Кыргызстан: Алмашып туруучу этникалык жагдай

17:24, 18 Октября 2014

КРнын Улуттук статистика комитетинин эксперттеринин алдыга карай берген божомолдоруна ылайык, жакынкы 10-15 жылда өлкөдөгү этникалык жагдай чукул өзгөрүүгө учурайт. Буга чейинки көнүмүш этностодун ордуна жаңылары пайда болушу мүмкүн. Мезгили менен орто ишкердүүлүк менен алектенген ооган, түрк, кытай жана иран коомчулугу кыйла көбөйөт. Алар бул жерге отурукташып, үй-бүлөлүү болушуп, кыргыз жарандыгын алышууда.

Ал эми Кыргызстанды байырлаган салттык этникалык топтор туурасында Улуттук статистикалык комитеттин эксперттери өз кортунудуларын жана божомолдорун айтышты. Славян улутунун өкүлдөрү арасында пенсия курагындагылар кыйшаюуусуз өсүүдө. Муну эксперттер Советтер Союзунун урашы менен жашоо шарттын өзгөрүшү жана мурдагы союз өлкөлөрүндө улутчулдуктун өсүшүнүн негизинде 1990-1998-жылдарындагы орус тилдүү калктын массалык түрдөгү көчүп кетүүсү менен түшүндүрүшүүдө. Бул жерде этникалык еврейлердин, немистердин, гректердин, крым татарларынын жана түндүк кавказ эл өкүлдөрүнүн тарыхий Мекенине көчүп кетишин да айта кетүү керек.

«2000-жылдан тарта орус орус тилдүү калктын миграция деңгээли бир аз төмөндөгөн. Улуттук статистика комитеттин маалыматы боюнча ал 56% ды түзгөн. Бирок, ошол эле мезгилде кыргыздар арасындагы эмгек миграциясы көбөйүп, 24% га жеткен. Экономикадагы кыйынчылыктар көп кишилерди жумуш издөө үчүн Мекенин таштап кетүүгө аргасыз кылды», - деп белгилейт КРнын Президентинин алдындагы этникалык жана диний саясат боюнча бөлүмүнүн эксперти Зайырбек Эргешов.

Көндүмдөрдү бузуп

«2010-жылкы кайгылуу окуялардан кийин өлкөнүн түштүгүндө өзбек коомчулугу азайып, кыргыздардын саны өсүүдө деп көп айтылган. Бирок, Улуттук статкомдун болжолуна таянсак, кыргыз менен өзбектер арасындагы өсүштө эч айрыма байкалбайт. Ошондой эле улутчулдук багыттагы күчтөрдүн маселени өз пайдасына чечүү үчүн, көп төрөлүүнүн негизинде түштүктө өзбектердин саны көбөйүүдө деген маалыматына да ишенүүгө болбойт», - дейт эксперт Эргешов.

Орус тилдүү калк арасында төрөлүүнүн саны салттуу түрдө төмөн. Эксперттер, 2015-жылда Бажы биримдигине кирүүбүз Кыргызстандагы этностордун сапаттуу жана сандуу түзүлүшүнө таасир этишин четке кагышпайт. Бул боюнча экперттер дагы бир жаэы тенденцияны белгилешет. Кыргызстанда европалыкка караганда азиялык бөлүктөр көбөйүүдө.

«Жакынкы аралыкта Кыргызстанда жаңы этникалык топтор пайда болот. Алар пакистандар, арабдар, оогандар жана кытайлар. Коомчулуктарынын көбөйүшү менен

алар өлкөнүн этникалык картасында активдүү ролду ойной башташат. Мунун бардыгын эске алуу менен, көнүмүш жагдай кыйла өзгөрөөрүн божомолдосо болот.

Акыркы маалымдама боюнча бүгүнкү күнү өлкөдө  27,9%  этникалык азчылыктар жашайт»-  деп белигледи эксперт.

Кайда баруу керек?

Эксперттер түзүлгөн абалдан чыгуу жолун,  улуттукка теңдеш катарында жарандык бирдейликти өнүктүрүүдөн көрөт.

«Биздин жарандарга бирдейлик тууралуу суроо бергениңде алар биринчи кезекте: «Мен кыргызмын», же «Мен өзбекмин», жана башканы айтып жооп беришет. Кыргыз Республикасынын жараны экенидигин аз бөлүгү гана айтат. Башка маселе- коомдун биригүүсүнө басым көрсөтүүчү курал болгон уруулук жана регионалдык бөлүнүү. Азыр айрымдар уруучулук белги менен өз курултайларын өткөрүп жатышат. Украинадагы ички мамлекеттик жаңжалдын бир бөлүгү да дал ушул жарандык аныктоодон келип чыккан. Бул көйгөй жарандардын биримдиги жокугунан, ар түрдүү шарттык белгилерге бөлүнгөндүгүнөн келип чыгууда», - дейт Зайырбек Эргешов.

Кызыгы, эксперттердин айтымында Кыргызстанда расмий түрдө «улуттук азчылыктар» деген термин жок. Аны көбүнчө эл аралык уюмдар таңуулоодо, тагыраак айтсак ЕККУ колдонууда.

Бул терминди бир катар этнос өкүлдөрү да анча жакшы кабыл алышпайт. Бул жерде алардын ата-теги төрөлүп, жашап жүргөндүктөн, өздөрүн улуттук азчылык деп эсептешпейт. Бул термин жок болуп кетүү алдында турган этносторго көбүрөөк тиешелүү.

Мен ойлойм, мындай келишпестиктерди болтурбоо үчүн, жарандык бирдейликти гана өнүктүрбөстөн, адамдарга өзүн-өзү өнүктүрүүсүнө бирдей шарттарды түзүп берүү зарыл. Кыргызстанда жашап жаткан бардык этностордун өкүлдөрү өзүн биринчи кезекте бул өлкөнүн жараны катары сезип, андан кийин гана ар кайсы этностордун жана улуттуардын өкүлү катары сезиш керек.

Алмаз Исманов

© Новые лица, 2014–2019
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине