«Постчындык» деген эмне, жана анда кантип жашашыбыз керек?

18:44, 23 Апреля

Бүгүнкү күндүн маалымат колдонуучулары кандай болобуз? Ар-кандай сандырак жазылган аталыштарга көнүп деле калдык, келтирилген маалыматтарды текшербейбиз, жүйөөлөрүн талдабайбыз. Бардыгын биздики, биздики эмес деп эки жаатка бөлөбүз. Биздикилер – дайым туура, ал эми биздикилер эмес – дайым туура эмес. Бул күндөрү адистер кызыгы жок чындыкка караганда кооз жалган нерсеге ыктаган жаңы дүйнөнү таанып түшүнгөнгө аракет кылып келишет.

Ал эмне болду экен?

Постчындык – Оксфорд сөздүгүнө таяна турган болсок, 2016-жылдын сөзү болуп таанылган. Сөздүн алдына жалгануучу “пост-” деген аффикс адатынча “кийинки” деп которулат, бирок “постчындык” деген сөзгө байланыштуу ал ушуга окшош жөнөкөй эле чечмеленбейт, анткени ал мааниси боюнча “гибриддик чындыкты” (аргындаштырылган чындыкты) билдирет.

Постчындык – бул, дайыма эле чындык боло бербеген маалымат, бирок айрым пропагандага же идеологияга сугарылган адам аны чындык деп кабылдайт жана ага терең ишенет.

Ал ачыктан ачык фейк (жалган) болушу мүмкүн, же аны пропагандист башынан аягына чейин ойлоп чыгарышы ыктымал, же дүрбөлөңгө түшкөн адамдын сандырагы болушу мүмкүн, же катуу бурмаланган чындык болушу ыктымал, бирок ал постчындык болгондуктан, баштары айлантылган адамдар аны чындык катары кабылдашат. Жөнөкөйлөтүп айтканда, постчындык – жүйөөлөргө таянбастан, аны окуп жаткан адамдардын эмоцияларына таянган, бул эмоциялар менен ойногон маалымат. Айрым идеологияга сугарылган адамдардын. Бул маанисинде “постчындык” деген сөздү биринчилерден болуп серб-америкалык драматург Стив Тесич 1992-жылы Перс булуңундагы жаңжалга байланыштуу эссесинде колдонгон.

“Учурда маалыматтык согуш тууралуу сөз кылуу модага айланды, а бирок бул согуш дайыма болуп келген. Адамдардын бат-бат өзгөрүп турган тутумунда ал дайыма колдонулчу. Түпкү маңызына көңүл бурсак, ал согуш деле эмес, ал жашообуздун бир кыры десек болот. Бирок массалык коммуникациялар, өзгөчө интернет, тез өнүгүп жаткан учурда, маалыматтык агымдын тыгыздыгы ушунчалык чоң болгондуктан, адамдын YouTube көрүп, укканынын, же Facebookта окуганынын чын же жалган экендигин текшергенге убактысы да, мүмкүнчүлүгү да, каалоосу да болбой калат”, - дейт саясат таануучу Денис Бердаков.

Акыркы ушуга окшош окуялар – Улуубританияда Скрипалдын ууландырылышына жана орусиялык Кемерова шаарындагы өрттө каза болгон адамдардын санына байланыштуу чыр-чатактар. Бизде да ушуга окшош мисалдар бар – Бишкектин жанында кыйраган түрк учагы экс-президент Атамбаевге тийиштүү контрабандалык жүктү ташып келаткан имиш.

Азыр өзүңөрдү сурап көрсөңөр, окуя чын-чынында кандай болгону силерди чын эле кызыктырабы? Же силер ишенген идеяларды туюнткан адамдардын айткандарын (көп учурда эмоционалдуу кыйкырыктарга, маанисиз создөргө толтура) ойлонбостон кабыл алдыңарбы? Силердин “кумириңер” туура эмес болушун кабал ала аласыңарбы, же болбосо бардык жүйөөлөрдү четке кагып ага ишене бересиңерби? Ишенимеңерге сокку бере турган фактыларды кандай кабылдайсыңар? Ушул айтылган нерселер тууралуу кандай ойдосуңар? Мына так азыр силердин башыңарда жана жан дүйнөңөрдө болуп жаткан нерселер “постчындыктын механизмдери” болуп эсептелет.

“Медиа, анын катарында коомдук тармактар дагы, азыр маалымат булактары гана болбой калды. Азыр журналист окурманынын эмоциясын да жаратышы керек болот, аны ал канчалык бат жаратса, ошончолук жакшы деп эсептелет. Бул кызыгы жок талдоону окугандан көрө, коомдук тармактардагы кимге таандык экендиги белгисиз пабликтерде (барактарда, топтордо) жарыялангандарды окуган кызыктуурак эмеспи? Мына ушинтип адамдар кызыксыз чындыкты окугандын ордуна кызыктуу постчындыктарды, жарым-жартылай чындыкты, жарым-жартылай жалганды окуганга өтөт”, - деп түшүндүрөт орусиялык адис Егор Беликов.

Бул кандай иштейт?

Азыр бизде чоң көлөмдөгү маалыматтарды колдонууга мүмкүнчүлүк бар – “гуглда издесең” баары табылчудай сезилет. Бирок маселе Интернеттеги маалыматтардын бардыгы издеп жаткан адамга ылайыкташтырылып жайгашканында болуп жатпайбы.

Facebook лентасындагы маалыматтар эмнени жактырып, эмне менен бөлүшкөнүңө жараша түзүлөт, Google издөө кызматы да адамдын кызыкчылыгына жараша маалыматтарды берет. Ушундан соң айлалаңдагы адамдардын бардыгы сага жаккан талапкерди жактырып, бир кудайга ишенип, бир музыканы уккандай сезиле баштайт. “Фильтрлердин көбүгү” адамдын сын көз менен кароо мүмкүнчүлүгүн ушунчалык мокотуп койгондуктан, анын көз карашына карама-аршы келген постту (жазууну) лентасынан көрүп калса, андан логикага каршы келген нерселерди издей баштайт, а эгерде табалбаса бул маалыматты коз жаздымга калтырганга аракет кылат.

Мисалы, бир адам элдин бардыгына вакцианция кылабыз деген шылтоодо алардын үстүндө коркунучтуу эксперименттер жасалып жатат деген пикирде болсун. Мындайда вакцинация кылуу зарыл деген бардык жүйөөлөрдү ал калп деп четке кагат, ал эми изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын жасалма дейт, эмделбеген адамдын катуу ооруп, же өлүп калганы тууралуу окуяны ал ойлоп чыгарылган деп эсептейт. Аны менен талашып, тартышуудан эч бир майнап чыкпайт. Постчындык өкүмдүк кылган заманда жүйөөлөргө эч ким ишенбей калды: дискуссиялар объективдүүлүк үчүн эмес, адамдын жеке ишенимдери үчүн жүрүп калды”, - дейт белорусиялык блогер Мария Пархимчик.

Маалыматтардын саны өсүп жатат, ал эми аларды текшерүүлөр азайгандан азайып жатат. Буга кошумча массага арналган нерсе менен жеке адамга тиешелүүнүн ортосундагы чектер жуулуп жатат: профессордун жазганы менен досунун “Фейсбукта” жазганы адам үчүн бирдей маанилүү болуп, аларга бирдей ишенет.

“Адам өз жашоосун акылга сыйган, логикалуу маалыматтын негизинде курат деген ойдо болуу – чекилик. Ал андай эмес. Адамдын ким экендигин жаш кезибизде алган тарбиябызга байланыштуу, өзүбүз окуп үйрөнгөнүбүздүн ж.б.д.у.с. жыйынтыгында өзүбүзгө сиңирип алган мифтердин топтому аныктайт. Кийин биз кезиктерген маалыматтар (жүйөөлөр, маалыматтар, пикирлер) же биздин билимибизге ишенибизди бекемдейт, же биз аны четке кагабыз. Коллективдүү коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна, ЕАЭБге кирген мамлекеттер Интернетке тыюу салып, анын көзөмөлдөнүшүн күчөтүүгө аракет кылышууда – бул алардын аман калуу аракетиндеги кадамдар. Бирок бул кадамдар жакшылыкка алып барбайт. Күчтүүлөр диндердин жана деструктивдүү жүрүм-турумдун вирустары менен күрөшүп, аларга каршы тура алган маалыматтарды, дүйнөгө көз карашты, келечектин образын жаратып, калыптандыра алышат. Маселенин бардыгы эл өз мамлекетине (адам жашап, өз дараметин колдоно алган, өз муктажыктарын камсыздай алган жер) ишенеби, же жокпу мына ушунда”, - дейт Денис Бердаков.

Коомдук чөйрө “ишенимдери боюнча обочолонгон” көптөгөн топторго бөлүнөт, алар “өз тобуна” киргенге аракеттенип, башка топтордон алыстап баратканын аңдашпайт. Адамдын көз караштары ал кирген топтогу адамдардын көз караштары менен дал келгендиктен, ал бул топко тереңирээк байланып, аны катуураак коргой баштайт. “Адамга жараша ылайыкташтырылган издөөнүн жыйынтыктары жана коомдук тармактардагы жаңылыктардын лентасы адамга өз “тобунан” чыгып кетүүсүнө жолтоо болот. Анын пикири гана туура экендигин айгинелеген шарт түзүлөт. Индивид “өзүлөрүнүн” адамы экендигин дайым көрсөткүсү келет, ал ушунусу менен кайсы бир спорттук команданын күйөрманына окшошуп калат, ал клубу үчүн жан үрөп күйөрмандык кылат, керек болсо айрым жеке кызыкчылыктарын да курмандыкка чалат. Маалыматтын маалыматтык баалуулугу жоголот – ага багытталган адамдардын кызыгуусу алдыңкы орунга чыгат”, - дейт Пархимчик.

Муну менен кантип жашаш керек?

Күнөөлүүнү издеп, акыр заман келди деп айкырык салгандан эч майнап чыкпайт. Анан да адистер салттуу ЖМКлардын “жаңы толкуну” келе жатат дешүүдө, бул жаңы толкунда журналисттин кесипкөйлүүлүгүнө, маалыматтын тыкыр текшерилишине, адамдын ишенимин кайтарууга өзгөчө көңүл бурулат. Сөзсүз, толук көз карандысыздык – бул миф. Бирок жүйөөлөрдү текшерүү – журналистика үчүн мүмкүн нерсе. Маалымат колдонуучуларда башка арга жок. “Чындыкты чанган коомдук тармактар эми мындан ары эмне кылыш керек экендигин билбей турушат. Бардык бийлигине жана мүмкүнчүлүктөрүнө карабай коомдук тармактар салттуу ЖМКларды толугу менен жеңиш үчүн журналисттик күчтү түзө албады, ошондуктан маятник кайра артка чайпала баштады”, - дейт Азия технологиялык институтунун (Таиланд) медиа жана коомуникация боюнча адиси Баджиндер Пал Сингх.

Бирок бул маятник кайра артка күүлөнгүчө нечелеген акылга сыйбаган нерселер, канчалаган адилетсиздик болуп жатат? Мына азыр эмне кылса болот? Маалымат колдонуучулар “гигиеналык чараларды” көрүшү керек.

“Эмне кылыш керек? Текшериш керек. Баштапкы маалымат булагын издегиле, же бул маалыматты тастыктаган бир канча көз карандысыз булактарды тапкыла. Каршылаш тараптын пикири менен таанышканга аракет кылгыла. Калптын бетин ачып, таанып туруш үчүн фейктер тууралуу жаңылыктарга назар салып тургула. Маалыматтын сенсациялуулугуна эмес, анын тактыгына көңүл бургула. Коомдук тармактагы маалыматтар менен этият болгула. Мына ошондо жок дегенде болжолдуу түрдө эмне болуп жатканын билсе болот”, - дейт Мария Пархимчик.

Балким, бул нерсе журналисттерге көбүрөөк тиешелүү болушу мүмкүн. Эгер адистерге ишене турган болсок, так ушу биз, журналисттер, жакынкы убакта маятникти кайра артка чайпалтып, маалыматтык вакханалияга кайсы бир токтотуучу, тең салмакты сактоочу нерселерди киргизип, адамдын ишенимин кайрышыбыз керек болот. Эмне демекчибиз... Негизгиси каалоо болушу керек...

Даярдаган Апас Зарипов 

© Новые лица, 2014–2018
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине