Кыргызстанга опера-балет театры керекпи?

18:51, 27 Апреля 2015

Туура 60 жыл мурда, 1955-жылы май айында архитекторлор Л.Лабуренко,  П. Ивановдун катышуусу менен  Кыргыз опера жана балет театрынын имараты  курулган.  Ошондон бери бул республиканын эң мыкты архитектуралык обьекттеринин бири. Бул жакка искусствонун дөөлөттүү храмы – мыкты байыркы грек салттарында салынган катаал, түбөлүк жапжаш классикалык стилдеги дөөлөттүү имараттын кооздугун көрүп, суктануу үчүн борбордун меймандары келишет.

Жаш үйлөнгөндөр имараттын жанында сүрөткө түшүшөт, ал эми жакындан бери романтикалык колонналардын жанында өздөрүнүн нике унааларын тизилте токтотуп калышты. Жаштарга, бул ажайып имараттын жанында туруп алып, ичимдиктерди ичип туруу кызыктуу сезилет окшойт. Алар, бийик франтонду бкем кармап турган бул кубаттуу колоннада О. Мануйлованын монументалдык айкелдери менен курулгандыгын кайдан билишмек эле. 

Театрга сөөлөттүү эшиктерден  кирген кезде таптакыр башка дүйнөгө туш келесиң - күзгүлөр, баркыт көшөгөлөр, Малахит залы. Имараттын өзгөчө кооздугу Г.А.Айтиевдин, А.Н.Михалевдун, Л.А.Ильинанын жазуулары, Ф.Стукошиндин жана К.Кошкиндин  фрескилери,  О. Минькованын жарык берүүчү айкели, Л.Деймант менен  Л.А.Игнатьевдин сүрөт полотнолору аркылуу  ого бетер көркүнө чыгат.  

Театрдын сахнасында өз чеберчилиги менен Бүбүсара Бейшеналиева, РейнаЧокоева, Чолпонбай Базарбаев  чыгышса, Сайра Кийизбаева, Булат Миңжылкиев кубулжута ыр созушкан.

Алтымыш жыл өткөндөн кийин ушул жылдын март айында мына ушул эле сахнада эми көңүлдүү отуруш чогулуп, кимдир бирөөнүн туулган күнү өткөрүп башташты.  Кебетеси, же ырчы, же бийчи, же искусствону азын оолак да түшүнбөй туруп, бул легендарлуу сахнада отуруунун өзүн укмуш деп ойлошсо кеерк. Алардын башкы жетишкендиги – алар мындай пирлерди өткөрө алганында, тагыраак айтканда, ушунчалык чыгымды төлөй алганында болсо керек.

Бул  теартрдын сахнасында өткөрүлгөн  «жашырын отуруштун»  катышуучуларынын арасында шаардык кеңештин депутаттары да бар экени билингенде, чоң чуу чыкты. Иликтөөлөр башталды, айрым депутаттар өздөрүнүн отурушка катышканын танып чыгышса, айрымдары өзүн актоо ирээтинде,  «ар бир маданияттуу адам өзү каалагандай көңүл ачууга укуктуу» экенин айтып, бүт дүйнөгө жар салышты.

Чуудан кийин, опера жана балет театрынын директору  Тимур Саламатов өз кызматынан кол жууду. Бүгүн театрдын жамааты маданият министрлиги бул кызматка эми кимди дайындайт деп, чыдамсыздык менен күтүп жаткан учуру. Биз ушул убактылуу бийлиги жок учурдан пайдаланып, артисттер, сахна чеберлери жана жаштар  менен  сүйлөшүүнү чечтик, алар бул боюнча эмне ойлошот, болуп өткөндөргө ким күнөөлүү жана чыгуу жолу барбы? Искусство адамдары -  абдан жан дүйнөсү жанзик жан келишет,  ошондуктан негизги  шарттардын бири – жашырындык болду. Бирок, кээ бирлери ачык айтып чыгышты.

«Бул сахнаны кордоо»

Ар бир артист үчүн сахна –ыйык жер экенин түшүндүрүп отуруунун кажети барбы? Анан, албетте, болуп өткөндүн баарын алар сахнаны кордоп, тебелөө катары кабыл алышууда. 

- Бул акыркы жылдарда биздин театрда болуп жаткандардын акыркы тамчысы болуп калды,- дейт Наталья, балет машыктыруучусу.- Театрда башаламандык сүрүп калган. Чыгармачылык туурасында кеп да жок калган, жалгыз гана коммерциялык баалуулуктар. Искусство храмы катары – театрга болгон мамиледе  да,  бул жерде иштеген адамдарга карата да, бул театрды жараткан адамдардын  жаркын элесине карата  болгон мамиленин баарында мына ушул чектен чыккандык  сезилип турган. Болуп өткөн окуя коркунуиучтуу да, жийиркеничтүү да.  Бирок  бул биз үчүн, театр кызматкерлери үчүн күтүүсүздүк болгон  жок.  Бул – биз акыркы жылдарда байкап жүргөндөрдүн мыйзамдуу натыйжасы болду. Б.а. финал мына ушундай гана болмок.

- Акчалуу адамдар, алар үчүн бардыгы уруксат деп эсептешет, -  деп улантты балеттин артисти Ирина. – Аларга кафе-ресторандар аздык кылып калган, аларга экзотика керек болду, жаңы таасирлерди да көргүлөрү келишти. Ал эми болуп өткөн окуя – бул адепсиздик. Азыр мораль тууралуу айтуунун кереги да жок болуп калды, бул жерде акча табуу фактылары гана болуп калды. Ким акча төлөсө ал каалаганын кыла берет. Биз малахит залында маркумдарды акыркы сапарга узатууларды, үйлөнүү үлпөттөрүн өткөрө бергенине көнүп калганбыз, театрдын тегереги болсо өзүнчө эле унаа токтотуучу жай болуп калган.

- Мен муну артисттердин бардыгынын жан дүйнөсүнө түкүрүк катары кабыл алдым, - дейт Марат Сыдыков, балет солисти – сахнанын алдыңкы чебери.- Мен,  «Дизелдеги»  каалаган ар бир адам өз кызы үчүн шам алдында романтикалык кече уюштура алат деген жарнаманы окуп, бир нече жолу театрдын админстрациясына кирип, урушуп жүрдүм. Бул 10 миң сом турат экен. Мени үчүн бул  туура келбес жорук эле. Башкалар сыяктуу эле сахна мен үчүн ыйык жай. Япониядан келген артист кыздын сахнага канчалык сый менен мамиле кылганы эсимде, ал сахнага чыгуу үчүн башка бут кийим кийип чыкчу. Аны үчүн сахна ушунчалык деңгээлде ыйык эле. 

- Биздин жетекчилик буга жол бергени үчүн ушундай болду. Анткени ал же өз кызматкерлерин, же бул театрдын тарыхын сыйлабайт. Эмне үчүн бул адамдар бул кечесин китепканада өткөрүшкөн жок? Анткени, жетекчилиги мындайга жол бербейт. Ал эми театрды коргой турган киши жок, анткени ага биринчи кезекте өз жетекчилиги сый мамиле жасабайт, - дейт балерина Екатерина.

- Театр бул абалга эмне үчүн келди?

- Бул көптөн бери уланып келет, - деп эсептейт Наталья.- Союз тараган  1991-жылдан 1999- жылга чейин театр абдан начарлады. Бирок, 2000-жылдары көрүүчүлөр кайта башташты. Бирок,  кыйраган театрга кайтты. Анткени, акыркы күндөрү мээлей алмашкандай алмашкан жетекчилер өз кызыкчылыгынан башканы ойлобой калышкан. Алардын бири да театрга жан дүйнөсү менен күйгөн жок. Ар бир жетекчи биздин театрдан бир кыш болсо да сууруп кетүүгө аракет кылды,  ошонтип ал да чекесинен талкалана баштады. Бирок, бүт театр – артисттер да, цехтерди тейлегендер да  ызы-чуу салып баштадык. Барыбыз бул туурасында маданият министрлигинин өкүлчүлүгү менен чогуу өткөрүлгөн чогулуштарда айтып жаттык. Биз өз көйгөйлөрүбүз туурасында дайыма айтып турдук, мүмкүн болушунча кыйкырып, арыз жазып, жамааттык каттарды-өтүнүчтөрдү жаздык. Биз айлык акы туурасында, начар эмгек шарты туурасында маселе көтөрдүк. Бирок бир да маселе  чечилген жок, натыйжада адамдар колун шилтеп коюшту. 

- Мындай адамдар силердин театрдагы жетектөөчү кызматтарга кандайча келип калышты?

- Биз, мунун баары маданият министрлигинин көз жумдулугунан улам болду деп эсептейбиз. Анткени, ушундай директорлорду ошолор дайындаган. Алар маданият менен искусствого эч тиешеси жок адамдарды дайындап жатышты, алар өздөрүнө ыңгайлуу болгон. Бизде кээде директорлукка  агрардык кызматкер келсе, кээде милиция болду. Бирок, Маданият министрлигинде да маданият дегенден түшүнүгү жок адамдар отурушту. Алар академиялык театр менен айылдык клубдун айырмасын да түшүнүшкөн жок. Мына ушул мамиле анан ушундай жыйынтыкка алып келип отурат.

- Акыркы директор балдар спектаклинин композитору болгон. Ал академиялык искусствого таптакыр мамилеси жок болчу. Ал, артисттин чыгармачылык менен алектенүүсү канчалык маанилүү экенин түшүнгөн жок. Бүгүн артисттерге театрда иштөө кызык эмес, -  дейт Марат.- Мен дүйнө жүзүндө көп театрга бардым жана ал жакта кандай гана чыгармачылык жагдай түзүлүп турганын көрдүм. Ал жакта иш кайнап, элдер искусствого берилип иштешет,  жаратышат, башка мамлекеттен хореографтарды чакырышып, гастролдорго чыгышат. Артисттер үчүн чет жерге чыгып, өзүн башка жакта көргөзүү абдан маанилүү. Өткөн сезондо болгону эки балет коюлду. Ал эми солисттер менен хореографтар чыгармачыл иш менен алектенбей калганда, алар өчүп башташат. Акыркы директор спектакль коюу үчүн  каржылоо издегиси келген жок. Ага бул кызыксыз да, маанилүү да эмес болчу. Ал  биздин артисттер катышууга мүмкүндүк алчу  сынактар үчүн эч качан акча бөлгөн эмес.  Бир гана жолу, 2012-жылы бизге эки бийчиге 5000 сом бөлүп берип, эл аралык сынакка катышып келишкен.

«Искусство храмын ижарага берем. Кымбат эмес»

Мындай жарнама көп өтпөй «Жарнамалар» рубрикасында пайда болуп калышы толук ыктымал эле. Театрдын артисттери,  опера жана балет театрынын имаратын ижарага 70 миң сомго беришээрин жакшы билишет. Ата мекендик архитектура эстелигинде дайыма мааракелер жана олуттуу мекемелердин корпоративдик кечелери өткөрүлүп келген.  Админстрация бул акчаны кайда коротчу, карапайым кызматкерлердин бири да билбейт. 

- Биз бул суроону дирекцияга дайыма берип келчүбүз. Бул акчаларды көрбөйбүз да, - дешет сахнанын кызматкерлери,- Бир жолу бизге бул акчалар самын – кир жуучу каражаттарга кетээрин айтышты.  Бирок, бул карандай калп, аны пол жуугандар  да тактап беришет, алар эч нерсе алышпайт. Имараттын ижарасынан түшкөн акча кайда кетет, романтикалык кечелерден төшкөн каражатка ким чөнтөгүн кампайтып жатат, жана жаңы үйлөнгөндөр театрдын интерьеринде төшкөн фотосессиясы үчүн кимге төлөшөт – бул жашырын сыр менен чүмбөттөлгөн. Бизде каржы көйгөйлөрү менен көп комиссия келип, текшерди.  Бирок, бир да комиссия эч нерсе тапкан жок, бухгалтериядан да, башкаруудан да эч нерсе табышкан жок. Бардыгы таптаза экен. Бирок мындай болушу мүмкүн эмес,  анткени биздин театрда ижарага бергенчелик (мунун баары искусствого таптакыр тиешеси жок ишч аралар) Бишкектин бир да имараты ижарага берип көргөн эмес. Мында биздин администрация директор, анын орун басарлары менен бирге жыргап жүргөн деп ойлойбуз. Бир жолу, мурдагы директордун: «Саманчынын жолунун » костюмдарын жаңырттык деген интервьюсун окуп, абдан таң калганбыз. Анын башкаруу убагында бир да спектаклдин костюму жаңырган жок. Өзүңөр деле биздин костюмдарды көрүп көрсөңөр болот, аларга 50 жыл болду, биз аларды кийип бийлейбиз.  Анын баары эскирип, айрылып бүткөндүктөн башка спектаклдеги костюмдардан да тандап, ылайыктап кийүүгө туура келет.  Элестеткиле, спектаклдер ар түрдүү болгону менен, костюмдары ошол эле. Декорациялардын абалы да ушундай, бир спектаклден алар экинчи спектаклге өтүп турушат. Ал эми дирекция, жаңы  спектакль койдук деп отчет берет.  Көп учурда, спектакль көп жылдан бери коюлбай туруп, анна аны артисттер даярдап сахнага алып чыгышат, бирок костюмдар баягы эле экенин, ошол эле декорациялар коюлуп жатканын эч ким ойлонбойт. Ал эми кагаздар боюнча баары жаңы болуп кете берет. 

- Өткөн жылы декабрда театр  күнүнө үчтөн ижарага берилип жатты.  Бул акчалардын канчасы кассага төлөнүп, канчасы бухгалтерияга кетип, канчасы директорго түшүп жатканын  биз билбейбиз. Жамааттын алдында эч ким отчет бербейт. Театр кызматкерлерине,артисттерге театр күнүндө да, маданият күнүндө да бир жолу сыйлык берилген эмес, 13-айлык туурасында айтпай эле коелу. Жада калса директорубуз оозеки да куттуктап койгон эмес, - дешет артисттер.

Кордоочу айлык маяналар

Театрда бардыгы болуп 500 гө жакын адам иштейт. Алардын ичинен 70 балет артисттери, опера ырчылары – 40. Балет бийчилеринин айлыгы – 4 жарым миң  сом, сахна чеберлериники  8 миң.  Салык жана башкаларды чыгарып салгандан кийин, андан да аз калат. Бул акчага кантип жашаса болот? 

- Адамдар 2-3 жумушта иштегенге мажбур. Бул да чыгармачылыкта терс таасирин тийгизет,- дейт балет машыктыруучусу  Ирина. – бирок аларды да күнөөлөгөнгө болбойт. Анткени адамдар жашашы керек, үй-бүлөсүн багышы керек. Натыйжада, адам бул жерден жумушун бүтүрө калып, башкасына чуркайт. Анан албетте, кийинки күнү жумушка чарчап, кыйналып араң келет, өзүн толугу менен искусствого бере албайт. 

- Мен сахна чеберимин, айлыгым 8 000 сом.  Мен арыздансам уят болот го, анткени кордебалеттеги балдар менден эки эсе аз алышат- дейт Марат Сыдыков. –  Бийчилер сахнада жакшы бийлеп, өнөктөштөрүн көтөрүп жүрүшү үчүн алар жакшы тамактанышы керек. Биз өзүбүздүн ашканадан карызга тамактанабыз. Ал эми айдын аягында балдардын көбү айлыгын бүт  тамагына короткону белгилүү болот. Анан кийинки айда алар кантип жашашы керек? 24 жашымда ата –энем дагы эле каржылай жардам берип жаткандыгын мойнума алуудан уялам. Бирок, башкача жашай албайсың.

- Мен 19 жашымда опералык ырчылыкты үйрөнгөм, дагы 20 жылдан бери ушул театрда иштейм.  Акыркы көбөйткөндөн кийин менин айлыгым 6 миң сом.  Ооба. Мамлекет менин талантымды ушул акча менен ченеп койгону мен үчүн кордук, бирок сахнада байлардын арак ичип, көңүл ачып жатканын укканымда, бул эки эсе кордогондой сезилди. Биз үчүн бул сахна ыйык. Ооба. Мага тойлордо, майрамдарда чыгып ырдаганга туура келет, өзүмдүн кудай берген талантымды сатам. Муну ачарчылыктан өлбөйүн деп иштейм.  Бирок, биздин ыйык жерибизди сатып алып жатышкандыгы эч кандай актанууга жатпайт, - дейт белгилүү опера ырчысы.

Өтө начар эмгек шарттары

Эгер силер эң коркунучтуу жана начар шарттарда иштеген адамдар – гастарбайтерлер деп ойлосоңор, жаңылышасыңар. Кыргыз  опера жана балет теартынын артисттери өтө коркунучтууга жакын шарттарда иштешет. 

- Биздин театрдын чатырынан дайыма суу агып турат, мунун айынан электр зымдары суу болуп, жарыктандыруучу аспаптар күйүп кеткен учурлар көп болот. Эгер мындай сахнада болсо эмне болоорун элестетип көрсөңөр? – дешет артисттер. – Биздин сантехника тынымсыз бузулуп турат. Же суу жок, же түтүк жарылып калган, ушунун айынан театрда жаман жыт каңырсып турат. Кээде, биз артисттер, көрүүчүлөрүбүздөн  уялабыз, алар искусство храмы деп, бизге эс алганы келишет, а бизде абасы менен жыты мактанаарлык эмес. Боенуучу жайларга кирүү коркунучтуу, а биз болсо спектеклдерге ошол жактан кийинишибиз керек, чыгармачыл маанай алып, образга киришибиз керек.  Кышкысын муз доору башталат, начар жылытышат. Эл ондоп ооруп калышат, бирок этинин ысып жатканына карабай, сахнага чыгып, ырдап бийлешет. Ооба, биз чыныгы фанаттарбыз! Бирок, дайым эле ушундай боло бербейт. Азырынча фанаттык менен кармалып турабыз. Директорго кайрылабыз, ал бул көйгөйлөрдөн болушунча алысыраак качууга аракет кылат. Биздин даттанууларыбызды угуп да койбойт. Ар бир жаңы директор келгенде ушул эле көрүнүш.

- Сахнага кийчү костюмдарыбызды,опералык ырчылар өзүбүз, өз акчабызга тиктиребиз. Бут кийиимибиз да өзүбүздүкү. Бир жолу бут кийим керек деп дирекцияга кайрылдык. Бизге базардан өз эсебибизден 200 сомдук балетка сатып алууну сунуш кылышты. Жакында эле биз   «Дон Жуанды» Австриянын элчилиги бөлүп берген өз акчабызга койдук. Ошондо костюмдарды чарба короодо калган  көшөгөнүн  материалдарынан тиктик, ал эми хорго Дордойдон барып, 50 сомдук футболкаларды сатып келдик. Биз элчилик канча акча бөлүп бергенин билбейбиз, бирок катышуучуларга 1000 сомдон сыйлык беришти. Анан болду,- дешет опера ырчылары. 

Оңдоо иштери акча табуунун жолу сыяктуу

Бүгүн театрдын имараты чатырынан баштап сантехникалык түтүктөрүнө чейин капиталдык оңдоого муктаж. Бардыгы жараксыз абалга келди, мунун баары бир нече жыл мурда оңдоо иши болгонуна карабай. Бирок артисттер, андан көрө ушу оңдоо ишин жасабай эле койгону жакшы болчу деп эсептешет, анткени ал акча жасоого гана окшошуп калган. 

«Чех шамчырактарын арзан кытайдыкына алмаштырышты. Эменден жасалган терезелер менен эшиктерди пластикке алмаштырды. Театрга стиль берип турган аксессуарлардын баары кайдадыр жоголуп кетти. Мунун баары кайда кетти деп сурадык. Бизге тамашалап.   «Өз жетекчиңердин дачасынан издегиле» деп жооп беришти, - дешет театр кызматкерлери.

Заманбап кулдар

Опера театрынын артисттерин образдуу түрдө сахна менен искусствонун кулдары деп атап койсо болот, бирок кээде театрдын дирекциясы аларга өз кулдарына кылгандай мамиле кылышат. 

Театрда  «Театрал» деген уюм бар, ал Кыргызстанга россиялык балет жылдыздарын алып келүү менен алектенет. Мындай спектаклдерге билеттер болуп көрбөгөндөй кымбат акчаларга сатылат.  Ал эми келген  «жылдыздар»  бир спектаклди бийлеп коюшат да, ири акыны алышып, биздин театрдын шарттарына таң калышат да кете беришет. Бул үчүн биздин артисттер канча алышат деп ойлойсуз? Бир тыйын да алышпайт. 

-Кээде бул жылдыз гастролчулар биздин сахнада ачык эле алдашат. Алар биздин көрүүчүлөрдүн теңине албай жаткандай сезим калтырат,- деп улутунушат театр кызматкерлери. -.  Бизди эч нерсе түшүнүшпөйт деп ойлошот, биз алардын атын укканда калтырап турушубуз керектей. Ал эми алардын көргөзгөнү таптакыр жакшы эмес. Биздин көрүүчүлөр нааразы болушат, анткени биздин артисттер алардан жакшы бийлешет. Анан эмне үчүн мындай чоң акчаны төлөшү керек?  Кээде, гастролчулар келишет, толтура залды чогултушат да өз акчаларын – 2-3 миң доллардан алып кете беришет, ал эми биздин кордебалеттеги  же башка каармандарды ойношкон артисттерибиз бир тыйын да албай калган кездер кездешет. Бирок, алар да иштешти да. Бир да спектаклге акча төлөнбөйт. Мунун баары биздин арзыбаган айлыгыбыздын эсебинен. Бирок, биз артисттердин эч кандай укугубуз жок экен, жетекчиликке эч кандай дооматтарыбызды айта албайбыз, болбосо кара тизмеге киргизип коюшат да, же роль ала албай, же сахнага чыга алабай каласың.

Качан  биздин артисттердин жашоосундагы бардык кыйынчылыкка сүңгүп киргенде, бир суроо жаралат – эмне үчүн дагы эле опера-балет театрында иштеп жатышат? 

- Искусствого болгон сүйүү. Искусствого болгон чыныгы фанаттык сүйүү. Бир кезде кыргыз академиялык искусствосу гүлдөп өнүп, бүт дүйнөгө таанылган да кез болгон. Биз бүгүн, чиновниктердин күнөөсү менен, канчалаган жылдардан бери күкүмдөн чогултулган нерсени жогото албайбыз,  - дейт  Марат Сыдыков. – Биз кыргыз искусствосуна өз изибизди калтырып кеткибиз келет, жана ушуну үчүн күн сайын иштейбиз. 

Анан, Кыргызстанга опера жана балет театры керекпи?

Уккандандан кийин бул суроо өзүнөн өзү жаралат экен.

- Биз өзүбүз да ушул суроону көп беребиз. Кыргызстан бул мамлекет, а мамлекет – эл. Бул элге керек, алар көпчүлүгү искусствого тартылып турат, - деп эсептейт Наталья Жанатаева, театр кызматкери. –Биз көрүүчүлөрдүн биздин спектаклге келип жатканын көрүп жатабыз, алардын кандай ырахаттануу алганын көрөбүз. Бишкекте сырттан келгендер өтө көп. Анан, опера менен балеттен башка кайсы искусство баарына түшүнүктүү? Театр адамды тарбиялайт, жан дүйнөнүн эң назик кылдарын чертет, бизде болгон таза жана бийик нерсенин  баарын ойготот.  Эртеби, кечпи, өзүнүн турмуштук маселелерин чечип бүткөндөн кийин адам искусствого келет. Көрүүчүгө театр керек.  Бирок биздин министрликке, биздин парламентке, биздин чиновниктерге тилекке каршы, кереги жок болуп жатат. Кээде  биз чиновниктерден, силер театрга барасыңырбы деп сурап калабыз. Эң жакшы жооп бергени, «Биз мектепте окуп жүргөндө, театрга кубалашчу» дешет. Биздин азыркы чиновниктер маданияты жок улут болбостугун түшүнбөй жатышат. Анан, биздин маданиятты бузуу менен, алар мамлекетти бузуп жатышат. Элди жалгыз нан менен багууга болбойт. Айрым депутаттар, опера жана балет кыргыз элине чоочун  деп ачык эле айтып жатышат. Биз, өлкөдө академиялык театрдын болушу – бул светтик, өнүккөн мамлекеттин көрсөткүчү деп жооп бергибиз келет.

- Академиялык  искусство сөзсүз керек, бул биздин дүйнөлүк искусство менен сүйлөшө турган тилибиз жана өз чеберчилигибизди көргөзө турган жай, - дейт Марат Сыдыков.

- Татр сөзсүз керек. Бул мамлекеттин сыймыгы. Бул коомдун интеллектинин көрсөткүчү. Эгер биз жоро ырларын ырдап, театрды клубга айланта турган болсо, анда мындай мамлекеттин келечеги болбойт. Элдин маданияты менен руханий байлыгы кайдан алынат? –деп суроо салышат артистер.

Чыгуу жолу барбы?

Түзүлгөн кырдаалдан чыгуунун жалгыз жолун артисттер бир гана нерседен көрүшөт,  мурдагы театр директору менен байланышта иштеген театрдын бүт админстрациясын жумуштан кетирүү керек. Ал эми директордун кызматына чыныгы чарбакер, профессионал  келиши керек, ал кырдаылда түшүнүп, искусство менен театр үчүн күйө билиши керек. Бүгүнкү күндө бул кызматка турууну каалаган 17 талапкер бар экени белгилүү. Артисттер жаңы адамдын келишин коркунуч менен күтүп жатышат. 

- Биз, маданият министри биздин көйгөйлөрдү түшүнүп, театрды калыбына келтирүүгө жоопкерчилик ала турган адамды коюп берет деп ишенип жатабыз. Эсиңерде болсо, көз карандысыздыктын таңында  Түркмөнстанда опера жана балет түркмөн эли үчүн чоочун деп театрды жаап салышкан. Бирок, жылдар өткөндөн киийн эстерине келип, аны калыбына келтирүүгө аракет кылышты. Бирок, зор аракетке карабай эч нерсе чыккан жок, анткени адистер да, артисттер да калган эмес. Биз Кыргызстандын ушул жол менен кетишин каалабайбыз. Өлкөдөгү искусствону сактап калууга дале болсо үмүт бар, биз, артисттер  искусствону түшүнүп, чындап сүйгөн адамга муну сактап калууга жардам берүүгө жана колдоп кетүүгө даярбыз, - дешет артисттер. 

Лейла Саралаева

 Абылай Саралаевдин сүрөттөрү 

© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине