Экиге өрүлгөн чач, эки бука жана трактор

09:10, 6 Декабря 2018

Жаш кыздын бука багып, трактор айдаганын уктуңуз беле? Мен биринчи жолу укканда, ишенген эмесмин. Анын телефон номерин издеп, таап, чалдым. Коңгуроомо назик үн жооп берди. Айзада мени менен учурашып, азыр ал алыскы региондо болгондуктан, бир жумадан кийин гана жолуга аларын айтты. Натыйжасында, биз эки айдан кийин гана кезиктик.

Айзада Маманазарова, Чүй облусунун Ивановка айылынын тургуну, ал фермер. Күн чыкканда мен Бишкектен Токмокко карай сапар алдым. Ал Бишкектен бир сааттык жол аралыкта жайгашкан чакан шаар. Союз учурунда анда айыл-чарба продукциясын иштетүүчү ишканалар жайгашкан, бирок кийин башка шаарлардай болуп эле, ал дагы төмөндөп кеткен. Азыр болсо бул шаар жеке бизнестин эсебинен кайра көтөрүлүүдө. Менин каарманынм дагы дал ушундай бизнес менен алектенет. Биз Айзада менен парктан эмес, мал базардан жолугабыз.

Сиз мал базары деген эмне экенин билесизби? Жок, сиз ал жерге бир да жолу барып көрбөсөңүз анда ал жөнүндө такыр билбейсиз. Мал - бул үй жаныбарлары. Бирок базардын өзү атыгүл мал эмес. Анда өзүнүн эрежелери жана режими бар. Базарга үлгүрүү үчүн таң ата электе келип калуу керек, анткени жумуш базарда түнү менен башталат. Түнкү саат 1 чамасында базарга Чүй облусунун ар кайсы райондорунун жашоочулары мал сатууга, алууга, алып-сатууга келишет. Базардын бир аптада бир эле күн - жекшембиде гана иштегени андагы ажиотажды көбөйтөт.

Эртең мененки саат алтыда Айзада мени базарда күтүп жатты. Мен аны каардуу ковбойлорго окшогон эркек кишилердин арасынан дароо таанып, унааны токтотууга орун издедим. Унаадан чыкканда мурдума Шанель да эмес, Гуччи же Армани да эмес жыт урунду. Кык...көздөрүм таңылуу болсо дагы мен базарда кайсы жаныбарлар бар экенин айта алам: тооктор, жылкылар, уйлар, койлор. Бул жыттар мага кичине кезимден бери таааныш, анткени мен өзүм деле айылда чоңойгом. Көпчүлүктөй эле, мен дагы стереотиптерден эркин эмесмин. Мал базарга жеткичекти мен Айзада тууралуу ойлонуп келгем: ал  эркектердин жумушун жасап жүргөндүктөн анын өзүн алып жүрүүсү, сүйлөө манерасы, келбети дагы эркектей болсо керек деп. Жада калса өзум дагы «эркектердин тилинде» сүйлөшүүгө даярданып келгем. Бирок, адаттагыдай эле, чындык стереотиптерди бузду. Бул бактыга жараша болду.

Мени чачын экиге өргөн, түстүү куртка кийген, артына куржун асынып алган кыз тосуп чыкты. Ал букаларды башкарган эмес, колледждин студентине окшош кыз экен. Ал эми аны трактор айдайт деген ой башыңа дээрлик келбейт.

-Менин атым Айзада, келиңиз, мен сизге базарды көрсөтөйүн, деди ал басып баратып. Биз анан музоолордун жана уйлардын ортосунан кичинекей жол менен базардын түпкүрүнө карай бет алдык.

-Бизге букачарлар керек, жөнөкөй эмес, караңгы түстөгү букачарлар, алар канчалык кара болсо, ошончо жакшы болот, деп түшүндүрдү Айзада.

-Каралары эмнеси менен жакшы? – деп сурадым мен.

-Каралары бат көлөм чогултат, ал эми ачык түстөгүлөрү - жок. Адегенде алардын жамбаштарын карайлы, андан кийин мүйүздөрүн текшеребиз.

«Бизге керектүү, жакшы букачарлардын мүйүздөрү кыска болушу керек», деп ал ар бири музонун мүйүздөрүн кармап көрүп жатты.

Эркек кишилер бизди таң калып карап жатышты, кээ бирлери болсо «кыздар, силер адашып кеткенсиңерго, Бишкекке кетчи жол кайда экенин көрсөтөлүбү?» - деп тийишип жатышты, кээ бирлер болсо бизди туристтер деп ойлошту.

-Базарга келген сайын мен  түшүнбөстүккө кабылам. Мен музоолорду сатып алам деп айтканда мага ишенишпейт. Качан мен букачарлардын породалары, өзгөчөлүктөрү жөнүндө сөз кыла баштаганда алар мени олуттуу кабыл ала башташат. Ар дайым ушундай болуп турат, мен көнүп деле калдым.

-Мүйүзү кыска же такыр жок букачарлар дагы абдан жакшы сатылат.

Мен үчүн бул шок болду.

-Кандайча жок? Аларды кесип салышабы? Эмне үчүн?

-Жок, алардын туулгандан тарта эле ошондой болот. Алар эт породасындагы букалар, атайлап башка өлкөлөрдөн алынып келинет.

Биз чоң базарды аралап кетип бара жаттык. Мен бир нече жолу кыкты тебелеп алдым. Мен үчүн бул инициация жөрөлгөсүнөн өткөнсүп, бул жерде өз адамдай болуп калдым, ошндой жыттанып дагы калдым. Бут кийимимди тазалайм деп жатып Айзаданы жоготуп алганымды көрдүм. Жүрөгүм акылдап, эки жакты алаңдап түстүү куртканы издедим, бирок аны караңгы түстө кийинген эркек кишилердин арасынан дароо таптым.

Мал базар - бул өзүнчө эле спектакль. Мына, биринчи көрүнүш- жаш, назик кыз чоң, каардуу бука менен баарлашып жатат. Ал өзүнөн он эсе чоң бука менен сүйлөшүп жатты, тигинин болсо мүйүздөрү жана туяктары барда.

- Ай кыз, ал сени челип салышы мүмкүн, жанынан кач! Деп жашы элүүгө чыгып калган жергиликтүү түрк улутундагы сатуучу кыйкырды.

-Кабатыр болбоңуз байке, мен алар менен сүйлөшкөндү билем, өзүм дагы букаларды багам.

Сатуучу таң калып эле Айзаданы карап калды.

-Букаларды эмес, попугайчиктерди бакпайсыңбы…

Бирок Айзада өз сөзүнөн баш тарткан жок. Ал жаныбарды байлоо жөнүндө кесипкөй сүйлөшүү жүргүзүп, букачардын жаш курагы канчада экенин туура таап, реалдуу бааны атады.

Жолубузду уладык, биз байлоодон чыккан, каардуу айгырларга жолуктук. Алар ызгырынып, буттары менен чаң жерди тээп, баштарын өйдө жулкуп жатышты… Эки адам бир жылкыны тирөөчкө байлаганга аракет кылышты, бирок аргымак багынбай жатты.

-Көрдүңзбү, бул жылкы көптөн бери байлоодо турган,ошондуктан агрессивдүү, ал тоо-талаада чуркап, жашыл чөп жегиси келет, бирок аны союуга алып кетип жатышат. Азыр күз келип, той, мааракелердин мезгили башталды, ошондуктан базарда мал толтура. Айлар бою малды багып байлаган адамдардын акча табуу маалы келди,- дейт Айзада.

Андан ары кетип баратып, чыга бериштен оң тарапка бурулуп, катар катар менен тизилип турган чоң унаалардын жанына келдик. Ал жерде беде, эспарцет сатылат экен. Айзада соодалашып,  чөп жүктөлгөн бир унааны торпоктор багылган кашарга, Беловодскоеге жөнөттү.

Биз унаага отурганда мен биз эч нерсе сатып албасак, базарга эмнеге келдик деп сурадым.

-Бүгүн мен бааларды байкаштырдым, чакан фермам бар. Жакында эле букачарларымдын баарын саткам, эми болсо бизге Европадан эт породасындагы торпоктор келе жатат. Алар келгенде, мен аларды сатып алып, байлоого отургузам анан сатып баштайм.

-Кандайча сен, кыз, тракторлор, букалар менен алектенип калдың? Бала кезиңде жаныбарларды жакшы көрчү белең?

-Мен Кемин шаарчасында чоңойгом, биз ыңгайлашкан батирде турчубуз. Үйдө жаныбарларыбыз дагы жок болчу. Атам органдарда, апам мугалим болуп эмгектенишкен. Мен абдан талаптһ күчтүү шартта өскөм. Биз бардыгыбыз жакшы окуп, кошумча сабактарга барып, тилдерди үйрөнүп, спорт менен машыкчыбыз. Ал эми ишкердүүлүккө болгон шык канымда болсо керек.

Алгачкы акчамды экинчи классымда иштеп тапкам. Биздин мектептин жанында бир орус чоң эне ар дайым семечке сатчы эле. Сабактагы танаписте биз курбуларыбыз менен ар дайым ага чуркап барып турчубуз. Бир кезде ал чоң эне семечке сатпай калды. Мен апамдан мага бир килограмм семечке алып берүүсүн сурандым. Апам мага сатып берип, аны кууруп, куржунума салып берди. Алар ушунчалык даамдуу болуптур, элдин баары сурай баштады. Мен сатам дедим. Эки сааттын ичинде менин 1 килограмм семечкемдин бардыгы сатылып кеткен.

Кийинки дем алыш күндөрү мен апамдан мага бир чака толтура семечке сатып берүүсүн өтүндүм. Апам таң калып, алардын баарын сата аласыңбы? деп сурады, мен ооба деп жооп бердим. Кийинчерээк семечкелердин жанына сагыздарды дагы кошуп сата баштадым, аларды сабактардан кийин отургучта отуруп алып соода кылчымын. Тапкан акчаларыма ата энем мага кийим-кече, окуу куралдарын алып беришчи.

Кийин мен мектепти медаль менен аяктап, университетке өтүп, окуудагы жетишкендиктерим үчүн 5 миң сом өлчөмүндөгү президенттин стипендиясына татыдым, ошол кезде ал чоң акча эле. Андан сырткары, менин окуум үчүн контракттын баасын 50% төмөндөтүп беришкен. Экинчи курстан баштап иштей баштадым. Адегенде дүкөндө реализатор болуп, кийин мамлекеттик кызматка кирдим. Университетти кызыл диплом менен аяктап, Бишкектин Ленин райондук акмчилигинин бөлүм башчысынын кызматына чейин көтөрүлө алдым.

Мен турмушка чыгып, эки кыздуу болдум. Жолдошум менин иштегениме тыюу салды. Кийин биз ажырашып, кыйынчылыктарга туш боло баштадым. Мен акча табуунун жолдорун издей баштадым. Букачарларды алып-сатуу абдан кирешелүү экен деп уктум.

Атамдан айылдан эски сарай сатып алуусун сурандым. Биз атам экөөбүз аны калыбына келтрдик.  Алгачкы торпокторду сатып алдык, мен аларга өзүм чөп берип, суугарчымын. Аларды кантип багууну билбей, көп ката жасадым. Көрсө, үй жаныбарларына көптөгөн оорулардан жана курттардан сактоо үчүн өз убагы менен дары берип, эмдеп туруу керек экен. Бир нече жолу банкрот болдум…бирок кайра башынан баштап жаттым…

Мен кантип үй-жаныбарлары жана тракторлор менен алектенип калганымды туугандарым жана досторум түшүнбөйт… Алар мени офисте иштеген ийгиликтүү кыз катары көрүшчү. Бирок  офис жумушу мен үчүн эмес экенин түшүндүм.

Өзүмдүн букачарларымды багуу үчүн аянты 5 гектарды түзгөн жер тилкесин ижарага алып, ал жерге торпоктордун тамагы үчүн чөп жана айыл-чарба өсүмдүктөрүн айдадым. Ал жерге биз жүгөрү жана арпа септик. Ушинтип отуруп мен трактор менен тааныштым. Бизге ак көңүл тракторчу байке туш болуп калып, мага аны айдаганды үйрөттү. Трактор менен жер иштетип, аны айдап, жерди өзгөчө түнкүсүн, суу талаш эмес кезде суугарган жакты.

Айыл чарбада трактор өтө маанилүү жана керек нерсе экенин түшүндүм, бирок айылдарда ал дефицит. Жаңы тракторлор абдан кымбат турат, жана ар бир эле фермердин аны сатып алууга чамасы жетпейт. Ошондуктан мен Кыргызстанга лизинг аркылуу жаңы тракторлорду алып келген компанияларды таптым. Мен фирмалар менен өзүм сүйлөшүп, региондорго сатып, бекер кеңеш берем.  Максатым – жөн эле сатуу эмес, мен фермерлерге бул техниканын же жабдуунун канчалык деңгээлде керек экенин билгим келет. Мен жөнөкөй адамдарга жаңы айыл-чарба технологияларын өздөштүрүүгө жардам берсем дейм.

Өзүм өлкөнүн региондоруна, айылдарына абдан көп барам, бирок башында мени эч ким олуттуу кабыл албайт. Качан мен тракторлордун деталдары жөнүндө кенен айтып берип баштаганда, эркек кишилердин тамашалары басылып калат» - деп жылмаят Айзада. Кээ бирлери болсо тракторлорун текшерип, айдап көрүүмдү суранышат. Муну мен чоң кубануу менен жасайм.

-Сага ким жардам берет? Агаларың, эжелериңби? Же компаньондоруңбу?

-Менин эки эжем жана иним бар. Улуу эжемдин үй бүлөсү, жолдошу, балдары бар. Иним болсо кесииби боюнча дизайнер. Ал менин иштерим менен байланышкысы келбейт. Эжем моделдик бизнесте иштейт, ал мени кийинтип, боёнтуп, леди кылгысы келет, бирок ал образ менин жумушума туура келбейт. Кийимде мага ыңгайлык жана эркиндик керек. Компаньондор бар болчу, бирок алардын кылган иштери биздин идеяларга туура келчи эмес, мага болсо бул нерсе жакпайт. Алар биринчи орунга кирешени коюп, техниканы алдамчылык аркылуу сата баштаган.  Бул нерсени жасаганга менин уятым жол бербейт. Менин максатым - балдарымды ак эмгегим менен тапкан акчага чоңойтуп, жумушум башкаларга дагы кубаныч тартууласа дейм.

Бул күлкүлүү угулушу мүмкүн, бирок бир күнү мага чоң энем түшүмо кирди. Ал мен эчкимди таарынпай, зыян тийгибешим керек экенин айтты. Мен адамдарга жакшылык гана жасашым керек деди, болбосо ишим жүрбөйт. Мен ага ишенем, андыктан ал айткан нерсени кылам.

Айзада өз сөзүн ушинтип аяктады. Биз анын үйүнө келдик, анын күнүмкү сүйүктүү, бирок аялдын эмес жумушу башталды. Мен Айзаданы карап отуруп, бир нерсени түшүндүм: менин алдымда чанда кездешүүчү, бардыгын өзү жасай алган, жумушту эркектики жана аялдыкы деп бөлбөгөн адам турганын көрдүм. Бул стереотиптерди буза алган, толугу менен жетилген адам. Мейли ал чачы экиге өрүлгөн, түстүү куртка кийип, куржун асынган жаш колледждин студентине окшогон кыз болсо дагы.

Мунара Боромбаева

 
© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине