Афган айымдары мамлекеттик башкарууга кайтып келүүдө

10:28, 19 Апреля

Борбор азиялык Парижден келген кыз, Фриштанын окуясы

Афганистандагы көп жылдык согуштар баарынан дагы айымдарыдын укуктарына каттуу сокку тийгизген, анын үстүнө,  аларды «Талибан» дээрлик жокко чыгарган. Ал эми 40 жыл мурун бир гана Кабулда мамлекеттик кызматкерлердин 50%, мугалимдердин 70% жана дарыгерлердин 40% айымдар түзчү. Борбор калаа маданияттын регионалдык борбору катры, агартуунун жана прогрессивдүү көз караштар менен атак-даңкка ээ болгон. Ал кездерде Кабулду  Борбор Азиянын Парижи деп бекеринен аташкан эмес.

Талибдер айымдарды мамлекеттик кызматта иштөө укугунан гана ажыратпастан, өзүнүн жана башкалардын өнүгүшүнө салым кошууга башкы мүмкүнчүлүк- билим алуудан да кол жуудурган.

Азыр кырдаал акырындан болсо да өзгөрүп келе жатат. Айымдар кайтып келүүдө. Билим берүү, саясат жана мамлекеттик башкарууга. Бул тууралуу Кабулдун жаш тургуну, Фришта Каргар айтат:

«Мен төрт жылдан бери эмгектенип келе жаткан каржы министрлигинде гендердик кырдаал күндөн күнгө өзгөрүүдө. Айым кызматкерлер штабдын 10 пайызын түзөт. Айымдар парламентке активдүү кирип, өкмөттүк түзүмдөрдө, полицияда  жогорку кызматтарды ээлөөдө. Бул талибдер тарабынан талкаланган, патриархалдык түзүлүш жана согушчандардын партизандык согуштары менен күрөшүп келе жаткан биздин өлкө үчүн чоң жетишкендик».

Мамлекеттик башкарууда кесипкөй адистер жетишпейт. Бирок бул айымдардын карьералык өсүүсүн жеңилдетпейт. Афган айымдарында, эркек кишилерге караганда, жакшы жумушка орношуп, билимин тереңдетүүгө мүмкүнчүлүктөрү аз. Бул нерсеге жетиш үчүн алар өтө чоң аракеттерди жасашы керек.

«Мен министрликтеги адистигим боюнча билимим жетишпегендиги өтө курч туруп, менин эң чоң кыялым-магистратурага өтүү эле. Окуу жайларга тапшырууда эки көйгөйгө такай такалчымын: менин каражатым жоктугу жана мен бир баласы бар, турмушка чыккан аял кендигим»,-деп эскерет Фришта.

Кыялым орундалбачыдай сезилчү.

Бирок эки жыл мурун Борбор Азия Университетинин Жогорку Өнүктүрүү Мектеби Афганистандын каржы министрлиги менен экономикалык саясат тармагындагы магистрларды даярдоо боюнча келишимге кол коюшту.

Фришта тапшырып, катуу тандоодон кийин окууга өткөн 23 адамдын арасына кирген.

Кыялга карай биринчи кадам жасалган. Бирок анын жолдошунун үй-бүлөөсү анын тандоосун колдобой, каршы чыккан. Магистрлик даражаны алуу пландарына тоскоол болгон дагы бир жагдай бар эле- ал окуунун Кыргызстанда болгону . Фриштанын үй-бүлөөсүнүн башкы аргументи – ал  жалгыз кызын таштап, чоочун өлкөгө бир жылга кете албастыгында эле.

Ошол учурда Фришта үчүн апасы болушуп, колдоо көрсөтөт. Мугалим жана согушка чейинки Афганистандын өкүлү катры ал сапаттуу билим алуу кандай гана мүмкүнчүлүктөрдү берерин жакшы түшүнгөн. Ал Фриштаны кое берүүнү суранып, аны менен чогуу Кыргызстанга келип, кызын кароого жардам берерин айткан.

Жаңы маселе пайда болду- мындай чечимге кабыл алуучу окуу жай кандай мамиле кылат? Программанын шарттарына ылайык, каржылоо жана визалык колдоо студенттин өзүнө гана көрсөтүлчү. Фришта бир нече күн санаа тартып, жооп күтүп, эң жаманын күткөн эле, анткени окуунун баталышына саналуу гана күндөр калган.

«Мен үчүн бул өтө турбулентүү убакыт болду. Жагдайлар мага каршы болуп, сыйкыр эле жардам бере алчудай сезилди. Жана ал сыйкыр болду- БАУнун Жогорку Өнүктүрүү Мектебинин деканы Богдан Кравченкодон жооп келди. Өз катында ал университет мени колдоого даяр экендигин жана апам менен кызым Кыргызстанда жанымда болушун мүмкүн кылууга колунан келишинче жардам берерин билдирди. Ошондой эле ал каттын расмий бөлүгүндө эгерде керек боло турган болсо, кызымды өзү дагы каралашарын, анткени ал алты неберенин чоң атасы катары өтө тажрыйбалуу экендигин жазыптыр»,-деп жылмаят Фришта.

Ошентип, ал афган мамлекеттик кызматкерлери үчүн Борбор Азия Университетинин Жогорку Өнүктүрүү Мектебинин экономикалык саясат боюнча магистрдик программасынын алгачкы бүтүрүүчүлөрүнүн бири болду.

Жакында эле, дипломдорду тапшыруу аземинен кийин, Фришта дагы башка бүтүрүүчүлөрдүн катарында Афганистандын биринчи айымы менен жолугушууга чакырылган.  Магистранттардын 40% ашууну айымдар экендиги тууралуу факт белгилүү укук коргоочу катары таанымал Рула Гуни айымдын көңүлүн бурган.

Ошону менен, билим менен куралданган жана өлкөнү жандандырууга талпынган афган айымдары эркектер менен бир деңгээлде мамлекеттик башкарууга кайтууда.

Алма Карсымбек

 
© Новые лица, 2014–2019
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине