Кыргызстан энергетикасынын альтернативдүү келечеги барбы?

16:51, 28 Декабря 2017

Адистердин баамында, мурдагы совет өлкөлөрүнүн арасында Кыргыз Республикасы күн энергиясынын кору боюнча алдыңкы катарда турат. Окумуштуулардын эсептөөсү боюнча, өлкөбүздүн аймагына түшкөн күн энергиясы 670 млн тонна башка отун булактарына тете. Ал эми шамал энергиясынынын кору 250 млн тонна шарттуу отун булагына тете.

Бизде калыбына келүүчү энергия булактарына байланыштуу дагы көптөгөн нерселер бар. Бирок иш жүзүндө, ушундай зор өлчөмдөгү альтернативдүү энергия булактарына ээ болуп туруп, биз алардын болгону БИР гана пайызын колдонобуз.  

2016-жылдын декабрында, б.а. туптуура бир жыл мурун, ЖК депутаты Экмат Байпакбаевдин демилгеси менен “Калыбына келүүчү энергия булактарына байланыштуу айрым КР мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору коомдун талкуусуна коюлган эле.

Жогорку Кеңештин депутаттары келтирген расмий маалыматтар боюнча, учурда электр энергиясынын дефицити 1,5 млрд киловатт-саатты түзөт. Абал эч өзгөрбөсө 2020-жылга чейин дефициттин өлчөмү 3 млрд киловатт-саатка чейин жетиши мүмкүн. Анын себептеринин бири – суунун азайышы жана климаттын өзгөрүшү, аталган нерселер дүйнөлүк, глобалдык маселеге айланып, ал биздин өлкөгө да таасирин тийгизбей кое албайт.

Дагы башка себеби – энергетика тармагындагы жабдыктардын эскириши, учурда бул көрсөткүч 50%ды түзөт, ал эми “Чакан ГЭС” станцияларында ал опурталдуу деп эсептелген 80%га чейин жетти. Расмий маалыматтар боюнча, өлкөдө бардыгы болуп 14 чакан ГЭС бар: «Чакан ГЭС» ААК (9 чакан ГЭС, 38,4 МВт) жана жеке менчик Исык-Ата чакан ГЭСи (кубаттуулугу 1,6 МВт, 2008-ж.), Калинин ГЭСи (1,4 МВт), Ак-Суу ГЭСи (0,5 МВт), Кыргыз-Ата ГЭСи (0,25 МВт) жана Тегирменти ГЭСи (3 МВт).

Депутат Байпакбаев өлкөдө чакан гидроэнергетиканын өнүгүүсүн жандандырыш үчүн мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштайт. Мыйзам долбоорунун демилгечисинин айтымында, эгер ушул өзгөртүүлөр кабыл алына турган болсо калыбына келүүчү энергиянын эсебинен энергияны өндүрүүнү эки эсе өстүрсө болот.

Күн жана суу энергиясынын кору боюнча Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнүн арасында алдыңкы орундарда турат. Бирок бул эбегейсиз зор корлор бул тармактын өнүгүшүнө, калкыбыздын жашоосунун оңолушуна эч бир таасир бербей келет.

Кыргызстанда калыбына келүүчү энергетиканы өнүктүрүү боюнча мамлекттик орган жок, калыбына келүүчү энергия булактарынан өндүрүлгөн энергияны таркатуучу компаниялардын сатып алуусуна колдоо көрсөтүү каралган эмес.

Мыйзам долбоорунун авторлорунун билдирүүсүндө, ушуга окшош компанияларга жер бөлүштүрүп берүү жолжобосу өтө татаалдаштырылып, ашыкча бюрократташтырылган. Ошону үчүн тийиштүү жолжоболорду жөнөкөйлөтүп, мүмкүн инвесторлорго “бир терезе” принцибин түзүү сунушталууда.

Өлкөбүздүн татаал рельефин жана аймактардын географиялык жайгашуусун эске алсак, калыбына келүүчү энергетиканы өнүктүрүү электр энергиясы менен бардыгын тегиз камсыздоо маселесин чечүүнүн бирден-бир натыйжалуу жолу болмокчу.

Алмаз Исманов

P.S. Материал ЕК долбоорунун алкагында даярдалды. Анда келтирилген фактылар, пикирлер авторго гана таандык жана ЕКтин расмий көз карашын чагылдырбайт. 

© Новые лица, 2014–2018
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине