Кыргызстандын коргоосуз калган медиктери

23:45, 26 Мая

Кыргызстанда COVID-19 дарты табылгандан бери ага 280 медицина кызматкери кабылып, же ооруга чалдыккандардын ичинен ар бир төртүнчүсү- медиктер болуп чыккан. Эмне себептен бул кырдаалда медиктер ушундай абалга туш болду, Саламаттык сактоо министрлиги кызматкерлерин коргоо үчүн кандай чараларды көрүп жатат жана абалдан чыгуу үчүн эмне кылуу керек? Бул суроолорду эксперттер менен талдоого аракет кылдык.

№17- Үй-бүлөлүк медицина борбору - кароосуз калган дарыгерлер

16-апрелде « №17 Үй-бүлөлүк медицина борборунун 4 кызматкеринде коронавирус табылды» деген маалымат өлкөдө чуу жаратты. Бул медицина кызматкерлерине вирус жуккандыгы тууралуу массалык маалымат булактарында жазылган биринчи маалымат болчу.

Аталган медицина мекемесинин башкы дарыгеринин милдетин аткаруучусу Гүлзада Ибраева эскерет: «Төрт медик тең Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасына жаткырылды. Жамаат катуу сарсанаа болду. Анткени бардыгыбыздын үйлөрүбүздө балдарыбыз, кээ бирлеринин уулгайып калган ата-энелери бар.  Мекемебиздин башкы дарыгери Гүлнара Адыловна Ташыбекова байланышта болгондордун баардыгын изоляциялоо тууралуу чечим кабыл алды. Күнү-түнү ар кайсы инстанцияларга барып бизди изоляцияга алуу жөнүндө талап кылып, күрөшүп жатты. Кийинки күндүн кечинде гана бизди «Гарден» мейманканасына изоляцияга жаткыра тургандыгы тууралуу чечим кабыл алынды. Бирок бизди ал жерге жеткирүүгө атайын унаа берилген жок.  Ал жерге өзүбүз бардык.

Алдына ала акча төлөнгөн блоггерлер Гүлнара Ташыбекова кызматкерлерине жакшы шарттарды талап кылгандыгы үчүн аны айыптап, социалдык тармактарда ага каршы кампапания башталган.

«Биздин башыбыздан өткөн нерсени душмандарыма дагы каалабайм. Кээ бирлер биз обсервацияда жатып алып эс алганыбыз туураалуу жазып жатышты. Андай эмес. Биз ыйлап жаттык,- деп эскерет аталган мекеменин эмдөөчү медайымы Жыпара Токтоболотова. – Биздин кызматкерлерди коронавирус такталды деп инфекциялык ооруканага алып кетип жатышканда биз кимибиз кийинки болобуз деп жүрөгүбүз түшүп жатты. Акыркы болуп процедуралык медайым Айзат кетти. Ал кетип жатканда кандай гана ыйлады. Аны менен биз дагы ыйладык».

Дарыгерлер менен медайымдар обсервацияда 14 күн жатты, алардан эки жолудан анализдер алынды жана вирус такталган дагы төрт кызматкер инфекциялык ооруканага жаткырылды.

«Бул биздин жамаат үчүн абдан оор мезгилд болду. Чыныгы моралдык стресске кабылдык. Кызматкерлердин арасынан төрт киши ооруп калып, алардын жакындары менен бирге 11 киши болду, алардын баардыгы инфекциялык ооруканага жаткырылды. Биз коллегаларыбыздын сакайуусун  тилеп жаттык жана кудайга шүгүр, алардын баардыгы айыгышты. Алар азыр үй карантининде, ал эми байкоодон чыккандар иштей башташты»,-дейт Гүлзада Ибраева.

Башкы дарыгер Гүлнара Ташыбекова ооруканада башкалардан узак кармалды. Анда COVID-19га тапшырган анализдери терс чыкса дагы, өпкөнүн сезгенүүсү башталган.  Ал эми азыркы учурда ал үйүнө чыгарылып, сакайууда.

Ушундай эле жагдай №3 Үй-бүлөлүк медицина борборунда дагы болгон. 26-апрелде аталган мекеменин 9 дарыгеринде вирус аныкталгандыгы айтылган. Баардыгы ооруканага жаткырылган, бирок, тилекке каршы башкы дарыгерди алып калуу колдон келген жок. Биринчи май күнү коронавирустан улам №3 Үй-бүлөлүк медицина борборунун башкы дарыгери Жүзүм Асановна Көкүмбаева каза болду.

Коргонуучу каражаттары жок, бирок кечиримди силер сурагыла!

Медицина кызматкерлерине коронавирустун жугушунун себептеринин бири кооопсуздук чараларынын сакталбашы болушу мүмкүн. Бул тууралуу брифингдердин биринде Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирген.

Анын айтымында, азыркы учурда медицина кызматкерлерине оору эмне себептен жуккандыгын комиссия териштирүүдө.

«Кимдир бирөө жумушта, ал эми кимдир бирөөнө үйүнөн жугузушу мүмкүн. Оррунун очокторунда медиктер бет каптарды, мээлейлерди жана көзгө тагылуучу каражаттарды кийүүдө. Балким, кээ бирлери коргонуу каражаттарын кийип же чечип жатканда ката кетирип, ошондон улам жуктуруп алышкан»,-деди Сабиржан Абдикаримов.

Коргонуу каражаттары менен камсыздоого биринчи кезекте өкмөт, Саламаттык сактоо министрлиги жана медицина мекемелеринин жетекчилери жооптуу. Бирок ал мекемеелердин көпчүлүгүндө коргонуу каражаттары жок болгон, бул тууралуу дарыгерлер социалдык тармактарда билдире баштаган.  Поликлиникалардын жетекчилери өз кызматкерлерин коргонуу каражаттары менен камсыздоонун ордуна УКМК кызматкерлери аркылуу аларды коркутуп-үркүтүп, айткан сөздөрү үчүн кечирим суратышкан.

Саламаттык сактоо министрлигинин мурунку кеңешчиси Елена Баялинова кырдаалга мындай пикир айтат: «Бул чыныгы уят кылуу. Медиктери оору жугузуп алуу коркунучунун алдында турушса аларды кечирим суратышууда! Менин баамымда, биздин медицина кызматкерлерибиздин мындай жүрүм-турумунун тамырлары илгерки совет дооруна барып такалат. Мен 25 жыл мурун Саламаттык сактоо министрлигине иштегени келгенимде ал жерде цензура бөлүмү бар эле, ал эмне деп сүйлөсө болот же болбоорун көзөмөлдөчү.  Биз медицина тармагында бир катар реформаларды жүргүзгөнүбүз менен, медиктерибиз өз ой-пикирин эркин билдире алышпайт. Эмнегедир бизде коркунучта жашоо жана иштөө маданияты калыптанып калган. Жана бул биринчи кезекте  алдыңкы катардагы медицина кызматкерлерине тийиштүү. Бул адамдарда эмне үчүн алар кулдукта жүргөн сезими бар экендигин түшүнбөйм».

Баялинованын пикиринде медицина кызматкери башкача жашоого көнгөн эмес жана ушундан улам мындай мамилеге чыдоого аргасыз.

«Шаарга жакын эмес жерлерде жумуш жок, ал эми кандайдыр бир райондук Үй-бүлөлүк медицина борборуна жумушка орношуу үчүн ал жердин башкы дарыгерине уй жетелеп барышың керек. Анан болсо элдер ал ордун жоготкусу келбей, мамлекеттен эптеп, маңдай тери менен иштеп тапкан 150 доллары үчүн күрөшүп келишет. Ооба, элди коркутуп, аларды камеранын алдында кечирим суроого мажбурлашкан. Ал эми бул жерден медик таразанын эки жагына өзүнүн эркиндиги менен эркиндиктин жоктугун салган жана экинчиси жеңип кеткен, анткенин ал доктурдун үйүндө балдары менен туугандары бар, аларды дагы камап салабыз деп коркутушкан. Башкасы- эмне үчүн Саламаттык сактоо министрлиги жылдан жылга жетишсиз каржылоого чыдап, кырдаалды оңдобой жатат, министрликтин өзүнө ушундай айлык акысы жетпеген, жылдар бою бир үн чыгарбаган кулдардын армиясы жагабы? Карагыла, кадимки бейтаптардын тарабынан кол салуулар көбөйдү, азыр доктурду эч ким киши ордуна көрбөй, бетине түкүрүшөт. Бул кырдаалды оңдоо үчүн бир катар адистер иш алып барышы керек жана кырдаалды сөзсүз оңдошубуз керек.

Министр кетсин!

Коронавирус менен күрөшүүдө жетишсиз деңгээлде иш алып баргандыгы үчүн Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев 1-апрелде кызматтан алынган. Анын ордуна Сабиржан Абдикаримов дайындалган.

«Эпидемияга каршы иш-чараларды жүргүзүп баштаган мурунку министр бүт өлкөнүн көзүнчө «Башым менен жооп берем, биз баарына даярбыз, доктурлар окутулган, баардыгы менен камсыздалган» деп айткан сөзүнөн жаңылган. Медиктер коргонуу каражаттары менен камсыздалган деген уламыш узак убакыт бою айтылып атты. Анан кийин медиктер обсервация жерлерине эч нерсеси жок барып иштеп жаткандыгы, аларда коргонуу каражаттары эмес кадимки бет каптары жетишсиз экендиги, бир беткапты эки адам кезек менен кийип аткандыгы ачыкталып, дарыгерлерге оору жуга баштады. Бул эмне деген шумдук! Бул эпидемияга каршы чаралар такыр көрүлгөн эмес деген сөз да! Эч кандай инфекциялык көзөмөл жок болгон! Бул дарыгер менен медайымдар биринчи кезекте өздөрү корголуп, андан соң гана башкаларга жардам бериши керек деген медицинанын негизги принцибинин бузулушу да!  Ал эми эгере дарыгер жылаңач турса, ал башкаларга кантип жардам бере алат? Баардык эрежелер бузулган. Жада калса баштапкы талаптар аткарылган эмес!»,-дейт далилдөө медицинасы боюнча адис Бермет Барыктабасова.

Эмне үчүн саламаттыкты сактоо тармагы пандемияга даяр болгон эмес?

Бул суроону жогорку аткаминерлер менен катардагы медицина кызматкерлери берип келишет. Биздин саламаттык сактоо тармагыбыздын кайсы жеринде жылчыгы бар?

Ата-мекендик бизнесмен Эмил Уметалиев биздеги кырдаал эң жаманы эмес дейт.

«Менин оюмча, биздин коңшуларыбызда маалымат мындан дагы катуу жашыруун алдында жана бул региондогу баардыгыбыз медицина тармагында ушундай оор кырдаалга учурадык. Мунун тамырлары алда канча терең. Мен бир гипотезаны айтайын; эгерде биз канадалык биолабораториясын куруу долбоорун токтотуп салбаганыбызда, ал жерде иштеген адистер биз эмнеге даяр болушубуз керектиги тууралуу айта алышмак. Бул эмне жөнүндө айтууда? Биз дүйнөлүк илим менен жана дүйнөнүн өзү менен кызматташуудан тескери карап алганыбыздан кабар берет. Жалгыз эле медицина эмес, саясат, экономика жана башка тармактар боюнча. Андай болбогонубузда, биз медицина жана эпидемиология тармагында алда канча алдыга жылмакпыз. Чоң экономикалык борборлорунан тескери карап алган мамлекеттер- бүгүнкү күндө эң көп жабыркагандардан болуп атышат. Мен башкы себеп ушунда деп ойлойм. Экинчи себеп-бул социалисттик мамлекеттик медицина мекемелеринде отуруп алган социалисттик желмогуздар.  Алар 30 жыл бою менчик медицина мекемелерине аларга атаандаштык түзүүгө мүмкүндүк бербей келишти. Эгерде бул системаны мурун эле жеке мекемелер үчүн ылайакташтырып, аларга мамлекеттик мекемелерге атаандаштык жаратууга мүмкүнчүлүк беришкенде,ал мамлекеттик дагы, менчик дагы медицинанын сапатын жогорулашына өбөлгө түзүп, биз учурдагы чакырыктарга жакшыраак даяр болот элек. Коронавирус- бул капыстан сыртка чыгып калган ошондой чакырыктардын бири гана. Ар бир адам мамлекеттик ооруканалардагы начар шарттар тууралуу айтып, нааразы болуп келген, жана бул- кандайдыр бир чоң нерселерге ал такыр даяр эмес экендигин көрсөткөн эң төмөнкү чек. Ошондуктан, биздин ооруканалардын абалын көрүү менен биз мындан дагы коркунучтуу оорулар келсе жалпы эле биздин медицина канчалык эле алсыз жана даярдыгы жок экендиги даана көрүнө тургандыгын түшүнүүбүз абзел»,-деп эсептейт Эмил Уметалиев.

Адепсиздик менен коорупция- ата-мекендик медицинанын киши ыйлатаарлык абалга келишинин себептери дал ушунда, деп эсептейт далилдөө медицинасы боюнча адис Бермет Барыктабасова.

«Биринчи себеп-бул адепсиздик, бул илимий негизделбеген аралашууга каражаттардын коротулушу. Мисалы, COVID-19 дартын анктоочу тастыкталбаган тесттердин алынышы. Же болбосо үйлөрдү, бак-дарактарды жана көчөлөрдү хлор кошулган суу менен жуулушу. Мындай чараларга эч кандай негиз жок, бирок ага көптөгөн акча каражаттары жумшалып жатат. Бул өтө катуу иш жүрүп  жаткандыгынын көрүнүшү гана. Андай чаралар менен биз вирусту токтотпойбуз. Башка иш-чараларды жүргүзүү керек. Жана ушул адепсиздик адамдын көптөгөн укуктарынын бузулушуна, мыйзамдын билбестигине жанан анын бузушуна алып келди. Тунуктуктун, көзөмөлдүүлүктүн, отчеттуулуктун стандарттарынын жоктугу коррупциялык тобокелчиликтерге алып келди».

Кырдаалды кантип оңдоо керек?

«Эки жолу бар. Биринчиси, мамлекеттин таасирин азайтуу, башкача айтканда, таза, сапаттуу иш алып бара ала тургандыгын көрсөткөн менчик медицина мекемелеринин санын көбөйтүү.  Алар көбөйсө, мамлекеттик медицина кызматкерлери дагы жакшырат.  Экинчиси- бул дүйнөлүк медицина борборлору менен кызматташуу»,-дейт Эмил Уметалиев.

Бермет Барыктабасованын айтымында, баардык чаралар коррупциялык тобокелчиликтерди жоюуга багытталышы керек, анткени бул көрүнүш медицинаны дискредитациялап, элдин ага болгон ишенимин өлтүрүүдө.

«Биринчи чара- бул медиктердин өзүн күчтөнтүү. Тагыраак айтканда, компенсация,  кошумча төлөмдөрдү төлөп берип, айлык маянанын өлчөмүн көтөрүү тууралуу болуп жаткан кептин баары туура. Экинчиден, башкарууну борбордоштуруу абзел, башкача сөз менен, мамлекеттен, мамлекеттик эмес уюмдардан, эл аралык уюмдардан жана кайрымдуулк катары түшүп жаткан каражаттардын баардыгы, алар кимден, канча көлөмдө түшкөндүгү жана каякка коротулуп жаткандыгы көрүнүп турушу керек. Болбосо ал көзгө көрүнбөй эле жоголуп кетет. Ошондуктан саламаттык сактоо системасына бөлүнүп жаткан каражаттардын башкаруусу баары борбордоштурулса, бүтүндөй тармактын муктаждыктары жана жалпы потенциалы билинет.  Үчүнчүдөн, баардык медициналык маалыматтар ачык болушу керек, анткени баардыгы аталган маалыматтардан көз каранды. Эгерде маалыматтар толук айтылбай же жашырылса, биз эмне менен иштеп жатканыбызды, жугуштуулук же өлүмдөр кайсы жерде аз же көп экендигин биле албай каалабыз. Маалыматтар медициналык аналитика жана көзөмөл жүргүзүү үчүн кеңири медициналык коомчулук үчүн ачык болушу керек. Төртүнчүдөн, медициналык персоналды вирустун кийинки толкунуна даярдап, баардык керектүү каражаттар менен камсыз кылуу керек. Эмне үчүн? Мен көп жылдык тажрыйбасы бар дарыгер-реаниматологмун. Дарыгер ар дайым эси-дарты тунук, ызы-чууга алдырбай, өзүн кармашы керек. Медиктер өздөрүнүн ден-соолугу үчүн кам көрүүсү керек. Бешинчиден, калк менен иш алып баруу керек.  Жада калса мен кандайдыр бир деңгээлде бул кырдаалга ыраазы болуп жатам, анткени эзели санитардык каражаттарга акча коротпогон эл жеке тазалыкты сактоо керектигин, колду жууш керектигин, өзү жана өздөрүнүн жакындары үчүн жоопкерчиликтүү болуу керектиги тууралуу айта баштады. Ошондуктан өкмөт коркунучтун, сарсанаанын, депрессиянын жана белгисиздиктин абалын жартпашы зарыл. Калктын басымдуу бөлүгү коркунучтан сырткары экендигин, ар бир адам ооруну жуктуруп алышы мүмкүн экендигин жана аны болтурбоо үчүн айтылган чараларды көрүшү керектиги тууралуу так айтуусу зарыл. Ошондуктан, эч кандай коркутуп-үрктүтүүсү эле жакшы жыйынтыкка жетүү мүмкүн, жөн гана адамдар менен жана бизди сактап жаткан медиктер менен чынчыл болуу зарыл. Жана медиктерге жүктөлгөн жүктү азайтуу керек»,-деп жыйынтыктайт Бермет Барыктабасова.

Лейла Саралаева

Абылай Саралаевдин сүрөттөрү

Бул басылма Европа Биримдигинин каржылай колдоосу менен даярдалды. Басылманын мазмуну "Жаны жуздор" жоопкерчилиги болуп саналат

жана Европа Биримдигинин көз карашын чагылдырбайт. 

 
© Новые лица, 2014–2020
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине