Тарыхты мифтештирүү эмнеси менен коркунучтуу?

11:39, 16 Октября 2014

Платон  мифти ойдон чыгарылган деп аныктаган, аны коом факт катары эсептейт. Мурдагы Союз убагында болуп өткөн укмуштуу тарыхый көрүнүштөрдүн саны бүгүнкү күнү так эмес. Мурдагы зор мамлекеттин аймагындагы кайсы өлкөнүн болбосун басма сөздөрүн карасаң, күтүүсүз бурулуштарды табууга болот. Бири андан таасир алып, экинчиси уятынан бетин жабат. 

Украинадагы маалыматтык технологиялардын чыр-чатагынын тегерегиндеги маалыматтык каршылыктын фонунда ал кабинеттик саясий технологиялык шоктуктан өлүм алып келген куралга айланды. Украина алыс эле. Бирок, биздин  аймактын асманы чын эле ачыкпы? 

Көптөгөн эксперттердин пикири боюнча, Орто Азияда тигил же бул улуттун айрыкчалыгы туурасындагы тезистерден улам идеологиялык доктриналар түзүлгөн.  Мына, мисалга алсак, ADR  долбоорунун алкагындагы монографияда Казакстандык тарых илимдеринин доктору Владимир Хандрусай минтип жазат: «Түркмөнбашы, Илимдер Академиясын таратып жиберип, (!), тарыхчыларга ишенбей, түркмөн улуту, анын улуу тарыхы жана «түркмөндөрдө  күч жана рухтун улуулугун тарбиялоо» милдеттери туурасында өзү  «Рухнама»  тарыхый эмгегин жазган, муну азыр  көп жылдан бери чоңдор жана балдар жаттап окуп жүрүшөт. Өз кезегинде  башка чыгыш кошуналар - Мао менен Чучхенин сөздөрүн келтирип жүрүшкөн. Бул жерде түркмөндөрдүн тарыхын мифтеги Огуз хандан баштап окушкан, алардын сөзү боюнча, болжол менен 6000 жыл мурда жашаган Өзбекстан менен Тажикстанда да ушундай – бул өлкөлөрдүн башкы идеологиялык стратегиясы – дин эмес, улутчулдук болуп калган.  Ушул эле учурда өзбектер алардын этногенезинен бир катар конкреттүү монгол уруктарын табышат, бирок, «монголдордун тили жана маданияты олуттуу таасир көргөзгөн эмес, ал эми бир катар монгол уруулары,  мисалы, барластар, джалаирлер, кунграттар жана башкалар түрк уруусунан ассимиляцияланышкандыгын» баса белгилеп келишет.

 Тажикстанда, аймактын жалгыз шаардык маданияты «исламга чейинки персид-аруу маданиятын» баса көргөзүү менен, ( башка кошуна – көчмөндөрдөн айырмаланып) – «1920-жылдардагы балталап бөлүүсүн” актуалдаштырат. Ошондо Кремль тажиктердин  Самарканд, Бухара жана башка маданий-тарыхый борборлорун Өзбекстанга берип салган.

Региондун бардык мамлекеттеринин жалпы бирдиктүү жана улуттук доктриналарында түпкү улуттун айрыкчалуулугу туурасында тезис бар, бул бардык мүмкүн болгон тарыхый «изилдөөлөр» менен негизделет».

Бирок, башка да пикир бар.   Казакстандык саясий  баяндамачы Самлим Муканов мындай деп жазат: «Бул көрүнүштүн башкы себеби –  бүт совет доорунун мезгилинде союз республикаларынын элдеринен тарыхый эскерүүлөрдү тебелеп жок кылгандыгында. Бизге ар дайым, көчмөндүк- бул артта калгандык,  бизде толук кандуу тарыхыбыз жок экендигин айтып, мээбизге куюп келишкен. Мындай терең жана максаттуу мээлерди айландыруунун натыйжасында, ушуга ишенген муун өсүп чыкты. Андан сырткары, алар өз маданиятын түшүнүшпөйт жана баалагылары да келбейт. Башка тарыхка, чоочун маданиятка жабышуу адаты пайда болду.  Биз анда -  эмне болгон эмес жана болмок да эмес деп отура бербей, өзүбүздүн көчмөн тарыхыбызды жана маданиятыбызды түшүнүп, баалоого үйрөнүшүбүз керек.  Ал ансыз да ар түрдүү  окуяларга жана фактыларга толгон. Ал башка элдердикине салыштырмалуу, абдан көп кырдуу жана татаал. Мына, бизде байыркы египеттиктердикиндей пирамидалардын жоктугунан улам, же Месопотамиядагы сугат  курулуштары жок болгондуктан биздин тарых илимий баалуулук жагынан азыраак маанилүү болуп калбайт».

Бишкектен тарыхчы Жээнбек Алымбаев, МУУнун бүтүрүүчүсү (совет мезгилинен бери), окутуучу жана  аналитик, ал тарыхый чындыктын эр жүрөк жоокери.

- Жээнбек Байыскулович, мындай татаал маселеде чындыкты ойдон чыгаруудан кантип айырмалоо керек?

- Булактарды изилдөө менен. Дагы, булактын ишенимдүүлүгү деген түшүнүк бар. Чынын айтканда, бул жөнөкөй ыкманы институттун биринчи курсунда окутушат.

- Кайсы  институтта?

- Баарында. Акыл дисциплинасы, ыкма менен иштөө – бул жогорку билимдин негизи. Бүгүн мындай ыкма көп колдонулбай калгандыгы абдан аянычтуу. 

- Ал эми бүгүн, Кыргызстанда белгилүү саясатчылар менен коомдук ишмерлер алпештеп келишкен баарынан популярдуу тарыхый уламыштар кайсылар? 

- Мага бул анын популярдуулугу боюнча чанжырактын баарын бөлүштүрүп чыгуу чынында кыйын. Мен мындай изилдөөлөрдү жүргүзгөн эмесмин. Эмне туурасында уккандарымды айтып берейин. Мага биздин доорго чейинки 4-миң жылдыктагы кыргыздар туурасындагы  эң алгачкы эскерүүлөр темасына жазылган атайы даярдалган жалган маалымат () жагат.  Бул эч бир булактарда жок. Эч жерде. Бул чыныгы популисттик көз боео, кол эпчилдиги. Дагы бир  айтылган кеп, Атилла  кыргыз болгон имиш дегени.  Илимий көз караштан алып караганда бул- сандырактык.  Анан кийин, кыргыздарда урууларды түзүү убагында курултай болуптур деген идея пайда болду. Мындай илимий маалымат жок.  Булардын негизинде ушундай корутунду чыгарууга булактар да жок. Монголдордо – болгон. Ал эми кыргыздарда болгон эмес.

- Тарыхый мифтер кайдан алынган?

- Айрым саясий лидерлердин жок жерден эле өзүнүн идеологиялык базасын түзүүгө болгон аракетинен. Мен өз өлкөмдүн жана өз элимдин патриотумун, ошондуктан, мени мындай нерселер абдан капа кылат жана ызалантат. Анткени, жок жерден түзүлгөн база сөзсүз талкаланат, жана өз алдында көп сандаган элди кошо ала кетет. Тарыхта бул көп жолу болгон. 

Тарыхый материалдарга ар кайсы кесиптеги жана ар кандай социалдык статустагы адамдар кайрылышат. Ар кандай максаттар менен.  Алар муну бир эле нерсени бөлүп көргөзбөй, ар кандай түшүнүктөр менен аспектилерди байланыштырып,  ар кандай жасашат. Бирөөлөр -  манипуляциялар үчүн шайман алуу үчүн, башкалары – бутуна бекем туруу үчүн. Коркунучтуу айкалыш – бул эч кандай саясий технологиялык тажрыйбасы жоктук.

- Тарыхты мифтештирүү дагы эмнеси менен коркунучтуу?

- Тоталдык өзүн сындабоочулуктун өнүгүүсү. Буга  ылайык, мындай ыкма менен башын айландырган  элди, көпчүлүктү кайсы туунун алдына болбосун, чогултса  болот.   Бизде бүгүн тарыхка сын жок. Каалаган трибунага чыгып, камеранын алдына туруп алып -  болбогон нерсенин баарын айта  берет. Атаандаштар – угулбайт.  Анын оозун эч ким жаап, негиздеп берчи, кесиптеш» деп айтпайт.

- Интеллигенция унчукпайт

- Бир жагынан, бул албетте, биздин күнөөбүз. Биздин, тарыхчылардын – чын эле көз жумуп койдук. Кимдир бирөө бурчтарда туруп алып күлүп жатышат, бирөө өз үйүндө жатып алып нааразы болууда,  бирок эч ким басма сөз мааламыт жыйынын чакырып,  бул сандырактыкты жокко чыгарган жок, азыр алар биздин маалыматтык мейкиндикте толкуп-ташып агып жатат. Бирок, башка жагынан, эгер биз, окумуштуулар, телеканаларда чыга баштасак, анда  ким иш менен алектенет? Канткен күнү да бул жоопкерчилик журналисттерде жатат. Бүт адамзаттын цивилизациясы кыргыздардан тараган деп жазып жаткан журналистке, бир  окумуштууга келип, ушуга комментарий берип коюңуз деп сураганына ким жолтоо болуп жатат? Ал журналисттин өзүнөн башка эч ким жолтоо болгон жок. Кургак тарыхый фактыларга караганда, куурулган өрдөк даамдуураак да. Ооба, ушундай.

- Мына, биз кайрылдык го

- Силерди бирөө жарымы угаар деп ишенем... Мисалы, бүгүн уруу-урук  түзүлүшкө кайтууга чакырыктар чыгып жатат. Бирок, бул   регресс! Биз тарыхый мыйзамдарды тебелеп туруп, өзүбүздүн азапты көп тарткан республикабызды феодалдык мамилелер туңгуюгуна ыргытпашыбыз керек. 

- Башка жакка кыйшаюу, каралоо, тарыхый чындыкты жок кылуу – жакшы эмес... 

- Эч нерсеси менен. Биз өткөн кылымда абдан көп нерсени көрдүк, жаңы миң жылдыкта да мындан аз көрбөйбүз. Бир жээктен экинчисине урунбай, булактарга таянган версияны бекем кармашыбыз керек.  Ооба. Биздин турмушта көп нерсе болду. 1916-жылы падышанын бийлигине карщы көтөрүлүштү кандуу жол менен басуулар да, казактар менен аймактык каршылашуулар да, достук туурасында келишимдер да, чыккынчылык да, өз жанын аябоочулук да. Бардыгын бир боек менен боеонун кереги жок.

- Чындык бурмалоолордун тереңинде чөгүп кетпеши үчүн бул кырдаалды кантип оңдоо керек?

- Бул жерде  тиражын көбөйтүүгө гана жан талашпастан, өз элинин алдында жооптуу ММКлар, сабаттуу журналисттер  гана жардам бере алат. Жана жооптуу, өз жүзүн жоготпогон биздин лидерлер.

- А мындайлар барбы?

- Дайыма бар жана боло берет. Тарых да муну тастыктайт.

Даярдаган  Светлана Бегунова

© Новые лица, 2014–2019
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине