Жапайычылык: Ахмадуллону эмне үчүн өлтүрүштү

13:44, 4 Мая

Сүрөттө: Розмухаммедди сабап жатышкан видеодон фрагмент

Өлкөбүздүн түштүгүндөгү Ноокат районунда адамды дендароо кыла турган эки окуя болду. 5-апрелде жергиликтүү ооруканада Бостон айылында мыкаачылык менен сабалган 32 жаштагы Ахмадулло Абдикадыров каза болду. Эки күн өтпөй ушул эле айылда дагы бир эркек кишини сабап кетишти. Экөөндө тең алар жергиликтүү кыздарга келгендиги үчүн сабалгандыгы тууралуу маалымат коомдук тармактарда таркатылган болчу.

Андан бери бул окуялар тууралуу жаңы маалыматтар пайда болду. Эскерте кетсек, бул жаңжал район борбору Ноокаттын четинде Гүлистан айыл аймагында болгон. Ош милициясынын маалыматында, чатак 30-мартта болгон. Эгер сабалган адам каза болбосо жана да ноокат вендетасынын каармандарынын бири дүйнөлүк тармакта мактангысы келбесе бул окуя коомчулукка жетет беле, белгисиз.

Жаңы маалыматтар топтолгонуна карабай, эки окуянын чыныгы себептерин так айтуу оор. Аны дагы көпкө чейин аныкташат. Ал эми милициянын билдирүүлөрүнө таяна турган болсок, бардыгы 30-мартта болгон. Ошондо топ балдар Розмухаммед деген жигитти сабап, ал узатып бараткан кызды коркутушкан. Бул күндүзгү саат экилерде болгон. Ал эми түн ичинде бул чатак дагы уланган. Дээрлик ошол эле жерде (дагы бир сөздөр боюнча ошол эле кыздын катышуусу менен) кийин каза болгон Ахмадулло Абдикадыровду сабап кетишкен. Ахмадуллонун үч баласы жетим калды. Каза болгондун атасы жергиликтүү журналисттерге интервью берип жатып, трагедияга “ашыглык” себепкер болгонуна ишенбээрин айткан, анын билдиришинде, бул жерде көп таң калаарлык жагдайлар байкалат. Туугандарынын айтымында, Ахмадулло 29-мартта Орусияга акча тапканы учуп кетмек, бирок негедир аэропорттон үйгө кайтып келген, а кечинде болсо эч нерсе түшүндүрбөстөн Бостон айылына кеткен. Адатынча эмгек мигранттары учакка эң арзан “артка кайтарылбас” билеттерди сатып алышат. Ошондуктан анын үйгө кайтып келишине олуттуу себеп болушу керек болчу.

Биринчи жабыр тарткан Розмухаммед ал күнү мурда кездешип жүргөн кызын үйгө чейин жеткирип коюуну чечкенин айткан.

Бирок да “кездешип жүргөнү” шаардыктар үчүн түшүнүксүз болоор. Жаштар телефон аркылуу гана сүйлөшөөр эле. Аймактарда жаштар бетме-бет кездешип баарлашуунунун ордуна WhatsApp жана СМСтер аркылуу сүйлөшүшөт. Ошол эле Ноокатта жаш жигиттер менен селки кыздардын эл алдында жолугушкандарын көп жактыра беришпейт, уят дешет. Элдин көзүнчө эркек киши менен сүйлөшүп турган кызга кийин күйөөгө чыгыш кыйынчылыкты жаратат. Анткени келечектеги келинди тандап жатышкан айылдыктар кыз тууралуу анын кошуналары эмне деп айтаарына көп көңүл бурушат. Ошондуктан жергиликтүү жаштардын Ноокаттын ортосунда жайгашкан базарга барып келүүсү шаардык теңтуштардын сайран куруп эс алгандарына тете.

Ошол каргашалуу күнү Розмухаммед менен кыздын жолун жаш жигиттердин тобу торогон. Алар чоочун баланы машинасынан алып чыгышып, сабай башташкан. Коомдук тармактарда таркатылган видеодо бала ур-токмоктон качканга далалат кылганы көрүнүп турат. Бирок топ балдар аны кууп жетип, сабагандарын улантышат. Эмне кылаарын билбей калган жигит жеңил машинасынын алдына кирип жашынганга чейин аракет кылат. 30 секунддук видеодо балдарды бирөө токтотконго аракет кылып кыйкырганы угулуп турат, бирок негедир кош көңүл. Баланы сабап жаткан видеону белгисиз бирөө тарткан.

Ош областтык ИИБдин маалыматы боюнча, жигитти жана кызды эки машинада карама-каршы багытта алып кетишкен. Кыздын колун жана бутун байлап да коюшкан. Кызды мазактаган видеону азыр дүйнөлүк тармактан табуу мүмкүн эмес. Кийинчирээк белгилүү болгондой, жабыр тарткан милицияга дароо кайрылган эмес, кайрылуу керектиги тууралуу ойлонуп да койгон да эмес. Бул аз келгенсип, Розмухаммед досу менен аны сабаган балдарга барып, анын сабалып жатканы тартылган видеону коомдук тармактарга чыгарбоосун өтүнгөн. Түшүнүксүз кадам, видеонун чыгуусу менен аны сабап кеткендердин бардыгын жоопкерчиликке тартуу мүмкүнчүлүгү жаралат эле да.

Аны сабагандардын бирөөсү видеону глобалдык тармакка чыгарышканын Розмухаммедге тааныштары жеткирип барышат. Ал бул кабарды угаары менен шашылыш түрдө Якутияга кетип калат. Жергиликтүү тургундардын айтымында, алар акча табыш үчүн адатынча Новосибирскке же Якутияга кетишет, ал жерлерде ал эмес эмгек мигранттарынын ноокаттык коомдору да түптөлгөн.

Ош областтынын ИИБ кызматкерлери жети шектүүнү кармашкан, үчөөсү үй камагында, ал эми бешөөнө издөө салышкан. Жалпысынан алганда, мыкаачылык менен урап сабоодо 15 адам шектелип жатат. Алардын бардыгы 19-20 жаштагылар.

Каза болгон Ахмадуллонун ата-энелери сыяктуу эле Розмухаммеддин туугандары баласынын сабалышынын себеби түздөн түз кызга тиешелүү эмес деген ойду айтышат. Розмухаммед көптөгөн интервьюларда чатактын чыныгы себеби эмнеде экендигин билбегенин айтып келет. Ноокаттын тургундары да бул окуялардан кийин дендароо абалда болушуп, прессага болгон окуяны бир аз башкача түшүндүрүп беришүүдө.

“Биздин айылда бул кыз бардыгын атайы кылып, уруп сабаткан дешүүдө. Алгач тиги жаш баланы, анан экинчисин, улуурагын. Башында кызды дагы бир үчүнчү жигит менен кармап алышкан. Бирок ал качып кутулган. Анда берки балдар кызды байлап алышып, сүйлөшүп жүргөн башка жигиттериңди чакыр деп коркутушкан. Анан кыз чалып, аларды чакырып жатпайбы. Болгон окуя ушундай жөнөкөй эмес”, - деди телефон аркылуу “Жаңы жүздөр” гезитине жергиликтүү тургун Акрам.

Сүрөттө: Айылдыктар трагедияга күнөөкөр деп эсептелген 17 жаштагы кыз энеси менен. Kloop.kgнин сүрөтү

Айрым сайттарда кыздын атасы жана бир тууган ага-инилери жок деген маалымат пайда болду. Чынында эле, анын бир тууган ага-инилери жок, үй-бүлөдө төрт кыз бар. Бирок атасы тирүү. Типтирүү. Ата-энелери ажырашкан эмес, чогуу жашашат.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, Розмухаммед өзүнүн көптөгөн интервьюларында болгон чатак тууралуу бардык маалыматтарды айтпай жатат. Ал эми кызга кайрылсак, ноокаттыктардын бир бөлүгү аны аяп жатса, башка бөлүгү аны күнөөлөп келет. “Мен бул үй-бүлөнү жакшы билем, анткени атасын тааныйм. Биздин жалпы досторубуз бар. Жумасына бир жолу чайканада аш жегени жолугуп турабыз. Ал көптөн бери биздин жолугушууларга келбей калды. Бул окуядан кийин аныкына барып коёлу деген элек, бирок барганда эмне айтып, эмне сураарыбызды билбей жатабыз. Кылдаттыкты талап кылган окуя болуп жатат. Анын кызы тууралуу ар-кандай жаман ушактар айтылууда. Алар азыр эч ким менен сүйлөшпөй калышты, эч жакка чыгышпайт. Элдин көзүнө кантип карайт, кызын кантип турмушка берет? Анын төрт кызы бар, бул улуусу болчу. Бизде башка бирөөнү жамандаганды жакшы көрүшөт, улуу кызын күйөөгө бералбай кыйналат го, анткени бизде келин алаардын алдында кыз тууралуу кошуналарынан жана тааныштарынан сурашат, алар болсо бу окуяны айтып берээри боло турган иш. Бир аз мурдараак кызына жуучулар түшкөнүн, жакында үйлөнүү тою боло турганын айткан эле. Эми келечектеги кудаа-сөөктөр үйлөнүү тою тууралуу ойлорунан кайтканы белгилүү болду, бул окуядан кийин кызын турмушка берүү кыйын болуп калды. Алардын үй-бүлөсү начар турат, колунда көп деле жок. Ал жергиликтүү базарда иштечү. Ал адептүү жана өтө оор басырыктуу киши. Аны кантип жубатып, ага кантип жардам берээрибизди билбей турабыз...”, - деди телефон аркылуу Ноокааттын тургуну Рустамжан.

Жергиликтүү тургундар күнөөлөгөн 17 жаштагы кыз окуяны башкача түшүндүрүүдө. Жергиликтүү жаш балдар анын кошуна айылдын балдары менен сүйлөшкөнүн жактырышпай, “жылаңачтап, мамыга байлап, видеого тартабыз” деп коркутушкан. Анын айтымында, каза болгон Ахмадулло-ака болбогон жерден, кокустан гана жинденген балдардын курмандыгы болуп калды. “Ал жакшы адам болчу – дайым жардам берип, кеңештерин айтып тураар эле. Ал тирүү болгондо мени бул уятсыздыктан сактап калаар эле – ал биз ага карындаш катары гана болгонубузду далилдеп бермек”, - дейт ал.

Эми бул дендароо кылган окуя коомчулуктун назарында болуп калгандан кийин, сабаган балдардын туугандары Рохмухаммеддин үй-бүлөсүнө акчаларды сунуштап, өз арызын артка кайрып алуусун өтүнүшүүдө. Жана ошондой эле трагедияга себепкер болуп калган кызга кысым көрсөтүшүүдө. Бирок бул окуя коомчулук тараптан ушунчалк катуу талкууга алынгандыктан, аны жөн гана басып коюу мүмкүн болбой калды.

Совет доорунда Ноокат району эли бай жашаган өлкө аймактарынын бири болчу. Бул жердеги “Россия” деген миллионер-колхоздун атагы бүт Союзга тараган эле. Бул күндөрү ал кездеги барчылыкты айылдыктар үчүн курулган эки кабаттуу үйлөр жана эли дайыма көп район борбору гана эстетип турат. Ноокаттын дээрлик бардык эркектери акча таап Орусияда жүрүшөт, басымдуу бөлүгү чыгыш Сибирде жана Якутияда. Бүгүн бул аймак толугу менен эмгек мигранттарынын акчаларына жашап калган, ошол эле кезде экономикалык өңүттөн алганда бул аймак жакшы деп эсептелет. Бирок акыркы убактарда Ноокат криминалдык билдирүүлөрдө көбүрөөк атала баштады.

Бизге жеткен маалыматтар боюнча, КР ИИМи Орусияга качып кетишкен бул чатакка тиешеси барлардын бардыгын эл аралык издөөгө салды. Тергөөнүн жыйынтыктары менен окурмандарыбызды сөзсү тааныштырабыз.

Алмаз Исманов 

© Новые лица, 2014–2018
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине