Мигранттардын окуялары. Бектур

12:05, 8 Февраля

COVID-19 пандемиясы мигранттардын жашоосуна бир топ кыйынчылыктарды алып келди. Алар жапырт иштен кетип, жумушсуздукка кабылып, мекенине кайта албай калышты.  Бул циклде биз мигранттар кандай кыйынчылыктарга дуушар болгондугун териштирип, мигранттардын жашоосу жаңы шарттарда кандай нукта өнүгө тургандыгын билип көрүүгө аракет жасадык. Биринчи окуя. Таанышып алыңыздар, Бектур Даанышман. Эмгек миграциясындагы тажрыйбасы 5 жыл. Бектур менен биз Фейсбуктан таанышканбыз, ал Кыргызстандагы баардык саясий окуяларга активдүү пикир бөлүшүп келет.

Жумуш жөнүндө

-Мен Амур облусунда «Гидромонтаж» уюмунда гидроэлектрстанцияларды куруп иштеп келгем. Андан соң ошол эле тармак менен же газдаштыруу жагы менен байланышкан уюмдарда иштедим,-деп айтат Бектур.

-Сиздин атайын билимиңиз барбы?

-Ооба, кесиптик билимим бар. Жумушту негизинен Интернет аркылуу тапчымын. Аларга чалып, тажрыйбам тууралуу айтып бергенден кийин, алар мени аңгемелешүүгө чакырышчу. Кыргызстанда дагы гидроэлектрстанцияларды куруу жана газдаштыруу тармагында иштегем. Мисалы, Бишкектин Ак-Өргө, Ак-Ордо, Арча-Бешик конуштарында түтүктөрдү өткөрчүмүн. Бирок бизде жумушту жүргүзүү системасы такыр башкача, так эрежелер жок, жыйынтыгында, биз бизге убадаланган акча каражаттарын толук ала албай калганбыз. Андан кийин бул тармакта жаңы нерсени көрөйүн деп Орусияга кетүүнү чечтим. Бул жерде биздин жумуш шарттарыбыз абдан жакшы: атайын курулуш шаарчалары бар, аларда баардык шарттары бар жатканалар бар. Ашканалар бар, ал жерден бизди күнүнө үч жолу тамактандырышат. Тамак дагы жакшы, шарттар жакшы, документтер менен дагы баардыгы жайында. Бул эң башкысы да! Айлыкты дагы өз убагында төлөшөт.

-Сиздин жумушуңуз тобокелдүүбү? Айтканым, сиз бир ирет өлүмдөн аман калдым деп пост жаздыңыз эле...

-Андай учурлар эгерде адам коопсуздук эрежелерин сактабаса, Кыргызстандабы, Орусиядабы, айтоор каалаган жерде болушу мүмкүн. Билбейм, балким капыстык болгон, бирок ошол учурда экскаватордун түтүктөрү жарылып кетип, ковш бир нече секунд мурун мен турган жерге кулап түшкөн. Эгерде мен байкабай калганда, ал мени басып калмак. Ошол окуядан соң мен «Фейсбукка» пост жазып, популярдуу болуп кеттим.

-Башкармалык сиз менен канчалык эсептешет?

-Биздин уюмда бригадалар бар, аларда ар бир адам өз жумушун кылат. Кээ бири түтүктөрдү өткөрөт, башкасы курулуш жагында. Мен өз бригадамдын чоңумун. Экинчи смена үчүн жооп берем, кээде жумуш тең жүрүшү үчүн биринчи сменага өтүп турам.

-Демек сиздин квалификацияңыз жетекчи болууга жол берет экенда?

-Ооба, мен чиймелерди жасап, аларды кантип уюштуруу керек экендиги үчүн жооп берем.

-Пандемия учурунда мигранттардын жашоосу кандай өзгөрдү?

-Бизде бул процесс башкалардыкындай болуп өтө курч өткөн жок. Биз расмий түрдө иштеп, эмгек келишимдерибиз болгондуктан, бизде баардык шарттар болду. Ай сайын анализдерди алып, акысыз негизде беткаптар жана коргонуу каражаттары менен камсыздап турушат. Башка мигранттар болсо чоң кыйынчылыктарга кабылышты. Мекендештерибиз чек арада калып калып, адамдар тамак-аш жана турак жай үчүн акчасы жок калгандыгын социалдык тармактардан баардыгыбыз көрүп жаттык. Алар абдан кыйналышты.

Сүрөттө: Кайрат Джамангулов.

Кайрат Джамангулов, социология илимдеринин кандидаты: «Пандемиядан улам жаралган кризис биринчи кезекте мигранттарга залакасын тийгизди, анткени карантинден улам жарандар үйдө отуруп калып, жумушунан жана башка кепилдиктеринен ажырап калышты. Кээ бирлери адам сатуунун курмандыгы болгондугу дагы мүмкүн, анткени аталган форс-мажордун айынан алар акчаларын ала албай калган же эмгек контракттары жоюлган. Жарандар оорунун алдында дагы алсыз болушту, анткени акчаны үнөмдөө үчүн бир бөлмөгө көптөн жашоого аргасыз болушкан. Анын айынан алар бири-бирине оору жугузуп жатышты, ошондуктан, ден-соолук жагынан алып караганда, дал ошол мигранттар алгачкы соккуну өзүнө алышкан».

Сүрөттө: Татьяна Зорина.

Татьяна Зорина, «Кыргызстан, Армения жана Россиядагы кызматташтыкты күчөтүү аркылуу мигранттардын корголушуна көмөктөшүү» долбоорунун координатору: «Жумушта расмий эмес, тагыраак айтканда мыйзамсыз иштеп жаткан мигранттар өтө чоң кыйынчылыктарга кабылды. Биринчиден, алар президенттин жарлыгы менен аныкталган эч кандай пособияларды же жардамды ала албастан жумуштардан айдалышты. Экинчиден, турак жай кымбат болгондуктан, биздин мигранттар бир нече үй-бүлө болуп биригип, батирлерди ижарага алышат. Жана албетте, андай шарттарда ооруну жугузуп алуу коркунучу алда канча жогору болот. Ал жерде бир адам ооруга чалдыгып, ал башка адамдар менен байланышта болсо, алардн баардыгын карантинге жабышат. Бүтүндөй жатаканалар менен жабылган учурлар болгон. Эми элестетиңиз, адамдар жумушу жок, акчасы жок, жана азык-түлүк же башка керек нерселерди сатып алыш үчүн дагы эшикке чыгуу мүмкүнчүлүгү жок отурушту.

Эмгек мигрциясынын себептери жөнүндө

Бектурдун тааныштарынын дээрлик 80 пайызы эмгек миграциясында.

-Сиз деги эле эмгек миграциясына кандай баа бересиз?

-Эмгек миграциясы биздин өлкө менен коомго өтө терс таасир берет. Анткени биздин жарандарбыз чоочун жерде иштеп жүргөндө алардын балдары кароосуз, тарбия албай калышат. Жакында эле мен бул теманы Вологод облусундагы мекендештерибиз менен талкууладым. Алар дагы бул нерсе тууралуу сарсанаа болуп «биз өмүр бою ушинтип иштеп жүрө беребизби?» деп сурашууда. Алар дагы биздин өлкөдөгү коом келечекте кандай болооруна кабатыр болууда. Анткени ата-энесинен алыс жерде өскөн балдар үйдөн тарбия албай, көчөө менен Интернеттен тарбия алышат. Жакында менин теңтуш кесиптешимдин үч жашар баласы каза болуп калды. Бул окуядан кийин кесиптешим жашоосунун маанисин жоготуп, жан дүйнөсү жок, жөн гана дене болуп калды. Ал автоматташкандай эле жумушун иштеп жүрдү, ал эми бираз бош убактысы болуп калса, бурчка отура калып, баласынын сүрөт, видеолорун көүп калат. Ал акча табыш үчүн өз үй-бүлөсүн, балдарын ушундай абалда калтырып кетүүгө мажбур болду.

-Эмне себептен жаштар ата-энесин, үй-бүлө, бала-чакасын калтырып кетип жатышат?

-Биринчи кезекте, өлкөдөгү колоссалдык жумушсуздуктун айынан. Адамдын жумушу жок болгон учурда, ал жашоодогу максатын жоготуп, эмне кылышты билбей, деградация боло баштайт. Адамдын чөнтөгүндө акчасы жок калганда, ал каякка умтулууну билбей калат. Сен жумушсуз жүргөндө, тааныштарың, досторуң, жада калса туугандарыңдын арасындагы кадыр-баркыңды жоготосуң. Ошондуктан эркек кишилер намысын жоготпош үчүн эмгек миграациясына кете  баштайт.

-Сиз Кыргызстанда жумуш издеп көрдүңүз беле? Кандай сунуштар болду эле?

-Албетте, издегем. Кыргызстанда кеңселерге администраторлор, жумушчулар керек деп көп сугушталат. Жумушка кирейин деп келесиң, ал жерде болсо сага окшоп жумуш табууга келген адамдар көп. Бул биринчиден, Экинчиден, ал кандай жумуш экендигин түшүнгөндө «эмнеге жөн эле убакыт коротуп жүрөм?» деп өзүңө суроо бересиң. Негизинен андай жумуштарда кардарларды табуу же бир нерсени сатуу керек болот.

-Сиздин кесибиңиз бар, сиз монтажчысыз. Ал эми Кыргызстанда кесибиңиз боюнча жумуш такыр жокпу?

-Албетте, бар, бирок бизде биринчиден, жумуш шарттары өтө начар жана айлык аз. Орусияга салыштырмалуу 3-4 эсеге төмөн. Благовещенскиде мен айына 80-100 миң рубль тапчымын. Бизде болсо негизинен айлык күнүнө 1000 сомдон. Же андан аз, мисалы, мамлекеттик мекемелерде иштегендердин айлыгы айына 10-15 миң сомду түзөт. Менин кесибим менен күнүгө 1000 сомдон табууга болот. Бул өтө аз.

Кайрат Джамангулов: «Пандемия учурунда 80 миңге жакын мигрант Мекенине кайтып келди. Бирок мигранттардын көпчүлүгү жумушсуз калса дагы, үйүнө кайтып келишкен жок, анткени эгерде мигранттар Орусиядан чыгып кетсе, ал жерге үч жылдын ичинде кайра кире албай калышат деген маалымат тарап кеткен. Бирок расмий түрдө андай маалымат келген эмес. Эл коркуп, жумушу жана колдоосу жок калса дагы, кийин жумушка орношуу үмүтү менен калып калышты».

Мигранттардын жашоосу тууралуу

-Эмгек миграциясы кандай көйгөйлөрдү ачыктады?

-Биз мындай кырлаалдарга такыр даярдыгыбыз жок экен. Бул жагдай башка мүшкүл иш түшкөндө элге элден башка эчч ким жардам бербей тургандыгын ачыктады. Бирок бул пандемия учурунда гана эмес, ар дайым эле болуп келген. Мисалы эгерде бирөөнүн көйгөйлөрү пайда болсо, аны ал же өзү чечет, же жакындарынын, досторунун же тааныштарынын жардамы менен чечет. Мамлекеттен эч кандай көмөк жок. Эгерде жардам сурап мамлекеттик органдарга кайрылсаң, ал жерде такыр башкача мамиле кылышат.

-Эмгек миграциясында мигранттар арасында агрессия барбы? Же ал жерде элдер тескеринче, бири-бирине жардам беришеби?

- Москвадагы мекендештердин арасынан алар бири-бирин документ жасап берем деп акчасын алып, алдап качып кеткендиги жөнүндө окуяларды көп эле угууга болот. Же батирде чогуу турган адамдар эле бири-биринин оокатын, жада калса кийимдерин уурдап, качып кеткен учурлар болот. Биздикилерде гана эмес.  Миграцияда жүргөн адамдар негизинен бай эмес, алар жан багып, акча табууга аракет кылышат, жана ар бири бул нерсеге ар кандай жол менен жетет. Кээ бири маңдай тери менен тапса, экинчилери алдамчы, ууру болуп кетишет.

-Кыргызстандыктар мындан ары дагы эмгек миграциясына чыгып кете беришеби?

-Албетте, биздин өлкөдө экономика өнүгүп, жумуш орунары түзүлмөйүнчө, бул көрүнүш улана берет. Ооба, Орусияга кете беришет. Мен иштеген ишкана Иркутскиде жаңы тилке ачууда, ал жерге 10 миңдей киши алышат, жана менин тааныштарымдын көпчүлүгү кетүүгө даярданып жатышат.

Татьяна Зорина: «Эмгек келишими аркылуу, тагыраак айтканда, мыйзамдуу түрдө иштеп жаткан мигранттардын укуктары Орусиянын жарандарыныкына тең болгондуктан, аларга жеңилирээк болду. Пандемиядан кийин биздин жарандар расмий келишим менен иштеп, жашаган жери боюнча каттоого ала турган турак жай табуу керектигин жакшы түшүнүп калышты. Биздин уюм үч жылдан бери иш алып барып келет. Адегенде биз бул жерде, Кыргызстанда, мигранттарды миграция алдындагы даярдыктан өткөрөбүз. Эгерде пандемияга чейин мигранттар расмий түрдө жумушка орношуу канчалык маанилүү экендигин түшүнбөй, «биздин туугандарыбыз бар, ошолор аркылуу эле иштейбиз» деген мамиле кылышса, азыр кырдаал толугу менен өзгөрдү. Азыр алардын баардыгы эмгек келишими керек экендигин жана жашаган жеринде катталуу маанилүү экендигин түшүнүп калышты.

-Эмгек миграциясынын кандай жакшы жактары бар?

-Жакшы жактары, биз башка жерди көрүп, саякаттап, ар кайсы тармактардагы билимибизди кеңейтебиз. Мигранттар Кыргызстанга кайтып келип, бул жерден бир нерсени өзгөрткөнгө аракет кылышат. Анан дагы эмгек миграциясына кеткендер акча таап, бутуна туруп кете алышат. Мекнине кайтып келип, бул жерден өз ишин ачышат.

-Ар бир жаңы келген президент мигранттарды өз мекенине кайтарып келүү керек деп билдирет. Сиз буга кандай карайсыз?

-Бул жөн гана популизм деп ойлойм. Анткени биздин Россияда жана башка мамлекеттерде канчалаган мигранттарыбыз бар экендигин көрүп турам. Азыркы учурда өлкөнүн ичиндеги жарандарды жумуш менен камыздап туруп, андан кийин гана сырттагыларды кайтаруу тууралуу ойлонгон туура деп ойлойм. Алар орун таап, өздөрүн бага алышат, ал эми өлкөнүн өзүндө жумуш таба албай жүргөндөр көп.

Материалды даярдаган Лейла Саралаева

 
© Новые лица, 2014–2021
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине