Жашоо жөнүндө, сүрөт жөнүндө

09:50, 6 Марта

«Ар бирөөнүн өз периштеси бар», 2010 ж.

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, белгилүү сүрөтчү-монументалист Джылдызбек Молдахматовдун мааракелүү жеке көргөзмөсү маданият сүйүүчүлөрү үчүн чоң белек болду. Көргөзмө Гапар Айтиев атындагы сүрөт исскусство музейинде өтүп жатат.

Чебердин сүрөт чыгармаларынын арасында  биздин коомдогу татаал көйгөйлөрдү гана чагылдырбастан, чындыкты,  адам баласынын жашоосунун эпикалык хроникасынын кандайдыр бир белгилүү кезин көрсөткөндөр да бар: «1916. Жыйынтык», «Качкындар», «Өлүм эмес, жашоо», «Тагдыр».

Автордун башка чыгармалары, өзгөчө анын монументалисттик-декоративдик иштери жалгыз гана Бишкектин эмес, ошондой эле Оштун жана Нарындын визиттик картасына айланган. Джылдызбек Молдахматов Ош драма театрынын, Нарын музыка-дама театрынын, Кыргыз улуттук циркинин, Ысык-Көлдөгү «Кыргызское взморье» пансионатынын интерьеринин жана экстерьеринин монументалдык-декоративдик иштерин жасоодо катышкан.

"Тагдыр", 2018 ж.

Молдахматовдун 70 жаш курагына арналган мааракелик жеке көргөзмөдө сүрөтчү-монументалисттин чыгармачылыгы талыкпас эмгектин, чыныгы чеберчилик мектебинин актысы сыяктуу көрсөтүлдү. Анын башаты болсо искусство мектеби жана институту болуп саналган үй-бүлөдө жатат.

Джылдызбек Молдахматов- муундан муунга келе жаткан сүрөтчүлөрдүн тукумунан чыккан, анын атасы- белгилүү театр жана жаратылыш сүрөтчүсү Асанбек Молдахматов. Джылдызбек Асанбековичтин искусствонун максаттары тууралуу көз карашы ал Москванын жогорку сүрөт-өндүрүштүк училищесинде  (мурунку Строганов) окуп жүргөн учурда калыптанган. 

"Сүрөтчү Роман Нудель", 1976 ж. 

Сүрөтчүнүн көргөзмөсү көрсөтүп тургандай, кийин, бул көз караштар башкача, «техникалык» жабдууларга ээ болуп, өзгөрүүсүз калган. Анткени, адамга айланып, ал адам бойдон калышы үчүн, сүрөтчү өтө татаал нерселер – аялдын сулуулугу, энелик бакыт, рух күчтүүлүгү,  күнүмдүк жана өзгөчө нерселердин ортосундагы тең салмактуулук тууралуу өтө жөнөкөй тил менен түшүндүрүшү абзел: «Кошотошуу көз карашы», «Жамиля»,  «Ойгонуу», «Эне жана бала», «Лицейчилик», «Эргүү»,  «1916. Жыйынтык». Кээ бир башка сүрөттөрдө болсо адамдардын жана алардын мамилелеринин жан дүйнөсүнүн тазаланышы, кемчиликтерин моюндашы көрүнүп турат: «Сокур музыкант»,  «Ар бирөөнүн өз периштеси бар».  «Эмоциялар», «Менин күнүм»,  «Устаканадагы Күн», «Дарбазалар. I», «Эргүү», «Композиция» аттуу эмгектерде  сүрөтчүнүн сезимдери менен ой толгоолору сүрөттүн жалпы эмоцианалдык «абалы» аркылуу берилген. Сүрөтчүнүн көзү кубулуштун формасы жана фабуласынын  маңызын алып жатып, «ойлонгондугу» шексиз. Сүрөтчүнүн «ой толгоолору» таза түрдө көрсөтүлгөн эмес. Алар, мындай айтканда, сүрөттүн сыртына алынып чыгарылган жана көрүүчү үчүн пайда болушу керек. Муну менен, Молдахматовдун чыгармаларынын жанында, же башка каалаган эле чоң же кичине искусствонун жанында тургандай эле, аны көрүп жаткан адамдын жан дүйнөсү «эмгектениши» керек.

Көргөзмөнүн экспозициясынын мыкты жасалгандыгын белгилеп өтүү керек. Көргөзмөдө ар бир эмгектин өз орду бар. Баардыгы ойлонулган. Сүрөтчү көрүүчү менен жан дүйнөлүк байланыш максималдык түрдө жакын болуп, ага өз идеяларын жана жан дүйнөсүнүн ойлорун жеткиргиси келгендиги көрүнүп турат. Жана бул нерсе анын колунан келиптир.

«Кошотошуу көз карашы», 2003 ж.

Көргөзмө сүрөтчүнүн 70 жаш курагына арналганына карабастан, аны кезектүү ретроспективдүү деп атоого болбойт. Анткени ал чыгармачыл өмүр баяндын ар кайсы беттерин көрсөтүлүп, ал аркылуу чебердин искусстводогоу жолу жана ал тууралуу бүтүндөй элести көрүүгө болот. Жана биздин аңгеменин мыкты  жыйынтыкталышы сүрөтчүнүн өзүнүн сөздөрү болмокчу:

«Көргөзмө- бул сен чыгармачыл жолуңдун кандайдыр бир маалында кылганыңды  көрсөтүү үчүн жакшы мүмкүнчүлүк. Ошондуктан мен  өз эмгектерим, мени эмне толкундатып жаткандыгы тууралуу өзүм айтууга эрдик алдым. Менимче, эгерде сен активдүү иштеп, такай бир нерсе издеп, жыйынтык чыгарууга убакытың болбосо- аны сен үчүн башкалар жасап коет. Ал эми сүрөтчүнүн өмүр баянындагы сандар- бул жөн гана сенин эмгегиңдин кандайдыр бир белгилүү этабынын өлчөмү. Чынчыл болуп,  өз эмгегиңди сүйүү, эмгектериңе адамгерчиликти, руханияттулукту берип, жалпы адамзатынын маселелерин көтөрүү – менин устатым Гелий Коржев мага дал ушул нерселерди үйрөткөн»

ЕЛЕНА ВОРОНИНА

 
© Новые лица, 2014–2019
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине