Кыргызстанда аралыктан окутуу кандай түзүлгөн

09:53, 11 Ноября 2020

Пандемия учурунда дүйнө жүзүндөгү башка өлкөлөр сымал эле, Кыргызстандын билим берүү системасы дагы аралыктан окутуу формасына өткөрүлгөн. Бул кыргызстандык мектептер жана жогорку окуу жайлары үчүн алгачкы тажрыйба болду. Беш ай ичинде эмне өзгөргөндүгү жана аралыктан билим берүүнүн мындан аркы  өнүгүү перспективалары жөнүндө аталган жараяндын түздөн-түз катышуучулары менен сөз кылмакчыбыз.

Онлайн сабактар жана скайп боюнча нускама

Билим берүү министринин орун басары Надира Джусупбекова анын ведомствосу билим берүүнүн жаңы форматын ишке ашыруу үчүн мүмкүн эмес нерсени жасады деп эсептейт.

«Биринчи кезекте биз методисттердин, мыкты мугалимдердин командаларын чогултуп, Кыргызстанда биринчи жолу телевизиондук сабактарды тарта баштадык. Бул формат кандай экендиги, ал кандай болушу керек экендигин билген эмеспиз, бул тармакта тажрыйбабыз жок болчу. Баардыгын иштин жүрүшүндө үйрөнүп жаттык: үйрөнгөндү, иштеп чыкканды, команда түзгөндү. Биздин педагогдор жана шериктештерибиздин жардамы менен биз бул тапшырманы аткара алдык»,-деп айтат Джусупбекова.

Билим берүү министрлигинин өнөктөштөрү болуп «Грин Лайт», ММК колдоо борбору, Кыргызстандагы Сорос Фонду, Кыргызстандын информатиктер ассоциациясы, Кыргызстандын билим берүү академиясы чыгышкан. Аталган уюмдардын кызматкерлери тарабынан Кыргызстандын 2000 мектебинин мугалимдери үчүн 1500ден ашуун видеосабактар иштелип чыккан.

Сүрөттө: Надира Джусупбековна

Ошентип, кыска мөөнөттүн ичинде билим берүүнү санариптештирүүгө карай чоң жолду басып өттүк.

«Биринчи линия – бул видеосабактар. Экинчиси – электрондук үйрөтүүчү ресурстар. Бизде буга чейин санариптүү форматта болгон материалдарды «Окуу» порталында бириктирип, ага болгон электрондук окутуучу ресурстар менен мультимедиялык комплекстерди коштук. Үчүнчүсү – мугалимдерди кайра байланышка чыгууну үйрөтүү. Ар кандай платформаларды кантип колдонуу керектиги тууралуу нускамаларды шашылыш түрдө иштеп чыгып, вебинарларды өткөрүүгө туура келди. Тагыраак айтканда, биз баардыгын үйрөнүп, анан үйрөнгөн нерсебизди дароо бүткүл өлкөгө көрсөтүп жаттык», - деп бөлүшөт билим берүү министринин орун басары.

Ошол эле учурда ар бир мектеп өздүк ресурстарын мобилдештирүүгө аракет кылып жатты.

«Башында балдар дагы, мугалимдер дагы, ата-энелер дагы эмне кылышты билбей жатышты: окуу кандай болот, биз балдарга билим берүү стандартын берүүбүз үчүн кантип туура иш алып баруубуз керек деген суроолор көп болду.  Адегенде сабактардын тизмесинен баштадык. Биз аны түзүп, андан ары балдардын материалдарды натыйжалуу кабыл алуусуна багыттап программаны өзгөртүп жаттык. Темаларды кээ бир жерлерде блоктор менен берсек, кээ бир жерлерде модульдар менен берип жаттык»,-дейт №63- мектеп-гимназиясынын директору Аида Давлетова.

Сүрөттө: №63- мектеп-гимназиясы.

Ал өзүнүн гимназиясындагы онлайн-билим берүүнү канааттандыраарлык-жакшы деп баалайт.

Жеке мектептерде дагы кыйынчылыктар жаралды.

«Келечек» жеке мектебинин  жетекчиси Айбек Джолбуновдун айтымында, онлайн билим берүү бир нече компоненттерден турат: «Биринчи кезекте окуучулар сабакта отургандай сезими болушу үчүн видеоконференц-байланыш болушу керек. Тагыраак айтканда, бул окутуу процессин уюштуруу, мугалимдер менен окуучуларды онлайн-платформа менен камсыздоо. Ошондой эле, балдардын арасындагы социализациянын жоктугунун ордун толуктоо үчүн негизги сабактардан сырткары кошумча чыгармачыл сабактар дагы болушу абзел».

Сүрөттө: «Келечек» жеке мектеби 

Мугалимдер кандай окуудан өтүп жатты?

Кыргызстандагы мугалимдердин көпчүлүгү- пандемияга чейин интернет жана заманбап гаджеттерге көп кызыкпаган, уулгайган курактагы адамдар. Жаралган алгачкы кыйынчылыктар дал ушуга байланыштуу болду.

Билим берүү Академиясынын вице-президенти Улан Мамбетакунов айтат: «Негизги кыйынчылыктар онлайн-платформаларды колдонууда пайда болду. Ошондой эле окуучулардын билимин баалоодо дагы татаалдыктар болду. Ага кошумча кайра байланышты түзүү дагы бар эле. Ошондуктан биздин тренингдердин алкагында мугалимдерге окуучулардын билиминин деңгээлин баалабастан гана, аларды окуу процессине кызыктыруу үчүн кандай аспаптарды колдонууга боло тургандыгын көрсөттүк.

Сүрөттө : Улан Мамбетакунов.

«Мен улуу муундагы мугалимдерге тизе бүгөм. Баардык кыйынчылыктарга карабастан, алар алардан көз каранды болгон нерсенин баардыгын жасап, техникалык чеберчилигине ээ болуу үчүн колунан келген аракеттердин баардыгын жасашты. Билим берүү министрлиги документтерди ворд жана видео форматында жөнөтүп жатты. Мугалимдер баардыгын окуп дагы, көрүп дагы, алар бири-бирин үйрөтө алуусу үчүн болгон аракетибизди жумшадык. Жана мугалимдер акырындан үйрөнүп жатышты. Бул тажрыйбадан бир нерсени түшүндүм: эгерде мугалим өз кесибинде калса, ал кандай шарт болбосун, баардыгына үйрөнүп, башкаларды дагы үйрөтүп  кете алат. Башка жол болбогондуктан, мугалимдер технологияларды өздөштүрүп жатышты»,-деп белгиледи билим берүү министринин орун басары Надира Сынташевна.

№63-мектеп-гимназиясынын педагогикалык курамынын 50-60 пайызын уулгайган жаштагы советтик мугалимдерден турат.

Азыр XХI- кылым, жана дүйнөлүк пандемия мугалимдерди өзгөрүүгө, жаңы нерсени үйрөнүүгө мажбур кылды. Бизде 75 жаштагы мугалим, Людмила Петровна Мироненко дагы аралыктан билим берүү формасына өттү. Акырындан баардыгын өздөштүрүүдө жана бул нерсе анын ден-соолугуна оң таасир берүүдө. Анткени биз канчалык жаңы нерсени үйрөнсөк, ошончолук жашарабыз. Негизинен мугалимдер өтө жөнөкөй эл, алардын көпчүлүгүндө заманбап гаджеттер жок болчу, алар айлык маяналарын алып, баардыгы уюлдук телефондорун жаңыртышты. Кырдаалдан ар ким өз күчүнө жараша чыгып жатты. Башында адашуу болду, бирок убакыттын өтүшү менен баардыгы көнүп, азыр сабактар жакшы өткөрүлүп жатат. Кээ бирөөнүн сабактары абдан жакшы, прогрессивдүү болууда. Мугалимдер баардыгын жакшы кабыл алышты»,-дейт жетекчи Аида Давлетова.

Сүрөттө: Аида Давлетова

«Келечек» жеке мектеби кездешкен кыйынчылыктар тууралуу анын жетекчиси Айбек Джолбунов айтат: «Биринчи кезекте бул психологиялык чакырык болду. Жазында карантин киргизилип, мектептер онлайн окутууга өтө тургандыгы белгилүү болгондо, мектептердин мугалимдеринин көпчүлүгүндө паника болду. Бизде дагы ошондой кырдаал болду. Мындай тажрыйба бизде дагы болгон эмес. Көпчүлүк мугалимдерибиз жаңы шарттар менен иштей албай, жумушу жок калабыз деп коркушту. Ошондуктан биз биринчи аптада мугалимдер үчүн псиихологиялык тренингдери өткөрүүнү чечтик. Башкы максат- мугалимдерди бул шарттарда иштей ала турганына ишендирүү эле. Биз бир жума бою аларга кичинекей жана жеңил тапшырмаларды берип жаттык. Мугалимдер психологиялык жактан даярданып, алар өзүнө ишенимдүү болгондон кийин гана биз аларга Zoom, Google Classroom, Edupage сыяктуу технологияларды колдонуу боюнча эки жумалык тренингдерди өткөрдүк. Андан сырткары, компьютерден WhatsApp, Telegram web сыяктуу системаларын колдонууну үйрөттүк».

Платформалар

Пандемия жаңы башталганда, мугалимдер ар кандай платформаларды колдонуп, бирдиктүү система жок болгон. Алар 10-20 программаларды өздөштүрүп, кайсынысын тандоону билбей жатышты.

«Биз окуу процессинде колдонуп, өздөштүрүү керек болгон бир-эки программаны колдонууну сунуштадык. Бул Classroom, WhatsApp, Telegram программалары. Жана билим деңгээлин баалоону жүргүзүү боюнча Learning Apps, Onkine test Pad» программалары колдонулду»,-дейт Улан Мамбетакунов.

Мамлекеттик мектептерде WhatsApp абдан популярдуу.

«WhatsApp – бул эң демократиялуу платформа, анткени окуучулардын 100 пайызынын ичинен 30 пайызын орто жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары түзөт. Аларда мисалы, Zoom- конференцияларды колдонууга мүмкүнчүлүк берген заманбап жана күчтүү смартфондор жок. Ошондуктан эгерде биз окутуунун жогорку деңгээлине гана багытталган аянтчаларды колдонсок, анда аз камсыз болгон үй- бүлөлөрдүн балдары бул жараянга автоматтык түрдө катыша албай калат. Демек алар билим ала албай калат. Ошондуктан биздин мектепте Whats App өтө көп колдонулат, анткени биз баардык балдарга педагогикалык негизде көңүл бургубуз келет»,-дейт Аида Давлетова.

Жеке мектептерде гаджеттерге байланышкан көйгөйлөр жок.  Алар кээ бир платформалардын төлөнгөн версияларын дагы колдоно алышат.

«Биз дээрлик баардык технологияларды изилдеп чыгып, билим берүү үчүн Zoom платформасы эң натыйжалуу жана ыңгайлуу экендигин түшүндүк. Андан сырткары, биз аталган платформанын төлөнүүчү версиясын дагы колдонобуз, анткени балдарда, өзгөчө кичинекейлерде улам бир конференциядан экинчисине кирүүдө кыйынчылыктар пайда болуп жатты. Ошондуктан биз ар бир класс үчүн өзүнчө лицензиялык версияны алдык. Бул эмнени берет? Күнүгө эртең менен мугалим бир конференцияны уюштурат жана аны бир сутка бою колдонууга болот.Тагыраак айтканда, балдар конференцияга бир гана жолу кирет жана күн бою класстын ичинде жүргөндөй болушат. Конференцияга мугалимдер алмашып кирип турушат, ал эми балага же анын ата-энесине улам-улам жаңы конференцияга кирүүнүн кажети жок болот.  Муну менен биз балдардын дагы, ата-энелердин дагы жүгүн жеңилдеттик»,-дейт «Келечек» мектебинин жетекчиси Айбек Джолбунов.

Сүрөттө : Айбек Джолбунов.

Онлайн-мектептердин перспективалары барбы?

«Аралыктан окутуу-бул мезгилдин талабы, биз кааласак дагы, каалабасак дагы ал мындан ары дагы биздин жашообуздун баардык тармактарында активдүү колдонулат. Ал эми мектеп процессинде болсо эми артка карай жол жок. Жана биз салттык окутууга кайра кайтып келгенде дагы окучуулар менен кайра байланыш түзүүдө же кандайдыр бир интерактивдерди өткөрүүдө аралыктан окутуу колдонулуп турат»,-дейт Улан Мамбетакунов.

Билим берүү министринин орун басары Надира Джусупбекованын айтымында, билим берүүнүн дистанциондук форматы айрым учурларда абдан жакшы.

«Эгерде биздин жарандар чет мамлекетте болсо, бирок Кыргызстандан билим алгысы келсе, анда кээ бир шарттарды эске алганда бул абдан жакшы формат болуп эсептелинет. Бул Интернет, гаджеттер жана Кыргыз Республикасында билим алууга болгон каалоо. Андан сырткары, аталган формат ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга билим берүүдө же окуучулар ден-соолугуна байланыштуу үйүндө калууга туура келген учурларда окутууга өтө мыкты шарт түзүп берет»,-дейт Джусупбекова.

Жетекчи Аида Давлета аралыктан окутуу санариптештирүү жаатында абдан чоң жылыш берди деп эсептейт.

«Инклюзивдик билим берүү тууралуу биздин министрлик тарабынан көптөн бери айтылып келген, эми ал акырындан ишке кирип жатат. Аталган форматка биз айла жоктон келсек дагы, ал, мисалы, бала үйүндө калууга мажбур болгондо ага үзгүлтүксүз билим берүүгө жакшы шарт түзүп берди. Аралыктан окутуунун жакшы жактары абдан көп. Биздин өлкө билим берүүнү санариптештирүү жаатында баары бир бир топ алдыга жылды»,-дейт №63-мектеп-гимназиясынын жетекчиси.

Даярдаган Лейла Саралаева

 
© Новые лица, 2014–2021
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине