Нур-Султан бишкектиктин көзү менен

13:13, 18 Апреля

Мен Борбор Азиянын журналисттеринин тобунда Астанага келип кетүү жөнүндө чакыруу алганымда, ал жерге барарым менен такыр бөлөк шаар- Нур-Султанга туш болоорумду билген эмесмин. Ал учурда Казакстандын биринчи президентинин кызматтан кетиши мүмкүн экендиги тууралуу сөз да болгон эмес. Ошондуктан, бул кабарды жолго чыгардын алдында укканда бираз корктум, балким кандайдыр бир туруксуздук башталат деп.  Кандай болсо да, кыргыз саясатынын ачуу чындыгы ой жүгүртүүгө өз таасирин тийгизет экен. Бактыга жарашаэч кандай терс көрүнүштөр болгон жок, ал эми Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин кызматкерлери болсо өз өлкөсүнүн жетишкендиктерин максималдуу түрдө көрсөтө алышты.  Бирок кичинекей «бирок» болду: өлкөдөгү ички саясат тууралуу биздин суроолорубузга алар карманып, кыска жана супсак гана жооп берип жатышты. Бул болуп жаткан жагдайга өзгөчө маанайды берип жатты.

Ал эми мен болсо Нур-Султанда жүргөн убакыттын аралыгында «эмне үчүн кээ бир өлкөлөр бай, ал эми кээ бирлери жакыр?» деген суроону өзүмө өзүм берип жаттым. Келиңиздер, ага чогуу жооп берип көрөлү.

«Биз казактар, жакырбыз!»-

деп Серик аттуу алматылык такси айдоочусу,  «афганчы» жана «Назарбаевдин режиминин сынчысы» мени көндүргөнгө аракет кылды.Ал мени аэропортко жеткирип бара жатты, анткени Нур-Султанга карай жол Алматы аркылуу жатат. Мен, албетте, борбор калаанын атын өзгөртүүгө каршы ой-пеикирлерди угарымды күткөм, бирок алар мынчалык тез жана ушунчалык агрессия менен айтыларын билген эмесмин!... Менин Кыргызстан башынан төрт төңкөрүштү өткөрүп, ага карабастан жашоо жакшы жакка өзгөргөн жок, анан дагы казактар бизге караганда бай жашайт деген сөздөрүмө ал: «Эмне үчүн биз калып калган өлкөлөргө теңелишибиз керек экен?  Биздин өлкөбүз бай! Бизде нефть, газ жана Менделеевдин дэрлик бүт таблицасы бар. Биздин айлык акыбыз жок дегенде миң доллар болушу керек!...»

Таксисттин өз өкмөтүнө болгон нааразычылыгынын агымын токтотууга мүмкүн эмес эле. Биз зымырайган түз жолдор менен, жаркыраган имараттардын жанан өтүп бара жаттык, алардын дубалдарында  Алматыга  келген дүйнө жылдыздарынын шоу-концерттеринин афишалары илинген жана бул көрүнүштүн баардыгы нааразы таксисттин коштоосунда. Демек, Серик сыяктуу жөнөкөй жарандар эмнеге көбүрөөк нааразы?  Банктардагы насыялардын жогорку үстөктөрүнө. Менин таабитти жооюп, банктардан жогорку үстөктөр менен насыя албоо керек деген кеңешиме ал жаман көзү менен карады. Экинчи нааразычылык- жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин бузуу үчүн салынчы айып пулдардын өлчөмү. Айдоочунун  мурунку жообун эстеп, жол кыймылы эрежесин бузбай айдоо керек да деген кеңешимди ичимде калтырдым.  Үчүнчү нааразычылык- айлык акынын жана пенсиянын аздыгы. Бул жерде алардын өлчөмү 42 жана 36 миң теңгени түзөт. Биздин сомго которгондо- 8 500 жана 7 200 сом. Салыштыруу үчүн, кыргызстандык минимум 1200 жана 1800 сомду түзөт.

Казактардын жашоосу жакшы экендигине дагы бир олуттуу аргумент:  май куюучу бекеттердеги бензиндин баасы литр үчүн 30 эле сом деген сөзүм катуу сынга алынды,  башкача айтканда, Казакстанда май өндүрүлөт, демек ал мындан да арзан болушу керек.

Бул сөзгө каршы эч нерсе айта албадым.  Анын үстүнө, менин оюма эмнеге дир Араб өлкөлөрү келди, ал жерлер да Казакстан сыяктуу эле нефтьге бай жана ар бир жараны төрөлгөндө эле, анын эсебине 60 миң доллар салынат. Жакында Казакстанда бала төрөлгөндө берилчү пособиянын көлөмү көбөйдү, анын өлчөмү 275 долларды түздү. Кыргызстанда болсо бул көрсөткүч 57 долларды түзөт.  Салыштыра келсең баарын билесиң дегендей.

Нур-Султан- түндүктөгү Абу-Даби

Учак «Нурсултан Назарбаев» аэропортуна конуп, стюардесса Нур-Султан калаасына кош келиңиздер деп жарыялаганда, биз жанымда отурган кошунам экөөбүз бири-бирибизди түшүнбөй карап калдык.  Анын көз карашынан мен кандайдыр бир тамашаны, өкүнүүнү жана кусалыкты байкадым. Ушул көз караштын жардамы менен мен түндүк калаанын жашоочуларын түштүк борбордун тургундарынан айрымалай баштадым. Кечеги астаналыктарга, мамлекеттик кызматкерлерге жана журналисттер менен мамлекеттик ММК булактары үчүн борборго Казакстандын тунгуч президентинин ысымынын ыйгарылышы көнүмүш көрүнүшкө айланды. Бул туралуу алар бизге айтып беришкен.  Ошол эле учурда, алматалыктар ачык эле нааразычылыгын билдирип, борбордун атынын өзгөрүшүнүн чыгымдары жөнөкөй салык төлөчүлөрдүн эле чөнтөгүнө ураарын айтып жатышты.

Бирок, Нур-Султанга түшкөндө, такыр башка баалулуктары бар, бизге тааныш эмес ааламга туш болгондой болосуң. Бул жерден акыл-эсиң өзүнөн өзү эле эле башка материалар менен масштабдуу ой жүгүртүп баштайт экен.

Аэропорттон Казакстандын борборуна карай алып барган жол эки жагынан тең жыш жана жаш токой менен жабылган. Кайындар, балатылар, дарактар, бактардын баардыгына ашып кетсе 15-20 жыл болгон. Алар жыш дубалды түзүп, шамаалдан курчап турат. Мен бишкетик болгондуктан, бул көрүгүшкө өтө таң калдым, аткени бизде бак-дарактарды кыйып, алакандай жерди да калтырбай имараттарды куруп жатышат. Ал эми бул жерде болсо, кичине убакыттын ичинде кол менен өстүрүлгөн токой пайда болгон, бул ойду өтө акылдуу эколог-проектировщик ишке ашыргаандыгы көрүнүп турат.

Алдыны карай карасаң, жаңы технологиялык асман тиреген шаар өсүп чыгат. Алар, биз айтып өткөн токой сымал эле, заңгыраган көлөмү, бийиктиги, формалары жана жасалгалары менен оозуңду ачырат. Постсоветтик адамдын оюна да келбеген бул архитектуралык эрдиктен эсиң оойт.

«Шаар жапон архитекторлорунун долбоору менен курулган, ошондуктан автотрассалар бираз ичкерээк»,-деп түшүндүрдү бизге жол чырактан токтогон айдоочу.  Биз таң калып эле бири-бирине такыр окшобогон имараттарды карап, алардын долбоорун түзгөн чет элдик архитекторлордун ысымдарын жаттаганга үлгүрбөй жаттык. «Француз кварталы», «Лондон», «Сталиндик бийиктиктер»- мынтип бул жердеги мактанаарлык турак-жай комплекстери аталат экен.  Алардын ичинде кандай экенин, кандай батирлер, эмеректер бар экендигин элестетүүгө фантазия жетпейт.  Бир кезде булуттар ачылып, күн тийип, анын нурлары импрараттардын айнектерине чагылышып, алар дагы асмандай көп-көк болуп калды.

Нур-Султан- бул Абу-Дабинин түндүктөгү көчүрмөсү.  Ал сыяктуу эле кең талаада саналуу жылдардын ичинде гүлдөп чыккан жомоктой шаар. Ал дагы БАЭнин борбору сыяктуу такай жакшыланып, жакшырып, курулуп келет. Бул мегаполис ар бир казакстандыктын жүрөгүндө сыймык чакырып, чет элдиктердин ичин күйгүзөт. Жана дал ушул учурда мен бул кереметти курган адамдын ысымы кылымдарга сакталып, урпактар бул гүлдөгөн калаанын башатында ким турганын эстеп калышы керек экендигин түшүнүп жаттым.

Мен Бишкектеги жаандан кийин өсүп чыккан тепектердей болуп жайнаган биздин элиталык үйлөр деген аты эле бар имараттарды эстедим. Жана биз казак бир туугандарыбыздан аз эле дегенде 20 жылга артта калганыбызга көзүм жетти.

Ал эми бул убакта космосто...

Казак борбору менен таанышуунун биринчи эле күнүндө, пресс-турдун уюшутуучулары бизди таң калтырууну чечиптир.  Жана муну алардын космостогу жетишкендиктерин көрсөтүү менен жасоо жеңил эле.  Ооба, мен адашып сүйлөп алган жокмун, казактар бир нече жылдан бери космосту өздөштүрүүдө.

Улуттук космостук борбор 30 гектар талаа жеринде жайгашкан. Өйдөгө карай талпынган «Союз», «Протон», «Зенит» жана «Буран» ракеталарынын макеттери казак агайындарыбыздын ойлорунун олуттуулугун көрсөтүп турат. Аталган борбор Казакстан Республикасынын санариптик өнүктүрүү, коргонуу жана аэрокосмостук өнөр жай министрлигинин алдында иштейт.

Космостук кеменин формасында курулган борбордун башкы кеңсесинде бизди «Казақстан Ғарыш Сапары» улуттук ишканасынын башкармалыгынын төрагасынын орун басары Рашид Ахмедович Абдразаков тосуп алды. Дал ушул адам жарым жылдан бери эки казак спутниги Аалмады кыдырып жүрөт деген толкундандырган жаңылык менен бөлүштү.

«Казакстандын буйрутмасы менен даярдалган, узактан башкарылчу, жерди зондирлөөгө багытталган эки жандооч орбитада жайгашкан.  Бири Францияда даярдалган, ал – мүмкүнчүлүк шыктары жогору, бир метрге чейин жетет. Экинчиси Англияда даярдалган, анын мүмкүнчүлүгүнүн көрсөткүчү 6,5 метрди түзөт»,- деди Рашид Ахмедович.

Түшүнгөнүбүзгө караганда, жерди алыстан зондирлей турган оптикалык спутник- бул чоң кесиптик фотоаппарат сыяктуу экен, ал берилген координаттар боюнча Жер үстүн сүрөткө тартып, зонддоп турат. Бул спутниктердин жардамы менен Казактстандын ар кандай мекемери көптөгөн маселелерин чечип турат.  Мисалга, алардын жардамы менен миллиондогон гектар жерлер санариптөөдөн өтүп, 16 шаардын тегерегиндеги 8 миң башаламан таштанды жайлары табылып, 38 миң өрт очоктору жана 12 миң гектар колдонулбаган жерлер аныкталган. Андан сырткары, көпүрөлөрдүн, дамбалардын, имараттардын жана суу сактагычтардын мониторингдери  жүрүп турат. Спутниктер ИИМ, Прокуратура жана атайын кызматтардын дагы маселелерин чечип берип турат.  Спутниктер аркылуу сүрөттөрдү чыгарып берүүгө буйрутма бергендердин арасында коңшу мамлекеттер дагы бар, алар үчүн чоң дарыялардын сүрөттөрү даярдалган, кийин алар суунун соолушуна эмне себеп болуп жаткандыгын аныктоого көмөктөшөт.

Бирок бул дагы али аягы эмес: космостук борбордо жаш казак конструкторлору комлекттештирүүлөрдүн жана учкуч аппараттардын үстүнөн иш алып барып жаткан проекттештирүү, дизайн-бюролору бар. Учкуч аппараттардын ар кандай оордук деңгээлиндеги мансаптары чыгарыла баштаган өндүрүш тилкелери жана алардын сыноодон өткөргөн лабораториялар бар.

«Конструктордук-технологиялык бюродо 100 килограммга чейинки салмактагы космостук аппараттар даярдалат, ушул эле жерден биз комплекттештирүүлөрдү жасап, аларды сыноодон өткөрөбүз. Чогултуучу-сыноочу комплекс 100 килограммдан 6 тоннага чейинки космостук аппараттарды чогултууга жана сыноодон өткөрүүгө эсептелген.  Салмагы алты тоннаны түзгөн, өлчөмү 3кө 3 жана 6 метрдик телекоммуникациялык спутник бар»,- деп айтып жатты Абдразаков.

Бизди, журналисттерди, албетте космонавтика сыяктуу татаал кесип боюнча эмгектенген адистер биздин коңшуларда кантип көп болду экен деген суроо кызыктырып жатты.

«2009-2010-жылдары биз «Болашак» президенттик стипендиясы менен Европада, Америкада жана Азиядагы ЖОЖдорду бүтүргөн, алдыңкы ата-мекендик, орусиялык  жана чет элдик адистер арасында сынак жарыяладык. Биздин буйрутма менен спутниктер даярдалып жаткан учурда, биз тараптан тандалган 45 адис Францияга жөнөтүлүп, ал жерден космостук аппараттарды даярдоодо, чогултууда жана сыноодо катышып, окуудан өтүштү.  Дагы 15 адис спутниктерди башкарууга жана маалыматтарды иштетүүгө үйрөнүшкөн»,-деди Рашид Ахмедович.

2010-жыл Казакстан үчүн космосту өздөштүрүү программасынын башаты болгон жыл. Кыргызстанда болсо 2010-жыл апрель революциясы менен байланышкан...

Биз демонстациялар залына өттүк, ал жерден жаш адистер бизге спутниктерди башкаруу кандай жүргүзүлөрүн, учуучу тапшырма кандай берилерин жана маалымат кандай иштетилерин айтып беришти. Бул адистердин ар бири казак, орус, англис жана дагы бир чет элдик тилде эркин сүйлөйт.

Улукбек Набиев алар космостук аппараттардан алган тейлөөлөрдү жана продукттарды сатуу бөлүмүн жетектейт. «Ар бир спутник жүрө турган орбитасы бар. Биз баардык мамлекеттер үчүн ачыкпыз, каалаган мамлекеттер, ишканалар жана жеке жактар бизге кайрылып, космостун тиги же бул жагынан алынчу сүрөттөргө буйрутма бере алат»,-дейт Улукбек.

Улуттук космостук борбордун пландарына өз спутниктерин жана аппараттарын проекттештирүү, чогултуу жана кийин тартуулана турчу тейлөөнүн спектрин кеңейтүү менен мамлекеттик органдардын жана тармактактык маселелерди чечүү кирет.

Жаш адис бизге түшүндүрүп жатты: «Казакстан космосту өздөштүрүүгө каражат бөлүүнү аябайт, анткени ким космосту багындырса, ал бүткүл дүйнөнү багындырат».

Космостук борбордон чыгып жатып, биз ойго баттык. Тажик коллегам экөөбүз: «Кыргыздар менен тажиктер бири-бирине чек арадан таш ыргытканча, казактар космосту өздөштүрүп жатат»,- деп кайгылуу тамашалаштык.

(Уландысы бар)

Лейла Саралаева

Бишкек-Нур-Султан-Бишкек

 
© Новые лица, 2014–2019
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине