Нурбек Токтакунов: «Сапар Исаковдун абалы жакшы»

16:56, 27 Августа 2018


Жемкорлук боюнча шектелип, УКМКнын убактылуу камакка алуу жайында жаткан экс-премьер Сапар Исаковдун адвокаты Нурбек Токтакунов менен маекти коомдук тармактардын колдонуучуларын жана да бизди катуу кызыктырган суроодон баштадык.

- Сапар Исаковдун абалы кандай?

- Жакшы. Ал чын эле, менин байкашымда, өзүн жакшы сезет. Мен аны менен сүйлөшкөнүмдө ал мурда, премьер-министр болуп турган кезиндегидей эле экенин байкадым. Токтоо, айтканымды кунт коюп угат. Көп окуйт, сураган китептерин алып берип турабыз. Көп ойлонот, физикалык көнүгүүлөрду такай жасап турат, болгондо да катуу машыгат. Анын көрүнүшү эң сонун. Мен бир гана нерсеге токтоло кетейин - бардыгы башталганда ал тактайга жатып 25 кг штанганы гана түртө алат эле, азыр болсо 60 кг штанганы түртөт. Булчуңдары өскөнү жакшы байкалып турат.

- Анын ашказаны ооруксуп жатыптыр деген маалымат тарап кетти эле...

- Ал өзү ден соолугум начар деп айтканын укпадым. Жубайы менен апасы башка кеп, анын айрым оорууларын айтып калышат, бирок өзү бул маселеге токтолгусу келбейт. Ал өзү айткысы келбесе, анда мен да унчукпашым керек.

- А көңүлү, маанайы кандай?

- Чүнчүп кеткен жок. Басынган жок. Мен муну ишенимдүү айта алам. Кетирген көп каталарын аңдап, өзү үчүн тыянак чыгарды.

- Кайсы каталары болду экен, кандай ойдосуз?

- Эң башкы ката – Атамбаевдин (ага чейинки мамлекет башчыларынын да) командасы полемиканын, оппозициянын болушунун маанилүүлүгүн түшүнбөдү, алардын бар болушу ар бир бийлик үчүн зарыл нерсе. Жыйынтыгында, эми алардын өзүлөрүн кысымга алып жаткан система түзүлдү. Алар дагы акыркысы эмес, ишенип койгула.

- Башка сын пикирлер менен кошо ушак айыңдарга да бөгөт кылбаш керек экен да?

- Мына биз бир бирибиз менен баарлашып, кимге ишенсек болоорун, ким болбогонду оттоп жатканын жакшы билебиз. ЖМКлар же укук коргоочулар, кайсы бир оппозициялык маанайдагы саясатчылар менен деле ошондой эле. Адамдар келесоо эмес да, кимге кулак төшөсө болоорун, ким калпычы экенин сопсонун эле байкап, көрүп турушат.

- Эгер бизде жарнама жана медиа рынок жакшы иштесе, балким,  бардыгы силер айткандай болмоктур. Анда ЖМКлар каржы жана саясий ишмерлерден шарттуу түрдө болсо да көз карандысыз болуп,  саясий упайлар саясий ишмердүүлүктүн негизинде гана топтолот эле, азыркыдай кландык жана каржылык “оюндардын” жыйынтыгы болбой. Бирок биз өзүбүз деле жакшы көрүп турабыз, кандай шартта жашап, иштеп жатканыбызды, же андай эмеспи?

- Бардыгыбыз бул башаламандыктан өтүшүбүз керек, андан качып кутула албайсың. Саясий маданият бара-бара калыптанат. Не болгон күндө да соттор, укук коргоо органдары, улуттук коопсуздук кызматы сыяктуу репрессивдик аппаратты колдонуп нааразы болгондордун оозун жаба турган болушса, эл ошол оозу жабылгандарга көбүрөөк ишене баштайт. Бул ушак-айыңдар менен күрөшүүнүн эң начар жолу. Эл өзү бара-бара кайсы ЖМКга ишенсе болоорун аныктап алат, андай ишенимге татыбагандары ушакчы ЖМКлардын катарына барып кошулат.

- Жакынкы учурда Сапар Исаковго байланыштуу кандай процессуалдык иштер күтүлүүдө?

- Жакында алдын ала камакка алуу мөөнөтүн узартуу боюнча уктуруу болот.

- Жыйынтыгы кандай болот деген ойлойуз?

- Чындык экендиги такталбаган “оперативдик маалыматтардын” негизинде адамды камакка алуунун өзү - бул жөөлүгөндүк. Шектелип жаткан адам өлкөдөн чыгып кетүүнү ойлонуштуруп жатат деп тыянак чыгарыш үчүн далилдер керек - кайсы бир адамдардын көрсөтмөлөрү, телефондук чалуулар, каттар дегендей. А бул иште “оперативдик маалымат” катары ыкчам кызматкерлеринин божомолдору колдонулган. Башынан эле Сапар Исаковду тергөө иши аяктаганга чейин камакка алууга эч бир негиз жок болчу. Биздин Кылмыш-жаза-процессуалдык кодексибиз бул чара өзгөчө учурда гана колдонулаарын шарттайт. Башкача айтканда мындай учурда  соттолуп жаткан адам соттун чечими чыкканга чейин адатынча эркиндикте калтырылат.

- Бул иш боюнча акыйкат чечим чыгарылышына үмүт барбы?

- Тергөө материалдары менен таанышып чыкканга бизге мүмкүнчулүк бербей жатышат. Мыйзам боюнча, тергөө иштери аяктаганга чейин эле көчүрмөлөрүн алып таанышууга мүмкүн болгон документтердин тизмеги бар. Бишкек шаардык сот биздин арызыбызды карап чыгып, адвокаттын ушундай укугу бар экенин белгилейт да, ошол эле кезде өзүнүн тыянагында тергөөчүнүн бул документтерди мага бербей койгондугунда мыйзам бузуу жок деген чечим чыгарды.

Аны Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренеси боюнча күнөөлөп жатышат, а бул беренеде бийликтин чечимдерине таасир эткен мафиянын, кылмыш уюмунун белгилери көрсөтүлгөн. Бирок мафиянын бар экендигин далилдеш үчүн бийликти кыянаттык түрдө колдонуу, ыйгарым укукту аша чаап колдонуу, пара берүү, пара берүүдө ортомчулук кылуу, пара алуу болгонун, кылмыш структурасы, анын жетекчилери, жетекчилеринин буйруктарын аткаргандар, буйрукту жеткирүү жолдору бар экенин ж.б.д.с. далилдеш керек. Анын ордуна тергөөчү Исаков президенттин таасирин колдонуп парламентте керектүү добуш берүүнү камсыздады деп жазып жатат. Андай болсо ошол керектүү добуш берүүнү “камсыздап берген" депутаттардын көрсөтмөлөрү кана? Кантип камсыздап берди эле? Аларды урдубу? Коркуттубу? Үй-бүлөлөрүн барымтага алдыбы? Депутаттар өзүлөрү чоң кубануу менен долбоорду колдоп беришти, ошол эле кезде алардын бирөөсү да мыйзам келишимдин жакшыраак каралып чыгышын талап кылаарын жана да коомдук талкуулар керектигин айтып чыккан жок.

Мафия бар экендиги тууралуу божомолду тергөөчүлөр  бардык сунуштарды караштыргыла деген Исаковдун кызматтык катын “Электротармак” ААКнын жактырбагандыгынан чыгарып жатат. Бетме бет кездештирүүдө “Ушунда эмне, кысым же буйрук барбы?”, - деген суроо узатты Исаков. “Биз бул кызматтык катты ТВЕАга артыкчылык бергиле деген буйрук катары кабыл алдык”, - деди күбө. Башкача айтканда Исаковду каттын мазмуну боюнча эмес, күбөнүн ойлоруна жана божомолуна таянып күнөөлөп жатышат. Ошол долбоор боюнча адистерди куугунтукка алуу тууралуу мен мурда бир нече жолу айткан элем.

Азыр ЖЭБди реконструкция кылуудагы бааларды иликтеген комиссия түзүлдү. Ал, мындай алганда, учурдагы президентке импичмент даярдап жатат, анткени ашыкча чыгымдар тууралуу маалыматтар бурмаланган болсо, анда бул импичмент жарыялаганга конституциялык себеп түзүп берет, жаңылоону Сооронбай Жээнбековдун өкмөтү кабыл алган да. Мен ушул тууралуу айтканымда Сапар Исаковду менсиз тергөөчүгө чакырып, менин кызматыман баш тартууну сунушташыптыр, андай кыла турган болсо “Викиликс” боюнча жаңы кылмыш ишин ачпайбыз дешиптир.

- Андай болсо, эмне үчүн бул ишти таштап койбойсуңар?

- Анткени мен мыйзамга кызмат кылам, сот тутумунун өсүшүнүн бардык этаптарынан өтүп, биз акыры башка, мындан туруктуураак тутумга келерибизге ишенем. Ал эми учурда болсо мен бийликтин акылы жетээрине ишеним артып жатам. Абал өзгөрүп жатат да, чыңалуу топтолууда, өзгөчө түштүк жергесинде, ал жакта раимовдун “командасы” каалаганын кылып чардап жатканы. Исаковду жаңы гана отургузганда катуу табалашты эле! Эми ал адамдар унчукпай калды. Алар болсо коньюнктураны жакшы сезишет. Нааразы болгондордун саны өсүүдө, болгондо да бат өсүп жатат. Тил алчаак даяр бийлик вертикалын алган “Хан” өзүнүн “адамдарынын” бирөөсүнө да эч нерсе тапшыра албастыгын жакында түшүнөт, анткени алардын эл арасында эч кандай кадыр-баркы жок, алар унчукпай гана ийилгенден башканы билишпейт, жоопкерчиликти эч бири алгысы келбейт. Ошондо бардыгы үчүн ал өзү жалгыз жооп берип калат.

- Айтсаңыз, эмне үчүн өз кезинде Акаев менен Бакиевдин акылы жетпеди? Экөөндө тең өз убагында абалды оңдогонго мүмкүнчулүк болгон эле да?

- Өлкөдөгү, коомдогу абал тууралуу анык, так маалыматтар аларга жетпей жатты. Азыр мени тынчсыздандырып жаткан нерсе - Коопсуздук кеңешти милиционер жетектей баштаганы. Ал чынчыл жигит, бирок ал бүт турган турпаты менен милиционер. Бул кызматтын өкүлдөрүнүн пикиринде, чакан гана топ эл бузарлар бар, аларды зыянсыздандырып койсо эле бардыгы оңолуп кетет. А чыныгы абалды алар кесиптик көз караштарына байланыштуу көрө алышпайт, бул өтө коркунучтуу. Бирок өз убагында керектүү чаралар көрүлөт деп үмүт кылалы.

- Сиздин пикириңизде, Сапар Исаковдун иши жакында бүтөбү?

- Жок, жакында бүтпөйт.

Маектешкен Светлана Бегунова

© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине