Мүмкүнчүлүгү чектелген балдар: чоочундун азабы

08:26, 19 Декабря 2018

Кыргызстанда “туруктуу камкоордукка муктаж, ден соолугу чектелген балдардын асисстенттери үчүн акы төлөө” жөнүндһ жобо пайда болду. Бул тууралуу маалымат Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин сайтына жайгаштырылган. Ага ылайык, оорулуу балдарынын жанында күнү-түнү болуп, аларга кам көргөн ата-энелерге акчалай каражат төлөнө баштайт.

Кыргызстанда дээрлик 180 миң ден соолугу чектелген адам жашайт. Алардын 30 миңин балдар түзөт. Беш жаштагы Адилет апасы Жаңыл менен Ошто жашайт. Ал төрөлгөндө эле БЦП дартына чалдыккан. Баланын атасы, көптөгөн башка адамдардай эле, бул жүккө чыдай албай, үй бүлөсүн таштап кеткен. Жаңыл болсо иштей албайт, анткени Адилетти жада калса бир нече саатка дагы жалгыз калтырууга болбойт. Ага туугандары жардам берип турат, бирок, адаттагыдай эле, кичине гана. Баланын пособиясы өтө аз.  Ал жада калса керектелүүчү минимумга дагы жетпейт. Дары-дармек, тамак-аш – бул Жаңылдын баш оорусу. 18 жашка чейинки ден соолугу чектелген балдар бирдиктүү өлчөмдөгү пособия алышат, ал 300 миң сомду түзөт. Аны менен алыска кете албайсың. Бирок эң коркунучтуусу, Жаңыл иштебегендиктен, анын эмгек стажы жок болуп, ал пенсиядан дагы кур калышы мүмкүн.

Физикалык, психологиялык, материалдык кыйынчылыктар менен мындай баланы багып, аны менен жашоо өтө оор, бирок апалардын башка аргасы жок. Статистикага карасак, мындай балдарды мамлекеттин карамагына көп учурда калтырышпайт. “Ал  үч айга толгондо эле мага айтышкан, “интернатка өткөр деп”. Мен өз баламды кантип бир жакка өткөрүп салам? Бул абдан кыйын”, - дейт апа.

Алардын үйүндө жеткен жакырчылык, начар турмуш. Жаңылдын го, бактысына жараша, шаардын четинде кичине болсо да өз үйү бар. Кээ бир аялдар оорулуу балдары менен такыр көчөдө да калышат, анткени аларды күйөөлөрү кууп салышат.

Бул кырдаал боюнча КМШ өлкөлөрүндө статистика боор ачытарлык. Аталардын 80% рак менен оорулуу балдарын жубайы менен кошо таштап кетет. 50-60% аталар БЦП менен төрөлгөн бала 2 жашка чыккандан кийин кетип калышат. Мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын 80% жалгыз бой энелер багат...

“Чындыгында, мындай көйгөй бар: эркек кишилердин көпчүлүгү мындай жүктү көтөрө алышпайт. Оорулуу бала төрөлгөнүн билгенден кийн, алар же аракка берилип кетет, же үй бүлөсүн таштайт. Аял киши болсо тескеринче, өзүн колго алып, толугу менен өзүн балага арнайт. Ал карьерасын курмандыкка чалып, болгон аракетин, каражаттарын баланын ден соолугуна жумшайт. Бул биология менен аныкталган, бул - энелик туюм. Аял  баласын ичинде жатканда эле жакшы көрөт, аны денесинин ар бир клеткасы менен сезет. Эркек кишилердин ата-энелик туюму жок болот, алар убакыт өткөгн сайын гана пайда боло баштайт. Аталар балдарына убакыт өткөндө гана көнөт. Оорулуу баланын жүгүн тарта албай, үй бүлөдөн кетип калып, кийин кайра кайтып келген эркектер категориясы бар. Бул акыл эси жетилген адамдын чечими. Демек, ал үй бүлөсүз кыйналат, жана ал үчүн үй бүлө маанилүү экенин түшүнөт. Бул маселеде чоң ролду баланын оорусуна чейинки ата-эненин мамилеси ойнойт. Төмөнкүдөй мыйзам ченемдүүлүк бар: ооруга чалдыкканга чейин ата-эненин мамилеси канчалык бекем болсо, эркек киши оорунун жүгүн ошончолук жеңил көтөрөт. Жана тескеринче: эгерде мамиледе уруш-чатак көп болсо, кийин алар бузулушу мүмкүн. Экинчи учур: бул көйгөй жашоодогу батыттоочу баалулуктар менен байланыштуу. Эгерде эркек үчүн карьера, акча, социалдык статус маанилүү болсо, ал баланын оорусу жөнүндө маалыматты өтө кыйын кабыл алат. Анткени баланын оорусу үй бүлөнүн каржылык абалын начарлатат” – дейт психиатр Юрий Калмыков.

Аны менен бирге, бул энеге болгон өтө оор жүк, жашоонун жыргалынан баш тартуу, материалдык кыйынчылыктар жана күйүп кетуу. Жылдан жылга, анан акырында, өмүр бою. Эгерде үй бүлөдө аялды колдогон эч ким жок болсо, анда эмне болот, элестетүү коркунучтуу.

Башка эне, Светлананын окуясы мыдан дагы кайгылуу. Мүмкүнчүлүгү чектелген бала күйөөсүнүн туугандары менен болгон чатакта тыйынга айланган. (баланын өнүгүшүнүн артта калуусу дал ошол күйөөсү тараптан келген). Светлананын жолдошунун туугандары ал баланы интернатка өткөрүшүн талап кылып, басым көрсөтүшкөн. Кайненеси уулу менен бирге камсыздоо органдарына арыз жазып, Светлана өз милдеттерин аткарбаганын айтып, сотко кайрылган. “Күйөөм адегенде ичип баштады. Биз ажыраштык, кийин анан ушунун баары башталды. Менин түшүнүгүм боюнча, бул нерсенин баары алимент төлөбөө үчүн жасалды. Качан текшерүү келип, алар мага койгон айыптарынын бири дагы такталбаганда, мындан эч кандай майнап чыкпаарын түшүнүп, баарлашканды токтотуп коюшту. Учурда чоң энеси баламды көрбөйт. Күйөөм дагы аны менен көрүшчү эмес, ал ошол бойдон башка үй бүлө курган жок, ичип жүрүп эле каза болду. Өзүм болсо баламды интернатка берүү жөнүндө ойлобойм дагы,” – дейт ал.

Алар жүгүн унчукпай тартып келишет, муктаж болушат, сүйүшөт, кыйналышат. Жана өзүнүн өзгөчө балдарынан бакыт тапканы дагы аз эмес. Анткени энелерди бул жүктү тартууга коомдук пикир эмес, сүйуүү күч берет.

“Ата-энелердин өзгөчө балдарын сезүүсү - өтө оор маселе. Биз, психолгдор, алардын басынып калган, талкаланган жан дүйнөсүн негизги болбосо дагы эң көп кездешүүчү көйгөйү катары билебиз. Элестетип көргүлө, тогуз ай бою жакшы ой тилек менен анын төрөлүшүн күтүп, келечегин пландап, кыялданып, анын кантип өсүп, бойго жетерин элестетип, үмүт менен жашаганың.. Андан кийин бала “башкаларга окшобогон”, “өзгөчө” болуп төрөлгөнүн билсең. Бул өтө терең психоэмоционалдуу стресс. КМШ жана батыш өлкөлөрүндөгү изилдөөлөр жана коллегаларыбыздын тажрыйбасына карасак, ата-эне баланын оорулуу экенин билген кезде алар жакын адамынан айрылганга тең соккуга учурайт экен. Көп учурда бул стресс депрессиялык бузулууга алып келет. Өзүн күнөөлөө, коргоосуздук, терең кайгынын өтпөгөн сезимдери пайда болушу мүмкүн. Жылдар бою. Бирок сүйүү бул сезимдерди жеңе алат. Бактылуу болуу мүмкүн” – дейт психология илимдеринин доктору, профессор Виктория Ткачева.

Бул адамдар мамлекеттин колдоосуна башкалардан көп муктаж. 6 жыл бою күткөн токтомдун пайда болгону, дал ошол 6 жыл мурун ушул демилге көтөрүлгөн, абдан туура болду.

Ал эми акырында, мамлекеттен кантип жардам алууга болоору жөнүндө айта кетели.  Жеке асисстент-апа же атанын маянасы 5 миң сомду түзөт. Жеке ассистент майыптыгы жөнүндө медициналык-социалдык тыянагы бар балага дайындалат.

Асисстент болуп кимдер дайындалат?

-ата-энеси

-мыйзамдык өкүлү (багып алуучусу, камкоору)

-жакын туугандары(чоң апасы, чоң атасы, агалары, эжелери)

Жеке ассистент болуу үчүн факты боюнча жашаган жердеги аймактык социалдык өнүктүрүү боюнча башкармалыгына арыз берүү керек. Арызга төмөнкү документтер бекитилет:

-психикалык дарттары жоктугун тастыктоочу маалымдама

-арыз ээсинин жашаган жеринен маалымдама

-паспорттун копиясы

-банктагы эсеби

-“такай камкоордукка муктаж” же “башкалар тарабынан камкоордукка муктаж” деген көрсөткүчү бар медициналык-социалдык маалымдаманын копиясы

-паспорттун же туулгандыгы жөнүндө күбөлүктүн копиясы

Жеке ассистент КР Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин аймактык бөлүмү аркылуу 1 жылга  жалданат. Акча каражаттары ай сайын банк же “Кыргызпочтасы” ишканасы аркылуу төлөнүп турат. Эгерде асисстент бир эле үй бүлөнүн мүмкүнчүлүгү чектелген бир нече баласына кам көрсө, ага ар бир балага төлөнүүчү маянага  50% үстөк кошулат. Бул кызмат болгондуктан, ассистен патент жана камсыздандыруу полисин алышы керек. Жеке ассистенттен берилген ишеним кат аркылуу аймактык башкармалыктын кызматкери мамлекеттик бюджеттин эсебинен патент алып берет.

Жеке ассистенттерге маяна төлөп берүү үчүн алдына ал эсептөөлөргө караганда, жыл сайын 357 миллион сом керектелет. Бул биздин кичине бюджет үчүн өтө чоң оордук. Бирок аны көтөрүшүбүз керек, анткени мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга кам көргөн апаларга маяна төлөө – керектелүүчү минимум болуп саналат, ал жок биз өзүбүздү цивилдүү өлкө деп эсептей албайбыз.

Даярдаган Айгүл Токобаева

 
© Новые лица, 2014–2019
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине