Физика мыйзамдарына баш ийбеген математика мугалими

16:02, 16 Января

Таанышып алыңыздар – пауэрлифтинг боюнча дүйнө чемпиону жана 50+ жаш курак категориясындагы туруп тартынуу боюнча дүйнөлүк рекорддун ээси Татьяна Васильевна Полстянова. Салмагы болгону 42 килограммды түзгөнү менен, ал 145 килограмм темирди көтөрө алат. Орус маалымат каражаттары аны «эң күчтүү математика мугалими» деп атшакан. Жана бул чындык.

Дүйнөнүн эң күчтүү айымдарынын бири болгондон сырткары, Татьяна Васильевна – Бишкектин «Келечек» билим берүү комплексинин математика боюнча эң күчтүү мугалими жана окутучуусу. Анын окуучуларынын багы башынан да чоң деп айтсак жаңылышпайбыз. Алар мугалиминин өмүрлүк энергиясын ар бир сабакта өздөрүнө сиңирип жаткан кези.

Математика- илимдердин ханышасы

-Татьяна Васильевна, сиз канча жылдан бери мектепте математика сабагын окутасыз?

-25 жыл. Адегенде №39 мектепте иштегем, кийин №20 мектепте эмгектенгем, акыркы 15 жылдан бери «Келечек» билим берүү комплексинде иштеп келем.

- Сиз канча бүтүрүүчү чыгардыңыз?

-Беш чыгарылыш деп айтсам болот. Бул беш муун. Менин алгачкы бүтүрүүчүлөрүм эсимде, алар өзүмдөн болгону жети жашка кичүү болчу. Биз ушул убакытка чейин баарлашып келебиз. Бизде менин «Келечектеги» бүтүрүүчүлөрүм менен 31-декабрда жоолугуп турмай салтыбыз бар. Былтыр дагы жылдын аягында балдар келип, саамаалыктары, окуялары менен бөлүшүп, кээ бирлери кеңеш сурап кетишти. Алар мени менен жада калса ата-энесинен дагы жакшы сүйлөшөт. Мен алардын баардык сырларын билем, биз бир бүтүн үй-бүлөдөйбүз. Кээ бир бүтүрүүчүлөрүм  же январдын башында, же акыркы коңгуроого чалды-куйду келип турушат, бирок мен ар дайым алар менен эргип сүйдөшөм.

-Балдардын өнүгүп-өсүшүнө математиканын пайдасы тууралуу мугалим катары айта аласызбы?

-«Математика – акылдын гимнастикасы» деген сөз бар. Бул сөздү башкача кылып, «Математика – мээни ар дайым тонуста кармап турчу машыктыргыч» деп айтса болот. Баланын акыл-эсинин калптанышына математика эң керектүү нерсе. Биринчиден, бул балдарды ойлондура турган сабак. Экинчиден, математика баардык жерде кездешет. Өз сабактарымда мен балдарга жашоосунда керек болчу нерселерди үйрөтүүгө аракет кылам. Мисалы, көп оозеки эсептөө. Менин окуучуларым дүкөндөрдө арзандатуулар болуп жатканда проценттерди тез эсептеп чыгарганды билишет. Алар бөлмөдөгү дубалдарга канча обой керектелерин билиш үчүн алардын аянтын эсептөөнү үйрөнөт.

-Математиканы үйрөтүүдө эң башкысы эмне?

-Ар бир кадамды көрө билип, жасаган кыймыл аркетти анализдөө. Жашоодо дагы дал ошондой: бүтүрүүчү бизнесте дагы, чыгармачылыкта дагы ар бир кадамын алдына ала эсептей алат. Анализдөө жана туура алгоритм түзүүнү билүү – математика ушул нерселерди берет. Жогорку класстарда оор тригонометриялык эсептерди чыгара баштаганыбызда, окуучулар «бизге мунун эне кереги бар?» деп көр сурашат. Мен «Булардын силерге эч качан кереги тийбейт, бирок алардын чыгарылышы туура алгоритм курууну үйрөтөт» деп жооп берем. Математика адам өмүрүндө ким болгусу келсе дагы дагы керек деп ойлойм. 

Бодибилдингден пауэрлифтингге карай – арифметикадан алгебрага карагандай

-Жумушуңуздагы бош убакыттын аздыгына карабастан кантип дүйнө чемпиону боло алдыңыз?

-Бул капыстан болду. Спорт менен 4 жашымдан бери машыгам. Менин атам тоо лыжачысы. 1993-жылга чейин тоо лыжа спорту менен кесипкөй түрдө машыгып, спорт чебери боло алдым. Союз кулагандан кийин машыгуу үчүн жер болбой калды, андан кийн турмушка чыгуу, кичинекей бала, мектептеги жумуш болуп, спорт экинчи планга жылып кетти. Бирок эгерде адам кичине кезинен тарта спорт менен машыкса, убакыт өткөндөн кийин баары бир ага кайтып келет. Мен өзүмдү реализациялап, толуп турган энергиямды бир жерге жумшашым керек эле. Өзүм абдан энергияга бай адаммын. Балдар менен иштеп, аларга канча энергия берсем дагы, өзүмө дагы толтура калат. Андан сырткары, убакыт өткөн сайын, өзүмдү жакшы формада сактап, келбетиме кам көргүм келип, өзүмдү издей баштадым. Ал кезде кызым бойго жетип, машыгуу залына барып, бодибилдинг менен алектене баштады. Бир күнү аны менен бирге барууну сурандым. Ошентип 17 жаштагы кызым менен бирге машыга баштадым.

-Өспүрүмдөргө бодибилдинг менен машыкса болобу?

-Спорт менен каалаган куракта машыгууга болот жана машыгуу керек. Эң башкысы – туура күч келтирүү.  Жөнөкөй тартынгычта деле машыгса болот, бул абдан пайдалуу. Окуучуларымдын ата-энелерине ар дайым түшүндүрөм – машыгуу залы – бул жалаң гана оор нерселерди көтөрүү эмес. Ал чуркоо жолчосу же батут болушу мүмкүн. Ошондой эле психологиялык учур дагы бар: эгерде сиздин үйүңүздө чуркоо жолчосу болгон күндө дагы, сиз ага машыгасыз деген кепилдик жок.Машыктыруучунун кеңеши жана көзөмөлү керек. Бир сөз менен айтканда, менин алгачкы тажрыйбамды кызым менен алгачкы жолу Орто-Сай базарындагы «Гаухар» залына барганда алгам. Мен кадимки аялдай эле машыгып, жалпы бекемдөөчү көнүгүүлөрдү жасагам. Андан соң башка залга өтүп, ал жерден алгачкы машыктыруучума кезиктим. Ал мага бодибилдинг боюнча «Мисс Бикини» категориясында сынакка катышууну сунуштады. Чынын айтсам, алгачкы тажрыйбам ийгиликтүү болгон деп айта албайм, бирок эч нерсеге өкүнбөйм, анткени дал ошол жерден мен учурдагы машыктыруучумду жоолуктургам. Ал мага карап «Мага келиңиз, сиз каалаган нерсени берем» деп айтты. Ага келгенден соң үч айдан кийин республикадагы пауэрлифтинг боюнча алгачкы сынакка катыштым.

Маалымдама: Пауэрлифтинг – спорттун күчтүк түрлөрүнүн бири, троеборье, өзүнө штанга менен отуруп турууну жатуу абалындагы жимди жана туруп тартынууну камтыйт.

Эч канча өкүнбөйм. Сынактарга катышып жатканда, бул энергияга толуу, эч нерсеге тең келбеген драйв,адреналин сезими. Эл аралык сынактарда жеңип жатып, адамдын колунан эмне гана келберин ал өзү дагы билбегеннин түшүндүм. Баардыгы анын бийлигинде. Мени карап тургандар мен өзүмдөн үч келчү салмакты көтөрүп жаткандыгыма ишенишпейт.

Мугалим – сыймыктуу угулат!

-Сиздин Инстаграмда баракчаңыз бар экенин билем. Мындан  5-10 жыл мурун жада калса эң күчтүү кыялдарда дагы окуучулар мугалимдери менен социалдык тармактардан сүйлөшөт деген нерсе ойго келген эмес эле. Техникалык прогресске байланыштуу мугалимдин ролу кандай өзгөрүүдө?

-Бүгүн мугалим болуш үчүн балдар менен бир толкунда болуу керек. Учурдагы муун маалыматка дагы, технологияларга дагы толуп турган учуру, ошондуктан көңүлдү сабактарга буруу керек. Жөн гана мугалим болуу балдарга кызык эмес. Мен спорт менен активдүү машыкканым чоң ролду ойнойт.  Ал эми эгерде мугалим хоббисинде же спортто ийгиликке жетишип, бул нерсе менен башкалар менен бөлүшсө, бул нерсе мугалимди жана анын сабагына кызыгуу арттырат. Менде балдар менен талкулоого темалар көп: спорт, туура тамактануу, эл аралык сынактар, физикалык күч келүүлөр, спорт модасы. Мен балдарды бийик максаттарды коюп, аларга жетишине чакырам. Бул окууда да болушу мүмкүн. Мен окуучуга айтам: «Сен бул чейректе «төрт» алдың, азаматсың! Бирок сен жетишкен жыйынтыкта токтобошуң керек. Көрсөткүчтү спорттогудай кылып жогорулат»- дейм. Эгерде бала жашоосунда бийик максаттарды койбосо, ал боз чычкандай болуп жашарын айтам. Анын жашоосу жана ал өзү дагы кызыксыз болуп калат. Ошондуктан мен өзүм дагы «балдарга кызыктуу болуш үчүн, өзүң үчүн кызыктуу бол» деген эрежени карманам.

-Сиздин инстаграмдагы катталуучурыңыз ким?

-Менин баардык окуучуларым, алардын ата-энелери жана жада калса мурунку окуучуларымдын балдары.

10-15 жыл мурунку балдардан азыркы балдар эмнеси менен айрымыланат?

-Ар бир муун айрымаланып турат. Ар бир жаңы муун сайын балдар акылдуу болууда деп ойлойм. Жана бул абдан жакшы. Мен окуучуларыма окуучу мугалимине ашуусу керек деп айтам, андай болбосо өнүгүү жок болот. Алар жада калса эсептерди менден тез эсептеши керек. Тилдерди алар жакшы билишет. Биздин балдарыбыз бизден акылдуу болгонуна биз сыймвктанышыбыз керек.

-Бала жашоодо ийгиликке жетиши үчүн аны кандай  тарбиялоо керек? Ата-энелерге кандай кеңеш бересиз?

-Биринчиден, балага басым көрсөтпөө керек. Экинчиден, бала кандай болсо аны ошондой кабыл алып,  сүйүү керек. Үчүнчүдөн, ар бир ата-эне баласынан өзүн көрүшү керек. Көпчүлүк учурда ата-энелер уулунан же кызынан жогорку жыйынтыктарды талап кылышат, а мен айтам: «Урматтуу ата-энелер! Балдарда сиздердин гендериңиз барго. Башка бирөөнүн эмес, сиздердин. Анын жашында өзүңүз кандай элеңиз, ошону эстеңиз».

-Эми, биз баарыбыз жакшы болчубуз!

-Демек, бала дагы жакшы болот!  Ал эми ата-энелер жалаң «бештерди» талап кылганы туура эмес. Балдардын баардыгы антип окуй албайт. Баланын маанайы начар болушу мүмкүн, балким, анын мүнөзү же психикасы башкача. Мурун бул факторлорду эч ким көңүлгө алчу эмес, азыр болсо булардын баардыгына көңүл буруу керек. Анткени балдардын ар бир мууну бири-биринен айрымаланып турат. Учурдагылар төрөлгөнүнөн тарта эле гаджеттер менен, алар маалыматты дагы башкача кабыл алышат. Ошондуктан аларга шарт түзүп, басымсыз жана мажбурлоосуз окууга дем берүү керек. Болбосо пайда чыкпайт. Кээ бир ата-энелер балдарынын жалкоолугуна нааразы. Жакшылап отуруп сүйлөшкөндөн кийин, алар өзүлөрү жалкоо болгондугун айтышат. А эмне, балдардан тытынып эмгек кылуусун талап кылуу керекпи? Балада пайда болгон нерсенин баардыгы, бул генетика. Гендерди манжалар менен өчүрө албайсың дегендей.

-Тагыраак айтканда, эгерде баланын математикага шыгы жок болсо, ал кийин деле пайда болбойбу?

-Баардыгын иштеп чыкса болот. Эгерде баланын математикага шыгы жок болсо, андагы математикага болгон жөндөмдүүлүктү өнүктүрсө болот, эгерде ал жалкоо болбосо. Ал автоматтуу түрдө жакшы жыйынтыктарды көрсөтө алат. Математика ар бир механикалык кыймыл-аракеттей эле иштелип чыгат, эгерде аны такай эсептеп турушса. Бирок бул үчүн көп эмгек талап кылынат. Спорттогудай эле. Мындай балдар абдан көп, алар күчтөнүү аркылуу автоматта баардыгын эсептей алышат. Алар шыгы барлардан дагы ийгиликтүү боло алышат, бирок жаратылышында алар жалкоорок. Эгерде бала өзү өнүккүсү келбесе, талант дагы кетет.

-Баласы математиканы жакшы билишин каалаган ата-энелерге кандай кеңеш бере аласыз?

-Баардыгы мугалимге жараша болот деп ойлойм. Жада калса кадимки жүк болгондо дагы чыгармачыл мугалим окуучуларына болушунча көп нерсени берүүгө аракет кылып, жаңы методдорду колдонуп, бала жакшы окуу жайга өтүшүнө мүмкүндүк берүүгө аркет кылат деп ойлойм. Ошондуктан жакшы мугалим же репититор издеңиз.

-Кандай ойлойсуз, Кыргызстанда жыл өткөн сайын мугалимдин статусу жогорулап жатабы же бир эле калпта турабы?

-Тилекке каршы, мамлекеттик мектептерде мугалимдин статусу жогорулабай жатат. Жана бул жалгыз гана маяна эмес, бул мамлекеттин, ата-энелердин, мектеп жетекчилигинин жана окуучулардын мугалимдерге болгон мамилеси. Бул жагдайда жеке мектептер мугалимдердин статусун жогору кармоого аракет кылышат. Биздин «Келечек» мектебиндеги мага жаккан нерсеси – бул методикаларды, оокуу-куралдарды жана программаны тандоо мүмкүнчүлүгү. Мисалы, Орусияда көп убакыттан бери Петерсондун китеби боюнча сабак берип келишкен, бирок жакында аны өтө оор деп алып салышты. Мен болсо Петерсондун китептери менен иштегенди улантам, жана ал оор болсо дагы баланын жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүп, жакшы натыйжа берет деп эсептейм. Ал жогорку талаптарды пайда кылат. Жогорку класстарда мен Алимов менен Сканавинин китептерин кошом. Тагыраак айтканда, окуучулардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтем, а л эми мектептин жетекчилиги мени колдойт. Жыйынтыгында биздин окуучулар башка бүтүрүүчүлөрдөн эки тепкич өйдө туруп, БААУ менен орус жана чет элдик окуу жайларга оңой эле өтүшөт.

-Мамлекеттик мектептерде окуучуларга болгон жүктү айзайтуу тенденциясы күч алып, физика, астрономия сабтактары кыскарууда. Сиз кандай ойлойсуз, заманбап окуучуларга болгон күчтү азайтуу керекпи?

-Күчтү азайтуунун такыр кереги жок. Бир дагы сабакка, бир дагы тилге, дене тарияны такыр төмөндөтүп кереги жок. Баардык сабактар маанилүү. Тескеринче, балдарды физикалык жактап дагы, акыл  жактан дагы күчтөө керек. Балдар канчалык көп бир нерсе менен алек болсо, алар ошончо аз убакытты пайдасыз нерселерге, интернетте отурууга же көчөөдө басууга коротот.

-Мекенибиздин билим блерүү министрлигине эмне деп кеңеш берет элеңиз?

-Кыргызстандын өкмөтүнөн мугалимдер менен дарыгерлерге көбүрөөк көңүл бурушун суранат элем, анткени мамлекетти билим берүү менен медицина кармап турат. Бузуп салуу оңой, ал эми акылдуу жана дени сак өлкөнү куруу абдан оор жана бул нерсе үчүн бийликтеги бекем акыл-эстүүлөр керек. Класстарда 50дөн окуучу билим алып жатканда кайсы сапат тууралуу сөз болот? Бизде жаш мугалимдер жок, мекенибиздеги педагогдордун орточо жаш курагы 45 жаш жана андан жогору. Ал эми мугалимдер болсо жаш, энергияга толгон, көздөрү күйүп турушу керек. Эмне үчүн жаштар мектептерге барышпайт? Төмөн айлык маяна, турак-жайдын жоктугу, мүмкүнчүлүк аз. Эгерде биздин дарыгерлерибиз менен мугалимдерибиз татыктуу жашаса, өлкөбүз дагы өркүндөп өсөт. Бул элементардык нерселерди мен биздин аткаминерлерибизге жеткиргим келет.

Маекти алып барган Лейла Саралаева

Т. В. Полстянованын архивинен алынган Вячеслав Оселедконун сүрөттөрү

 
© Новые лица, 2014–2019
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине