Ноокенди байырлаган арабдар

11:56, 26 Февраля 2015

Жалал-Абаддын Ноокен районунда кыргыз жана өзбек салттарын аралаш карманган, бирок өздөрүн араб деп эсептеген жарандар жашайт. Алардын сырткы келбети чын эле арабдардын урпактары экенин далилдеп турат. Бирок дээрлик эч кимиси араб тилин  биле бербейт.

«Айылда кедей адам жок»

Арабдар жашаган айылдын расмий аталышы Сары-Сыя, совет учурунда Киров деп аталган. Бирок бейрасмий түрдө «Араб кыштак» деген ат менен белгилүү. Айыл аксакалдарынын айтымында, ал жерге өткөн кылымдын башында 7 үй-бүлө көчүп келип, отурукташып калган. Азыр 400гө жакын үй-бүлө бар.

Сарысыялыктарда тууганчылык күчтүү, эң эле алысы кудалашып алган. Дыйканчылык, соодагерчилик жана мал жандыктарын багуу менен алектенишет. Жаштар арасында жогорку окуу жайга тапшыргандар өтө аз. Мектепти бүтөрү менен эле тиричилик иштерине аралашышат. Жигиттери эрте үйлөнүп, кыздары да 16 жаштан баштап турмушка чыгат.

«Араб кыштакта» жогорку билимдүүлөр саналуу гана. Алардын бири, Ноокен районунун борборундагы бейтапканада дарыгер болуп иштеп жаткан Зиядбек Мурзалимов айылдаштары тууралуу буларды айтып берди:

- Бизде ата-энелер көбүнчө балдарын мектепте окутуп эле тим болушат. Айылдагы мектепте өзүбүздөн чыккан мугалимдер аз. Он бир жылдык мектебибиз кыргыз тилдүү. Мугалимдер кошуна айылдардан келишет. Бирок, биздикилердин өзгөчөлүгү – баары жашоого тың. Начар жашаган үй-бүлө дээрлик жок. Аз дегенде 4-5 кой, 1-2 баш уйу бар. Баса, мал соодасы боюнча арабдар ушул аймактагы эң таанымал кишилер.

«Аялдары алтынга өч»

Санабар Тажидинова 20 жыл мурун Кочкор-Ата шаарынан арабдарга келин болуп түшкөн. Келиндик доорунун алгачкы жылдарын мындайча эскерет:

- Мен биздин шаардагы техникумда окуган бир жигит менен сүйлөшчүмүн. Тили өзбекче, бирок аты жөнү кыргызча – Алмазбек Текебаев болчу. Улутун араб экенин айтчу. Чынын айтсам, ишенчү да, түшүнчү да эмесмин. Тагдыр экен, 1994-жылы баш коштук. Ошентип арабдарга келин болуп калдым. Бул жерде аялдар аябай мээнеткеч. Башында булардын жасаган жумуштарын көрүп, таң калчу элем. Мал чарбасыбы, дыйканчылыкпы, баарын эптешет. Ошондон артып, турмуш-тиричиликке тың. Баса, алтынды жакшы көрүшөт. Бардык аялдарында алтын сөйкө, шакек бар. Кыздарына мурас кылып өткөрүп да беришет. Мен шаарда өскөн үчүн андай нерселерге кызыкчу эмесмин, кийин-кийин менде да кызыгуу пайда болду. Азыр кадимки эле араб аялдардан айырмам жок.

Ноокендик арабдардын ашканасы дээрлик өзбек тамак-ашынан турса, салт-санаасы кыргыздыкына окшош. Мисалы, тойдо сөзсүз чоң бодо мал союп, келгендерди аз дегенде 5 үйгө конокко бөлөт. Өлүм болгон учурда эркектери кадимкидей өкүрүк салып турушат.

2000-жылдын башына чейин бул айылдагы бойго жеткен кыздар шым жана кыска көйнөк кийишкен эмес, жоолук салынып жүргөн. Соңку 10-15 жылдан бери заманбап кийимдерди кийүүгө да ата-энелер уруксат бере башташканын айтышат. Бирок кыздарды көзөмөлдөө дагы эле айыл эркектеринин биринчи милдети болуп саналат.

Мурда башка жактан куда да күткөндөр аз болгон. Айылдыктар бири бирине кыз узатып, келин алып жашашкан. Акыркы жылдары коңшу айылдарга же алыс жактарга кыз берип, келин алып келгендер көбөйө баштаган.

Бешиктеги баласы да «арабмын» дейт

Айылда араб тилин билгендер дээрлик жок. Ошого карабай, бардыгы өзүн араб деп эсептейт. Ал тургай эми тили чыккан баласы да араб экенин айтат. 

Сарысыялык арабдар бир канча кылым мурда Борбор Азияга дин жайылтуу максатында Сауд Арабиясынан келген арабдардын урпактары. Өздөрүн курайш уруусунанбыз дешет. Кыргызстанга келгенге чейин Өзбекстандын Анжиян облусундагы аймактарда жашашкан. Өткөн кылымдын башында дыйканчылык кылуу учун Ноокенге келишип, жери берекелүү болгондуктан 7 үй-бүлө калып калган. 

Дин жайылтабыз деп келип, Анжиянда отурукташып калган арабдар дээрлик жергиликтүү калктын каада-салтын, тилин өзүнө сиңирип алышкан. Алардан бөлүнүп Кыргызстанга ооп келгендери болсо кыргыз-өзбек тилдеринде аралаш сүйлөшөт. Тилин унутуп баратканы менен алар араб тукумунан экенине сыймыктанышат. Ар бир үй-бүлөдө ушундай маанай бар. Төрүндө теспе менен Меке шаарындагы Каабанын сүрөтү илинбеген үйдү көрбөйсүз.


Анткен менен жаңы төрөлгөн балдарга арабча ат коюлбайт. Көбүнчө ата-эне баласына өзбекче же кыргызча ысым ыйгарат. Паспортунда болсо кыргыз же өзбек деп жазылат. Мунун жөн-жайын айыл башчы Рахманжан Боронбаев минтип түшүндүрдү:

-  Биз паспортубузда улутубуз араб деп жазылып турушун каалайбыз. Бирок Совет доорунда динге болгон көз караш терс болгондуктан,  документтерге өзбек же кыргыз деп жазылган. Биз бул боюнча Жогорку Кенешке да кат жолдогонбуз, тийиштүү адистерге кайрылдык, паспортко улуту араб деп жаздырып бергиле деп...


Сары-Сыя деген аталыштын да тарыхы бар. Уламыштарга караганда, дин таратабыз деп келген арабдар өздөрү жөнүндө териге сары сыя менен жазышчу экен. Бирок айрым булактарда «Сары-Сыя» эмес, «Сарасия» деген аталыш туура экени айтылат. Анткени, дин жайылтууга келген арабдар отурукташып калган жерлердин баарын Сарасия деп аташкан экен. Өзбекстандын айрым аймактарында Сарасия деген айылдар бар. Ал жерлерде да жалаң араб тектүүлөр жашайт.

Баса, Ноокендик арабдар аябай меймандос. Эгер кокус жолуңуз түшүп калса, каалаган үйгө кирип, конок боло аласыз. Дарбазаны чертип, мусаапыр экениңизди айтсаңыз болду, сыйлуу төрдөн орун беришет.

Санжар Эралиев 

© Новые лица, 2014–2019
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине