыяктуу улуттук өнүктүрүү системасын ишке ашуурада жогорку айтылган кадыр баркты үзгүлтүккө учуратышы мүмкүн деген коркунучу менен тынчсызданууда. Буга байланыштуу мен сизди бул процессте жарандык коомдун толук кандуу катышуусу менен аталган мыйзам долбоорду кайрап карап чыгууга чакырам».

Евробиримдигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Эдуар Ауэр дагы: «Адам укуктарын алдыга жылдыруу биздин эки таратуу мамилелерибиздин иш тартибинде ар дайым жогорку сапта турат. 16-июнда бизде адам укуктары боюнча эки тараптуу диалог болот, анда дагы аталган маселе көтөрүлөт.  Жарандык коом мындан ары дагы өнүгүп, өлкөдөгү коомдун жана бейөкмөттук уюмдарынын ишинде кыйынчылыктар жаралбайт деп ишенем»,- деп билдирди.

 
© Новые лица, 2014–2020
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине